Окуучуларга нравалык тарбия берүүдө ата-энелерге көрсөтмө.
** Эгерде сиз балаңыздын татыктуу атуул, адам болуусун кааласаңыз
сиз жана ал жашаган өлкө жөнүндө жакшы сөз айтыңыз.
** Балаңызга бабаларыбыз башынан өткөн сыноолордон татыктуу чыкканы
жөнүндө айтып бериңиз.
** Балаңызды тарыхый жерлер жана эстеликтер менен тааныштырыңыз.
** Балаңызды маданий баалуулуктар ,өлкөнүн каада-салттары менен
тааныштырууга аракет кылыңыз: музейлерге , көргөзмөлөргө,театрларга
үзбөй тез-тез алып барып жүрүңүз.
** Канчалык балаңыз менен маданий жерлерге көбүрөөк барып
жүрсөңүз,балаңызда өспүрүм жана жаштык кезинде элинин маданиятына
кызыгуусу калыптанат.
** Өтүп жаткан ар бир күнүңүзгө кубаныңыз, дайыма жакшы нерселерди көрүңүз,
ошондо гана жашоого болгон кызыгуу балаңызга өтөөрүн унутпаңыз.
** Балаңыз менен баарлашып жатканда анын окуудагы жана психологиялык
көйгөйлөрүн баалабастан , анын жашоосундагы жагымдуу жагдайлар жөнүндө
көбүрөөк сүйлөшүңүз (ага ким жардам берди жана кубаттады, ким менен дос
болгусу келет жана эмне үчүн , кандай кызыктуу окуялар болду).
** Балаңыздын өзүн жакшы жагынан көрсөткүсү келген учурларда колдоңуз,
эч качан ага : “Колуңан келбегенге асылба!”, “Эч качан демилге көтөрбө ,
ал үчүн жазаланасың!”, деген сөздөрдү айтпаңыз.
** Өлкөбүзгө пайда келтирип жана даңазалап жаткан адамдар тууралуу
телеберүүлөрдү балаңыз менен чогуу көрүңүз, алардын ишкердүүлүгүн
баалаңыз , коомго пайдалуу жактарын көрсөтө билиңиз.
** Балаңыз айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер болбос үчүн,анын
эмоционалдык жактан өнүктүрүңүз: кайгырып , ооруп кыйналган
каармандарды “аяңыз”, алар кубанса кошо кубаныңыз, балаңыз
жанындагыларга кайдыгер болуп өспөсүн.
** Нравалык жүрүш-турушуңуз менен балаңызга үлгү болуңуз. Эсиңизде болсун!
Балаңыз өзүн кандай алып жүрсө да, туура эмес иш кылса да,
Ал Балаңыз! ал сиздин колдооңузга муктаж, ал сизди жакшы көрөрүн унутпаңыз.
СҮЙҮҮ чынчылдык ТЫНЧТЫК
ЖАШОО баарлашуу бакыт
ӨМҮР үй-бүлө ат уулдук
БООРУКЕРДИК эмгек руханий байлык
СЕЗИМТАЛДЫК достук
САБЫРДУУЛУК ден соолук
МЕКЕНЧИЛДИК түшүнүү