Морфология жана орфография түшүнүктөрү Морфология – сөздүн курамын, сөз жасоо жолдорун, сөз түркүмдөрүн окутуучу грамматиканын бир бөлүмү.
Орфография – сөздөрдү жана сөз мүчөлөрүн туура жазуу эрежелери. Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн көбү угулганындай жазылса да, кээ бирлери бир түрдүү айтылып, башка түрдүү жазылат. Ал эми өздөштүрүлгөн (башка тилдерден алынган) сөздөрдүн айрымдары эч өзгөргөн эмес болсо, кээ бирлери өзгөрүп кеткен. Дал ушул сыяктуу жазуудагы өзгөчөлөктөрдү билүү үчүн орфографияны, б.а. жазуу эрежелерин билүү керек.
Кыргыз тили Сөз – сөздүн тутуму Сөз түркүмү Маани берүүчү Өзгөчө Кызматчы Зат атооч Тууранды Байламта Сын атооч Сырдык Жандооч Сан атооч Бөлүкчө Ат атооч Модалдык сөз Тактооч Этиш
Сөздүн тутуму Бир сөздүн сөзсүз түрдө уңгусу болот. Ал уңгуга префикс, мүчө же башка уңгуну кошуу менен жаңы сөздөрдү жасоого болот. Уңгу, префикс, мүчөнүн ар бири өзүнчө бир морфема деп аталат. Демек, ар бир сөз жок дегенде бир морфемадан турат.
Уңгу - сөздүн эң негизги, маани берүүчү морфемасы. • китепкана (китеп - уңгусу) Префикс -уңгудан мурун келген, сөз маанисин өзгөртүүчү морфема. • бейынсап (бей - префикс) Мүчө - өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло албаган, уңгудан кийин келген сөз өзгөртүүчү жана сөз жасоочу морфема. • китепкана (-кана - мүчөсү)
Мүчөлөрдүн бөлүнүшү 1) Сөз жасоочу мүчө (СЖМ) бир сөздөн башка маанидеги жаңы бир сөздү жасаганга жардам берет. жумуш+ чы =жумушчу оору+ кана =оорукана Сөз жасоочу мүчөлөрдүн түрлөрү: (кийинки слайдда)
А) атоочтон этиш жасоочу
Б) этиштен атооч жасоочу
-ла (иште)
-а (сана)
-мал (ташымал)
В) атоочтон атооч жасоочу
-ма (кесме)
Г) этиштен этиш жасоочу
-ар (агар)
-чы (жумушчу)
-лык (достук)
-са (сууса)
--гы (сүргү)
-ык (көнүк)
-ым (билим)
-ын (көрүн)
-ык (жолук)
-кер (кызматкер)
-мак (чертмек)
-ай (чоңой)
-луу (тоолуу)
-дыр (алдыр)
-оо (жайлоо)
-лаш (достош)
-ар (чыгар)
-чан (атчан)
-гак (соргок)
-мер (ишмер)
-кар (башкар)
-ыр (бүтүр)
-гыр (алгыр)
-кар (өткөр)
-дай (алтындай)
-лан (намыстан)
-ыш (тийиш)
-чаак (тырышчаак)
-сыра (уйкусура)
-чыл (тууганчыл)
-ы (байы)
-аанак (тебээнек)
-лаш (аталаш)
-гыз (отургуз)
-каз (атказ)
-гыч (ачкыч)
-т (ойнот)
-дак (таштак)
-ак (ыйлаак)
-гыла (кескиле)
-кеч (арабакеч)
-ылда (чырылда)
-мак (көлмөк)
-ыч (сүйүнүч)
-лаган (ондогон)
2) Сөз өзгөртүүчү мүчө (CӨМ) сөздүн маанисин өзгөртпөйт, бир гана формасын, б.а. санын, жөндөмөсүн, жагын, чагын, ж.б . өзгөртөт. • жумуш+ да =жумушта, оору+ нын =оорунун
Көптүк санга тиешелүү эскертүүлөр: 1. Сан категориясы менен саналчу гана заттар менен түшүнүктөр өзгөрөт. • таштар, китептер, жалбырактар, алмалар, жүздөр 2. Энчилүү аттар, даана-даана саналбаган заттар жана абстракттуу түшүнүктөр сан категориясы менен өзгөрбөйт. Адилет, Нурайым, акыл, уйку, сүйүү, бал, каймак, суу БИРОК даана-даана саналбаган заттар менен абстракттуу түшүнүктөрдүн түрлөрү жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда аларга -лар мүчөсүн улап, сан категориясы менен өзгөртсө болот. • сезимдер, каймактар, суулар, мамилелер, кеңештер
3. Жекелик түрдө туруп, көптүк маанини билдирген (жалпылоо маанисиндеги) түшүнүктөр сан категориясы менен өзгөрбөйт. • эл, калк, жамаат, идиш-аяк, курал-жарак, бала-бакыра 4. Эсептик сан атоочтор, сан-өлчөм тактоочтор жана көптүк маанидеги кош сөздер менен бирге колдонулган сөздөрдү санай алсак дагы, аларга –лар мүчөсү уланбайт. • беш топ, көп киши, үйүр-үйүр жылкы
Жак
I (сүйлөөчү жак)
Жекелик сан
II (угуучу жак
Мен (-мын, -мин, -мун, -мүн, -м)
Көптүк сан
III (сүйлөшүүгө катышпаган чак)
Сен (-сың, -сиң, -суң, -сүң, -ң)
Биз (-быз, -биз, -буз, -бүз, -пыз, -пиз, -пуз, -пүз, -к)
Ал
Силер (-сыңар, -сиңер, -суңар, -сүңөр, -ңар)
окуучумун, барамын, барам, тазамын
Алар
окуучубуз, барабыз, тазабыз, бардык
окуучусуң, барасың, бардың
окуучу, барат, барды
окуучусуңар, барасыңар, бардыңар
окуучулар, барышат, барышты
Сиздер (-сыздар, -сиздер, -суздар, -сүздөр, -ңыздар)
Сиз (-сыз, -сиз, -суз, -сүз, -ңыз)
окуучусуздар, барасыздар, бардыңыздар
окуучусуз , барасыз бардыңыз)
Жөндөмө
Атооч
Суроолору (мүчөсү)
Мисалдар
Ким? Эмне?
Илик
китеп, кызыл, беш, өйдө, келүү, Минск
Барыш
Кимдин? Эмненин?
Табыш
китептин, кызылдын, бештин, өйдөнүн, келүүнүн, Минскинин
(-нын)
Кимге? Эмнеге?
китепке, кызылга, бешке, өйдөгө, келүүгө, Минскиге
Жатыш
Кимди? Эмнени?
(-га)
китепти, кызылды, бешти, өйдөнү, келүүнү, Минскини
(-ны)
Кимде? Эмнеде?
Чыгыш
китепте, кызылда, беште, өйдөдө, келүүдө, Минскиде
(-да)
Кимден? Эмнеден?
Китептен, кызылдан, бештен, өйдөдөн, келүүдөн, Минскиден
(-дан)
Жөндөмө категориясына тиешелүү эскертүүлөр : 1. Эпитезалар (ашыкча тыбыш уланган сөздөр) жөндөлгөндө, мүчөдөн мурун бир үндүү тыбыш кошулат. • Якутск - Якутскиге, Омск – Омскиден 2. Айрым учурларда илик жана табыш жөндөмөлөрүнүн мүчөлөрү түшүп калышы ыктымал. • тамакты бышыр - тамак бышыр; үйдү жыйна – үй жыйна (табыш ж.) • Жыргалдын уулу – Жыргал уулу, элдин камы - эл камы (илик ж.) 3. Атооч жана жатыш жөндөмөлөрүндө турган сөздөр жак мүчөлөрүн ала алат . •окуучумун, окуучусуң (атооч ж.); үйдөмүн, үйдөсүң (жатыш ж.)
Жак
Жекелик сан
I
II
Менин (-ым)
Көптүк сан
Сенин (-ың)
III
Биздин (-ыбыз)
Анын (-ы (-сы))
окуучум, китебим, талабым
Силердин (-ыңар)
окуучуң, китебиң, талабың
Алардын (-ы(-сы))
окуучубуз, китебибиз, талабыбыз
окуучусу, китеби, талабы
окуучуңар, китебиңер, талабыңар
Сиздин (-(ы)ңыз)
окуучусу, китеби, талабы
Сиздердин (-ыңыздар)
окуучуңуз, китебиңиз, талабыңыз
окуучуңуздар, китебиңиздер, талабыңыздар
Жалпы таандык мүчө
-ныкы: окуучунуку, китептики, Уландыкы, үйдүкү, меники, апамдыкы, элдики
Таандык категориясына тиешелүү эскертүүлөр: 1. Таандык мүчөлөрүнөн кийин жөндөмө мүчөлөрү келиши мүмкүн. • апама, апамды, апаңдан, атаңда, атасынын, Уландыкына, элдикинен 2. Жакчыл таандык мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык мүчөсү келиши мүмкүн. • байкесиники, байкемдики, байкемдики 3. Таандык байланышта турган сөз айкашынын биринчи сөзү дайыма илик жөндөмөсүндө турат. • сенин китебиң, Уландын китеби, баламдын китеби, эл жомогу 4. Кээде жалпы таандык мүчөсү кыскартылып кетет апамдыкы - апамкы
Негиз - уңгу сөз же уңгу жана СЖМ кошулган сөз. СӨМ негизге кирбейт, префикс кирет. койчуда (кой - уңгусу; -чы - сөз жасоочу мүчө; - сөз өзгөртүүчү мүчө; койчу - негиз)
Сөздүн жасалышы
М Морфологиялык жол
Синтаксистик жол
(уңгу+СЖМ)
(сөз+сөз)
Татаал сөз
темир жол
кол кап
солтон-Сары
кажы-кужу
Жөнөкөй туунду сөз
китепкана
комузчу
сууса
кечмелик
Сөз
Татаал
Жөнөкөй
Кош
(( сөз+сөз)
иш-пиш
Кыскартылган
Кошмок
(сөз+сөз)
ИИМ
иш билги
Туунду
(уңгу+СЖМ)
ишкер
Тубаса
(уңгу )
иш
Жөнөкөй сөз – бир гана сөздөн турган, лексикалык мааниге ээ сөз. мектеп, окуучу, мугалим, үй, балыкчы, азаттык, уктоо, ойноо, шайлоо, кызыл, миң, сен, ошол Жөнөкөй сөздүн түрлөрү: а) тубаса сөз – уңгу сөз, эң баштапкы түшүнүк. ай, күн, түн, калем б) туунду сөз – уңгуга СЖМдин улануусу менен түзүлгөн сөз. айлык, күндөлүк, түнкү, калемгер
Жөнөкөй сөздөрдүн орфографиясы 1) Бардык жөнөкөй сөздөр бирге жана көпчүлүгү кандай угулса, ошондой жазылат. 2) Айрым сөздөр эки түрдүү жазылышы мүмкүн. • айры - айыр; күмөн - күнөм. 3) Айрым мүчөлөр кыскарып да жазылышы мүмкүн. • каалаймын - каалайм; келгенмин-келгемин-келгем; • энемдин - энемин; энемди - энеми; энемден - энемен; • апамдыкы - апамкы; • байыртадан - байыртан. 4) Айрым уңгулар кыскарып да жазылышы мүмкүн. • карыным – кардым; мурунум – мурдум. 5) к, п менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган мүчөлөр уланса, алар г менен б тамгаларына айланып жазылат. • maп+yy=табуу; кагуу; кеби
6) н менен бүткөн сөздөргө к, г, б, м менен башталган мүчө жалганса, н тыбышы ң же м болуп угулса да, н тыбышы өзгөрбөй жазылат. • түнкү, ишенбейм 7) Б, в, г, д, ж тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт. • психологго, Жалал-Абадда, педагогдон 8) Бир сөзгө анын акыркы тыбышына окшош тыбыш менен башталган мүчө уланганда, ал тыбыш кабатталып кетет. • Бишкекке, аттар, каякка, даракка, Жалал-Абадда 9) 3 жана ч менен бүткен сөзгө с, ч менен башталган мүчө жалганса, ал сөз угулганындай жазылбайт. • сөзсүз, тузсуз, азчылык, ачсаң, аччы 10) Префикстер дайыма сөз менен бирге жазылат. • бейынсал, нааразы, контрсокку
Бөтөнчөлүк: экс-президент 11) Йа, йэ, йо, йу болуп айтылышы керек болгон тыбыштардын бардыгы йоттошуп, я, е, ё, ю болуп жазылат. • чиет, коёт, уюм Бөтөнчөлүктөр: майор, йод, йот, Нью-Йорк, район, най, бей+а менен башталган сөздөр (бейадеп) ЭСКЕРТҮҮ : Жөнөкөй сөздөрдү туура жазуу эрежелеринин калганын ар бир сөз түркүмүн өзүнчө өтүп жатканда көрөсүздөр.
Татаал сөз - эки же андан көп сөздөн туруп, өзүнчө бир лексикалык мааниге ээ болгон сөздөрдүн тизмеги. • бака жалбырак, көз айнек, эр жүрөк, үй-бүлө, Ала-Тоо, акыр-чикир,башма-баш, чоң-чоң
Татаал сөздөрдүн түрлөрү: а) Кош сөз - тең байланыштын негизинде айкашкан, б.а. аныктооч-аныкталгыч байланышына негизделбеген, эки сөзү тең бир сөз түркүмүнөн болгон татаал сөз. Кош сөздөр дефис аркылуу жазылат. Кош сөздөр бешке бөлүнөт: 1) Маанилеш кош сөздөр; • сак-саламат, кедей-кембагал, курт-кумурска, күч-кубат 2) Карама-каршы кош сөздөр; • оң-терс, кары-жаш, чоң-кичине 3) Сыңар маанилүү кош сөздөр; • мал-сал, нан-пан, кыз-кыркын, кызыл-тазыл 4) Кайталама кош сөздөр; • чоң-чоң, узун-узун, тез-тез 5) Эки сөзү тең маани бербеген кош сөздөр. • быкы-чыкы, акыр-чикир, ыпыр-сыпыр, уйгу-туйгу
б ) Кошмок сөз - эки же андан ашык сөздөн түзүлүп, бир гана аталыштыбилдирген татаал сөз. Кошмок сөздөр бир гана мааниге ээ жана сүйлөмдө бир гана кызматтын милдетин аткарат. • таш көмүр, бала бакча, көз айнек, темир жол Кошмок сөздөр көбүнесе аныктооч-аныкталгыч байланышында болот. Мисалы,темир жол деген кошмок сөздүн негизги бөлүгүнө кандай жол? деген суроону берсек, темир жол деп жооп бере алабыз. БИРОК кош сөздөргө кандай? деген суроо берип, ага жооп ала албайбыз.
Кошмок сөздөр бөлөк-бөлөк жазылат. Бирок кошмок сөздөрдүн катарына кирсе да, географиялык аттар дефис менен жазылат. • Ысык-Көл, Ат-Башы, Ысык-Ата, Ала-Арча АЛ ЭМИ кызыл гүл, бийик имарат, сулуу кыз, кымбат кийим деген сыяктуу сөз тизмектери - сөз айкаштар, кошмок сөз ЭМЕС. Анткени кошмок сөздөр туруктуу, калыптанып калган, бир мааниге ээ болгон сөздөр.
в) Кыскартылган сөз - биринчи же биринчи бир нече тамгалары гана берилгентатаал сөз. • БУУ, облкеңеш, б.а., юрфак, маммүлк Бириккен сөз - тыбыштык жагынан бузулуп, биригип кеткен татаал сөз. БИРОК бириккен сөздөр жөнөкөй эле сөздөрдүн катарына кошулат. Алар татаал сөздөрдүн катарына тарыхый-этимологиялык планда гана кошулат. • бүгүн (бу күн), быйыл (бул жыл), апкел (алып кел), кулач (кол ач)
Татаал сөздөрдүн орфографиясы 1) Кошмок сөздөрдүн бардыгы бөлөк-бөлөк жазылат. • темир жол, жардам бер, ат тиш Бөтөнчөлүк: географиялык аттар дефис менен жазылат: Ысык-Көл, Кара-Суу 2) Кош сөздөрдүн бардыгы дефис аркылуу жазылат. • өйдө-ылдый, ата-эне, үй-бүлө 3) Кыскартылган киринди жана кызматчы сөздөр чекиттер аркылуу жазылат. • б.а., т.а., ж.б., ж.б.у.с. 4) Баш тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө улаганда,кыскартылган сөздүн айтылышына жараша мүчө өзгөрөт. • Кыргыз Республикасына – КРге, Бириккен Улуттар Уюмун — БУУну
Бириккен сөздөрдүн орфографиясы 1) Бириккен сөздөрдүн бардыгы жөнөкөй сөздөрдүн катарына киргендиктен, бирге жазылат. • бүгүн, быйыл, таене 2) Өз алдынча колдонула албаган сөздөр аркылуу жасалган кошмок сөздөрбириккен сөздөрдүн катарына кирип, бирге жазылат. • кечкурун, карамүртөз Эски орфография Эски орфография боюнча кошмок сөздөр бирге жазылчу. Ал эрежелер 2008-жылдан бери туура эмес болуп эсептелет. • Жалалабад болчу, туурасы - Жалал-Абад; аттиш болчу, азыр - ат тиш.