Уюштуруу учуру | Cаламдашуу, окуучулардын сабакка даярдыгын, катышуусун текшерүү. Балдар, бизидин класс кандайдыр бир лабораторияда иштеп жатканын элестетип көрөлүчү. Ушуга байланыштуу биз жөнөкөй окуучулар эмес, лабораториянын илимий излдөөчүлөрүбүз. | Сабакка даярданышат. Саламдашат. Мугалимди угушат. |
Сабакты актуалдаштыруу | Суроо аркылуу үй тапшырманы текшерүү: Суу заттардын кандай тобуна кирет? (жөнөкөй же татаал) Суунун татаал экенин кантип далилдесе болот? Суунун молекуласынын курамында кайсы элементтердин атомдору кирет? Суунун касиеттериге ээ? Кычкылтек кандай каситтерге ээ? Суунун формуласын доскага чыгып ким жазат? | Окуучулаар суроого жооп беришет. Суунун формуласын доскага жана дептерге жазып чыгышат? |
Жаңы темага өбөлгө түзүү. | - Биздин лабораториябызга посылка келиптир (посылканы беришет). Кызык бул, эмне? (стакан суу үлгүлөрү менен). Балдар бизге өтүнүч келип түшүтү, ушул материалды изилдеп көргүлө деп. Анда эмесе балдар ойлонуп көрөлүчү бүгункү сабакта биз эмне жөнүндө сөз кылабыз, кандай теманын үстүндө иштейбиз? - Туура, биз “Суу – эриткич” деген теманы окуп үйрөнөбүз. Биз илимий адамдарбыз, илимий изилдөөчүлөр план боюнча иш аткарышат, биз да план түзүп ошол боюнча иш жүргүзөлү. Суу жөнүндө билимдерибизди жалпылайбыз Суу менен тажрыйба жүргүзөбүз Тажрыйбанын негизинде жыйынтык чыгарабыз Дептерлерге жыйынтыкты жазабыз. Суу жөнүндө эмнелерди билебиз? Жаратылыштагы мааниси (суу – өмүр, даарылык касетке ээ, суу өрттү өчүрөт, суу бузуучу күчү бар – сел ж.б.) | Окуучуалар мугалимдин суроолоруна өз ойлорун айтышат. Окуучулар план түзүүгө аракеттенишет. |
Эксперименталдык бөлүгү. Топто өз алдынча иштөө. | Класс 4 топко бөлөт. Ар бир топко тапшырма жазылган карточкалар берилет жана ар биринин ишине мугалим түшүндүрмө берет. Керектүү каражаттарды топторго таркатылат. 1-тапшырма: Тамакка кошулган туздун эритмесин даярдагыла. Тузду сууга кошуп аны айнек таякчалар менен аралаштыргыла. Эмне болорун, суунун өзгөрүлүшүн байкагыла. Байкоолоруңарды дептериңерге жазгыла. 2- тапшырма: Кум шекер эритмесин даярдагыла. Кум шекерди сууга кошуп аралаштыргыла. Эмне болорун, суунун өзгөрүшүн аныктагыла. Байкоолоруңарды дептериңерге жазгыла. 3-тапшырма: Талкаланган бордун эритмесин даярдагыла. Борду сууга кошуп, аралаштыргыла. Эмне болорун, суунун өзгөрүлүшүнө көнүл буруп, байкоо жүргүзгүлө. Байкоолоруңарды дептериңерге жазгыла. 4-тапшырма: Сүттү сууга кошуп аралаштыргыла. Сунун өзгөрүлушүн байкагыла. Байкоолоруңарды дептериңерге жазгыла. Жыйынтык: эритме – бул суюктук. Каныккан эритме - бөтөн заттары бар суюктук, заттар суюктукта эрип, бирдей текши жайгашат, бөлүштүрүлөт. Канныкпаган эритме – бөтөн заттары бар суюктук, ал заттар суюктукта эрибей, чөкмө пайда болот. | Чакан тайпаларга биригишет. Берилген тапшырмалар топто жасашып, жыйынтыгын дептерлерге жазышат. Андан кийин ар бир топ өзүнүн жүргүзгөн тажрыйбасы боюнча айтып беришет. Жалпы жыйынтык чыгарышат. Жыйынтыкты окуучулар дептерлерине жазып алышат. |
Бышыктоо | Суу- биздин өкөбүздүн улуттук байлыгы, ал өзүнө аяр мамилени, так эсебин, булгануудан сактоону, экономиялык пайдаланууну өзүнө талап кылат. | |