СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Метод бирикменин иши

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Метод бирикменин иши»


Себат” билим берүү мекемесинин бардык лицейлеринин метод бирикмелеринин

8-9-февралда өтө турган семинарына карата материал

Каф. жет. Доталиев А.К.


Мектептин усулдук бирикмелеринин ишти пландаштырышы жана уюштурушу


Мектептеги усулдук бирикменин жетекчисине коюлуучу квалификациялык талаптар


  1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Мектептеги усулдук бирикменин жетекчисинин жогорку кесиптик билими жана билим берүү тутумунда иштеген эмгек тажырыйбасы 5 жылдан кем эмес болушу керек.

1.2. Мектептеги усулдук бирикменин жетекчиси түздөн-түз мектеп директорунун ОТИ же илимий-усулдук иштер боюнча орун басарына баш иет.

1.3. Мектептеги усулдук бирикменин жетекчиси өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат.


II. ФУНКЦИОНАЛДЫК МИЛДЕТТЕРИ

2.1. Бекитип берилген мугалимдер тобунун усулдук ишин уюштуруу, бул ишти жетектөө жана аткарылышын көзөмөлдөө.


III. КЫЗМАТ МИЛДЕТТЕРИ

Мектептеги усулдук бирикменин жетекчиси төмөнкүдөй кызмат милдеттерин аткарат:

3.1.

- бекитип берилген мугалимдер тобунун усулдук ишинин маселелерин жана натыйжаларын;

- катышкан сабактарынын жана башка түрлөрдөгү иштеринин формасын жана мазмунун талдайт;

3.2. пландалган усулдук иштин жыйынтыгын божомолдойт;

3.3.

- бекитип берилген педагогдордун утурумдук жана келечектеги ишин пландоону;

- зарыл усулдук документтерди иштеп чыгууну;

- программанын аткарылышы жана ага бекитилип берилген педагогдордун окуучуларынын билим даярдыгынын калыс бааланышына көзөмөлдү;

- административдик текшерүү иштерин даярдап өткөрүүнү;

- бекитип берилген педагогдордун квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну пландайт жана уюштурат;





3.4.

- бекитип берилген педагогдордун зарыл усулдук документтерди иштеп чыгуусун;

- бекитип берилген педагогдордун окуу пландарын жана программаларын аткаруусун жөнгө салат;

3.5. усулдук бирикменин ишин жетектейт;

3.6.

- усулдук бирикменин ишин;

- окуучулардын билим даярдыгынын өзү жетектеген усулдук бирикмедеги мугалимдер тарабынан калыс бааланышын көзөмөлдөйт;

3.7.

- окуу процессин камсыздоочу усулдук документтерди иштеп чыгууга;

- өзү жетектеген усулдук бирикмедеги педагогдордун пландарын жана программаларын оңдоп-түзөөгө;

- усулдук бирикменин жана усулдук кеңештин отурумдарына катышат;

3.8. усулдук бирикмедеги педагогдорго усулдук иштер боюнча кеңеш берет;

3.9. өзү жетектеген усулдук бирикмедеги мугалимдердин усулдук иштелмелерин баалайт;

3.10.

- өзү жетектеген усулдук бирикменин басууга даярдалган усулдук материалдарын редакциялап, жай


IV. УКУКТАРЫ

Усулдук бирикменин жетекчиси өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй укуктарга ээ:

4.1. өзү жетектеген усулдук бирикменин мугалимдеринин өткөргөн сабактарына каалаган учурда кирүү (бирок сабак башталгандан кийин эч зарылчылыгы жок кирүүгө жана сабактын жүрүшүндө педагогго сын-пикир айтууга акысы жок);

4.2.

- мектептин билим берүү саясатын жана стратегиясын иштеп чыгууга, тийиштүү стратегиялык документтерди түзүүгө;

- педагогдорду аттестациялоого;

- педагогикалык кеңештин ишине;

- өзү жетектеген усулдук бирикменин педагогдорун тандап алууга жана иш ордун аныктоого катышуу;

4.3.

- өзү жетектеген усулдук бирикмедеги мугалимдердин конкреттүү усулдук долбоорлорун баштоо, толук же убактылуу токтотуу жөнүндө;

- өзү жетектеген усулдук бирикмедеги мугалимдерге колдоо көрсөтүү, материалдык жана моралдык түрткү берүү боюнча;

- окуу-усулдук ишти өркүндөтүү боюнча сунуш киргизүүгө;

4.4. өзү жетектеген усулдук бирикмедеги мугалимдердин биргелешкен жана жекече окуу-усулдук ишинин жүрүшүн жана натыйжаларын көзөмөлдөө жана баалоо;

4.5. түздөн-түз карамагындагы иш документтерин текшерүү жана ага түзөтүү киргизүү үчүн;

- мектеп жетекчилеринен өзүнүн кызмат милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтык материалдарын жана ченемдик-укуктук документтерди пайдалануу үчүн сурап алуу;

4.6.

- бекитип берилген педагогдордон кесиптик адеп ченемдерин жана талаптарын сактоону, мектеп коомдоштугу кабыл алган (милдеттүү түрдөгү) пландар менен программалардын аткарылышын талап кылуу;

4.7. өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу.


V. КЫЗМАТЫ БОЮНЧА МАМИЛЕЛЕРИ

ЖАНА БАЙЛАНЫШТАРЫ


5.1. Мугалимдер менен биргеликте УБ ишмердигин пландайт. Иш планы мектеп директорунун ОТИ боюнча орун басары менен макулдаштырылат да, пландалган мезгилден тартып беш күндөн кечиктирилбей мектеп директору тарабынан бекитилет;

5.2. УБ жетекчиси төмөнкүлөр менен иштешет:

  • мектептин педагогикалык жана усулдук кеңештери;

  • райондук УБ;

  • мектеп директорунун ОТИ, тарбия иштери боюнча орун басарлары, класс жетекчилери, социалдык педагог;

5.3. Окуу жылы аяктагандан кийин беш күн ичинде директорунун ОТИ/ИУИ боюнча орун басарына УБнын ишмердиги боюнча жазуу жүзүндөгү отчёт берет;

5.4. Билим берүүчү уюмдун директорунун ОТИ/ИУИ боюнча орун басарынан ченемдик-укуктук жана уюштуруу-усулдук мүнөздөгү маалыматтарды алат, тийиштүү документтер менен таанышат;

5.5. Өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча билим берүүчү уюмдун педагогикалык кызматкерлери, директорунун ОТИ/ИУИ боюнча орун басары менен дайыма маалымат алмашып турат.


Нускама менен таанышып чыктым: ___________ ____________

(колу) (аты-жөнү)









Мектептеги усулдук бирикменин жетекчисинин

ишти пландаштырышы


Усулдук бирикменин мүчөлөрүнө мүнөздөмө берүү:


а) Аты-жөнү;

б) Билими (качан, кайсы ЖОЖ бүткөн);

в) Педагогикалык стаж, ошол мектепте канча жылдан бери иштейт;

г) Канча саат менен иштейт;

д) Билимин өркүндөтүү курсунда качан болгон;

з) Мугалимдердин аттестациясынан качан өткөн (жылы, мүнөздөмө);

и) Алган сыйлыктары.





Маалымат


_______________________________________


УБнын жетекчиси_______________________________________





Мугалимдер

дин

аты-жөнү

Кайсы ЖОЖду

бүткөн,факуль

тет,жылы

Берген

пред

мети

Пед

стаж

Сый

лык

тары

Били

мин

өркүн

дөтүү

курсу

нан

качан

өткөн

Кайсы

класстар

да иштейт

Кайсы

класстар

га кружок

өткөрөт

Эскертүү



























Өткөн окуу жылына талдоо жүргүзүү


1) Окуучулардын сабактар боюнча билиминин деңгээлин, аткаруучулук жөндөмдүүлүктөрүн башка жылдар менен салыштырып талдоо.Өтүлгөн ачык сабактардын жана класстан тышкаркы ачык сабактардын деңгээлдери.

2) Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу жана окуп үйрөнүү боюнча жүргүзүлгөн иштер.


Иш тажрыйбаны жайылтуу

Тема

Өткөрүүнүн формасы

Мугалимдин аты-жөнү

Мектептин УБ




Райондук деңгээлде




Областык деңгээлде




Республикалык деңгээлде




3) Олимпиаданын жыйынтыгы (мектеп ичинде, райондо,областа, республикада).

4) Жаш адистер менен жүргүзүлүп жаткан иштердин уюштурулушу.

5) Окутууда окуу кабинеттерин колдонуу иштери.

6) Окуу жыл ичинде жазган мугалимдердин публикациялары.

7) Конкурска катышкан мугалимдер.



SWOT- талдоо


S- УБнын күчтүү жактары(ички)



W- УБнын начар жактары(ички)

O-УБнын мүмкүнчүлүктөрү(тыштан)



T- УБнын коркунучтары (тыштан)


Усулдук бирикменин ишин талдоо боюнча өткөн окуу жылында начар чечилген суроолорду табуу жана жаңы окуу жылынын максаттарын жана милдеттерин аныктоо.












МУБдун максаты – усулдук бирикмедеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.


МУБдун милдеттери:


  • Педагогдордун билимин илимий жактан системалуу өстүрүү үчүн сапаттуу окууларды уюштуруу;

  • Педагогдорго заманбап окутуунун жаңы технологияларын колдонууну жогорку деңгээлде көрсөтүү;

  • Жогорку окуу жайлары жана алдыңкы мектептер менен тажрыйба алмашуу;

  • Усулдук иштин аткарылышын көзөмөлдөө;




Мугалимдердин педагогикалык чыгармачылыгын

өркүндөтүү иштери


  • Усулдук бирикмеде усулдук теманы аныктоо.

  • Билимин өркүндөтүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү (КББА, семинарлар, алдыңкы тажрыйбалардын мектеби ж.б.);

  • Максаттуу, бири-биринин сабагына катышуу ;

  • Максаттуу, бири-биринин дептерлерин текшерүү;

  • Нормативдик иш кагаздарын окуп- үйрөнүү;

  • Программадагы оор теманы окуп -үйрөнүү;

  • Алдыңкы тажрыйбаларды окуп- үйрөнүү жана жайылтуу иштери;

  • Ачык сабактар. Ачык сабак өтүү менен өзүнүн иш тажрыйбасынан билдирүүлөрдү жасоо.

  • Докладдар.

  • Семинарлар, көркөм окуулар, конференциялар.

  • Сабактардын конспектиси боюнча, дидактикалык материалдар боюнча, окуучулардын мыкты дептерлери, колго жасалган көрсөтмө куралдар боюнча көргөзмөлөрдү уюштуруу.

  • Жаш мугалимдерге насаатчыны бекитүүнү уюштуруу.

  • Жаңы усулдук адабияттар жана балдар адабияттары менен таанышуу, окуп үйрөнүү.

  • Өзүнүн билимин өркүндөтүү боюнча мугалимдердин отчету.










Усулдук бирикменин иш кагаздары


1. УБнын түзүлгөндүгү жөнүндө мектеп жетекчисинин буйругу.

2. УБнын жетекчиси болуп дайындалгандыгы жөнүндө буйрук.

3. УБнын жобосу.

4. УБнын мүчөлөрү жөнүндө маалымат.

5. Жаңы окуу жылынын иш планы.

6. Жаш мугалимдер менен иштөө планы.

7. Предметтер боюнча жумалыктарды өткөрүүнүн планы.

8. УБга кирген мугалимдердин билимин өркүндөтүү жөнүндө маалыматы.

9. Ачык сабактарды өткөрүүнүн графиги.

10. Кружоктор жөнүндө маалымат.

11. Админстрациянын текшерүү иштерди өткөрүү графиги.

12. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү курстарынан өтүү графиги.

13. УБнын жыйналыштарынын токтомдору.

14. УБнын өткөн окуу жылы боюнча отчету.




УБнын мугалимдеринин өзүнүн билимин өркүндөтүү боюнча иштеген темалары боюнча маалымат


Аты-жөнү

Өзүнүн билимин өркүндөтүү

боюнча тема

Доклад, билдирүү ж.б.

Кайда жана качан өткөрүлөт







УБнын жетекчиси_____________________________________



Ачык сабактарды жана предметтер боюнча класстан тышкаркы ачык сабактарды өтүүнүн графиги


УБ____________________________________________________


УБдагы мугалимдердин

аты – жөнү

Предмет

Класс

Тема

Өтүлүүчү күн








УБнын жетекчиси___________________________________________








Семинарларды,тегерек столдорду,чыгармачыл отчетторду, кружок

торду өтүү боюнча_________________УБнын түзгөн графиги


Өтүлө турган күндөр

Сен.

Окт.

Ноя.

Дек.

Янв.

Фев.

Март

Апр.

май











УБнын жетекчиси_______________________________________






УБнын жетекчисинин отчету 2012/2013 окуу жылы


Усулдук иштин темасы

Өтүлгөн күн,убакыт

Жооптуу

мугалим

Катышкан

дар

Эскертүү









Эскертүү:бул отчеттун формасы УИ боюнча мектеп жетекчисинин орун басарына бир айда эки жолу жыйналыш болгондо өткөрүлөт

УБнын жетекчиси_______________________






















Усулдук бирикменин жетекчисинин ишке көзөмөл жүргүзүүсү


Көзөмөлдүн түрлөрү

Усулдук бирикменин жетекчиси

  1. Байкоо


  1. Иш кагаздарын текшерүү





  1. Суроо

а) оозеки



б) жазуу

  • текшерүү иш (учкай текшерүү);

  • анкета толтуруу;



4.Тестирлөө.



  1. Оперативдүү талкуу.




  1. Ретроспективдүү талкуу.




Сабактарга катышуу, класстан тышкаркы сабактарга катышуу, талдоо.


класстык журнал менен, окуучулардын күндөлүктөрү менен, сабактын планы менен, окуучулардын өздүк делосу менен иштөө ж.б.


Атайын даярдалган программа боюнча аңгемелешүү.


Окуучулардын билиминин деңгээлин текшерүү.





Окуучулардын жеке өзгөчөлүгүн билүү үчүн психологиялык диагностика усулун колдонуу.

Жаңы эле өтүлгөн сабакка же кечеге, аны уюштурган жана катышкан мүчөлөрү менен бирдикте талдоо жүргүзүү ж.б.


Мурунку жылы бүткөн бүтүрүүчүлөр боюнча талдоо жүргүзүү










Токтом №_______

____________________________________________УБнын чогулушу

«______» ___»_________»________________________

күн, айы жыл


катышкандар__________ педагог


келбегендер __________ педагог



Күн тартиби


1._______________________________________________________

2._______________________________________________________

3._______________________________________________________



№1-суроо боюнча чыгып сүйлөгөндөр (кыскача):

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

№2____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

№3._________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________


УБнын чогулушунун чечими:

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

УБнын жетекчиси:________________________

УБнын катчысы:__________________________