СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PISA- 3-класска

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«PISA- 3-класска»

PISA ДЕГЕН ЭМНЕ?

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык

программа (Programme for International Student Assessment).

PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык

программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал «15- жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин ар түрдүү сферасынын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет.

Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат.

Үч жылдык цикл менен өткөрүлгөн бул изилдөө 2000-жылдан бери

жүргүзүлөт.

Ар бир жылы PISA изилдөөсүн жүргүзгөндө, сабаттуулуктун бир түрүнө: окурмандык, математикалык же табигый илимдер боюнча акцент

жасалат. Ошондой эле акыркы жылдары кошумча социалдык багыттагы көндүмдөр, мисалы, маселе чечүү сыяктуу көндүмдөр, компьютердик сабаттуулук, ошондой эле чет тилин билүү билгичтиги да текшерилип жатат.

2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышканы турат Бул иш-чараны утурлай Кыргыз билим берүү академиясында «PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз» аттуу мугалимдер үчүн методикалык колдонмо орус жана кыргыз тилдеринде басылып чыккан. Ал мугалимдерди PISA изилдөөсүнүн концепциясы жана тесттердин мисалдары менен тааныштырат.



PISA кимди баалайт?

Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жашка келип мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт.

PISA эмнени баалайт?

PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.







____________________атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч
класс мугалими __________________________________ PISA-2025 программасы боюнча
3-класстар
үчүн иш планы . 2023-2024-о.ж

Аткарылуучу иштер

мѳѳнѳтү

Жооптуу

1.

PISA- программасынын көрсөтмөлөрү менен таанышуу



2

PISA программасы боюнча аткарлуучу иштердин планын түзүү



3.

Теориялык билимди окуучуларга PISA программасы боюнча жеткирүү




Окуу жана түшүнүү боюнча



1

Окуучулардын сѳз байлыгын ѳстүрүүчү кѳнүгүүлѳр менен иштѳѳ



2

Текст менен иштѳѳ
(калтырылган сѳздѳр)



3

Шар окуу кѳндүмдѳрүн калыптандыруу



4

Текст менен иштѳѳ
( каармандарды аныктоо)



5

Текст менен иштѳѳ( окуганын түшүнүү)



6.

Текст менен иштѳѳ: чаташтырылган сѳздѳр



7.

PISA программасы боюнча тесттерди алуу

Чейрек сайын


8

Алынган тексттерге анализдѳѳ,мониторинг жүргүзүү

Чейрек сайын


Математика боюнча



1

Кѳбѳйтүү жана бѳлүү амалдарын
аткара алуусу



2

Үч орундуу сандарды куроо жана ажырата алуу



3

1000 ге чейинки натуралдык сан катарларын түзѳ алуу кѳндүмү



4

Геометриялык фигураларды таануу, алардын периметрин, аянтын таба алуу кѳндүмү



5

Разряддык бирдиктер аркылуу ѳтүп үч орундуу сандарды кошуу жана кемитүү







Түзгѳн : ______________________________________________




Окуучунун аты, жѳнү: ____________________________


Текст

Бак ичинде куштар сайрайт, өзгөчө булбулдун мукам үнүн уксам дегендер көп. Торгойдун сайраганы да кызыктуу. Асманга бийик көтөрүлүп, канаттарын дирилдетип сайрайт. Кара чыйырчык ар кандай куштардын үнүн туурайт.

Каргалар болсо каркылдайт. Сагызган шакылыктаса, үйгө конок келет деп коюшат. Куштар жазда эмне деп сайрашарын силер билесиңерби?

«Ушул жерге уя салалы, балапан басып чыгаралы» – деп, бирин-бири чакырышат экен.

Жарадар кара чыйырчыктын үнүн магнитофонго жаздырып келип угузса, ошол жердеги чымчыктардын баары заматта учуп кетишиптир. Көрсө, жарадар чымчык: «Бул жерден тезинен качкыла!» – деп жаткан экен.

Ар жандыктын өзүнчө үнү бар. Кечкисин бакалар чардайт. Суурдун кароолчусу ышкырып белги бергенде, жайылып жүргөндөрү ийинине кире качат.

99 сөз, 13 сүйлөм









- Окуу ыкмасы: _________________________


- Окуунун тууралыгы _________________________


- Окуунун ылдамдыгы __________________________


- Окуунун интонациясы: (тыныш белгилерин эске алуу) _____________________


- Окуганын түшүнүү __________________________







Текстке карата баалоо түшүндүрмѳсү:


Шар окууну баалоодо эркек бала менен кыз балага бирдей кызыктуу, жаш өзгөчөлүгунө жана окуу деңгээлине ылайык келген текст колдонулат. 3-класстар үчүн бир нече тааныш эмес сөздөр текстте болушу мүмкүн. Тест шар окуунун төмөнкү компоненттерин баалайт: туура окуу, окуунун ылдамдыгы (темпи), көркөм окуу, тыныш белгилерине көңүл буруу.






Окуучунун аты, жѳнү: ____________________________




Текст : Короз эмне үчүн кыйкырат?

Чымчыктар, жан-жаныбарлар жашаган, тамак таап жеген жерлерин өздөрүнө менчиктеп алышат. Ар кимиси менчигин коргошот. Мисалы короздор «Ку-ка-ре-ку» деп кыйкырышат. Бул жерде мен кожоюнмун дегенди билдирет. Мындай кыйкырыш ата-бабаларынан келе жаткан өнөрү.
Күн сайын таң атканда короздор: «Мен бул жердеги башчымын» -деп кыйкырса, экинчиси «А мен дагы эле тирүүмүн»- деп үн салат. Үчүнчүсү
«Бул жерди мен гана ээлейм»-деп кыйкырып турушат. (65 сөз)



  1. Тексттин кайсы канаттуу жѳнүндѳ сѳз болуп жатат?

____________________________________________________



  1. Короздор кантип кыйкырышат? _________________________________



  1. Биринчи короз эмне деп кыйкырат?

__________________________________________________________



  1. Текстте канча сүйлѳм бар? ____________________________



  1. Короз кандай канаттуу?


А) суу канаттуусу б) үй канаттуусу


В) жырткыч канаттуу г) учкуч канаттуу



Текстке карата баалоо түшүндүрмѳсү:

1-4-суроолор 3 баллдан , анткени окуучу керектүү жоопту тексттеги түшүнүгү боюнча ѳзү жазат . 5-суроо – 2 балл , окуучу жооптордун ичинен туура деп ойлогонун белгилейт . Жалпы 15 балл . Жооптордун толук , толук эместигине, орфографиялык эрежелердин сакталышына карата 3 баллды бѳлүп коюга болот. Мисалы Толук – 3 балл,
толук эмес -2 балл,жооп бар бирок ката жазылса- 1 балл, жооп жок – 0 балл ж.б






Тест: «Калтырылган сөздү табуу» 3-класс


Окуучунун аты-жөнү:___________________________________________


Текст

Айша деген кыз кичинекей сиңдим же иним болсо деп дайыма кыялданчу. Убакыт өтүп, акыры ошол ___________ келди, ата-энеси ыйлаган _____________ баланы – көптөн күткөн чыныгы _____________ үйүнө алып келишти! Айша _______________ жакшы көргөн бул кичинекей _____________ менен ойной алат, ага _______________ баарын үйрөтөт. Суу мылтыктан ________________, ____________ боорсокту, кооз булочканы _____________ ийлеп ______________, альбомго күлкүлүү кебетелерди _______________ үйрөтөт. Ал буга ________________ жатты, тезирээк үйрөтсөм деди. ____________, иниси үйрөнгөнгө, эжесине таптакыр ______________. Ал эч нерсеге карабастан, кечке ______________, тамак жеп, кайра _____________ үчүн гана ойгонуп жатты.

«_______________, кызым, – деди апасы, – бул _____________ азырынча абдан кичинекей. Ал ______________, ага чейин сен ___________ үйрөн, анан ага мугалим болосуң».

105 сөз, 20 сөз түшүрүлгөн



Керектүү сөздөр:

иниң

ай

атканды

балакай

өзүң

азыр

кипкичинекей

жасаганды

бирок

тартканды

шашып

борсойгон

чоподон

билбегенин

уктоо

күн

уктады

ал

билгенинин

чыда

чоңойсун

кызыкпады

эми

кумдан

инисин





Окуучунун ишин баалоо:
1. Таблицада берилген сөздөрдү маанисине
карап сызыкчанын ордуна ылайыктап коюусу: _________________

2. Сүйлөмдун маанисине жана түзүлүшүнө
карай сөздөрдү тандап алуусу: _________________










«Калтырылган сөздү табуу» тести боюнча түшүндүрмѳ:

«Калтырылган сөздү табуу» инструменти боюнча окуучулар текст менен иштешет. Ал текстте биринчи сүйлөм толугу менен берилет. Калгандарынан бешинчи сөзү алынып салынат, анын ордуна сызыкча коюлат же бош калтырып койсо болот. Бул баалоонун максаты –тексттин маанисин тууралаш үчун окуучулар канчалык деңгээлде сөздөрдү туура жана так тандай алаарын көрүү. Боштуктарга сөздөр туура коюлса, окуучу текстти так түшунүп, керектүү лексиканы колдоно алат дегенден кабар берет.


  • бул форма эмнени камтыйт;

  • • кайсы максатта колдонулат;

  • • балдар эмне кылуусу керек: окуп жаткан текстти угуу, андан кийин текстти өз алдынча окуп чыгуу, таблицада берилген сөздөрдү маанисине карап сызыкчанын ордуна ылайыктап коюу;

  • • таблицада ашыкча сөздөр да бар, ошондуктан сүйлөмдун маанисине жана түзулушунө карай сөздөрдү тандап алуу керек;

  • • жумуштун эрежеси: өз алдынча иштөө, жумушту мугалимдин буйругу менен баштоо жана бутүрүү;

  • • форманы толтуруу үчун 20 мунөт убакыт берилет.








































Ташбака менен коён .


Ташбака менен коён кимиси кыйын чуркайт деп мелдеше кетишет. Ошентип мелдеш башьалды. Коён ѳзүнүн шамдагайлыгына ишенип , ташбакага мындай деди:

- «Сен акырын баса бер, мен бир аз эс алып анан бат эле сенден ашып кетем» . Ошентип ал жолдун четине жатып уктап калды. Ал эми ташбака акырын маараны кѳздѳй жыла берди . Ошентип ал уктап жаткан коёнду артта калтырып биринчи келип, жеңишке ээ болду.

Бул тамсилдин мааниси , канчалык кыйын болсоң дагы аракет кылбасаң жеңишке жетпейсин.


  1. Тексттеги каармандар кимдер? _________________________________________________



  1. Коён эмне үчүн артта калды ?
    А) уктап калды б) ойноп жүрдү
    в) шамдагай болду г) кыйын болду



  1. Ташбака кандай басат ?
    а) тез басат б) акырын басат
    в) баспайт г) сойлойт



  1. Мелдеште ким жеңди ? _________________________________________





  1. Бул тамсилдин мааниси кандай?
    _____________________________________________________________________________________________________________________­­­­­­­­­­­­­­­­­­_________________________









Текстке карата баалоо түшүндүрмѳсү: 1-4-5 -суроолор 3 баллдан , анткени окуучу керектүү жоопту тексттеги түшүнүгү боюнча ѳзү жазат. 2-3- -суроолор – 2 балл , окуучу жооптордун ичинен туура деп ойлогонун белгилейт .
Жалпы 13 балл . Жооптордун толук , толук эместигине, орфографиялык эрежелердин сакталышына карата 3 баллды бѳлүп коюга болот. Мисалы Толук – 3 балл, толук эмес -
2 балл,жооп бар бирок ката жазылса- 1 балл, жооп жок – 0 балл ж.б









































Математика 3- класс 1- вариант

Окуучунун аты жѳнү ;______________________________

1. Тегерек миңдиктерди тапкыла.

А) 2345, 2648 Б) 1728,2000

В) 2736, 3000 Г) 1000,4000

2 . 60 барактуу китептин калыңдыгы 1см

болсо,анда 240 беттуу китептин

калыңдыгы канча см болот?

Чыгаруу;______________________________________
________________________________Жооп:_________

3. Миңдиги 4 болгон санды тапкыла.

А) 2604 В) 4758

Б) 1635 Г) 7463

4 . 5 саатта канча минута бар?

________________________

_________________________

_____________________ Жооп: _________



5. 6, 4, 5, 1, 8, 0, 3 сандарынын жардамы менен бир нече төрт орундуу сандарды жазгыла.

____________________________________________________________________________________________________________________________

6. Жаңыл бир сан ойлоду. Ошол ойлогон санына 1353 санын кошкондо, 3602 саны келип чыкты. Жаңыл канча деген санды ойлогон? Теңдеме тузуп чыгаргыла.

________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________



Математика 3- класс 2- вариант

Окуучунун аты жѳнү ;__________________________

1. 148 жана 10 сандарынын көбөйтүндүсүнө 345 санын кошкула

______________________________________________________________________________________________________ Жооп: ______________

2. 1 кг да канча грамм бар?

А) 10 грамм В) 100 грамм

Б) 1000 грамм Г) 110 грамм

3. Сүрөттөн эмнелерди көрүп турасыңар?







Бир тоок 1 күндө 1 жумуртка тууса, 3 тоок 3 күндө канча жумуртка тууйт?

______________________________________________________________________________________________________________ Жооп: __________

4. Сандын төрттөн бир бөлугү 5 болсо, ал сан канча?

А) 10 В) 20

В) 30 Г) 2



5. 2 тоннада канча килограмм бар?

А) 100 кг В) 1000 кг

Б) 2000 кг г) 200 кг







Математика 3- класс 3- вариант

Окуучунун аты жѳнү ;__________________________________

1. Ар бири 34 сомдон болгон дептердин 25 даанасы канча сом болот?

А) 560 В) 640

Б) 850 Г) 770

2. Атам 20 сом берди. Анын 4 төн бирине альбом сатып алдым. Менде канча сом калды?

Чыгаруу;____________________________________________________________________________________________________________________ _

3 . Сүрөттө эмнелер турат? Эки көк, бир кызыл алма турат









Ошол кызыл алманы алып, койсо идиште канча алма калат?

А) 2 В) 1

Б) 3 Г) 4



4. 4761*1 мисалынын жообун тапкыла

А) 1 В) 47

Б) 4761 Г) 61













Математика 3- класс 4- вариант

Окуучунун аты жѳнү ;__________________________

1. Мен сан ойлодум. Ага 10ду кошсо,сумма 15 ке барабар болот . Мен кайсы санды ойлодум? Мен ойлогон санды х менен белгилеп, тендеме чыгаргыла.

_ _______________________________________________________________________________________________________________________________

2. Апамдын 1000 сому бар эле. Базардан бир баштык сатып алгандан кийин, 150 сому калыптыр.Апам баштыкты канса сомго алган?

Чыгаруу;_______________________

______________________________

_____________________________

______________________________

______________________________



3. Беш чымчыкта канча бут бар?

А) 5 В) 20

Б) 15 Г) 10

4. Тоок таразага эки буттап турганда 5 кг чыгат.

Ал эми бир буттап турса канча кг чыгат?

Чыгаруу;__________________________

__________________________________

__________________________________
__________________________________











2- вариант

1 . 1825

2. б

3. 9 жумуртка

4. в

5. б



Жооптору;

1- вариант

1. г

2. 2см болот

3. в

4. 300 минута.

6. 2249



3- вариант 4- вариант

1. б 1. 5 саны

2. 15 сом калды 2. 850 сомго алган

3. б 3. Г

4. б 4. 5кг чыгат




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!