СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өз билимин өркүндөттүү

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Өз билимин өркүндөттүү»

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги







Өзбилимин

өркүндөтүү















Педагогикалык технологиялардын түрлөрү:

Азыркы мегилде орто билим берүү системасына ылайыкташтырылган көптөгөн педагогикалык технологиялар даярдалып билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүдө. Алардын негизги түрлөррү төмөндөгүлөр:

  • Коллективдик окуу технологиясы;

  • Активдүү окуу технологиясы;

  • Модулдук технология;

  • Проблемалуу окуу технологиясы;

  • Оюн технологиясы жана башка технология.

Коллективдик окуу технологиясынын багыты салттуу окутуудагы айрым кемчиликтерди жана жетишпегендиктерди жоюуга багытталган, башкача айтканда салттуу окутуудагы төмөнкү туура келбестиктерди чечүүгө арналат:

Тышкы стимул менен окуу мотивинин туура келбестиги. Себеби: салттуу окутууда мугалимдер окуу материалын берүүдө стимулду түзүүгө аракет жасашканы менен ал окуунун оң мотивине айланбайт. Ал эми коллективдик окуу технологиясында өзүнө жана калган окуучуларга ишеним пайда болуп, окуучулардын окуу мотиви жогорулайт.

Пассивдүү жөнөкөй кабыл алуунун активдүү өзгөртүп түзүү ишмердүүлүгүнө айланбашы. Салттуу окууда көпчүлүк окуучулар окуу материалын жөн гана кабыл алып, аны кайра айтып берүү менен гана чектелет. Ал эми коллективдик окуу технологиясында ар бир окуучу өзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасында окуу материалын түшүнүү менен кабыл алат.






Педагогикалык технологиянын аспектилери

төмөнкүлөр;

  • Илимий аспектиси – педагогикалык технология педагогикалык процесстин максатын, маңызын, методдорун, формаларын жана жүрүшүн изилдөөчү жана иштеп чыгуу боюнча педагогика илиминин өзгөчө бир бутагы, бөлүмү;

  • Процессуалдык – аныктоо аспектиси – педагогикалык процессинин баштан аягына чейин аныкталышы жана жазылышы, башкача айтканда процесстин эффективдүү өтүшү үчүн максаттын, мазмундун, методдун, форманын, каражаттын алдын-ала белгилениши;

  • Ишмердүүлүк аспектиси – педагогикалык процесстин жүрүшү үчүн инсандык, инструменталдык жана методологиялык каражаттардын бири-бири менен айкалышы, башкача айтканда педагогикалык процесстин түздөн-түз орун алышы.

Педагогикалык технологиянын колдонулушу бири-бири менен тыгыз байланышкан деңгээл менен мүнөздөлөт:

Жалпы педагогикалык, дидактикалык деңгээл. Жалпы педагогикалык (окутуу жана тарбиялоо процесстеринин) технология республикалык окуу мекемелеринин бирдиктүү мүноздөмөсү болуп саналат. Анткени жалпы педагогикалык технология билим берүү системасынын максатын, мазмунун, методдорун, формаларын, каражаттарын жана ошондой эле процесстин обьектилери менен субьектилеринин байланышын аныктайт.

Жеке предметтик деңгээл. Предметтик педагогикалык технология аныкталган предметтер, класстар жана окуу жайлар боюнча кабыл алынган методдордун, формалардын жана каражаттардын жыйындысы катары кабыл алынат.



  • Өзгөчөлөнгөн бөлүктүү деңгээл. Өзгөчөлөнгөн педагогикалык технология кандайдыр бир так аныкталган окуу жана тарбиялоо маселелерин жогорку денгээлде жүргүзүүнүн бардык этаптарын камтыйт. Мисалы, түшүнүктөрдү өздөштүрүү технологиясы, окуу.


  • Материалдардын кайталоо технологиясы, өз алдынча окуу ишмердүүлүгүн технологиясын жана башка ушул сыяктуу технологиялар.


Ал эми педагогикалык технологиянын курамдык

бөлүктөрү дагы үч багытта каралат.


  • Концептуалдык негизги бөлүгү педагогикалык технологиянын жалпы мүнөздөмөлөрдүн жана принциптердин өзүнө камтыйт.


  • Педагогикалык технологиянын маңыздык бөлүктөрүнө окууну жалпы жана конкреттүү максаттары менен бирге окуу материалынын мазмуну кирет.


  • Педагогикалык технологиянын процессуалдык иштиктүү бөлүгүнө окуу процессин уюштуруунун түрлөрү, педагогдун жана окуучулардын ишмердүүлүктөрүнүн методдору жана формалары, окуу процессин башкарылышы жана ошондой эле бааланышы кирет.


Ар бир педагогикалык технология сөзсүз түрдө методологиялык талаптарга, тактап айтканда концептуалдык, системалуулук, башкаруучулук, эффективдүүлүк жана кайталануучулук критерийлерине туура келиши зарыл.


Педагогикалык технология философия, психология, педагогика, дидактика жана ошондой

Башка илимдерге негизделген жана өзгөчөлөнгөн концепсиянын негизинде жаралат. Педагогикалык технология өзүнө тиешелүү болгон изилдөөнүн обьектисине, предметине, принциптерине жана методдорго ээ болуп, илимдин концептуалдуулук критерийине туура келет.


Педагогикалык технология жогорку деңгээлдеги система катары кабыл алынат. Анткени ал окутуу процессинин аныкталган логикасын, курамдык бөлүктөрүн жана алардын бири-бири менен байланышын мүнөздөп системалуулуктун талабына жооп берет. Педагогикалык технология жогорку деңгээлдеги башкарылуучулук талапка жооп берет. Себеби, педагогикалык технология окуу процессин бардык этаптарында тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду өз убагында киргизип, алдын-ала аныкталган жыйынтыкка мүмкүнчүлүк түзөт.

Педагогикалык технология мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнүн гаранты болуу менен бирге окутуу процессин эффективдүү жүрүшүн оптималдуу каражаттардын жардамы менен камсыз кылат. Педагогикалык технология сөзсүз түрдө кайталануучулук критерийине жооп берет. Себеби, анын жыйынтыгы бирдей мүнөздөгү окуу жайларда дайыма кайталанат, башкача айтканда процесстин субьектилерине көз карандысыз мүнөзгө ээ болот.







Коллективдик окуу технологиясы төмөнкү принциптердин негизинде орун алат:

  • Улам өзгөрүп туруучу окуучулардын жуптары, топтору;

  • Өр ара окутуу;

  • Өз ара текшерүү;

  • Өз ара башкаруу;

Коллективдик окуу технологиясы окуу материалын педагогдун жардамы менен эмес, атайын түзүлгөн чакан коллективдин изденүүчүлүк жана жалпы талкуу менен өздөштүрүү болуп саналат. Коллективдик окуу технологиясы окуу процессинин уюштурулушуна жараша жуптук , группалык жана класстык топтор түрлөрүнө бөлүнөт. Коллективдик окуу технологиясынын салттуу окутуудан эң негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:

  • Чыныгы баарлашуунун орпун алышы;

  • Угууга жана түшүнүүгө аракет жасоо;

  • Түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө аракеттенүү;

  • Биримдикте ишмердүүлүктү жүргүзүү;

  • Өзүн жана башкаларды сыйлоо;

  • Өздүк ишенимдин пайда болушу;

Коллективдик окуу технологиясы сөзсүз үрдө алдын- ала даярдалып, аныкталган ирээтте жүрүшү зарыл. Коллективдик окуу технологиясынын уюштурулушу төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: эрежелерди иштеп чыгуу жана аны бекитүү; ар бир катышуучуга аныкталган ролдорду бөлүү; тапшырмаларды берүү жана аткаруу убактысын аныктоо; жыйынтыкты талкулоо жана жалпы чечимдерге келүү;






  • Окуу процесси учурундагы окуучулардын психологиялык “коркунучтуу”, “жагымсыз” абалынын “жагымдуу” абалга айланбашы. Белгилүү болгондой окуу процесси окуу үчүн дагы, педагог үчүн дагы “жагымдуу” болушу зарыл. Тилекке каршы, салттуу окутууда окуучулардын көпчүлүгү суроого жооп берүүдөн тартынып “жагымсыз” абалда болушат. Ал эми коллективдик технология мүмкүн болушунча ар бир окуучунун өздүк калоосу менен окуу процессине активдүү катышууга шарт түзөт.

  • Тарбиялоо менен окутуунун шайкеш келбеши. Салттуу окутуу процессинде тарбиялоо негизинен алганда тигил же бул аракети башкарууга ган багытталат. Ал эми коллективдик технологияда ар бир окуучу өзүн эркин сезип, болгон мүмкүнчүлүгүн толук ачууга аракет жасайт. Демек , коллективдик окуу технологиясында окуучу окуу процессине активдүү катышуу менен, өзүнө зарыл болгон касиеттерди, сапаттарды калыптай.
















Окутуунун активдүү технологиясы. Окуу процессиндеги окуучунун активдүүлүгү педагогика илиминдеги эң негизги маселелердин бири. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүндөгү активдүүлүк окуу материалы ойлонуу, туюу менен кабыл алып, өзүнүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшап ойлонуу жана практикада колдонуу ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлине жетүү болуп саналат. Окуу процессинин жүрүшүнө ылайык окуу ишмердүүлүгүндөгү активдүүлүктү үч деңгээлге бөлүшөт.


  • Окуу материалын калыбына келтирүүдөгү активдүүлүк – окуучунун окуу материалын түшүнүү менен калыбына келтирип, үлгүлүү жардамы менен практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу;

  • Окуу материалын түшүндүрүп, чечмелеп берүүдөгү активдүүлүк - окуучунун түшүнгөн окуу материалын мааниси , анын эң негизги байланыштарын аныктап, аларды белгисиз, жаңы абалдарга колдонуу;

  • Чыгармачылык деңгээлдеги активдүүлүк – окуучунун окуу материалынын теориялык маанисин кеңири түшүнүүсү , пайда болгон жаңы маселелерди өз алдынча чечүүгө аракеттенүүсу, окуу - таануу ишмердүүлүгүн эң жогорку деңгээлде жүргүзүүгө аракет жасоосу.

Окутуунун активдүү технологиясынын салттуу окутуудан эң; негизиги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр;

  • Мажбурлоо менен ойлонуу активдештирүү, башкача айтканда окуучу өзүнүн каалоосуна жараша активдүү окуу - таануу ишмердүүлүгүн жүргүзөт;

  • Үзгүлтүксүз ишмердүүлүктү жүргүзүү, окуучу процессинин аныкталган этабында гана эмес, тескерисинче башынан аягына чейин тынымсыз катышат;

  • Өз алдынча чыгармачылык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу;

Азыркы мезгилде билим берүү системасында окутуунун активдүү технологиясы абдан кеңири колдонууда. Алардын негизиги түрлөрү төмөнкүлөр: абалдын анализи (case stadi), дискуссия, иштиктүү оюн, “тегерек стол”, “акыл эс чабуулу” ж.б. ушул сыяктуулар. Абалдын анализи кеңири таралган окутуунун активдүү технологиясынын бири болуп саналат. Окуу материалы кандайдыр бир аныкталган абалды ар тараптан анализдин негизинде берилет. Аныкталган абалдын анализинде окуу процесси эки багытта жүрөт.

Биринчисинде, аныкталган абал окуучуларга алдын-ала жеткизилет, ар бир окуучу абалдын анализи боюнча такталган тапшырма алат жана аны өз алдынча чечкенге аракет жасайт. Бул учурда окуу процесси ар бир окуучу активдүү катышкан талкуу катары жүрөт.

Экинчисинде, аныкталган абалдын чечилиши түздөн-түз окуу процессинде орун алат. Бул учурда абалдын анализи боюнча ар бир окуучунун көз карашы талкууланат. Негизинен алганда, абалдын анализи окуу материалын аналитикалык талкуунун негизинде белгилүү болгон маалыматтарды пайдалануу, өз алдынча чечимдерди кабыл алуу жана жалпы бир ой толгоого келүүнү пайда кылат. Дискуссия бул – бир талаш маселени ачык-айкын талкуунун негизинде талаш-тартыш менен ар тарптан талкулоо, изилдөө болуп саналат. Дискуссия алдына койгон максаты боюнча жана жүрүшү боюнча талдоо, баа берүү, эрежелерди иштеп чыгуу жана башка түрлөргө бөлүнөт. Дискуссияны даярдоо жана жүргүзүү төмөнкү ишмердүүлүктү өзүнө камтыйт; окуучуларга маселени убагында жеткизүү жана алдын-ала даярдык жүргүзүү; талкуудагы терминдердин, түшүнүктөрдүн, аныктамалардын биринде болуп, алардын туура сакталышын камсыз кылуу катышуулардын бири-бирин сыйлоосун, мамилелердин туура болушуна алып келүү.


Модулдук окуу технологиясынын жүрүшүндөгү төмөнкү эрежелер жана талаптар сакталышы керек:

  • Окуу мазмунун модулдарга бөлүүдө ар бир түзүлүш аныкталган дидактикалык максаттарга туура келиши;

  • Ар бир модул сөзсүз түрдө өзүнчө мааниге ээ болуп, башка модулдар менен биригип жалпы окуу мазмунун түзүшү;

  • Ар бир модул өзүнө шайкеш келүүчү метод жана форма өтүшү;

Модулдук окуу технологиясында окуу предметинин мазмуну так жана аныкталган түзүлүшкө ээ болот жана ар бир модул маанисине жана мазмунуна ылайык ар түрдүү методдорду жана формалардын шайкеш келиши менен мүнөздөлөт. Окуучу ар бир модулду өз алдынча өздөштүрүп, окуу предметин жогорку деңгээлде кабыл алууга жетет.

Проблемалуу окуу технологиясы. Негизинен алганда проблемалуу окуу технологиясы дайыма актуалдуу болуп ар тараптан изилденип келген. Проблемалык окуу технологиясында “проблемалык жагдай” түзүлүп, окуу мазмунун өздөштүрүү аныкталган. “Проблеманы” чечүү менен орун алат. Проблемалык жагдай – бул зарыл болгон окуу мазмунун өздөштүрүүдөгү пайда болгон кыйынчылык, татаалдык жана ошондой эле ал кыйынчылыкты сөзсүз түрдө жеңиш керек экендигин түшүнүү болуп саналат. Ал эми проблема катары өздөштүргөн билим билгичтик жана көндүмдөрдүн негизинде чечилүүгө тийиш болгон проблемалык жагдай кабыл алынат. Демек, проблемалык окуу технологиясы билим сапатын жогорулатуу үчүн окуу процессин окуучулардын өз алдынча ишмердүүлүктү жүргүзүүчү окуу методдорун айкалыштырып өтүү болуп саналат.



Андан кийин эксперттер “акыл эс чабуулунун” натыйжасында пайда болгон пикирлерди сунуштарды талкулоо менен корутунду чыгарышат. Эксперттерден кийин мугалим “акыл эс чабуулуна” катышкандарга ыраазычылык билдирип, эң кызыктуу ойлорго токтолуп жалпы жыйынтык чыгарат.


Модулдук технология. Модул катары өзүнчө мааниге ээ болгон системанын аныкталган бир бөлүгү кабыл алынат. Модулдук окуу технологиясы окуучунун толук өз алдынча же болбосо мугалимдин жардамы менен өз алдынча окуу материалдары өздөштүрө алгандай окуу максатынын, окуу мазмунунун маалыматтардын жана окуу методикалык көрсөтмөлөрдүн алдын-ала берилиши болуп саналат. Педагогдун функциясы маалыматты беруу жана анын өздөштүрүлүшүн аныктоо менен чектелет. Окуу модулу бул окуу предметинин аныкталган окуу-таануу ишмердуулугун талап кылган ар тараптан негизделген функционалдуу түйүнү.

Модулдук окуу технологиясын уюштуруу төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт: маалыматтык материалдын максатка багытталышы; комплекстүүлүгү; интеграцияланган жана жекече дидактикалык максаттардын айкалышы; модулдук окуу материалынын толуктугу өз алдынчалуулугу; модулдук элементтердин бирдей мааниге ээ болушу жана салыштырмалуулугу; маалыматтык жана методикалык материалынын оптималдуу берилиши.








Проблемалык окуу технологиясынын негизги ыкмалары төмөнкүлөр:

  • Проблемалык баяндоо;

  • Айрым изденүү;

  • Изилдөө;

Проблемалык баяндоо технологиясында окуу мазмунун проблемалык жагдайда, проблема катары тарабынан окуучуларга сунушталат. Окуу процессинин жүрүшүндө мугалим да проблемалык жагдайды ар тараптан анализдейт жана проблеманы чечүү үчүн багыттарды аныктайт. Андан кийин проблеманын чечилишин алдын-ала негиздейт, башкача айтканда проблеманын илимий гипотезасын иштеп чыгат. Окуу процессинин аягында проблеманын чечилишин туура же туура эмес экендигин далилдейт. Демек, проблемалык баяндоодо окуу процессии мугалим тарабынан уюштурулат, ал эми окуучулар болсо проблемалык жагдайды түзүү, проблеманы негиздөө, аны чечүүгө аракет жасоо, чечилишин алдын-ала аныктоо жана проблеманын чечилишинин туура экендигин далилдөө ишмердүүлүгү менен таанышышат. Айрым изденүү технологиясында окуу мазмунуна ылайык проблемалык жагдайды түзүү мугалим менен окуучулардын бирдиктүү ишмердүүлүгүнө негизделет.. андан кийин окуучулар проблеманы негиздөөгө, аны чечүүнүн жолун (гипотезасын) аныктоого жана ошондой эле проблеманын чечилишинин туура, же туура эмес экендигин далилдөөгө аракет жасашат. Окуу процессинин жүрүшүндө мугалим маалыматты жыйноого багыт көрсөтүүчү, гипотезаны негиздөөдө кеңеш берүүчү, ал эми жыйынтыкты талкулоодо эксперт катары катышат. Изилдөө технологиясында окуу мазмунуна жараша проблемалык жагдайды түзүү, анын чечилишин негиздөө жана жыйынтык чыгаруу баштан аяк окуучулар тарабынан жүргүзүлөт. Окуу процессинин жүрүшүндө мугалим тышкы көз карандысыз байкоочу катары гана катышат.

Проблемалык окуу технологиясынын жүрүшү төмөнкү этаптардан турат:

  • Проблемалык жагдайды түзүү;

  • Проблемалык жагдайды ар тараптан изилдөө менен проблеманы негиздөө;

  • Проблеманы терең анализдөө;

  • Проблеманын алдын-ала чечилишин - гипотезаны иштеп чыгуу;

  • Гипотезанын туура же туура эмес экендигин далилдөө;

  • Жыйынтыкты талкулоо;

Оюн окуу технологиясы. Оюн адамдын негизги ишмердүүлүгүнун бири болуп саналат. Атайын түзүлгөн шартта коомдук тажрыйбаны түзүү жана аны өздөштүрүү менен коомдо өзүн-өзү алып жүрүүнү далилдүү көрсөтүүнү оюн, же болбосо оюнду ойноо деп аташат. Оюнду ойноо төмөнкү бөлүктөрдөн турат;

  • Максатты аныктоо;

  • Планды түзүү;

  • Максатты ишке ашыруу (ойноо);

  • Жыйынтыктын анализи;

Окуу процессинде оюн технологиясы дидактикалык максаттары, уюштуруу өзгөчөлүктөрү, жаш курактык мүмкүнчүлүктөрү жана мазмуну боюнча бири-биринен айырмаланышат. Адатта дене тарбиясын өркүндөтүү боюнча, интеллектуалдык, эмгектик жана психологиялык окуу оюндары коюлат. Оюн технологиясынын негизги функцияларын төмөнкүлөр түзөт;

  • Социалданттыруу – коомдук тажрыйбаны жогорку деңгээлде тез жана сапаттуу өздөштүрүү;




Дискуссия бири-бирине байланышкан үч этаптан турат:

  • Багыт берүү этабы. Дискуссиянын маселесин, анын максатын катышуучуларга жеткизүү, катышуучуларды бири-бирине тааныштыруу жана дискуссиянын эрежелерин, жүрүү убактыларын, талкулоонун ирээтин жана дискуссияда колдонулуучу негизги терминдердин, түшүнүктөрдүн аныктамаларын ар бир катышууга берүү. Дискуссия натыйжалуу өтүү үчүн тиешелүү туура, жагымдуу абалды пайда кылуу керек.

  • Баалоо этабы. Дискуссиянын маселеси боюнча ар түрдүү пикирлерди ортого салуу, маселенин чечилиши боюнча сунуштарды, идеяларды топтоо жана аларды ар тараптан талкулоо. Дискуссия коюлган маселеден четтебей, мүмкүн болушунча бардык катышуучулардын чыгып сүйлөөсү менен жүрүшү зарыл.

  • Жыйынтыктоо этабы. Дискуссиянын маселесинин чечилиши боюнча ар тараптуу пикирлердин жана сунуштардын негизинде бир багыттуу чечимге жетүүгө аракет кылуу. Бул учурда мүмкүн болушунча бардык каршы пикирлерди тдагы эске алуу зарыл болуп саналат.

Иштиктүү оюн. Активдүү окуу технологиясынын кеңири таралган түрлөрүнүн бири иштиктүү оюн болуп саналат. Иштиктүү оюндун негизи болуп эрежелер саналат:

  • Катышуучулардын аткара турган ролдору боюнча бөлүнүшү;

  • Катышуучулардын ар түрдүү ролдорду аткаруу менен бирдиктүү ишмердүүлүккө катышуусу;

  • Катышуучулардын жалпы максатка жетүүгө аракет жасашы;

  • Оюн учурунда ар түрдүү күтүлбөстүктөрдүн орун алышы;

  • Оюн учурунда стимулдуу пайда кылуучу факторлордун пайдаланылышы;



  • Оюндун үзгүлтүксүз, ыкчам жана кызыктуу жүрүшү;

оюн учурунда билим алуу, өнүгүү жана тарбиялоо функцияларынын гармониялуу айкалышы. Иштиктүү

оюнду жүргүзүүнү даярдоо өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт.

  • Оюндун максатын аныктоо этабы. Оюнду жүргүзүү

менен окуу процессинин кандай максаттарына жетүү зарыл экендиги аныкталат, башкача айтканда иштиктүү оюндун багыты белгиленет.

  • Оюндун мазмунун аныктоо этабы. Окуу максатына туура келүүчү абал аныкталат.

  • Оюндун жүрүшүн аныктоо. Оюнга катышуунун эреже-

лери, катышуучулардын укуктары жана милдеттери, ар бирлеринин укуктары белгиленет.

  • Оюндун жүрүү ирээти, катышуучулардын тизмеси, арбитрлердин орду, ролдордун мазмуну жана аткарылышы белгиленет.

Иштиктүү оюн бири-биринен келип чыгуучу төрт

бөлүктөн турат;

  1. Иштиктүү оюндун темасы, максаты катышуучуларга жеткирилет. Жалпы катышуучулар кичинекей топторго

(4-5 окуучу) жана арбитрлерге (3-4 окуучу) бөлүнөт.

  1. Катышуучуларга жана арбитрлерге оюндун шарттары

жана зарыл болгон маалыматтар берилет. Булл этаптын аягында ар бир топко суроолор, тапшырмалар берилип, алар дароо бааланат.

  • Ар бир кичинекей топто алдынча берилген абалды сүрөттөө үчүн функцияларды, ролдорду бөлүштүрүү орун алат. Натыйжадат ар бир топ түрүндө жоопторду арбитрлерге тапшырышат.


  • Өзүн-өзү сыноо – конкретүү шартта окуучунун өзүнүн мүмкүнчүлүгү, жөндөмдүүлүгүн аныктоо;

Коммуникациялоо – адамдардын ортосундагы татаал байланыштарды өзүнүн башынан өткөрүү менен, коммуникативдик тажрыйбаны топтоо;

Өзүнүн “менин” калыптоо – окуучунун өзүнүн күчүн, мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү менен кайсыл бир чечилбеген кыйынчылыктарды жеңүү боюнча ички ишенимдердин пайда кылуу.

Оюн окуу технологиясынын жүрүшү сөзсүз түрдө атайын каражаттарды талап кылат. Мисалы, декорация, тиешелүү буюмдар жана айрым учурда сахна даярдалат. Оюн окуу технологиясынын мазмуну боюнча төмөнкү түрлөрү кездешет; имитация оюну, кыймыл оюндары, “иштиктүү театр”, психодрама жана башка түрлөлү. Имитация оюнунда аныкталган бир ишмердүүлүктүн, тигил же бул ишкананын, мекеменин белгилүү учуру коюлат. Мисалы, банктын кредиттик бөлүмүнүн ишмердүүлүгү. Кыймыл оюндары окуучуларда аныкталган кыймылды, аракетти, тигил же бул сапаттарды, ишмердүүлүктү калыптоо үчүн жүргүзүлөт. Мисалы, күз майрамын же түшүм майрамын өткөзүү. “Иштиктүү театр” адамдын аныкталган жагдайда өзүн-өзү алып жүрүшүн чагылдырат. Мисалы, чоң тааныш эмес шаарларда адашып кеткен учур.









Акыл эс чабуулу” окуу процессинин жүрүшүндө төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • Окуу материалдык чыгармачылык изденүү менен кабыл алуу;

  • Теория менен практиканын байланышын чыңдоо;

  • Окуу процессинде окуу-таануу ишмердүүлүгүнүн жаңы багыттарын аныктоо;

Коллективдик ойлонуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн тажрыйбасына ээ болуу жана башка ушул сыяктуу. “Акыл эс чабуулу” натыйжалуу жүргүзүү үчүн төмөнкү эреже-

лерди кабыл алышат:

  • Талкуу учурунда бардык катышуучулар бирдей укукка, шартка ээ болот;

  • Ар бир сунуш, пикир кабыл алынат;

  • Анчалык көптөгөн сунуштар пайда болсо, коюлган максатты чечүү ошончолук жеңил болот;

“Акыл эс чабуулун” өткөрүүдө мугалим окуучуларды чечилүүгө тийиш болгон маселе жана өткөрүү эрежелери менен тааныштырат. Окуучулардын санына жараша 3-5 окуучудан турган группа түзүлөт жана группанын ичинен пайда болгон пикирлерди, сунуштарды топтоп туруу үчүн эксперт шайланат. Группалардаг окуучулар бирдей санда жана мүмкүн болушунча бирдей деңгээлдерде болушу керек. Андан кийин группалардын баарына бирдей суроо берилип, бир-эки суроо жооп уюштурулат. Андан кийин мугалим дагы бир жолу эрежелерге токтолуп, аудиторияга негизги маселени коёт. Ар бир группа активдүү ишмердүүлүктү жүргүзөт, ал эми эсперт бардык пикир, сунуштарды атайын кагазга түшүрүп, аларды топтойт. Андан кийин эксперттер өзүнчө чогулушуп, эң оригиналдуу, кызыктуу варианттарды тандап алышат.



Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги







Стандарттык эмес,традициядан тышкары сабактар.













Стандарттык эмес сабактардын түрлөрү:

  1. Оюн

  2. Таймашуу

  3. Саякат

  4. Лекция

  5. Диспут

  6. Семинар

  7. «Парадокс»

  8. Сахна сабагы

  9. «Мелдеш»

10.«Эссе»

11.«Синквейн»

12.«Кубиктер»

13.«Диаграмма Вена»

14. «Кластер»

15.«Инсерт»

16.«Ледокол»

17.«Тыным менен окутуу»

18.«Сүрөт менен окутуу»

19.«БҮ БК ҮБ»

20.«Эки бөлүктүү күндөлүк»

21.«Илгерилетилген лекция»

22.«Концептуалдык таблица»

23.«Графикалык органайзерлер»

24.«Чынжырча»

25.«Зигзаг»







САБАК-ЛЕКЦИЯ

ЛЕКЦИЯ – кайсы бир теманын үстүндө жүргүзүлгөн илимий иш.

Лекция - бул мектеп чөйрөсүндө бир аз азыраак колдонулганы менен бул метод жогорку окуу жайларда студенттерге теориялык билим берүүдө кеңири жайылган.

Лекцияны окуган, даярдаган адам лектор деп аталат. Лектор өзүн илимий даражасы бар же догрку маалыматтуу, теориялык билими терең, илимий маданиятты мыкты өздөштүргөн илим Адам болуш керек.

Лекция – атайын план ттүзүлүп ошол план аркылуу ирээти менен жазылат. Андан кийин эң негизгиси – ирээтүүлүк, илимийлүүлүк биринчи орунга коюлуп, көпчүлүккө түшүнүктүү болбогон илимий терминди көбүрөөк колдонулат. Лекциянын аягы илимий терминдердин түшүндүрмөсү, колдонулган адабияттар тизмеси жана мазмуну жазылат.

Ошентип сабак лекциянын структуралык түзүлүшү төмөнкүдөй болот:

  1. Тема. Киришүү.

  2. Теманын үстүнөн түзүлгөн план.

  3. План бөлүктөрү боюнча кеңири илимий түшүндүрмө.

  4. Илимий терминдер түшүндүрмөсү.

  5. Пайдаланган адабияттар тизмеси.

  6. Мазмуну.

Сабак – лекциянын күн сайын кайталанышы окуучуларды жадатышы мүмкүн, себеби жаш өзгөчөлүгүнө карай оор. Ошондуктан кайсы бир чоңураак бөлүмдө гана колдонуу

керек.






САБАК-САХНА

Сабак – сахна гуманитардык илимдерди, анын ичинен адабият, тарых ж.б.предметтерди окутууда колдонулуучу усул. Мугалим же уюштуруучу тарабынан сахнанын сценариясы, жасалгасы алдын-ала пландаштырылып, даярдалган роль боюнча окуучуларга бөлүштүрүлүп берилип, сабакка чейин даярдалат.

Окуучулардан текст же каармандын кебин жаттоо менен бирге образга кирүү эмоция аркылуу кейипкердин жүзүн ачуу, мимика тест сыяктуулар талап кылынат.

Сабак-сахнаны сценарийлештирүүдө мугалим кайрадан чыгарманы үстүнөн иштеп, реконструкциялап, жаңы чыгарма жаратууга жарай турган деңгээлге болушу керек. Кайсы бир тарыхый чыгарманы тарыхый мезгилде же тарыхый инсанды ролдоштурууда мугалим ошол чыгарманын автору болуп чыга келет.

Сабак-сахна жаратуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат.

  1. Көркөм сөз каражаттарынын негизинде сюжеттин негизинде диалогдук кепти түзүү.

  2. Түзүлгөн драмалык сценарияда интонацияга, эмоцияга өзгөчө көңүл бурулат.

  3. Аткаруучу даяр материалды өзгөчө даяргерчилик, артисттик менен образды ачуу дарамети.

  4. Сабак максатына жетиш үчүн өзгөчө профессионалдык эмгек керек.

Сабак-сахна окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө карай тандалышы керек. Башталгыч класстын окуучулары үчүн жомок каармандарын ролдоштуруу, ал эми улам жаш өзгөчөлүк жогорулаган сайын аңгемелерди, повесттерди, романдарды же тарыхый бир мезгилди, же тарыхый белгилүү инсандын образын сахналыштыруу сабактын көргөзмөлүүлүгүн арттырат. Сахнаны жасалгалоого да өзгөчө көңүл буруу.


САБАК-АУКЦИОН

Сабак-аукцион өтүлгөн материалды кайталоонун кызыктуу формасы болуп саналат. Аукционду өткөрүү үчүн сатууга мүмкүн болгон предметти тандоо керек. Мисалы, окуучулар алманы сатып алуу үчүн эгерде сүйлөмдүн түрлөрү өтүлүп жаткан болсо, алма деген сөзгө сүйлөм түзүп, ал сүйлөмдүн түзүлүшү жана маанисине карай кайсы топко кирээрин аныктап, сүйлөмдө кандай сүйлөм мүчөнүн милдетин аткаруусун далилдөө керек.

Ал математика сабагында аукционго сандар жана математикалык предметтер керек болсо, ал эми географияда карта атлас, биологияда жаныбарлар жана өсүдүктөрдүн элеси, адабиятта өтүлгөн темадагы предметтерди колдонсо болот.


Мисалы, кыргыз адабияты Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын кайталоолордо аукционго Аселдин Кызыл жоолугу, баланын портфели жана дүрбүсү. Анаранын Кызыл алмасы, Акбара, Ташчайнар Гүлсараттын сүрөттөрүн койсок болот.


Аукцион да сатуучу же башкаруучу мугалим болуп, сатып алуучулар, окуучулар тобу болот да нарк менен эмес билими менен өлчөнөт.

Балдарга ар түстүү таякчалар берилип, катышуучу катары таанылууга мүмкүнчүлүк берилет.








САБАК-САЯКАТ

Сабак-саякат көбүнчө табигый илимдерде көбүрөөк колдонулат. Айрыкча мекен таануу, табият таануу, биология, география сабактарында. Тарых илиминде да этнографиялык археологиялык саякаттар болот.

Сабак-саякат – күндөгү класста өткөн сабактан айырмаланып, окуучуларды кайталанма, жадатма сабактарга бөгөт коюу менен алар дагы кызыгууну ал аркылуу ой-жүгүртүүнү, жол табуну пайда кылат.


Сабактын бир нече түрү бар.

  1. Табиятка саякат

  2. Жаныбарлар дүйносүнө саякат

  3. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө саякат

  4. Биологиялык, географиялык саякат

  5. Этнографиялык саякат

  6. Археологиялык саякат.

Саякаттын бул түрлөрү башка чөйрөгө орун которуу менен ишке ашса ал эми класста эле олтуруп саякат жасаган учурларды да уюштурсак болот.

  1. Жомоктор дүйнөсүнө саякат

  2. Фантастикалуу саякат

  3. Планеталарга саякат

  4. Каарманга саякат

Окутуунун дидактикалык материалдарында да саякаттын жасалышы мүмкүн. Маселен оймолор дүйнөсүнө, зат атооч багына, сүйлөм мүчөлөрү үй бүлөсүнө тил ортосуна, материктерге ааламга жана башка саякат.

Сабак-саякат сабак экскурсия деп да аталат. Саякатчыларды жетектөөчү же башка адамдын түшүндүрмөсү илимий тилде экскурсовод деп аталат. Бул сабак өз ичине илимийлүүлүктү теориялык билимди практикалаштырууну гана эмес мыкты эс алууну да.

САБАК-ЭССЕ

Эссе көркөм адабияттагы прозалык жанр.

Эссени даярдоо үчүн окуучулардын көркөм сөз каражаттарын жазуу маданиятын ой жүгүртүүсүн бийик деңгээлге жеткидей даярдап баруу керек.

Бул жанрда кыргыз адабиятында жазылган чыгармалар бирин-серин гана учурайт.

Алардын бири улуу акын Алыкул Осмоновдун өмүр жана чыгармачылык жолун чагылдырган Бексултан Жакиевдин “Ыр сабындагы өмүр” эссеси. Бул эсседе акындын өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча бир нече бөлүмдөр “Акын жана поэзия”, “Акын жана көл” ж.б. деп тема берилип аталган темалар философиялык турмуштук жана чыгармачылык жооптор менен чечмеленген.

Педагогика эссе жанры өтө сейрек колдонулат. Анткени көп чыгармачылык изденүү философиялык ой толгонууну талап кылат.

Эссе жазуунун бир нече варианттарын колдонсок болот.

  • өзү жөнүндө баяндоо.

Бул автобиографиядан айырмасы терең философиялык анализ жасалат. Маселен “Менин педагогикалык философиям”, “менин инсандык тагдырым”

  • сүрөт боюнча баяндап эссе жазуу

  • белгилүү фразаны улап эссе жазуу

  • өз оюн сүрөт менен же чиймелер менен түшүндүрүү эссеси ж.б.

Эссесин дил баяндан айырмасы көлөмүнүн жана мазмунунун чегинде жана эссесин көп философияны, көп изденүүнү көркөм каражаттарда жана көп факты аргументтерди талап кылгандыгында.

Сабактын бул методдун колдонуу үчүн окуучуларды узак даярдап баруу менен иш жүзүндө ашырылат.

ОЮН-САБАК

Оюн-сабак окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын арттыруу менен сабактагы активдүүлүгүн күчөтөт.


Окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө кабыл алуу эске тутуу жөндөмдүүлүгүнө карай оюндун түрүн аныктап алуу зарыл.

Оюндар табиятына жараша коллективдик жана жеке болушу мүмкүн. Же болбосо жалпы коллективге берилип жекече иштесе да боло турган оюндар болот.


Оюн сабак көбүнчө сабакты уюштурууда колдонулат. Уюштурууда колдонулган сабактар биринчиден сабактын жандуу башталышына шарт түзсө, экинчиден жаңы темага байланышкан оюн теманы тереңирээк өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Сабакты бышыктоодо колдонулган оюн алган теориялык билимин практикалаштырууга жана өз оюн эркин айтууга зор өбөлгө болот.


Сабакты жыйынтыктоодо да оюнду колдонсо болот. Натыйжада сабак жандуу жана натыйжалуу жыйынтыкталат.

Эң негизгиси оюндар педагогикалык мааниге ээ болуусу керек. Аларда педагогикалык мааниси кабыл алуу, эске тутуу, көңүл коюу, коллектив менен иштөөнү жөнгө салуу аркылуу окуучуну шамдагайлыкка, тапкычтыкка, зиректикке ой жүгүртүү жана сүйлөө маданиятынын жогорулашына шарт түзүшү керек.


Колдонулган оюндар өз орду менен максаттуу пайдаланылышы зарыл. Эгер максаттуу пайдаланбаса сабактын формасын мазмунун да бузушу мүмкүн. Кыймылдуу оюндар окуучулар чарчаганда физ минутка да боло алат.

Алмаздын кырлары же Даймонд стратегиясы.

Даймонд-англис сөзү. Бул эле нерсени эки жактуу короо деген маанини түшүндүрөт.

Эрежеси:

1-сапта 1 сөз зат.

2 сөз сын

З этиш сөз.

2 зат он 2 зат терс.

3 этиш сөз

2 сөз сын

1 сөз зат.

М:

1. Кары

2. Унутчаак, кейикчээл

3. Укпайт, сүйлөнөт, наалыйт.

4. Чал, кемпир, бала, кыз.

5. Уктабайт, унчукпайт, иштейт.

6. Кайраттуу, билимдүү.

7. Жаш.

М:

1. Күн

2. Жарык, жылуу.

3. Чыгат, ысыйт, батат.

4. Күн менен түн алмашып турат.

5. Кирет, көрүнбөйт, мемирейт.

6. Караңгы коркунучтуу.

7. Түн.







Синквейн

Синквейн – бул эреже боюнча жазылган ыр. Сабактын чакыруу жана ойлонуу баскычында (этабында) колдонсо болот.

Синквейн абдан пайдалуу:

Ар бир окуучу – жазуучу, философ боло алат, синквейинди ар бири жаза алат ж.о.э.:

Ар бир окуучунун сөз байлыгы артат:

Ар бир окуучу кыскача айтып бергенди үйрөнөт:

Ар бир идея баалуу, ар бир ойду сыйлоо керек деген түшүнүк п.б

Эрежеси.

1-сапта тема-зат атооч

2-сапта – эки сын атооч

3-сапта – үч этиш

4-сапта – төрт сөз же бир фраза, темага болгон мамиле.

5-сапта-темага синоним.

Мисалы: 1. Ак төш (иттин аты)

2. Акылдуу күчтүү

3. Тиштейт, үрөт, кайтарат.

4. Ит – адамдын эң жакын досу.

5. Ит.

М:

Мугалим – зат атооч

Билимдүү,маданияттуу – сын атооч

Окутат, билим берет, тарбиялайт – этиш

Мугалим – бул жакшылыктын жарчысы.

Инсан:

Мындай синквейнди бала каалаган зат атоочко түзсө болот.





Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги







Окутуунун жаңы технологиялары.
















Педагогикалык технологиянын максаты:

Билим берүү системасынын негизги максаты коомдун талабына ылайык экенин билебиз. Коом өзгөргөн сайын жаш муундарды калыптандыруу максаты да өзгөрөөрү белгилүү. Көптөгөн жылдар бою негизги максат “ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандыруу” болуп келген. Максат идеял максат катары каралган. Окуу программасынын мазмуну да максатка ылайыкталган эмес. Мектепте өздөштүрүлбөгөн били жогорку окуу жайына андан аспирантура докторантурага, ал болсо турмуш жолуна калтырылган.

Максатка жетүү үчүн анын жыйынтыгын, диагноздтикалык максат аткарылдыбы же жокпу, аны аныкташ окуу процессинин технологиясын талап кылат. Ал үчүн:

1. Глобалдуу (чоң) максаты (идеял катары) диагнозтикалык (диа –грек тилинен ачык, гнозис-билим)-ачык, так максат деп атоо.

2. диагнозтикалык максатты этаптарга бөлүү (ар бир окуу этабына)

Диагнозтикалык максатты аныктоо үчүн төмөнкү шарттар эске алынат.

1. калыптана турган сапат, касиет, ыкма, тажрыйба ачык жана так аныкталышы керек:

2. Диагнозтикалык каражаттын так болушу:

а) аныкталган сапаты, касиети, ыктарды , тажрыйбаларды табуу жана ачык көрсөтүү.

б) алардын өнүгүү жана калыптануу деңгээлин ченөө

в) Деңгээлди баалоо жана салыштыруу.

Бул шарттар мурдагы белгиленген максатка туура келбейт, ошондуктан азыркы шартта балдарды кесип алууга багытто керек.




Педагогикалык технология – окутуу, тарбиялоо жана өнүгүү процесси өз ичине камтыйт. Тарбиялоо жана өнүгүү технологиясы азыр толук изилденип бүтө элек. Ал эми “Окутуу технологиясы” жөнүндө төмөнкүлөрдү айтсак болот, анын өзгөчөлүктөрүн эске салабыз. 100% жыйынтык берүүчү каражаттын жана усулдардын (бир эле сабак өтүү менен) анык эмес.

Кезек-кезеги менен текшерүүнүн жүрүшү:

Жетишпеген балдарды аныктоо жана талдоо:

Алар менен кошумча сабак өтүү:

Экинчи жолу текшерүү:

Эгерде дагы деле түшүнбөсө анда анын себебин жана жетишпөөсүн аныктоо:

Окутуу технологиясынын структурасын (түзүлүшүн) карап көрөлү. Аларга:

  1. Окуу материалдарын өздөштүрүү –деңгээлинин алдын-ала диагнозтикасын түзүү.

Мисалы: 1- класска келген балдар окуй жана жаза билсе, алар башка программа менен, ал эми билбегендер башынан баштайт. Бул структура билими бирдей деңгээлдеги балдарды чогуу окутуу, билбегендерди өзүнчө бөлүп окутуу керек экенин билдирет. Биринчи гана класска келген балдар үчүн эмес, бул структураны жаңы предметти өтө баштаганда колдонсо болот. Чет тилди окуганда тестирлөөдө тренинг (көнүгүү) өткөргөндө колдонулат.

  1. Окуучулардын окуу материалдарын өздөштүрүү жана бышыктоо боюнча иш-аракеттин уюштуруу. Бул бөлөк изилденген. Алар кандай усулдарды, ыкмаларды колдонуу менен ишке ашырылат. Азыр башталгыч класстарда үч методика колдонууда. Л.В.Занковдун жана Д.Б.Элконин, В.В.Дазыдовдун методикалары.