СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Олимпиадага даярдоо (Тест)

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Олимпиадага даярдоо (Тест)»

1-суроо

Төмөнкү прцесстердин кайсынысы механикалык кыймыл болуп эсептелет?

А)Нерсени ысытуу

Б)Нерсени муздатуу.

В)Конденсатордун разрядалышы.

Г)Жерге салыштырмалуу нерсенин тынчтыкта болушу.

2-суроо

Төмөнкү каралып жаткан нерселердин кайсынысы материалдык чекит болот?

А)Күндүн айланасында орбита боюнча айланып жаткан Жер.

Б)Өз огунун айланасында айланган Жер

В)Өз огунун айланасында айланган молекула.

Г)Ядронун бөлүнүшү учурундагы атом.

3-суроо Кумурска жөргөлөп 12см өткөндөн кийин дубалга жетти,анан дубалдын бети менен тик 9см аралыкты өттү.Кумурсканын которулушун тап.

А)15см

Б)12см

В)10см

Г)9см

4-суроо Суу куюлган идиште муздун сыныгы сүзүп жүрөт.Муз эрип кеткен соң суунун деңгээли...

А)Өзгөрбөйт

Б)Көтөрүлөт

В)Төмөндөйт

Г)Башында көтөрүлөт ,анан төмөндөйт.

5-суроо Кеменин 5м тереңдиктеги сууга чөгөрүлгөн бөлүгүндөаянты 80см2 тешик пайда болду.Тешиктин ичинен жаап турган капкакка суу кандай күч менен басат? Суунун тыгыздыгы 1000кг\м3

А)100Н

Б)200Н

В)300Н

Г)400Н

6-суроо.Чайнек качан нурду көбүрөк нурдантат:комнаттык температурадагы суу болгондобу же кайнак суу болгондобу?

А)Температурасы жогору болгон нерсе көбүрөөк нурдангандыктан ичинде кайнак суу болгон чайнек

Б)чайнекте комнаттык температурадагы суу болгондо

В)Нурдантуу суунун массасынан көз каранды

Г)Нурдануу чайнектин өлчөмүнөн көз каранды.

7-суроо Эгерде массасы 0,02 кг болгон гелийдин температурасын 1000С көтөрүүгө 10600Дж жылуулук саны сарп кылынса ,анда гелийдин салыштырма жылуулук сыйымдуулугун аныктагыла.

А)530Дж\кг.К

Б)5,3Дж\кг.К

В)53Дж\кг.К

Г)5300Дж\кг.К

8-суроо Саатын секундалык (стрелкасынын) жебесинин мезгили эмнеге барабар?

А)1с

Б)60с

В)10с

Г)20с

9-суроо Карусель станогунун платформасынын айлануу мезгили 4с .Айлануу огунан 2м аралыктагы платформанын четки чекиттеринин ылдамдыгын тапкыла.

А)31,4м\с

Б)3,14м\с

В)3,54м\с

Г)0,314м/с

10-суроо Лифт төмөн көздөй 3м\с2 ылдамдануу менен түшөт.Лифтеги адамдын массасы 80кг,ал лифтин полун кандай күч менен басат?

А)560Н

Б)500Н

В)420Н

Г)400)

11-суроо Узундугун 4эсе кичирейтип ,ал эми амплитудасын 2эсе көбөйткөн кезде термелип жаткан маятниктин толук механикалык энергиясы канча эсе өзгөрөт?

А)4эсе көбөйөт

Б)2 эсе көбөйөт

В) 16 эсе көбөйөт.

Г) 2 эсе азаят

12-суроо Катуулук коэффициенти 500Н\м болгон пружинага илинген жүктүн термелүү амплитудасы 4см.Пружинанын толук механикалык энергиясын тапкыла.

А) 0,4Дж

Б)0,2Дж

В)2Дж

Г)0,44Дж

13-суроо 20 моль азоттун массасы канча?Азоттун молярдык массасы 0,028кг\моль.

А)0,28

Б)0,56

В)2,8

Г)5,6

14 –суроо Эгерде атмосфералык басым жогоруласа ,ачык идиштин ичинде суунун кайноо температурасы кандай өзгөрөт?

А)Жогорулайт

Б)төмөндөйт

В)өзгөрүүсүз калат

Г) жогорулайт же төмөндөйт

15-суроо 400Па басым астында газ изобаралык кеңейип 1400Дж жумуш аткарды .Газдын акыркы көлөмү 4м3болсо ,баштапкы көлөмү канча болгон?

А)0,5м3

Б)1м3

В) 1,5 м3

Г) 2м3

16-суроо Кайсы прибор салыштырмалуу нымдуулукту аныктоого мүмкүндүк берет?

А) барометр

Б) манометр

В)термометр

Г)психрометр

17-суроо Заряддары 3мКл жана 1мКл болгон эки бирдей шарчаларды бири бирине тийгизишип андан кийин 10см аралыкка алыстатып коюшту .Шарчалар бири бирине кандай күч менен аракет этишет?

А)0,8 Н

Б)3,6Н

В)1,4 Н

Г) 3Н

18-суроо Механикалык энергияны электр энергиясына айландыруучу курал ?

А) трансформатор

Б)мультиплексор

В) генератор

Г)эч бири туура эмес.

19.Толкундун фазалык ылдамдыгы 1200м/с,термелүү жыштыгы 300Гц .Бул толкундун узундугун тапкыла.

А)4м

Б) 900м

В)1500м

Г)025м

20-суроо Цельский шкаласындагы -530,абсолюттук температуранын кайсы маанисине туура келет.

А) -530

Б)120 К

В) 220 К

Г)326 К

21-суроо Газдагы заттын саны 50 моль температурасы Т=400К, басымы 10МПа болсо ,анын көлөмү эмнеге барабар?

А)16,62 .10 -33)

Б)45.1033)

В) 27л

Г) 0,17 л

22-суроо Эгерде лампочка күйүп кетсе вольтметрдин көрсөтүүсү өзгөрөбү?

А)Чынжыр ачык,волтьметрдин көрсөтүүсү 0

Б) мурдагыдан аз чыңалууну көрсөтөт

В)мурдагыдан чоң чыңалууну көрсөтөт.

Г)вольтметр ток күчүн көрсөтөт.

23-суроо Электр чынжыры ички каршылыгы 2 Ом болгонт ток булагынан жана каршылыгы 12 Ом болгон керектөөчүдөн түзүлгөн.Ток булагынын ЭКК канчага барабар? Чынжырдагы ток күчү 6А.

А) 72 В

Б)12В

В)84 В

Г)60В

24-суроо Каршылыгы 20 Ом болгонт өткөргүчтө 30с ичинде 2400Дж жылуулук бөлунүп чыкса,өткөргүчтөгү ток күчү кандай?

А) 1А

Б)2 А

В) 3 А

Г) 4А

25-суроо Металлдардагы электр тогу бул......иреттелген кыймылы.

А) протондордун

Б)нейтрондордун

В) электрондордун

Г)позитрондордун

26-суроо Магнит индукциясынын ,магнит агымынын жана индукциянын электр кыймылдаткыч күчүнүн СИ системасындагы бирдигин тапкыла?

А)В,Вб,Тл

Б)Вб,В,Тл

В)Тл,В,Вб

Г)Тл,Вб,В

27-суроо Идийдин атомунун Менделеевдин таблицасындагы номери 49,массалык саны 115 болсо ,анын атомунда канча электрон бар?

А) 46

Б) 49

В)115

Г) 164

28-суроо Нерсе кандайдыр бир бийиктиктен кое бергенде ,ал Жерге келип 10м/с ылдамдык менен урунду .Нерсе кандай бийиктиктен ташталган?

А) 25 м

Б) 5м

В) 75м

Г 100м

29-суроо 5м/с2 ылдамдануу менен тик өйдө көтөрүлүп бара жаткан лифтин полунда, массасы 4кг болгон нерсе жатат.Нерсенин салмагы эмнеге барабар?

А) 20Н

Б)50Н

В)60Н

Г) 70Н

30-суроо Массасы 500гкг болгон жүктү кран 5м бийиктикке бир калыпта көтөрдү.Кран кандай жумуш аткарды.

А)25 Дж

Б)250 Дж

В)2500 Дж

Г)25000Дж

31-суроо 500г коргошунду 300 С ден 500С ге чейин ысытуу үчүн кандай жылуулук саны талап кылынат? Коргошундын салыштырма жылуулук сыйымдуулугу 130 Дж/кг0С.

А)500 Дж

Б)800Дж

В)1300Дж

Г) 1500Дж

32-суроо Суу куюлган идиште муздун сыныгы сүзүп жүрөт.Муз эрип кеткен соң суунун деңгээли ...

А)өзгөрбөйт

Б)көтөрүлөт

В)төмөндөйт

Г)башында көтөрүлөт , анан төмөндөйт.

33-суроо Үсөн курбулары менен конок үйүндөгү чоң сервантты бир жак бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө 6м жылдырды .Алар жалпы жонунан 240 Дж жумуш аткарышкан болушса ,анда серванттын массасы канчага барабар.

А)5,3 кг

Б)4 кг

В)9 кг

Г 12 кг

34-суроо Нерсенин радиусу 1м болгон айлананы толук айланып чыкты.Нерсенин басып өткон жолу эмнеге барабар?

А)0,5м

Б) 2м

В) 0 м

Г)6,28 м

35-суроо Линзанын оптикалык күчү эмне менен ченелет?

А) метр

Б)Ампер

В)дноптрия

Г)радиан

36-суроо Нерсени кандайдыр бир бийиктиктен кое бергенде ал 11с убакыт ичинде Жерге түштү.Нерсе кандай бийиктиктен түшкөн?

А) 100м

Б) 605м

В) 300м

Г)175 м

37-суроо Туура кесилишинин аянты 2мм2 ка барабар болгон жез өткөргүчүнүн узундугун 1м ге чоңойтсок ,анда бул өткөргүчтүн каршылыгы канчага өзгөрөт?

А)51.10-4

Б)65.10-4

В)78.10-4

Г)85.10-4

38-суроо Изотоптор деген эмне?

А)Массасы бирдей атомдор

Б)Заряддык саны бирдей ,ал эми массалары бирдей эмес атомдор

В)Жашоо убакыты бирдей болгон атомдор

Г)Бирдей агрегаттык абалдагы ар түрдүү заттардын атомдору.

39-суроо Массасы 60кг бала лыжачан турат.Ар бир лыжанын узундугу 1,5м ,туурасы 10см .Баланын карга жасаган басымы кандай? Жообун кПа менен бергиле.

А)1кПа

Б) 2кПа

В) 6 кПа

Г 40 кПа

40-суроо 3м/с ылдамдык менен кыймылдаган ,массасы 2кг болгон нерсенин кинетикалык энергиясы эмнеге барабар?

А) 3Дж

Б) 6Дж

В)9 Дж

Г) 18 Дж

































Ачкычы

1 г

3 А

4 А

5 Г

6 А

7 Г

8 Б

9 Б

10А

11 В

12 А

13Б

14 А

15 А

16Г

17 Б

18 В

19 А

20 В

21 А

22 В

23В

24 Б

25 В

26Г

27 Б

28 Б

29 В

30 Г

31 В

32 А

33 Б

34 Б

35 В

36 Б

37 Г

38 Б

39 Б

40 В












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!