Менин педагогикалык иш – тажрыйбам
Педагогика (Байыркы грек тили. παιδαγωγική чыгамачылык менен тарбиялоо, грек παῖς -бала, ἄγω-алпаруу же жетелөө) дегенди түшүндөт.
Педагог (гр. paidagogos –тарбиялоочу) – жалпы билим берүүчү мектептин мугалими, кесиптик-техникалык, атайын орто же жогорку окуу жайынын окутуучусу, мектепке чейинки мекемелерде, мектеп интернатта, балдар үйүндө, тарбиялоо колонияларында тарбиячы, мектептен тышкаркы жана башка уюмдардын кызматкери, педагогика илими боюнча илимий кызматкер.
Менин педагогикалык тажрыйбам окуучу кезимде эле башталды десем болот. Себеби, үйдө улуу бала болгондуктан ини, карындаштарымдын жүрүм-турумун, сабагын мен көзөмөлгө ала баштагам. Ата-энем да буга каршы болушчу эмес. Тетирисинче, “сабактарын текшер, жүрүм-турумун кара” деп айтышаар эле.
2007-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун ЖМТИнин информатика кафедрасынына окууга тапшырдым. Бул жерден педагогика илими менен тааныштым. Педагогика илими мага окуутуунун системалуу болушунун зарылчылыгын, өзүңдүн билгендериңди окуучуларга берүүнүн ыкмаларын жана башка мугалимге керектүү көптөгөн ыкмаларды үйрөттү жана мугалимдик сапаттарымды калыптандырды.
Жогорку окуу жайдын 4-5-курсунда А. Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияга практикага бардым. Ал жерден өз билгениңди башкаларга үйрөтүүнүн ыкмаларын иш жүзүндө ийгиликтүү колдоно алдым. Кээ бир тарбиясы начар балдар менен иштешүүнүн ыкмаларын үйрөндүм. Ошол эле учурда абдан жакшы окуган окуучулар менен иштешип, аларга өзгөчө тапшырма берүүнү, дагы шыктандырууну изилдеп, анализдей баштадым.
2012-жылы ЖОЖду кызыл диплом менен аяктап, Бишкектеги А. Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясына информатика мугалими болуп жумушка кирдим. Ушул мектептен алгач жолу чыныгы мугалим болдум. Календардык план түзүүнү, журнал толтурууну, жетишпеген окуучулар менен иштешүүнү, классты жасалгалоону иш жүзүндө жетекчилер жана кафедра башчыларынын жардамы менен өздөштүрдүм. Журнал толтуруу (белгилөө) учурунда балдардын сабактан качып компьютердик клубдарда оюн ойноп жүргөндөрүн классташ кыздары айтып коюшту. Алардын ата-энеси балдарынын бул жоруктарын билбегендиги жана балдардын келечеги мени абдан ойлондурду. Дароо эле класс жетекчисине билдирдим. Бирок, мен каалаган жыйынтык чыккан жок. Сабак берген балдардан “ушул айланада кандай клубтар (компьютердик) бар?” деп сурасам балдар дарегинен бери мактанып айтып беришти. Дарегин эле эмес ал жакта кандай оюндар бар экендигин, ким эмне оюн ойноорун, кандай тарифтер жана көп ойногон оюнчуларга кандай жеңилдиктер бар экендигин мактанып айтып беришти. Керектүү маалымат топтогон соң балдарга сабагым жок учурда ошол клубтарды кыдыра баштаарымды айттым. Айрым окуучуларды кармап келгенден кийин сабактан качуу бир нече пайызга азайды. Балдар бири-бирине “Мирлан агай клубтарды кыдырат экен” деп бат эле жайылып кетти. Балдар менен “оюндун пайда жана зыян жактары” деген темада талкуу (дебат) өткөрдүм. Талкуудан кийин балдар оюнду чеги менен ойнош керек экендигин түшүнүштү жана менин клубдарды кыдырганымды түшүнүү менен кабыл алышты. Жыйынтыгында компьютердик клубга качкандардын саны кескин азайды. Бул менин тарбия берүүдөгү эң алгачкы чоң ийгилим десем болот. Мен өзүмө балдарга жөн эле тыюу сала бербей, алар менен ошол темада сүйлөшүп, талкуулап, аларга туура багыт бериш керек экендигин алдым.
2013-жылы А. Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияга информатика мугалими болуп которулдум. Жумушка киргенде эле информатика сабагы боюнча олимпиадалык ийримди кошо жетектөө милдети тагылды. Ошол учурда балдарды топтоо оор болду. Себеби, балдар мугалимдин күчтүү талабынан жана сабактын оордугунан ийримге келбей качып калышыптыр. Биринчи жылы шаардык турдан байгелүү орунга жетише албадык. Кийинки жылды балдарга стимул, күчтүү программисттердин өмүр баяны, программситтердин жакшы жашоолору жөнүндө айтып берүү аркылуу мотивация берүү менен баштадым. Балдар көп келди, тандалып отуруп ондой эле окуучу калды. Бирок, жашоосунда “мен программист болом” дегендер калды. Аларды программист кылып чыгара алаарыма ишендирдим. Мен даярдаган балдар 2,3,4-орундарга гана ээ болду. Мектеп директорунан грамота алдым. Бул мен үчүн өтө чоң ийгилик болду. Бул жеңишимден балдарга талап эле коё бербестен, аларга стимул, мотивация берүү кыйла жакшыраак жыйынтык берээрин билдим.
5-6-жылдык педагогикалык тажрыйбамда төмөнкүлөрдү билдим:
1. Окуучуларга мугалим эле болбостон сырдашкан досу, кеңешкен кеңешчиси, устаты болушубуз керек.
2. Окуучулар эмнеге кызыгат, жашоодо ким болгусу келет, учурда эмнеге кабатыр экендигинен кабар алып турушубуз керек.
3. Сиздин сабагыңыздын турмушта канчалык деңгээлде керек экендигин көрсөтүп, далилдеп бериңиз.
4. Окуучуларга стимул, мотивация бериңиз. Башкача айтканда окуучуларга умтула турган максат коюп бериш керек. Эгер сиз балдарга мотивация бере алган болсоңуз, анда балдар сизди ээрчип, аркаңыздан кубалап окушат.
5. Сабагыңыздын (предметиңиздин) күйөрманы болуңуз. Сабагыңызга байланышкан жергиликтүү жана дүйнөлүк жаңылыктар менен бөлүшүп туруңуз. Бул окуучулардын сиздин сабакка болгон кызыгуусун, каалоосун күчөтөт.
6. Өтүлө турган теманын эмнеге керек экендигин жанан анын маанилүүлүгүн айтып беришибиз керек.
7. Алгач маселе пайда кылып, анан ошол маселени чечүү үчүн жаңы теманы түшүндүрсөңүз окуучулардын эсинен чыкпай сакталып калат.
8. Практика учуранда билип турсаңыз дагы кеңешип иш кылыңыз. Бул окуучулардын өзүнө болгон ишенимин, өз алдынчалуулугун, пайда кылат жана күчөтөт. Ошондой эле ошол тема боюнча анализ жасап, өз көз карашы пайда болот.
9. Мүмкүнчүлүк болсо өтүлгөн теманы башкаларга (досторуна, бир туугандарына) түшүндүрүп берүүсүн сураңыз. Окуучунун канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн даана көрө аласыз.
10. Окуучуларга тапшырма даярдоодо окуучунун деңгээлине жараша тапшырмаларды тандаңыз.
11. Тентек окуучулар менен иштөөдө биринчи алардын тентек кылуудагы мотивин (себебин) изилдеңиз. Себеби, кээ бирөөлөр артык кылам деп тыртык кылып алган болот, кээ бирөөлөр кызык болгон үчүн “эмне болот?” деген ойдо гана кылган болот. Анан андай кылганы туура эмес экендигин, кандай болгондо туура болоорун айтып же көргөзүп бериңиз.
12. Окуучуларды түшүнүү үчүн алардын акылы менен ойлонуп, кээ бир нерселерди окуучулардын көз карашы менен кароого аракет кылыңыз.