СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикалык кече

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Математика –илимдердин падышасы, ал эми арифметика- математиканын ханышасы»

Просмотр содержимого документа
«Математикалык кече»

Сабактын темасы: «Математика –илимдердин падышасы, ал эми арифметика- математиканын ханышасы»

Максаты:

Билим берʏʏчʏлʏк

ϴнʏктʏрʏʏчʏлʏк

Тарбия берʏʏчʏлʏк

Окуучулар алган билимдерин текшеришет, ɵтʏлгɵн материалдарды кайталашат, интеллектуалдык билим деңгээлин жогорулатышат

Математикалык терминдерди, эрежелерди терен ʏйрɵнʏшɵт, сабакка кызыгуусу артат

-бирин-бири сыйлоого,

-ɵз оюн кенири баяндоого,

-тактыкка тарбияланышат.

Кɵрсɵткʏчтɵр: Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгер окуучу:

Берилген математикалык, логикалык табышмактуу суроолорго жооп бере алса, ɵтʏлгɵн материалдарды билсе.

Математикалык терминдерди, эреже-формулаларды билсе, билгендерин турмушта колдонсо

ɵз оюн тʏшʏнʏктʏʏ, так даана баяндай алса.



Кеченин жʏрʏшʏ:

  1. Саламдашуу аземи

  2. Кɵркɵм айтуулар

  3. Акыйнек

  4. Жалпы кɵз карашка суроолор

  5. Ким канча эт жеген? (эсептоону талап кылган корунуш)

  6. «Беш ыргай» ыры

  7. Табышмактар

  8. Бий

  9. Жыйынтыктоо

Саламдашуу аземи. (Жумабаева А., Абдибалиев Б.)



Айлана теребел салтанат

Мына эми кечебиз башталат

Илимге жаныдан кол сунган,

Бактылуу жаштарбыз жаш канат.



Мынакей шаттык кубаныч,

Ар куну бизде уланып,

Акылга акыл кошуучу

Математикалык кечеге





Кана достор талыкпастан,

Билим кенин казалы.

Биздин доор жаны доор,

Алга карай шашалы.

Кана эмесе кечебизди баштайлы,

Билим кенин талыкпастан казалы

Баарыбыз конул буралык


Которулуп билимдуулор байрагы

Корчу мына элдин жузу жайдары.

Бут илимдин падышасы аталган

Бугун бизде математика майрамы

Корком айтуулар:

Мираида: Кайсы илим адамдарга

Эсептоого чен берген?

Кайсы илим космосту карай

Жоол салууга дем берген.


Хор: Математика

Мираида: Илимдердин ханышасы кайсы?

Хор: Математика

Мираида: Илимдердин тазасы кайсы

Хор: Математика

Мираида: Илимдердин базасы кайсы?

Хор: Математика

Мираида: Илимдердин кыйыны кайсы?

Хор: Математика

Мираида: Илимдердин бийиги кайсы?



  1. Математика илимдердин падышасы

Аны издесек баардык жерден табабыз

Ээрчип алып бир моокумга канасын.

Эгер сен дос начар болсон баштатан

Кайра оку калтырбастан чаласын.

  1. Математика –тил

Аны менен так илимдер суйлошот.

Математика –куч

Буксирге алып алга карай суйротот.

Математика жонго салып мээ кыртышын

Далай туркун акыл сезим уйротот.

  1. Математика –океаны акыл ойдун

Математика жан жолдошу кичине чондун

Математика акылына акыл кошот.

Математика менен жолдош болгун дос болгун.


  1. Математика –кенендердин кенени

Математика терендердин терени

Математика тактык кошкон тактыкка

Математика чеберлердин чебери





«Акыйнек» (балдар жана кыздар)

Кыздар: Бакылдаган текени

Суу кечкенде коробуз

Шакылдаган баланы

Уй чечкенде коробуз

Балдар: Мен менсинген кыздарды

Коруп эле журобуз

Чеченсинген кыздарды

Тендемени чече албай

Ыйлаганда коробуз

Кыздар: Бели оорубаган жигитти,

Бекерчи деп билебиз.

Колу жоорубаган жигитти.

Кошоматчы билебиз.

Коп мисалды биле албай

Тортко тортту кошот албайт,

«Эки» алгандан уялбайт.



Балдар: Жакшы кылсан озуно,

Жаман кылсан озуно,

Оодо карап тукурсон,

Кайтып тушоор озуно

Маселе тузо албасан,

Саман салам козуно

Кыздар: Азгырганды билбеген

Айгыр болот турбайбы.

Моорогонду билбеген

Бука болот турбайбы.

Эсептегенди билбеген

Балдар болот турбайбы.



Балдар: Жакшы кыздын башында

Бермет менен шуру ойнойт.

Жаман кыздын башында

Какач менен кир ойнойт.

Ойлонбосон башында

Дайыма эле «эки» ойнойт.



Жалпы: Жакшылыкка жакшылык

Ар кишинин ишидир

Жамандыкка жамандык

Кем кишинин ишидир

Жакшылыкка жамандык

Кор кишинин ишидир.






  1. Жалпы кɵз карашка суроолор:

1. Беш окуучу эртен менен келишип, кол беришип кɵрʏшʏштʏ. канча кол беришип кɵрʏшʏʏлɵр болду?

2. Тɵрт бурчтук формасындагы кагаздын бир бурчун кесип салды канча бурч калды?

3. Тʏз сызыктан 4 чекит алынды. Ал чекиттер учтары болгон канча кесинди алууга болот.

4. 1ден 99га чейин канча жолу 5 цифрасы жазылат.

5. 100 беттʏʏ дептердин беттерин номерлɵɵ ʏчʏн канча цифра колдонулат.



  1. «Кеңешип кескен бармак оорубайт»

Бул тапшырмада математикалык терминдерди кезектешип тез-тез айтуу керек; мисалы: тʏз сызык, чекит, бɵлʏʏ, кемитʏʏ, кесинди, бɵлчɵк ж.б.у.с.

Математикалык терминдерди тез ойлоп, эстеп, таап айтат. Эгерде окуучу тез жооп бере албай калса, ошол команда женилген болуп эсептелет.

  1. Кызыктуу суроолор



  1. Кыргыздын «Кес» деген сɵзʏн сан менен айтып бер. (40)

  2. ϴсʏмдʏктʏн, тендеменин эмнеси бар? (тамыр)

  3. Сандын 100дɵн бир бɵлʏгʏ. (процент)

  4. Чиймедеги, картадагы ɵлчɵмдɵрдʏн чыныгы ɵлчɵмгɵ болгон катышы. (масштаб)

  5. Эки катыштын барабардыгы (пропорция)

  6. Метрдин ондон бир ʏлʏшʏ. (дециметр)

  7. Кайсы геометриялык фигура кʏн менен дос? (шоола)

  8. Бири-бирине барабар болгон бир нече сандын кɵбɵйтʏндʏсʏ. (даража)

  9. Абсцисса терминин математикага кийирген окумуштуу? (Лейбниц)

  10. Далилдɵɵсʏз кабыл алынгын сʏйлɵм.(аксиома)

  11. Фигуранын чокусунан анын негизине тʏшʏрʏлгɵн перпендикуляр (бийиктик)

  12. Бурчтун чокусунан чыгып, бурчту тен экиге бɵлʏʏчʏ шоола. (биссектриса).



  1. «Акыйнек»

Кыздар:

Бакылдаган текени,

Суу кечкенде кɵрɵбʏз,

Шакылдаган баланы,

Yй чечкенде кɵрɵбʏз.



Кыздар:


Азгырганды билбеген,

Айгыр болот турбайбы.

Мɵɵрɵгɵндʏ билбеген

Бука болот турбайбы.

Эсептегенди билбеген,

Балдар болот турбайбы.



Балдар:


Мен менсиген кыздарды,

Кɵрʏп эле жʏрɵбʏз,.

Чеченсинген кыздарды

Теңдемени чече албай,

Ыйлаганда кɵрɵбʏз.


Балдар:


Жакшы кылсаң ɵзʏңɵ

Жаман кылсаң ɵзʏңɵ.

ϴɵдɵ карап тʏкʏрсɵң,

Кайтып тʏшɵɵр ɵзʏңɵ.

Маселе тʏзɵ албасаң,

Саман салам кɵзʏңɵ.

Жалпы: Жакшылыкка жакшылык,

Ар кишинин ишидир,

Жамандыкка жамандык,

Кем кишинин ишидир.

Жакшылыкка жамандык,

Кɵр кишинин ишидир.

Жамандыкка жакшылык

Эр кишинин ишидир.


  1. Макал айтышуу.

(Макалды кыздар жана балдар кезектешип айтышат)



Дос эгиз, душман сегиз.


Конокко аш кой,

Эки колун бош кой.


Миң кишинин атын билгенче,

Бир кишинин сырын бил.


Бир кʏнʏ уруш болгон ʏйдɵн,

Кырк кʏн береке кетет.


Алты жашаар бала атка минсе,

Алтымыштагы чал алдынан чыгаар.


Бирди жеп уятың чыкканча,

Миң ди жеп атың чыксын.



  1. Табышмактар:


Командалар бири-бирине табышмак айтышат.



Тɵрт буту бар, бирок жʏрɵ албайт.

(стол)


Колу кɵп, буту бирɵɵ эле. Бул эмне?

(дарак)


«О» менен аяктаса,

Жер асты менен жʏргʏзʏлɵт.

«О» тамгасы

Тʏшʏп калса,

Узундук ченин билдирет.

(метро,метр)


«На» мʏчɵсʏн уласак,

Оордукту билебиз.

«На» мʏчɵсʏн алып салсак,

Жылуу деп аны кийебиз.



Менин болот ʏч жагым,

Чокум дагы билигн ʏч.

Атымды менин айтканда

Биринчи болот дайым ʏч.

(ʏч бурчтук)



Улуттук оюн чынында

Кызык болот турбайбы.

Сан менен дайым айтылчу,

Оюнду ойноп жыргайлы.

Кайсыл сан экен айткыла,

Оюнду баштап турганда (тогуз)


(тонна, тон)




8. Капитандар конкурсу


Ар бир команданын командирлери келет. Тɵмɵндɵгʏдɵй тез жооп берилʏʏчʏ суроолор берилет.



  1. Ким канча формула билет?

  2. Айлана менен тегеректин айырмасы?

  3. Биз окуган алгебра менен геометрия китептеринин авторлору кимдер?

  4. 3 ат 3км ден чуркашты, ар бири канча км чуркаган?

  5. Бурчту ɵлчɵɵчʏ курал

  6. Эн кичине натуралдык сан.

  7. Эн кичине 3орундуу сан.

  8. Карама-каршы сандардын суммасы …



  1. Жыйынтыктоо:



Аткарылган тапшырмаларга карата топтогон упайлары боюнча эки команданын женʏʏчʏ жана женилʏʏчʏ командаларды аныктап, активдʏʏ катышкан окуучуларга сыйлыктарды берʏʏ менен конкурсту жыйынтыктайбыз.