СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ньютондун 2-3-закону

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ньютондун 2-3-закону»

Сабактын темасы : Ньютондун 2 – 3 - закону


Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:

  • Ньютондун 2-3- закону;

  • Ньютондун 2-3- законун формуласына карата маселе чыгаруу;

Сабактын критерийлери:


  • Ньютондун 2-3- законун билсе;

  • Ньютондун 2-3- законун формуласына карата маселелерди чыгара алса;

  • Өзүн-өзү контролдоо сезимине ээ болуп сын көз карашын өнүктүрүүгө, терең жана кеңири ой жүгүртүүгө тарбияланышса;

  • Сабакка активдүү катышса;



Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:


  • Ньютондун биринчи законунун аныктамасын айтып бергиле.

  • Инерция деп эмнени айтабыз?

  • Нерсенин кандай абалдарын табигый абал дейбиз?

  • Инерциянын колдонулушуна мисадар келтиргиле?


Жаңы тема:


Ньютондун 2 –законунда үч физикалык чоңдуктун: массанын, ылдамдануунун жана күчтүн байланышы каралат.

Нерсеге таасир эткен күч ал нерсенин массасы менен ошол күч берген ылдамдануунун көбөйтүндүсүнө барабар.

Нерсеге таасир эткен күчтү F тамгасы менен белгилеп, Ньютондун экинчи закону үчүн төмөнкүдөй математикалык туютманы алабыз:

F=ma (1)

Мында m- склаярдык чоңду, a- вектирдук чоңдук, күч F да вектордук чоңдук экени формуладан көрүнүп турат. Күчтүн багыты ылдамдануунун багыты менен дал келет. Эгер (1) формуласынан а ны тапсак:

(2)

Демек, аракет эткен күчтүн таасири астында нерсенин алган ылдамдануусу ал күчтүн чоңдугуна түз,ал эми массасына тескери пропорциялаш экендиги көрүнүп турат.

Эгер нерсеге би эмес бир нече күчтөр аракет этсе, ал күчтөрдүн тең аракет этүүсүн – геометриялык суммасын табабыз, анда F=ma формуласындагы F – күчү ошол көп күчтөрдүн геометриялык суммасы, анын өзү тең аракет этүүчү күч болуп эсептелет да Ньютондун экинчи законунун аныктамасы төмөнкүчө айтылат.

Нерсеге аракет эткен бардык күчтөрдүн тең аракет этүүчү нерсенин массасы менен ошол тең аракет этүүчү күч берген ылдамдануунун көбөйтүндүсүнө барабар.

Анда күч түшүнүгүн пайдаланып, Ньютондун 1- законунун аныктамасын төмөнкүчө берсе болот.

Эгерде нерсеге ааракет эткен бардык күчтөрдүн тең аракет этүүчүсү нөлгө барабар болсо, анда салыштырмалуу алга умтулуучу кыймылдагы нерсе өз ылдамдыгын турактуусактай ала турган эсептөө системалары бар болот.

Мындай эсептөө системалары инерциялык эсептөө системасында аткарылат. Ньютондун 2 – закону инерциалдык гана эсептөө системасында аткарылат.

Ньютондун 2- законуна ылайык күчтүн бирдиги үчүн 1Н алынат.

Күчтү өлчөөчү куралдын диномометр деп аталган себеби да ошол дина – метрео – динаны өлчөйм деген сөздөрдөн келип чыккан.

Ньютондун экинчи законунан P=mg түрүндө да жазууга болот.P – салмак.g- нерсенин оордук күчүнүн таасиринде ээ болгон ылдамдануусу. Бул формула нерсе оордук күчүнүн натыйжасында кыймылга келген мезгилде пайдаланылат.


Эки нерсенин өзара аракеттешүү күчтөрү модулдары боюнча барабар, ал эм багыттары боюнча карама-каршы болушат. Же нерселер бир эле түз сызыкты бойлото багытталган модулдары боюнча карама – каршы күчтөр менен бири бирине аракет этишет.

Ньютондун 3 –законуна ылайык, эки нерсенин өзара аракеттешүүсү учурунда ал эки күчтүн жаратылышы бирдей болоорун белгилей кетүү маанилүү. Мисалы, эгер бир нерсе экинчисине серпилгич күчү менен таасир этсе, анда экинчи нерсе да биринчисине оондой эле серпилгич күчү менен аракет этет. Бирок нерселердин өзара аракеттешүүсү учурунда таасир эткен күчтөр ар кандай нерселерге аракет этишет, ошондуктан алар бири- бирин тең салмакташтыра албайт.

Муну дайыма эсте тутуу керек. Бир гана нерсеге аракет эткен күчтөр гана бирин –бири тең салмактай алат.


Бышыктоо: Маселе иштөө


1. Массасы 1 кг болгон нерсе 10 м/с2 турактуу ылдамдануу менен Жерге түшүп келе жатат. Ага таасир эткен күч эмнеге барабар?


Берилди: формула: чыгаруу:

m =1кг F=ma F=1 10 =10H

a=10м/с2

F=? Жообу: F=10H


2. Салмагы 3 кг болгон нерсеге горизонталь багытта 40 Н күч таасир этсе, ал нерсе кандай ылдамданууга ээ болот?


Берилди: формула: чыгаруу :

P=3кг

F=40Н = = 13 м/с2

a=?

Жообу: = 13 м/с2


3. 60 Н күч, телого 0.8 м/с2 ылдамдануу берет. Бул телого 2 м/с2 ылдамданууну кандай күч берет ?





Берилди: формула: чыгаруу :

F=60H F= =24 H

=0.8 м/с2 F=

=2 м/с2 Жообу: F=24 H


F=?


Жыйынтыктоо:


  • Ньютондун экинчи закону кандай айтылат?

  • Күчтү кайсы курал менен ченейбиз?

  • Ньютондун экинчи законунун формуласы кандай жазылат?

  • Күчтүн бирдиги 1Н дун физикалык мааниси кандай?

  • Ньютондун үчүнчү законунун турмушта колдонулушуна мисал келтиргиле.



Үйгө берилүүчү тапшырмалар:


1. Салмагы 1350 кг болгон автомобиль 0.5 м/с2 ылдамданууга ээ болсун үчүн анын тартуу күчү канча болууга тийиш?


2. Массасы 4 кг тело кандайдыр күчтүн аракети асында 2 м/с2 ылдамданууга ээ болот. Ошондой эле күчтүн таасири астында массасы 10 кг тело кандай ылдамданууга ээ болот?


3. Массасы 2 кг жүк диномометрге илинип коюлган. Эгер жүк 2 м/с2 ылдамдануу менен бир калыпта көтөрүлсө, диномометрдин көрсөтүүсү кандай болоор эле?


Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат