СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мигранттардын балдары

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Урматтуу бугунку жолугушуунун катышучулары, ата-энелер, коноктор..

Просмотр содержимого документа
«Мигранттардын балдары»

Мигранттардын балдары

Урматтуу бугунку жолугушуунун катышучулары, ата-энелер, коноктор.. бугунку кундогу ɵтɵ актуалдуу маселе бул Кызыл-Капчыгай айылындагы ички жана тышкы мигранттардын балдарынын жашоо шарттарын изилдɵɵ жана зомбулуктардын алдын алуу. Биздин Кызыл-Капчыгай айылында 17 үй-булɵ сырткы мигрант болуп эсептелинет, алардын ичинен 14и атасыда, апасыда экоосу тең мигрант. Бирок булардын ичинен зордук-зомбулукка туш болгон бала жок..

Туугандардын кароосуна калтырылган же интернаттык мекемелерге жайгаштырылган мигранттардын балдары катаал мамилеге жана зомбулукка көбүрөөк кабылышат. Ата-энесин узак мөөнөт көрбөгөн балдарда психологиялык жана социалдык көйгөйлөр пайда болот. Ички мигранттардын балдары негизинен коомдун көз жаздымында кала берүүдө. Себеби алардын көбүндө жарандык абалды каттоо документтери жок. Алар мектеп, медициналык жардам, социалдык жөлөкпул, социалдык коргоо кызмат көрсөтүүлөрү өңдүү базалык кызматтарды алууда кыйналышат жана адатта Кыргызстанда эң начар жана кооптуу шарттарда жашашат.

Көптөгөн факторлордон (аны менен катар жакырчылыктан) улам мигранттардын балдары көп нерселерден куру калып, зомбулукка, эксплуатациялоого жана катаал мамилеге кабылышат.

Кыргызстандын 650 миңден 750 миңге чейин жараны чет өлкөлөрдө иштешет. Алардын айлык акысы 2015-жылы Ички дүң продуктусунун 25 пайыздан ашык эквивалентин түзгөн. Ошентип Кыргызстан мигранттардын акча которууларынан өзгөчө көз каранды мамлекеттердин бирине айланды. Мигранттардын дээрлик 80 пайызы Орусияда жана 15 пайызы Казакстанда иштешет. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын түштүк аймактарында жашайт.

Жакырчылыктын улам өсүп жаткан деңгээли ички жана тышкы эмгек миграциясын пайда кылгандыктан, кароосуз калган балдардын да саны өстү. 2014-жылы 17 жашка чейинки балдардын 11 пайызынын же атасы же апасы чет өлкөдө жашачу. Эмгек, миграция жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтарына ылайык, текшерүүгө алынган 192 миң үй-бүлөнүн ичинен 72 мин бала кароосуз калтырылган. Ата-энеси чет жакка иш издеп кеткенден кийин балдар адатта туугандарынын колунда калышат. Көп учурда чоң ата-чоң энесинин колунда болушат. Алар болсо чоңоюп келаткан балдардын муктаждыктарын канааттандыра албай, алардын көбүн интернаттык мекемелерге жайгаштырышат. Мигранттардын үй-бүлөлөрүндө акча которуулардын арты менен киреше болгонуна карабастан, балдар оор иштерди жасоого мажбур. Бул болсо аларды бош убакыттан ажыратып, мындан улам мектепке барбай калышууда.

Ички мигранттардын жана эмгек мигранттарынын балдары Кыргызстандагы балдардын эң аярлуу топторунун бири болуп эсептелинет.

Өлкө Евразия экономикалык биримдиги аркылуу Орусия менен тыгыз экономикалык интеграцияга өтүп жаткандыктан кароосуз калып жаткан балдардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстанда бир миллионго жакын адам ички мигранттар катары жашашат. Алардын көбү негизинен Ош жана Бишкекке элет жергелеринен көчүп келишкен. Ички мигранттардын балдары көчөдө жүргөн балдардын болжол менен 80 пайызын түзөт. Алар Бишкектин чет-чекесинде авариялык абалда турган үйлөрдө, суу, газ, электр жарыгы жетишсиз болгон жайларда жашашат, аларда санитардык объекттерге жана коммуникацияларга, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, билим алууга, социалдык жөлөкпулдарга жеткиликтүүлүгү чектелүү. Мигранттардын балдарында зомбулуктун, эксплуатациялоонун курмандыгы болуп калуу тобокелдиги жогору.

Статистикалык маалыматтарга караганда, сыртка чыккан мигранттардын 33 миңдей балдары ата-энесинин камкордугу жок жашап жатат. Кыргызстандагы ар бир беш баланын төртөөсүнүн ата-энеси чет жакта иштеген эмгек мигранты. Бул туурасында бүгүн, Оштогу балдардын укугун коргоого багытталган иш-чарада айтылды. 

Сыртка жумуш издеп кетээрде ата-энелер балдарын балдар-интернаттарына тапшырышат. Натыйжада, интернаттарда тарбияланып жаткан 10 миңдей баланын 5,5 пайызга жакынын ата-энелүү балдар түзүп жатканын социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди. Калган балдар көбүнчөсү жакын же алыс туугандарыныкында калышат. Бул балдар айрым учурларда ушул туугандары тарабынан ар кандай зордук-зомбулукка кабылгандыгы туурасында да айтылып келет. Ушул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик мүчөлөрү, эл аралык уюмдар менен талкуулады.

"Бардык милдеттерди социалдык кызматкерлерге жүктөп койгонго болбойт, анткени, бул маселе менен күрөшүүдө ар бирибиздин, ар бир жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги чоң. Ошол эле, медициналык адистердин, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн тиешелүү милдеттери да бар. Баардыгыбыз биргелешип чара көрсөк гана ушул көйгөйдөн жабыр тартып жаткан келечек муундарыбызга жардам берип, алардын коомдо ордун тапканга салым кошо алабыз",- деди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Жаңыл Жумабаева.

Кыргызстанда кароосуз жүргөн ар бир беш баланын төртөөнүн ата-энеси эмгек миграциясына кеткендер. Азыркы кароосуз балдар эртең толук бир муун болуп чыгат деген көйгөй көптөн бери айтылып келет, бирок кандай чечим керек?

Өспүрүмдөр арасындагы суицидди териштире келгенде басымдуу бөлүгү ата-энеси менен жашабаган болуп чыгууда. Мигранттардын калтырылган балдары жакырлардын да катарын толуктайт.

Сыртка чыккан мигранттардын расмий санына карап, Кыргызстанда болжолдуу 200 миң бала ата-энесинин камкордугу жок жашап жатат деп эсептешет адистер.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2015-жылы 316 миңден ашык үйдү кыдырып, 61 миң баланын ата-энеси эмгек миграциясында экенин, анын басымдуу бөлүгү сыртка кеткенин айтууда.

Ата-энеси узак убакытка таштап кеткен балдар коркунуч алдындагы топ катары саналат. Анткени алар каралбайт, билим албайт, эмгекке тартылат, ыдык көрөт. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Макуо билдирди.

“Бирок алар мамлекеттен жардам ала турган эч кандай категорияга кирбейт. Карай турган эч кимиси жоктор гана мамлекеттик интернаттарга жиберилет. Ошондуктан мигранттардын балдары коркунууч алдындагы балдар эсептелет. Алар зордук-зомбулукка кабылат, муктаждыктары канааттандарылбайт, укуктары тебеленет”.

ЮНИСЕФтин маалыматында, Кыргызстандагы балдардын жарымынын ата-энеси жаштар. Жаштар эмгек миграциясына агылган эң калың катмар.

Тажикстанда Орусияга көбүнчө эркектер кеткендиктен коргоосуз калган аялдар социалдык көйгөй болуп жатса, Кыргызстанда эмгек мигранттарын аялдар менен эркектер теңме тең түзөт. Андыктан бул жерде балдар маселеси курч.

Ички жер которуу да балдардын толук кандуу билим алып, камкордукка алынышына тоскоол. Ички миграциянын башкы себеби да жумуш. ЮНИСЕФ Бишкек четиндеги он бир жаңы конушту кыдырганда бир жылда отуз күндөн ашык мектептен калган үч жүзгө чамалуу баланы каттаган. Ал эми иштеген мектеп окуучулары бир жылда 80-90 күн мектептен калат экен.

Эл аралык миграциялык уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева көп жылдардан кийин бутуна туруп кайтып келген ата-энелер балдары менен бүлө болуп жашап кете албай, үй-бүлөлөр ыдырап жатат дейт.

Анын айтымында, он сегизге толо электердин өзү сыртка иштеп кетүү тенденциясы пайда болду. Муну Орусияга көптөгөн кыргыздардын кире албай калышына байланыштырат адистер. Балдарын ишке жиберип, алар кайра эле мигранттардын баласын багып же дагы башка ишин кылышат.

“Балдарды интернатка жайгаштырайын десең эки ата-энеси тең бар. Ата-энеси акча жиберип, бирок ал балага сарпталбаган учурлар көп. Казактсан менен Орусиядан ата-энесинин кароосу жок жүргөн балдар тууралуу дээрлик күндө кабар келет. Кээде балдар ата-энесин издеп кетип калган учурлар болот”, - дейт Молдобаева. Ал эми Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү негизги көрүлчү чара бала менен ата-энени бириктирүү аракети дейт. Ал үчун уюмдун атайын долбоору иштеп, кайтып келген бир нече үй-бүлөгө материалдык муктаждыгын камсыздап кетүүгө көмөк көрсөтүштү.

Андан сырткары ата-эне сөз жок бирөөнү мыйзамдуу камкорчу кылып баласын тапшырып кетиш керек. Үй-бүлө кодексинин 76-беренеси ата-энени буга ансыз деле милдеттендирет. Бирок сотко каттап отурууну каалабагандыктан ата-энелер балдарын расмий камкорчуга калтырбайт.

Өкмөт болсо мигранттарды балдарына камкорчу таап, ага таштатуу аракетин көрүп жатканын айтат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды жана үй-бүлөнү коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова айтты.

“2016-жылы мыйзамдуу камкорчуга 925 бала берилди. Анын 95% туугандары. Чоң ата, чоң апаларына калып калса, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Андай ар бир бала менен жеке иш алып барүү планы түзүлөт”.

Карыган чоң ата, чоң энелер расмий камкорчу боло албай калышы ыктымал.

Камкорчудан сырткары Орусия өңдүү кыргызстандыктар көп иштеген мамлекеттерди мигранттарды коргоо боюнча Конвенцияны кабыл алууга чакырыш керек дешет миграция эксперттери. Ал документ эмгек мигранттарын коргоп, аларга жардам бермек.

Андан тышкары Жогорку Кеңештин комитетинде Кодекске камкорчулардын функцияларын жергиликтүү бийликке өткөрүү боюнча долбоор каралууда. Бирок сыртка кеткен менен балдарына акча жибере албаган ата-энелер да кездешет.

Андыктан бул маселенин башы өлкө экономикасын өнүктүрүүгө барып такалат.

Кыргызстанда эки миллион 200 миңден ашык бала бар.

Кыргызстандан эмгек миграциясына чыккандардын 77 пайызы Орусияда, он беш пайызы Казакстанда, төрт пайызы Түркияда. Бул Эл аралык миграция уюмунун эсеби