СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PISA -2-класска

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«PISA -2-класска»

PISA ДЕГЕН ЭМНЕ?

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык

программа (Programme for International Student Assessment).

PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык

программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал
«15- жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин ар түрдүү сферасынын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет.

Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат.

Үч жылдык цикл менен өткөрүлгөн бул изилдөө 2000-жылдан бери

жүргүзүлөт.

Ар бир жылы PISA изилдөөсүн жүргүзгөндө, сабаттуулуктун бир түрүнө: окурмандык, математикалык же табигый илимдер боюнча акцент

жасалат. Ошондой эле акыркы жылдары кошумча социалдык багыттагы көндүмдөр, мисалы, маселе чечүү сыяктуу көндүмдөр, компьютердик сабаттуулук, ошондой эле чет тилин билүү билгичтиги да текшерилип жатат.

2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышканы турат Бул иш-чараны утурлай Кыргыз билим берүү академиясында «PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз» аттуу мугалимдер үчүн методикалык колдонмо орус жана кыргыз тилдеринде басылып чыккан. Ал мугалимдерди PISA изилдөөсүнүн концепциясы жана тесттердин мисалдары менен тааныштырат.



PISA кимди баалайт?

Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жашка келип мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт.

PISA эмнени баалайт?

PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.



___________________ атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс мугалими __________________________________ PISA-2025 программасы боюнча
2-класстар
үчүн иш планы .

Аткарылуучу иштер

мѳѳнѳтү

Жооптуу

1.

PISA- программасынын көрсөтмөлөрү менен таанышуу



2

PISA программасы боюнча аткарлуучу иштердин планын түзүү



3.

Теориялык билимди окуучуларга PISA программасы боюнча жеткирүү




Окуу жана түшүнүү боюнча



1

Окуучулардын сѳз байлыгын ѳстүрүүчү кѳнүгүүлѳр менен иштѳѳ



2

Текст менен иштѳѳ ( чечмелеп окуу)



3

Шар окуу кѳндүмдѳрүн калыптандыруу



4

Текст менен иштѳѳ( каармандарды аныктоо)



5

Текст менен иштѳѳ( чаташтырылган сѳздѳр)




Математика боюнча



1

Эки орундуу сандарды куроо жана ажырата алуу кѳндүмү



2

Эки орундуу сандарды кошуу жана кемите алуусу



3

Жѳнѳкѳй тексттүү маселелерди чыгара алуусу



4

100гѳ чейин натуралдык сан катарын түзѳ алуу кѳндүмү



5

Геометриялык фигураларды таанып билүү кѳндүмдѳрү







Текст : Сур коён.


Сур коён кыш мезгилинде айылга жакын турду. Түн киргенде бир кулагын

көтөрүп, тегерегин тыңшады. Кардан башка эч нерсе көрүнбөйт.


Кар өркөч-өркөч болуп, ак канаттай жалтылдайт. Коён чоң жолдон өтүп, көрүп


жүргөн кырманга барыш керек эле. Чоң жол менен бараткан чананын


кычыраганы, аттын бышкырганы угулат. Коён жолдун боюна барып токтоду.


(50 сөз)



Окуу техникасын баалоо :


- Окуу ыкмасы: _________________________


- Окуунун тууралыгы _________________________


- Окуунун ылдамдыгы __________________________


- Окуунун интонациясы: (тыныш белгилерин эске алуу) _____________________


- Окуганын түшүнүү __________________________
















Текстке карата баалоо түшүндүрмѳсү:


Шар окууну баалоодо эркек бала менен кыз балага бирдей кызыктуу, жаш өзгөчөлүгунө жана окуу деңгээлине ылайык келген текст колдонулат. 2-класстар үчүн бир нече тааныш эмес сөздөр текстте болушу мүмкүн. Тест шар окуунун төмөнкү компоненттерин баалайт: туура окуу, окуунун ылдамдыгы (темпи), көркөм окуу, тыныш белгилерине көңүл буруу.




Текст . “Чаташтырылган сѳздѳр”

Окуучунун аты-жөнү:___________________________________________


Үлгү : Мисалы:
«Апасынын майрамына арнап, талаа (бактарын, гүлдөрүн, эртең) бергенде, ал абдан кубанды».



Текст

Самат сүрөтчү тоодо эс алып жүрдү. Ал тоонун жантык бетинен
(бийик, көптөгөн, топтолгон) ышкындарды көрдү. Самат сүрөтчү
(тоого, анткени, сазга) кечинде кайра да келди. (Биз, Дайыма, Ал) конфеттерди, оюнчуктарды, карандаштарды ышкындардын (алдына, сыртына, тескерисинче), кагаз гүлдү, күзгүнү, таракты
(чурулдагандардын, башкаларынын, даярдоо ) алдына койду. Кийинки кунү (апельсин, сүрөтчү, бир жолу) талаага жылкычы досунун кичинекей (кызын, көйнөктү, кароо) алып барды. Ал жетиде (болуп калды, эле, чыгат). Кыз белекти ар бир (дүмүрдүн, ышкындын, кайрадан) алдынан таап жатты. Кубанган (талаанын, бийик, кыздын) көздөрү күлмүндөп жаркырап турду.



Окуучунун ишин баалоо:
1. Кашаанын ичиндеги берилген сөздөрдү маанисине
карап , ылайыктап астын сыза алуусу ; _________________

2. Сүйлөмдун маанисине жана түзүлүшүнө
карай сөздөрдү туура тандап алуусу; _________________



«Чаташтырылган сѳздѳр” текстин баалоо


Барактарда айрым сөздөрү алынып салынган тексттер берилген. Алынган сөздөрдүн ордуна тандоо үчүн үч сөз сунушталат. Мааниси боюнча бул тексттин мазмунуна туура келген бир сөздү тандап, астын сызуу керек.
Барактын жогору жагындагы үлгүнү карайлы: «Апасынын майрамына арнап, талаа (бактарын, гулдөрүн, эртең) бергенде, ал абдан кубанды».

Мындан көрүнүп тургандай, сунушталган үч сөздөн бул сүйлөмгө мааниси боюнча «гүлдөрүн» деген сөз туура келет. Келгиле, бул сөздүн астын сызылат.
Эми сүйлөм төмөнкүдөй болуп калды: «Апасынын майрамына арнап, талаа гүлдөрүн бергенде, ал абдан кубанды». Тандалган сөздүн астын дароо сызууга ашыкпагыла. Алгач текстти толук окуп чыккыла, андан кийин анын башталышына кайрылып, ар бир сүйлөм менен өзүнчө иштөөнү уланткыла. Тестти аткарууга 15 мүнөт берилет».

Текст : Менин үй -бүлөм.


Биздин үй -бүлѳ беш кишиден турат. Атам Үсѳнбек чарбачылык менен алектенет.


Апам Үпѳл үй кызматында. Бѳбѳгүм Ѳмүр бала бакчада тарбияланат.


Агам Бакытбек экѳѳбүз мектепте окуйбуз. Менин атым Акылбек. Биздин


фамилиябыз Бейшеев. Биз ынтымактуу жашайбыз. Атам үйгѳ келди. Ал үч күндѳн


бери талаада эле. Анын келгенине апам экѳѳбүз абдан кубандык. 47 сѳз



  1. Үй -бүлѳдѳ канча киши бар?

А) 4 б) 3

В) 5 г) 2

2. Атасынын аты ким ? _____________________________



  1. Акылбектин атасы үч күндѳн бери кайда эле? _________________________________________________________



  1. Акылбектин агасынын аты ким? _____________________________

  1. Акылбектин фамилиясы кандай эле?
    а) Үсѳнбеков б) Ѳмүрбеков
    в) Бейшеев г) жок





Текстке карата баалоо түшүндүрмѳсү:

2-4-суроолор 3 баллдан , анткени окуучу керектүү жоопту тексттен таап ѳзү жазат . 1-5-суроо – 2 балл , окуучу жооптордун ичинен туура деп ойлогонун белгилейт . Жалпы 13 балл . Жооптордун толук , толук эместигине, орфографиялык эрежелердин сакталышына карата 3 баллды бѳлүп коюга болот. Мисалы Толук – 3 балл,
толук эмес -2 балл,жооп бар бирок ката жазылса- 1 балл, жооп жок – 0 балл ж.б







Карышкыр жана эчки .

Карышкыр аскада оттоп турган эчкини кѳрѳт.

Шилекейи агат. Ал аскага чыга албай турганын сезди .

Анан эчкиге:

  • “ Тѳмѳн келип оттобойсуңбу! Жери түз, чѳбү ширин экен” –

дейт карышкыр .

  • Ыракмат, Каке . Сен мени тойсун деп чакырбай эле ,ѳз курсагыңдын камын ойлоп жатпайсыңбы, деди эчки .

Л.Толстой



  1. Текстте кайсы жаныбарлар бар?

_________________________________________________________



  1. Эчки кайда оттоп жатты эле ?

А) аскада б) жайлоодо

В) талаада г) жолдо



  1. Карышкыр эчкини эмне үчүн чакырды? ___________________________

___________________________________________________________



  1. Эчки карышкырга келдиби? ________________________________



Текстке карата баалоо түшүндүрмѳсү:

1-3-4-суроолор 3 баллдан , анткени окуучу керектүү жоопту тексттен табат, түшүнгѳнү боюнча ѳзү жазат . 2-суроо – 2 балл , окуучу жооптордун ичинен туура деп ойлогонун белгилейт . Жалпы 11 балл . Жооптордун толук , толук эместигине, орфографиялык эрежелердин сакталышына карата 3 баллды бѳлүп коюга болот. Мисалы : Толук – 3 балл,
толук эмес -2 балл,жооп бар бирок ката жазылса- 1 балл, жооп жок – 0 балл ж.б













Математика 1 -вариант

Окуучунун аты-жөнү:___________________________________________



1) Сүрөттө ондуктардан турган боолор, ошондой эле таякчалар көрсөтүлгөн. Сүрөттө бардыгы канча санак таякчалары көрсөтүлгөн? Бул санды жазгыла.



Жообу:______

2) 75 санында канча ондук жана бирдик бар экенин жазгыла.



Жообу: _____онд._____бирд.



3) 7 ондуктан 8 бирдиктен турган санды жазгыла.



Жообу:______



4) Санды разряддык кошулуучулардын суммасы түрүндө көрсөткүлө



48= +

5) 80 санында канча ондук жана бирдик бар экенин жазгыла.



Жообу: ___онд.___бирд.























Математика 2-вариант.

Окуучунун аты-жөнү:___________________________________________




1.О саны цифрага киреби?

А) кээде Б) ооба В) жок Г)эч качан





2.10го чейинки так сандарды белгиле

А) 1,3,5,7,9 Б)1,2,3,4,5

В) 2,4,6,8 Г) 2,3,4,6





3.10го чейинки жуп сандарды белгиле:



А) 1,3,5,7,9 Б) 1,2,3,4,5

В) 2,4,6,8 Г) 2,3,4,6





  1. Сандан санды кемитуу……башталат



А) жуп сандардан Б)ондуктардан



В) так сандардан Г) бирдиктерден





5.Маселенин жообун тапкыла

Тооктун 7 балапаны, ѳрдѳктүн ага караганда 2 ге кѳп балапаны бар. Эмне белгисиз? Ѳрдѳктүн канча балапаны бар?

Жообу : __________











Математика 3-вариант

  1. Бул фигуралардын арасынан төрт бурчтуктарды тапкыла.

Номерлерин көрсөткүлө :



Жообу: ___________________



  1. 20 + 73=

А) 100 б) 93

В) 83 г) 103


  1. 33 - 27 =


А) 6 б) 7

В) 8 г) 5

4) Саат көрсөткөн убакытты жазгыла.

_____ с ___ мин





  1. Айым 12 таттуу нан бышырды. Түшкү тамакта бир нечесин жешкенде дагы 3 таттуу нан калды. Түшкү тамакта канча таттуу нан жешкен?



Чыгарылышы:___________________________

_______________________________________

_______________________________________

_______________________________________

Жообу: __________ ___________



Математика 4-вариант



1. Туура жообун белгиле: Эмне белгисиз?



6+*=9

А)1-кошулуучу Б)сумма


В) 2-кошулуучу Г) кошуу.



Сандарды өсүү тартибинде жайгаштыргыла:


27, 16, 31, 18, 4, 22, 35


__ , __, __ , ___ , ___ ,___ , ____ .

2.











3. 1-кошулуучу 7, 2-кошулуучу 9, сумманы эсептеп чыгып,
туура жообун белгиле.

А)3 Б)10 В)16 Г) 9



4. Бул фигуралардын арасынан тик бурчтуктарды тапкыла.
Номерлерин көрсөткүлө :


Жообу :_______________________



  1. Жайында Анара 12 китеп окуду, бул өткөн жайга караганда
    3 китепке көп. Өткөн жайда Анара канча китеп окуган?

Чыгарылышы:___________________________

_______________________________________

_______________________________________

_______________________________________

Жообу: __________ ___________


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!