Менин педагогикалык чеберчилигим (ЭССЕ)
Педагог- бул кесип гана эмес, адамдын жекече сапатын да талап кылат. Мугалим балдарды сүйгөн, алар үчүн жан дили менен берилип иштеген, интелигенттүү, руханий дүйнөсү бай, эмгекчил, чыгармачыл адам болушу шарт. Мугалимдик кесип ары түйшүктүү, ары көп эмгекти талап кылган кесип.
Орус математиги М.В. Остроградский “Жакшы мугалимдер жакшы окуучуларды жаратат” деп айтып кеткен. Бул кыргыздын “алма сабагынан алыс түшпөйт” деген макалына үндөшүп кетет.
Мугалим дайыма активдүү, чыгармачыл адам болуусу абзел. Мугалимдин эң негизги сапаты баланы жакшы көрүү, анын ишине кызыгуу, баланын келечегин көрө билүү, шыгын өстүрүүгө жардам берүү. Балдарга үлгүлүү болүү менен өзүн кармай билүүсү жана баланын жан дүйнөсүн сезген, анын келечегине жоопкер экенин сезүүсү зарыл. Мугалимдин эң негизги дагы бир сапаты адилет, калыс болуу. Окуучунун билимин, жүрүм-турумун калыс баалоо, билим деңгээлин аныктоо, жетишкен ийгилигине баа коюуда так болуу мугалимдик кесиптин сапатын белгилейт.
Педагог класстагы мамиленин начарлашын чече ала турган, оор акыбалда турган учурда тамашага айлантып чечкен юморист да болуусу зарыл. Шайыр, ачык мүнөз, тамашакөй, макал-лакапташтырып сүйлөгөн мугалим, түнт, кабагы ачылбаган, кара мүртөз, күлбөгөнгө караганда ийгиликке тез жетет.
Баланын жетишпеген жагын айтуу-күлүп кемсинтүүгө барабар.
Ар бир бала дүйнөгө келгенден кийин колдон келишинче өнүгүүгө, көңүлүнө жаккан ишти жасоого, өзү сүйгөн кесиптин ээми болууга, турмушта өз ордун табууга жана татыктуу өмүр сүрүүгө ээ болгусу келет. Ага ата-энеси, мугалими жардам берүүгө тийиш. Андыктан бардык балага туура мамиле кылып, жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, алардын керт башын сыйлап, ички кызыгууларын, керектөөлөрүн аныктап жардамдашуу милдети коюлат.
А.А. Леонтьевдин изилдөөсү боюнча эгерде мугалим:
-жетишпеген окуучуларга аз убакыт бөлүп, туура эмес жооп берсе ойлонууга убакыт бербей, багыт бербей койсо;
-аларды көбүрөөк урушуп, жакшы окуган балдарга көбүрөөк көңүл бөлүп, мактап турса;
-жетишпеген окуучулар кол көтөрсө көрмөксөн болуп, туура жооп берсе, мактабай, баасын төмөндөтүп койсо;
-алар менен сабакта иштебей, бөлүп карап, кемсинтип турса эч убакта бирге аракеттенүү, кызматташтык маселеси чечилбейт. Бул мугалимдин эң жаман сапаттарынын бири болуп эсептелет.
“ Мугалим-коомдун күзгүсү” деп бекеринен айтылбайт. Мугалим окуучуларга гана үлгүлүү болбостон, улуу-кичүү, жалпы адамзатка үлгү болуусу абзел
Педагогикалык иш тажрыйба
Тажрыйба дегенибиз баарынан мурда тааным эмес, иш-аракеттердин жана азап түйшүктөрдүн ыгы. Ошондой эле адамдардын күндөлүк тажрыйбалары алардын иш-аракеттери болуп эсептелет. Ушул себептүу тажрыйбаны тийиштүү категориялар аркылуу баалайт эмеспи. “Ар бир кесип-ардактуу” дегендей ар бир адам өзүнүн кесиби боюнча тажрыйба топтошот.
Мугалим деген баарынан мурун: өз тармагында керектүү жана жетиштүү билимге ээ болгон, мугалимдик кесиптин сырларын ар тараптуу билген, дайыма Оз билимин өркүндөтүү үстүндө иштеген, кесибин сүйгөн, кесипке ылайык кишилик өзгөчөлүтөргө ээ болгон жана жоопкерчиликтүү бир кесип ээсин түшүнөбүз.
Мен мугалимдик кесипти тандап алдым. Мугалимдик кесип негизинен сыйлуу, урматтуу кесип деп эсептейм. Себеби мугалимдерге адамдардын көз карашы, кылган мамилеси өзгөчөрөөк экенин байкадым. Дагы мисалга алсак бир мугалим окуткан окуучусу жакшы чыгып, атак-даңкы көтөрүлсө, ал мугалим окуучусу менен сыймыктанат. Ар дайым ал окуучусун кийинки окуучуларга үлгү катары көрсөтүп, айтып, ушундай адам болгула деп мисал келтирип жүргөнүн көп эле байкап жүрөбүз. Буга мени окуткан физик Орозматова Жумаш эжем да, “менин кадрым” деп мен жөнүндө айтып жүргөнүн угуп толкундандым. Эженин бизди окутуудагы эмгеги зор. Мен да ошол эжемдин жолун жолдоп физик мугалим болуу жолун тапдап алдым.
Мен мугалимдик сапатты , көптөгөн тажрыйбаларды улуу, насаатчы мугалимдерден, өзүмдү окуткан эже-агайларымдан, алардын өткөн сабактарынан, окуучуларга, элге, мугалимдерге кылган мамилелеринен жана ар кандай газета-журналдарга чыккан белгилүү мугалимдердин иш-тажрыйбаларынан окуп, өзүмдүн мугалимдик кесипке ылайыктуу көптөгөн керектүү тажрыйбаларды алып жана мындан ары да өркүндотүүгө аракет кылып келем. Ошондой эле үйрөнгөн ар кандай жаңы методдорду сабактарымда колдонууга аракеттенем.
Мугалим окуучунун ишмердүүлүгүн уюштурат, багыттайт жана контролдойт, зарыл болгон каражаттарды камдап берет. Мен мугалим болуп, сабак өтүү менен гана чектелбестен, балдарга акыл айтып келем. Негизи балдар менен күн өткөрүү кызыктуу, бирок оңой да эмес. Себеби окуучулар ар күн сайын сабакка даярданып келишпейт. Анткени менен билим алууларына колдон келишинче жардамды көрсөтүп келем. Балдардын көңүлүн сабакка буруу менин милдетим.
Негизинен физика илими жаратылыш менен тыгыз байланышкан илим. Өзүм физика мугалими болгондуктан,физикага окуучулардын кызыгуусун арттыруу үчүн, сабакты күндөлүк турмуштагы колдонулуп эле жүргөн мисалдардан келтирип, жашоо менен байланыштырып өтүп келем. Окуучулардын сабакка кызыгуусун арттыруу үчүн сабакты ар кандай методдор менен, бирде оюн кылып өтсөм, бирде команда-командага, жуптарга бөлүп, бирде 2-3 төн окуучу чыгарып алардын буга чейин алган билимин текшерүү максатында суроо берип, жарыштырып, ж.б. түрдө өтүүдөмүн.