Мектепке чейинки курактагы балдарды ыймандуу, адептүү, патриоттуулукка тарбиялоо. Сөз байлыгын речин.....өстүрүү.
Элдик эки чыгармачылыктарды бөлүктөргө бөлүү аркылуу балдарга түшүндүрүүнү үйрөтүү:
Санжыра;
Макал-лакаптар,
Бат-айтма, жаңылмачтар;
Табышмактар, баш катырмалар;
Жомоктор, эпостор, уламыштар;
Элдик ырлар, акыйнек.
Көптөгөн макал-лакаптар, элдик жомоктор тарбиялоонун жазылбаган мыйзамы, башка сөз менен айтканда үй-бүлөөүн моралдык кодекси болуп калган.
Сага болот чоң ата,
Өз атаңдын атасы.
Эмне болот айтып бер
Апакеңдин атасы?
Эмне дейсин агасын?
Байке десең кокустан, чоң уятка каласын.
Эмне дейсин эжесин.
Ини , сиңди, жеңесин?
Эске алгын муну да,
Улуулук бир кеңешим.
Эгер болсо апаңдын
Эжесинин баласы ,
Эмне болот ал сага,
Кана туура атачы?баарын тактап тааныгын,
Билип алгын аныгын.
Бээ баласы- кулун,
Төө баласы- бото,
Уй баласы- музоо,
Кой баласы- козу,
Аюу баласы- эмне?
Суур баласы- эмне?
Колго калем алалы,
Булардын атын табалы.
Аюу баласы- мамалак.
Суур баласы- чөндөлөй,
Түлкү баласы- бачики,
Мышык баласы- мый,
Кашкулактын баласы- борсолдой.
Бөрү баласы- бөлтүрүк,
Ит баласы- күчүк,
Эчки баласы- улак.
Ай-ай, абдан көп тура...
Табылбаган аттарды
Сураштырып тапкыла,
Баарыңарга тапшырма.
Т.Сыдыкбеков.
Макал-лакаптардын балдарды тарбиялоодо жана окутууда ролу кандай?
Макал лакаптар ооз эки чыгармачылыгынын эң кеңири белгилүү эстеликтеринин бири. Алар татаал нерселерди жеткиликтүү түшүндүрүүнүн эң оңой жолу болот.макал-лакаптардын негизинде канчалаган элдер тарбияланган, кээ бири девиз болуп калган. Алар элдин кемчиликтерин көрсөтүп, аларды жоюуга умтулууну ойготот. Макал-лакаптарды педагогикалык миниатюра десек да болот.
Макал-лакаптар төмөндөгү сапаттарга ээ:
Жеткиликтүү,
Ритмикалык элементтерге ээ,
Обрахдуу,
Көрсөтмөлүү.
Макал-лакаптар
Жер байлыгы- эл байлыгы.
Кыштын камын жазда ойло.
Жаз жарыш, күз күрөш.
Жаздын бир күнү- күздүн бир жылы.
Кар калың болсо - жыл жакшы болот.
Күн болсо, түн да болоор.
Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт.
Катуу күркүрөгөн күндүн жааны аз.
Асманды карап отурган ачка калат.
Туз болбосо, тамак татыбайт,
Нан болбосо, курсак тойбойт.
Өткөн өмүр – өчкөн от.
Ар нерсенин өз убагы бар.
Убакыт алтындан кымбат.
Текке кеткен бир саатты,
Жыл бою кууп жетпейсин.
Өмүрдөн өткөн бакыт жок,
Өнөрдөн өткөн билим жок.
Дени соонун – жаны соо,
Дени чыдын – иши чың.
Тазалык – соолук негизи, соолук – байлык негизи.
Дат темирди жейт, кайгы өмүрдү жейт.
Урушчаактын муштуму кычышса,
Ушакчынын тили кычышат.
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
Адам эмгеги менен даңктанат.адамдын көркү акыл.
Эки жүздүү эл бузат.
Жаман сөз жан кейитет,
Жакшы сөз таш ээритет.
Абийириңди жашыңдан сакта.
Жакшы ат ээсиз калбайт.
Жакшы ката кетирсе, өзүн жемелейт,
Жаман ката кетирсе,жолдошун жемелейт.
Дарак тамыры мнен, адам достору менен күчтүү.
Ата-энеңди сыйласаң,
Өз балаңдан сый көрөсүң.
Уул жакшысы – урмат,
Кыз жакшысы – кымбат.
Илим бар жерде, акыл бар,
Тууган бар жерде, жакын бар.
Акчага жараша түйшүк.
Дүйнө бир тыйындан куралат.
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң өнөрлүү болсун.
Жүз сом күткүчө, жүз дос күт.
Билимсиз иш жок, ишсиз аш жок.
Колум бош эмес,
Баланы алып кой,
Колум бош эмес,
Бир ишке жарап кой,
Колум бош эмес,
Тамак ич - Алибай!
Иниси Кадырбай,
Жообун берди тез:
Колу бош эмес!
А.Нааматов
Жомоктор
Жомоктор чоң тарбиялык мааниге ээ. Жомоктордо эмгекке алкыш айтылып, жалкоолук анын тескери жагы катары көрсөтүлөт. Жомоктордо башкы каармандарды идеалдаштыруу жолу менен адамдын канчалык чоң нерсеге жетишүүгө, кандай болбосун кыйынчылыктарды жеңүүгө мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт.
Манас
Белес-белден бороондоп,
Беш удургуп өткөн сөз,
Баласына атасы
Мурас кылып кеткен сөз.
Эли сактап жүрөккө,
Биздин күнгө жеткен сөз,
Манас – Теңир уулу,
Күн нуру, Кыргы з руху.
А,Жакылбекоа
Манас – Мурас
Манас – Мурас кандай уйкаш угулат,
Манас- Кыргыз ичкен тунук мөл булак,
Муундарга, кылымдарга калтырып,
Айтып келген сөзмөр элим ырга ынак.
Н,Мамбетов
Элдик педагогиканын фактору
Жаратылыштын балдарды тарбиялоодо жана окутууда ролу кандай? Жаратылыш- бул биз жашаган чөйрө гана эмес. Көп элдерде жаратылыш адамдарга салыштырылган образдарда берилет. Мисалы орус элинде: дубатюшка , Волга – матушка. Кыргыз элинде ушул сыяктуу кандай салыштырмалар бар? Алардын максаты эмне?
Я.А. Коменский Берген педагогикалык принципте айтылгандай: “все, что согласуется с природой должно рассматриваться как благо, что противоречит ее развитию – как зло и извращение.
Ушуга мисал катары төмөндөгү ыр.
Илим тоону текшер,
Устатынан шакирти өтөт.
Билимге каралык жок.
Билимди турмуш менен байланыштыруу элдин негизги жана маанилүү дидактикалык талабы. Эл билим алууда системанын жана билим бербуудө үзгүлтүксүздүктүн зарылчылыгын түшнө билген.
Экпей эгин чыкпас,
Үйрөнбөй билим чыкпас.
Билбеген уят эмес, Билгиси келбегендик уят.
Эмгек бар жерде , ырыс бар,
Эмгекти сүйгөндү эл сүйөт.
Эмгегине жараша - урмат.
Уста темирден да алтын кылыч жасайт.
Эмгеги катуунун тамагы таттуу,
Казанга эмне салсаң, сузганда ошол чыгат.
Адамды тон эмес, иш жылытат.
Эрте тургандын этеги алтынга толот.
Ашың калса калсын, ишин калбасы.
Ишине жараша ашы.
Жалкоонун үйүндө жарылган жыгачы жок.
Бакпаса, бак да өспөйт.
Иштесең- көл болот, иштебесең - чөл болот.
Метаграмма
Эгер “Ч”дан баштасаң,
Ичинде чай буркурайт.
“Ч”сан алып таштасаң,
Таш тийсе эле быркырайт.
БОШ ЭМЕС
-Алибай суу апкел!
-Колум бош эмес.
-Алибай сурап кел...
Жаратылышты сактайлы
Арчалуу жашыл улуу төрдү,
Көздөй тунук Ыссык-Көлдү,
Сактап калсак ыйык тутуп,
Болбойт беле өто жжөндүү.
Аябадык арча-талды,
Аябадык жандыктарды,
Булгадык го мөл булакты,
Сууга таштап калдыктарды.
Соолуп барат көлүбуз да,
Такыр болду чөлубүз да,
Калдыктарга өзүбүз да.
А.Эшимбекова
Үй-бүлөөлүк тарбиялоо- элдик педагогиканын негизи
Элдик педагогика үй-бүлөлүк тарбиялоого негизделет. Үй-бүлө, бала жана бакчанын биргеликтеги ишмердүүлүгүн ата-энелер менен иштөө аркылуу ишке ашат, биз тарбиячы катары ата-энелерге элдик даанышмандыкты өздөштүрүүгө жардам берүүбүз зарыл.
Күнүмдүк турмушта тарбиялык методдор: түшүндүрүү, үйрөтүү-адатка көндүрүү, мактоо, ишендирүү, мисал көрсөтүү.
Эне
Эне,сага кандай мактоо жарашат?
Эне сенден ким сыймыкты талашат?
Эне менен теңдше албайт эч бир жан,
Баардык мактоо сага гана жарашат.
Аалы Токомбаев
Менин каалоом
Туугандар!
Бакыт торосун жолуңарды !
Турмушта каалаганын баарын берсин,
Жардамга ар убакта достук келсин.
Улгайгандар улук болсун
Уланыңар сылык болсун...
Соо болсун ай да күн да, талаа дагы
Күн нуру тийип турсун
Элге,жерге , мага дагы.
Турар Кожомбердиев
Диний таалим тарбия
Дин балдарды улууларды урматтаганга, өзүнө, үй-бүлөөсүнө , чөйрөдөгүлөргө, башка диндин өкүлдөрүнө караштуу этикасынын өнүгүүсүнөөбөлгө түзөт.
Диний таалим тарбиядан мисал келтиргиле.
Музыкалык аспаптар
Аса-муса
Балтыркан чоор
Мүйүз керней
Сурнай
Сыбызгы
Темир комуз, ооз комуз
Чогойно чоор
Чоор
Чопо чоор
Чымылдык
Шалдырак
-улуттук кийимдер
-көрсөтмө куралдар (счет, кийизден буюумдар...)
Көркөм кол өнөрчүлүк
Эл ичинде бар го нечен чеберлер,
Өнөр менен жанын багып келгендер.
Бул дүйнөнүн көркү алардын колунда,
Керемет да, бардык болгон сонун да.
Санай келсек анын баарын сөзү көп,
Сөздү таштап андан көрө өзүнө өт.
Жусуп Баласагын
Улуттук оюндар
Элдик педагогикада баланын ден соолугуна кам көрүүгө өзгөчө көңүл бурган оюндар аркылуу балдардын чыдамкайлыгы , шамдагайлыгы, эптүүлүгү өнүгөт. Балдардын дене бой өүгүүсү жөнүндө элде эзелтен кеңири түшүнүк болуп келген. Элдин түшүнүгү боюнча оюн ал жөн гана көңүл ачуу эмес, ошондой эле балдардын физикалык жана нравстерный тарбиялоонун жолу. Оюндар аркылуу балдардын өз алдынча ишмердүүлүгү балдардын тили, жаңылмачтары билгичтиги , ырларды айтуусу өнүгөт. Улуттук оюндарга эл физикалык өнугүнүн жана тарбиялоонун маанилүү фактору катары өзгөчө көңул бурган.
Каада - салттар
Тамактануунун адеби
Конокко чакырбасын сени кимдер
Адеп күтүп, тамакты даамдай көр.
Улуу болсо өзүңдөн – эзелки адат,
Ашка колду кичилер кийин салат.
Бирөөнүн алдындагы тамакты алба,
Өз жактан ал, өзүңдү жакшы карма.
Озуңа салганыңды шашпай чайна,
Ыссык ашты үйлөбө – жаман анда.
Тамакты жеген сайын мактап алгын,
Үй ээсинде кубаныч, сүйүнүч калсын.
Жол -жосуну дүйнөнүн мына ушундай,
Эстей жүр эл ичинде унуткарбай.
Жусуп Баласагын
Каада салттар, урп адаттар.
Тушоо кесүү тою
Баланын тушоосун кесүү үчүн баланын ата-энеси айылдагы эдли бала-бакырасы менен чакырып, той өткорөт. Анан чогулган элдин алдында кадыр барктуу карыя тушоосу кесиле турган баланын буттарын ала жип менен тушайт да, чогулган балдарды 40-50 м аралыктан чуркатып жарыштырат. Биринчи келген балага биринчи, калгандарына кийинки байге берилет. Ошол биринчи келген бала тушоону кайчы менен кесет. Тушоо кесүү тоюу жаңыдан баскан баланы батыраак бассын, көп жыгылбасын жана жолу дайыма шыдыр болсун деген ниет менен өткөрүлөт.
Майрамдар
1-январь – Жаңы жыл
8- март – аялдардын күнү
21- март – Нооруз майрамы
1 - май - эмгекчилердин тилектештик күнү
5-май К.Рнын Конституция күнү
9-май - Жеңиш майрамы
31-август – К.Рнын мамлекеттик көз карандысыздыгынын күну.
Нооруз- бул бүткүл мусулман элинин жаңы жыл майрамы аны эки миң жылдан ашуун убакыттан бери 21-мартта тосушкан. Жаңы жылга карата жаңы кийимдерди даярдашкан. Ар бир адам эң даамдуу, эң сыйлуу тамак ашын Ноорузга арнаган. Жаңы жылга карата даярдалган тамактардын ичинен өтө сыйлуусу, өтө ширелүүсү сүмөлөк менен чоң көжө болгн. Сүмөлоктү өнүп калган буудайдын данынан жасашкан. Нооруз күнү ар бир үйдо арча түтөтүлүп, куран окутулган. Анын негизги мааниси диний ишенимге байланышат. Арча түтөтүп аластаганда арчанын түтүнүнөн ар кандай оору, кырсык, жамандыктар качып, айлана тазаланат. Арча түтөтүп аластоо төмонкудөй ыр менен коштолот.
Алас-алас-алас!
Алас-алас-алас!
Ар балээден калас!
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Айдан аман ,
Жылдан эсен чыгалы.
Эски жыл колдосун,
Жаңы жыл жалгасын!
Алас-алас-алас!
Ар балээден калас!
Ушул күнү ага туугандар, достор, коңшулар бири- бирине таарынышып жүрүшсо элдешишкен жана кечирим сурашкан. Кудайдан эски жылда кетирген катасын кечирүүнү суранышып, элге бакыт-таалай тынчтык тилешкен. Кайрымдуулук кылып, кайыр садага беришкен. Ырлар ырдалып, улуттук оюндар өткөрүлгөн. Жаңы жыл – боорукерликтин, достуктун, биримдүүлүктүн, токчулуктун, тынччылыктын майрамы.
Нооруз майрамы
Нооруз майрам , ырыс майрам
Бабалардан мурас майрам.
Ноонуз менен жер ойгонот,
Жер жүзүндө эл ойгонот.
Келди Нооруз, жер энебиз нан берсин ,
Жериме көк ,жер жайнаган мал берсин.
Калкымдын пейли ток болсун ,
Каргаша оору жок болсун.
Жаңылмачтар
Беш кашка кой
Бешөө беш башка кой
Тоодогу койлор ойго түштү,
Ойдогу койлор тоого түштү,
Толгон кой толкуй түштү,
Толкуган кой жолго түштү.
Айылыбызда арал бар,
Ал аралда үч марал бар,
Бири кара марал,
Бири ала марал,
Бири бала марал.
Ак дептер
Көк дептер,
Жык жыйма
Көп дептер,
Көңүлгө төп дептер.
Көк көпөлөк көкөлөп өтөт,
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк, бөлөк өтөт.
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томоголойт,
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томогологондо,
Биз бүркүтүбүздү томого менен томоголобой,
Ким бүркүтүн томого менен томоголойт.
Бул кайсы оозу май тайлак?
Бул кайдагы сары бал каймак?
Бул оозанган оозу май тайлак,
Бул сүр сары май бал каймак.
Мокок кайчы
кайсы?
Курч кайчы
кайсы?
Бердибектин белеги
Белек алды,
Белектин белегин
Белек алды.
Ак чайнекте ак капкак,
Көк чайнекте кок капкак.
Таруу күрүчкө
Толсун алакан,
Топ-топ чокулап
Тойсун балапан.
Оюнсаак Омор,
Ойлонсо оңолоор.
Обу жок оюнун,
Ойнобой койоор.
Баш бармак
Бадал үрөк
Ортон оймок
Оюп чиймек
Чып-чып, чыпалак.
Үч кыз
Үч кыш окуп,
Үчөө тең тың
Учкуч болду.
Чоң ача таш,
Кичи ача таш.
Кара каргаларга ала каргалар үйүр,
Ала каргаларга кара каргалар үйүр.
Ишти
Жаз башынан
Башташыбыз керек,
Жаз башынан баштабасак
Ташташыбыз керек.
Көйкөлгөн көк чөп жакшы,
Көктөм көк чачты.
Көктөмдө Көчөр чөп чапты,
Көчөр чөпту көп чапты,
Көчөр көк чөптү чапты.