СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Менин үй-бүлөм"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Это разработка внеклассого урока для учителей на кыргызском языке. Я автор этого урока.

Просмотр содержимого документа
«"Менин үй-бүлөм"»

Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин география сабагынын мугалими

Бала жакшысы-атанын даңкы, кыз жакшысы-эненин даңкы”

  1. Сабактын максаты

  1. Билим берүү: Окуучулар үй-бүлөнүн коомдук, социалдык жана адеп-аклактык мааниси жөнүндө түшүнүк алышат

  2. Тарбиялык: Окуучулар үй-бүлөлүк биримдикке, ынтымакка, ата-энесин жана бир туугандарын урматтап, сыйлай билүүгө үйрөнүшөт

  3. Өнүктүрүү: Окуучулардын сынчыл ойлору өнүгөт жана аларды топтордо иштей билүүгө үйрөнөт

  1. Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү

  2. Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

  3. Сабактын жабдылышы: “Үй-бүлө” (чийме) ватман, маркер, макал-лакаптар жана сабакка тийиштүү сөздөр жазылган плакат

Презентация.

  1. Сабактын жүрүшү.

1-кадам ( 3 мин).

Уюштуруу.

  1. Окуучуларды тактоо.

  2. Класстык кабинетти сабакка даярдоо.

  3. Окуучуларды 4 топко бөлүү.

2-кадам (2мин).

Мээ чабуулу.

  1. Үй-бүлө деген эмне?

  2. Үй-бүлө кандай түрлөргө бөлүнөт?

  3. Үй-бүлөнүн курамы кимдерден турат?

  4. Үй-бүлөдө кимдин орду жогору? (Ата-эне,бала)

3-кадам (7мин).

Үй-бүлө деген чийменин негизинде мугалимдин кыскача баяндамасы.

Бүгүнкү биздин өтө турган темабыз “Бала жакшысы ата даңкы, кыз жакшысы эне баркы” деп аталат. Сабакта биз силер менен үй-бүлө деген эмне экендигин, ата-эне баланын үй-бүлөдөгү орду тууралуу пикир алышабыз.

ЧИЙМЕ

Үй-бүлө ыктыярдуу никеде негизделген адамдардын майда топтору. Үй-бүлө мамлекеттин ячейкасы. Үй кирпичтерден куралган сыяктуу үй-бүлөдөн мамлекет куралат. Үй-бүлөдө мамлекеттин келечектиги жарандары өсүп тарбияланат. Социалдык курамы боюнча үй-бүлө толук эмес үй-бүлө, өзөк үй-бүлө, чоң үй-бүлө деп бөлүнөт.

Толук эмес үй-бүлөгө атасыз же энесиз жашап жаткан үй-бүлөлөр кирет. Балалуу болуунун каалабаган, кааласа да мүмкүнчүлүгү же шарты жок жубайлар бар. Андайлар өзөк үй-бүлөнү түзүшөт.Чоң үй-бүлөдө кайната, кайнене, уул-келини, уул-кыздары небере-чөбөрөлөрү бирге жашашат. Үй-бүлө коомдо жеке, социалдык, экономикалык функцияларды аткарат. Жеке функцияга тукум улоочулук, социалдык функцияга балдарды турмушка аралаша билүүгө тарбиялоо, экономикалык функцияга тамак-аш,кийим-кече турак-жай менен камсыз кылуу иш-аракеттери ж.б.кирет

Сүйүү, сыйлоо, сабырдуулук, ишеним, ынтымак, милдет, жоопкерчилик үй-бүлөнүн бирден-бир адеп-ахлактык дөөлөтү болуп эсептелет.

4-кадам (3мин).

Окуучуларга жогорудагы таблицаны өз алдынча толтурууну сунуш кылуу. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин аткарган тапшырмасын 3 окуучуну жалпы класска угуза окутуп көрүү.

Менин үй-бүлөм



























5-кадам (15мин).

Ар бир топко бирден суроо берип,берилген суроого биргелешип жооп жазууну жана белгиленген убакыт бүткөндөн кийин ар топтон бирден окуучу чыгып презентациялоосун сунуштоо.

1-топ:Ата-энелер балдарына кандай мамиле жасоого тийиш?

2-топ:Ата-энелер балдарына кандай мамиле жасабоого тийиш?

3-топ:Балдар ата-энесине кандай мамиле жасоого тийиш?

4-топ:Балдар ата-энесине кандай мамиле жасабоого тийиш?

6-кадам(2мин)

Оюн мында окуучулар өздөрү көргөн 7 жаныбардын атын жазышат.Мугалим 1 же 2 окуучуну окутуп көрүп,төмөндөгү тартипте алардын үйүндөгүлөргө жасаган мамилесин аныктайт.

1.Атасына 2.Апасына 3.Агасына

4.Женесине 5.Эжесине7.Инисине

6.Синдисине(карындашына)

7-кадам(3 мин)

Макал-лакаптарды талкуулоо

“Куш уядан эмнени көрсө,учканда ошону алат”.”Ата коргон ок жонот,эне коргон тон бычат”.

8-кадам(3 мин)

Окуучуларды “Эсинде болсун “ деген адеп ахлактык эрежелер менен тааныштыруу.

1.Ата-энене акарат айтпа

2.Ата-энендин айтканын эки кылба

3.Тамакка ата-эненден мурда озунуп кол сунба

4.Ата-энендин женилин жерден,оорун колдон ал

5.Жасаган тамагындан алдын ала ата-энене ооз тийгиз

6.Калп суйлоп эч качан ата- эненди алдаба

7.Ата-эненден озунуп соз суйлобо.Созун болбо

8.Ата-эненден саламынды жазба

9.Ата-энеңдин ден-соолугун дайыма сурап тур

Сыркоолосо жардамыңды аяба

10.Баардык жакшыл буюмду ата-энеңе арна

11.Тийиштүү майрамдарда ата-энеңе белек берип турууну унутпа

12.Иштеп тапканыңды алгач ата-энеңе алып келип бер

13.Каарып калган ата-энеңди кароосуз калтырба

14.Ата-энеңди бөөдө убара кылба

15.Ата-энеңди бөөдө убара кылба

9-кадам (5-мүн)

Рефлекция (бышыктоо)

1)Үй-бүлө деп эмнени айтабыз?

2Үй-бүлөнүн кандай түрлөрүн билесиңер?

3)Үй-бүлөнүн кандай функциялары бар?

4)Үй-бүлөдө ата кандай милдетти аткарат?

5)

10-кадам (2мүн)

Баалоо

Бүгүнкү сабакта силерге кайсы топтун,кимдердин жооптору айрыкча жакты?...

11-кадам (1-мүн)

Үйгө тапшырма

“Ата аскалуу тоо,эне-боорундагы булак,бала ортодо күйүп турган шам чырак” деген темада эссе жазып келүү.