СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуучулардын билимин баалоо боюнча

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуучулардын билимин баалоо боюнча»

 Мугалимдин окуучуларды окутуу   процессинде жана натыйжасына   баа берүүсү

Мугалимдин окуучуларды окутуу процессинде жана натыйжасына баа берүүсү

Баа – бул белги.  Окуучунун бир күндүк иш аракетин,тесттин, сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн колдонулган түшүнүк. Баалар сандар (1,2,3,4,5), сөздөр (эң жакшы, абдан жакшы, жакшы, канаттандырарлык, жаман) менен белгиленет. Бааны коюу адатта окуучунун билимин баалоо деп аталат.  Баалоо – бул окуучунун окуу жана таанып билүү ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү,ошондой эле билим алууда сапатын жогорулатуу максатында окуучу жөнүндө маалыматтарды баяндоо,жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси.

Баалоо билим берүүнү башкарууда өзгөчө орунду ээлеп, окутуу, тарбиялоо процессти, педагогикалык ишмердүүлүктү өз убагында туура жолго салууга жана оптималдуу өнүгүүгө багыт көрсөтөт.  Баалоодо кайтарым байланыштын болуусу айрым кемчиликтерди болтурбоого жана чукул кырдаалдын алдын алуусуна жардам берет .

 Баалоонун түрлөрү:   *Формативдик баалоо(калыптандыруучу)  * Суммативдик баалоо  * Диагноздоо

Баалоонун түрлөрү: *Формативдик баалоо(калыптандыруучу) * Суммативдик баалоо * Диагноздоо

Мугалимдин баалоо иш –аракеттери Бул бир сабакта колдонуучу процесс Окуучулардын иш-аракетин, жыйынтыктарын, жетишкендиктерин калыптандырууда колдонулуучу иш-аракет. Окуучулардын текшерип баалоо иш-аракеттери (бири-бирин , өзүн-өзү баалоосу)

Мугалимдин баалоо иш –аракеттери

  • Бул бир сабакта колдонуучу процесс
  • Окуучулардын иш-аракетин, жыйынтыктарын, жетишкендиктерин калыптандырууда колдонулуучу иш-аракет.
  • Окуучулардын текшерип баалоо иш-аракеттери (бири-бирин , өзүн-өзү баалоосу)
Окуучулардын окуп – үйрөнүүдөгү деңгээлин байкоо, баалоо    * окуучулардын маалыматтарды бат үйрөнүп, жасаган иштерин, тапшырмаларын, эмгектерин баалап, натыйжада аларды өнүктүрө турган кеңеш берүү менен бирге, бааларды жарыя угузуу, андан ары үйрөнүүгө түрткү болот.  * жасаган иштердин (текшерүү иши, сынак, тапшырма) жыйынтыктары окуучуга үзгүлтүксүз билдирип турушу керек.  * Окуучулардын үйрөнгөндөрүн баалоодо дайыма уланмалуулуктун маанилуулүгүн билиш керек.   Ийгиликсиз окуучунун проблемаларын чечүүдө тайрыйбалуу мугалимдердин кенештерин пайдалануу, психолог менен кызматташы керек.

Баалоонун негизги милдеттери болуп- абалды алдын-ала көрө билүү, кемчиликтерди жоюу, чукул кырдаалды жөнгө салууну (изилдөө, байкоо, ж.б.) аныктоо деп эсептесек, анын методдору болгон анализ, мониторинг милдеттерин ишке ашырууда түздөн -түз колдонууга ээ болот.

 Баалоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:  Мугалим баалоонун максатын көрө билиш керек. Жыйынтыкка жетишүүнүн планы эмес, жыйынтыктын өзү бааланышы керек, сабакта окутулбаган, үйрөтүлбөгөн нерселер бааланбайт Окуучулардын көңүлүн окуп – үйрөнүү максатына жана ийгилик критерийлерине буруу; Мугалимдин иш-аракетин ар бир окуучунун жекече жетилтүү усулдарын жакшыртууга багыттоо; -окуучулардын андан ары окуп-үйрөнүүсү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл маалыматты (эмнелерге көңүл буруп,эмнелерди жакшыртуу,түзөтүү,кайсы жагынан көбүрөөк иштөө керектиги жөнүндөгү маалыматты) берип туруу;

Баалоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:

Мугалим баалоонун максатын көрө билиш керек. Жыйынтыкка жетишүүнүн планы эмес, жыйынтыктын өзү бааланышы керек, сабакта окутулбаган, үйрөтүлбөгөн нерселер бааланбайт

  • Окуучулардын көңүлүн окуп – үйрөнүү максатына жана ийгилик критерийлерине буруу;
  • Мугалимдин иш-аракетин ар бир окуучунун жекече жетилтүү усулдарын жакшыртууга багыттоо;
  • -окуучулардын андан ары окуп-үйрөнүүсү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл маалыматты (эмнелерге көңүл буруп,эмнелерди жакшыртуу,түзөтүү,кайсы жагынан көбүрөөк иштөө керектиги жөнүндөгү маалыматты) берип туруу;
 - окуучулардын өзүн-өзү баалоо көндүмүн калыптандыруу; -окуучу менен туруктуу кайтарым байланыш түзүү; -окуучуну андан ары максаттуу багытта окуп-үйрөнүүгө кызыктыруу
  • - окуучулардын өзүн-өзү баалоо көндүмүн калыптандыруу;
  • -окуучу менен туруктуу кайтарым байланыш түзүү;
  • -окуучуну андан ары максаттуу багытта окуп-үйрөнүүгө кызыктыруу
 Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо принциптери:  Мугалим өз ишмердигинде баалоонун төмөнкүдөй бирдиктүү принципин колдонушу керек: Маанилүүлүк - окутуунун жыйынтыктарын жана окуучунун ишмердүүлүгүн эң маанилүү жыйынтыктарын баалоо.  Адекватуулук (теңдештик) – билимдин, жөндөмдүн, ыкмалардын, максаттардын жана окутуунун жыйынтыктарынын баалуулугун адекваттуу баалоо. Обьективдүүлүгү жана адилеттүүлүгү. Баалоонун конкреттүү критерийлери кылдат иштелип чыгат. Баа бардык жагынан калыс, сырткы таасирге байланышпагандай болушу керек. Интеграциялашкандыгы. Баалоо окутуу процессинин пландалган жана кылдат ойлонулган курамдык бөлүгү катары жүргүзүлөт. Ачык-айкындык . Баалоо критерийлери жана стратегиясы окуучуларга алдын ала билдирилет. Окуучулар баалоо критерийлерин иштеп чыгууга катышат. Системалуулук . Окуучуларды баалоо үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө жүргүзүлүшү керек.

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо принциптери:

Мугалим өз ишмердигинде баалоонун төмөнкүдөй бирдиктүү принципин колдонушу керек:

  • Маанилүүлүк - окутуунун жыйынтыктарын жана окуучунун ишмердүүлүгүн эң маанилүү жыйынтыктарын баалоо.
  • Адекватуулук (теңдештик) – билимдин, жөндөмдүн, ыкмалардын, максаттардын жана окутуунун жыйынтыктарынын баалуулугун адекваттуу баалоо.
  • Обьективдүүлүгү жана адилеттүүлүгү. Баалоонун конкреттүү критерийлери кылдат иштелип чыгат. Баа бардык жагынан калыс, сырткы таасирге байланышпагандай болушу керек.
  • Интеграциялашкандыгы. Баалоо окутуу процессинин пландалган жана кылдат ойлонулган курамдык бөлүгү катары жүргүзүлөт.
  • Ачык-айкындык . Баалоо критерийлери жана стратегиясы окуучуларга алдын ала билдирилет. Окуучулар баалоо критерийлерин иштеп чыгууга катышат.
  • Системалуулук . Окуучуларды баалоо үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө жүргүзүлүшү керек.
 Баалоонун функциялары:  Маалымат берүү – окуучунун өз ишинин сапаты жана өзүнө карата педагогдун мамилеси жөнүндө маалымат алышына мүмкүндүк берет. Багыт берүүчү – Кемчиликтерди жоюу жолдорун аныктоого мүмкүндүк берет. Мисалы: алган билимди жаңы кырдаалда колдонууга, китеп менен иштөөгө үйрөнүү, түгөйжана топто иштөөнү үйрөнүү Стимул берүүчү – баа адилетүү коюлуп, мугалим баланын билимине гана эмес, анын кандайча билим алгандыгына да баа коюлганда ишке ашат. Бирок «4» жана «5» жеңилдетилген тапшырмалар жана суроолору үчүн эле коюла берсе, анда жакшы баа окуучуларга стимул бербей калат. Көзөмөлдөөчү – аткарылган иштин көлөмүн жана сапатынын деңгээлин текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Баалоонун функциялары:

Маалымат берүү – окуучунун өз ишинин сапаты жана өзүнө карата педагогдун мамилеси жөнүндө маалымат алышына мүмкүндүк берет.

  • Багыт берүүчү – Кемчиликтерди жоюу жолдорун аныктоого мүмкүндүк берет. Мисалы: алган билимди жаңы кырдаалда колдонууга, китеп менен иштөөгө үйрөнүү, түгөйжана топто иштөөнү үйрөнүү
  • Стимул берүүчү – баа адилетүү коюлуп, мугалим баланын билимине гана эмес, анын кандайча билим алгандыгына да баа коюлганда ишке ашат. Бирок «4» жана «5» жеңилдетилген тапшырмалар жана суроолору үчүн эле коюла берсе, анда жакшы баа окуучуларга стимул бербей калат.
  • Көзөмөлдөөчү – аткарылган иштин көлөмүн жана сапатынын деңгээлин текшерүүгө мүмкүндүк берет.
 Баалоонун эрежелери :  * Жакшы баалоодон жана баа коюудан сараңданба. (Бирок бул бааны көтөрмөлөп койгула дегендикке жатпайт)  * Ар дайым окуучунун ийгиликтерин баса көрсөтүп жана аны мактоодон тажаба.  * Эки коёрдон мурда, анын себептерин тактагыла жана аны жойгонго аракет жасатканга көнүктүргүлө.  * Окуучуну эмес, анын ишин сындагыла.  * Окуучуга оңолгонго мүмкүнчүлүк бергиле.  * Окуучуга «Сен, дагы туура эмес жасадыңбы» деп айтуунун өзү колунан эч нерсе келбеген окуучуларды өстүрүп чыгарууга шарт түзөт.  * Окуучунун жакшы окуп кетишин пландаштыргыла жана уюштургула.

Баалоонун эрежелери :

* Жакшы баалоодон жана баа коюудан сараңданба. (Бирок бул бааны көтөрмөлөп койгула дегендикке жатпайт)

* Ар дайым окуучунун ийгиликтерин баса көрсөтүп жана аны мактоодон тажаба.

* Эки коёрдон мурда, анын себептерин тактагыла жана аны жойгонго аракет жасатканга көнүктүргүлө.

* Окуучуну эмес, анын ишин сындагыла.

* Окуучуга оңолгонго мүмкүнчүлүк бергиле.

* Окуучуга «Сен, дагы туура эмес жасадыңбы» деп айтуунун өзү колунан эч нерсе келбеген окуучуларды өстүрүп чыгарууга шарт түзөт.

* Окуучунун жакшы окуп кетишин пландаштыргыла жана уюштургула.

 Баалоонун формалары ар түрдүү. Мугалим буларды шарт, жагдайга жана тапшырмалардын өзгөчөлүгүнө жараша тандай алат.  Алар төмөнкүчө: Анкета алуу Сурамжылоо Эссе Ишмердик картасы Баалоо баракчасы Тест алуу

Баалоонун формалары ар түрдүү. Мугалим буларды шарт, жагдайга жана тапшырмалардын өзгөчөлүгүнө жараша тандай алат.

Алар төмөнкүчө:

  • Анкета алуу
  • Сурамжылоо
  • Эссе
  • Ишмердик картасы
  • Баалоо баракчасы
  • Тест алуу