Просмотр содержимого документа
«Моделдер жана 3Д моделдөө»
Моделдер жана моделдөө
Даярдаган: Маанова Чынара Пирмановна
Модель деген эмне?
Модель – реалдуу объекттин жөнөкөйлөштүрүлгөн окшоштугу.
Модель объекттин моделдөө максатына жетүү үчүн маанилүү болгон айрым гана касиеттерин чагылдырат.
Глобус -бул жердин модели
Манекен эмненин
модели деп түшүнөсүңөр?
Моделдөө - билимдин объекттерин алардын моделдери боюнча изилдөө;
Бул кубулуштарга түшүндүрмө алуу,
Ошондой эле изилдөөчүнү кызыктырган кубулуштарды алдын ала айтуу үчүн реалдуу турмуштагы объекттердин, процесстердин же кубулуштардын моделдерин куруу жана изилдөө.
Эмнени моделдөөгө болот?
Объекттер боюнча :
• имараттар, кемелер;
• атомдун ядросу, кристаллдык торчолор.
Процесстер боюнча:
• экологиялык абалдын өзгөрүшү;
• экономикалык;
• тарыхый.
Кубулуштар боюнча:
• жер титирөө;
• күн тутулуу;
• цунамилер.
Демек, модель - бул жашоодогу кандайдыр бир нерсенин кичирейтилген сүрөттөлүшү.
Модель төмөнкүдөй касиеттерге ээ болушу керек:
• окшоштугу (моделдин реалдуу объектке төп
келүү даражасы ж.б.);
• тактыгы;
• баалуулугу.
Моделдер накталай (материалдык) же маалыматтык (материалдык эмес) болушу мүмкүн.
Накталай моделдер- объекттердин негизги физикалык касиеттери жөнүндөгү маалыматты берет.
Мисалы: глобус, адамдын манекени, самолеттун модели, атомдун модели.
Информатикада маалыматтык моделдерди колдонушат.
Маалыматтык моделдер объекттерди жана процесстерди образдуу же белгилер формасында көрсөтөт.
Маалыматтык моделдөө –
бул чыгармачылык процесс.
Таблицалар бирдей касиеттерге ээ болгон объекттер жөнүндөгү маа-лыматтарды иреттөөгө жардам берет. Таблицалык маалыматтар моделинин мисалы катары сабактардын жүгүртмөсүн айтсак болот.
Азыркы учурда моделдөө технологиясына жана колдонуу чөйрөсүнө ылайык моделдөөнүн төмөнкүдөй негизги түрлөрү бөлүнөт:
- Маалыматтык моделдөө
- Компьютердик моделдөө
- Математикалык моделдөө
- Математикалык жана картографиялык моделдөө
- Молекулярдык моделдөө
- Санарип моделдөө
- Педагогикалык моделдөө
- Психологиялык моделдөө
- Физика симуляциясы
- Экономикалык жана математикалык моделдөө
- Графикалык жана геометриялык моделдөө
- Толук масштабдуу моделдөө ж.б.
Моделдерди түзүүнүн негизги этаптарын бөлүп алалы:
- Биринчи этап– маселени коюу: моделдөөнүн максатын так аныктоо, моделдин түрүн жана формасын элестетүү.
- Экинчи этап – моделдөө, моделди түзүү: объекттин системасынын
- түзүүчүлөрүн жана алардын касиеттерин аныктоо.
- Үчүнчү этап – коюлган максатка моделдин төп келишин текшерүү.
Мындай текшерүүлөр логикалык ой-жүгүртүү, андан тышкары эксперимент, анын ичинде компьютердик эксперимент аркылуу жүрүшү мүмкүн. Эгерде бир нерсе ишке ашпаса – катасын оңдоого болот.
- Төртүнчү этап– моделди колдонуу.
- Бешинчи этап– алынган жыйынтыктарды талдоо.