СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PISA- 4-класска

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«PISA- 4-класска»

PISA ДЕГЕН ЭМНЕ?

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык

программа (Programme for International Student Assessment).

PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык

программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал «15- жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин ар түрдүү сферасынын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет.

Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат.

Үч жылдык цикл менен өткөрүлгөн бул изилдөө 2000-жылдан бери

жүргүзүлөт.

Ар бир жылы PISA изилдөөсүн жүргүзгөндө, сабаттуулуктун бир түрүнө: окурмандык, математикалык же табигый илимдер боюнча акцент

жасалат. Ошондой эле акыркы жылдары кошумча социалдык багыттагы көндүмдөр, мисалы, маселе чечүү сыяктуу көндүмдөр, компьютердик сабаттуулук, ошондой эле чет тилин билүү билгичтиги да текшерилип жатат.

2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышканы турат Бул иш-чараны утурлай Кыргыз билим берүү академиясында «PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз» аттуу мугалимдер үчүн методикалык колдонмо орус жана кыргыз тилдеринде басылып чыккан. Ал мугалимдерди PISA изилдөөсүнүн концепциясы жана тесттердин мисалдары менен тааныштырат.



PISA кимди баалайт?

Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жашка келип мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт.

PISA эмнени баалайт?

PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.







4. Г.А.Бакиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс мугалими __________________________________ PISA-2025 программасы боюнча
4-класстар үчүн иш планы .

Аткарылуучу иштер

мѳѳнѳтү

Жооптуу

1.

PISA- программасынын көрсөтмөлөрү менен таанышуу



2

PISA программасы боюнча аткарлуучу иштердин планын түзүү



3.

Теориялык билимди окуучуларга PISA программасы боюнча жеткирүү




Окуу жана түшүнүү боюнча



1

Текстти жалпы түшүнүү кѳндүмү



2

Текстти чечмелѳѳ кѳндүмү



3

Ачык жана жабык түрдѳгү тапшырмалар менен иштѳѳ



4

Тексттен негизги ойду аныктоо



5

Тексттен керектүү маалыматтарды таба билүү



Математика боюнча



1

Типтүү маселелерди чыгарууну билүү
( пайыздар, бѳлчѳктѳр, чоңдуктар , туура жана тескери пропорционалдуулук)



2

Чоңдуктарды ченѳѳнү билүү



3

Геометриялык фигураларды айырмалоо



4

Сан, баа, нарк чоңдуктары менен иштей алуу



5

Эң жѳнѳкѳй теңдемелерди чыгара билүү



6

Туюнтмаларды эсептей алуу кѳндүмдѳрү



7

Амалдарды аткаруу тартибин билүү



8

Миллиондун тегерегиндеги сандарды окууну жазууну билүүсү



9

Эки орундуу сандар менен жүргүзүүчү амалдар



10

Байкоону, салыштырууну , корутундуну билүүсү









Текст менен иштѳѳ кѳндүмдѳрү

Билим алуу процессинде балдар негизинен тексттердин эки түрүнө учурайт: маалыматтык (окуу китептериндеги тексттер, балдар энциклопедиясы, балдардын таанып билүү журналдары ж.б.) жана көркөм (окуу сабактарында, класстан тышкаркы убакта өтүлүүчү тексттер жана өз алдынча окулуучу көркөм чыгармалар). Ошон үчүн изилдөөдө окуп- түшүнүүнүн эки негизги милдети бөлүнүп каралат:


1. Адабий билим алуу үчүн окуу. Буга адабият сабактарында, ошондой эле үйдөн өз алдынча окулган көркөм адабияттарга окшогон тексттер кирет. Адабий билим алуу үчүн окуу окурманды адабий чыгарманы, анын өзгөчөлүгүн, темаларын, идеяларын, көйгөйлөрүн, окуяларын, каармандарын, тилдик сүрөттөп-көрсөтүү каражаттарын өздөштүрүүгө тартат. Окурман чыгарманы өзүнүн окурмандык жана турмуштук тажрыйбасынын негизинде талдайт. Ал каармандарга жана алардын иштерине баа берет, окуялардын болжолдуу өнүгүшү ж.б.у.с. жөнүндө ой жүгүртөт. Көркөм текст окурманды адеп-ахлакка байланыштуу тыянак чыгарууга түртөт.

2. Маалымат алуу үчүн окуу. Буга окуу китептериндеги же илимий-популярдуу журналдардагы макалалар сыяктуу маалымат берүүчү, таанытып билдирүүчү тексттер кирет. Окуунун бул түрү, демейде, окуу китептерине, жардамчы окуу куралдарына, гезит-журналдардагы, маалымдамалардагы, энциклопедиялардагы макалаларга байланыштуу. Бул тексттер маалымат алуу жана түшүнүү үчүн окулат. Бул үчүн тексттен башкы ойду белгилөө, керектүү маалыматты табуу, башкысы менен экинчи катардагы нерселерди ажырата билүү, тексттен кандай маалымат алса болорун, кандайын болбосун түшүнүү, ойдун логикасын жана далилдерди баамдоо керек болот. Тексттен туура багыт алып, окурман бүтүндөй текст менен да, анын үзүндүлөрү менен да иштей алат.

Тапшырмалардын турлору:

Жабык түрдѳгү тапшырмалар

  1. Жоопту тандоо керек болгон тапшырмалар; (тѳрт варианттан бир жоопту тандайт)

Ачык түрдѳгү тапшырмалар:

  1. Кыска жоопту жазып бериш керек болгон тапшырмалар;(жоопту бир же бир нече же кыска сүйлѳм менен жооп жазат)

  2. Жообун толугу менен тушундуруп бериш керек болгон тапшырмалар (ѳз ой жүгүртүүсүн чечмелеп жазып,мисал келтирип,жапылап тыянак чыгарып берет)

Окуу аспекттери:

1. тексттин жалпы түшүнүгү;

2. текстти чечмелөө;

3. окурман менен тексттин байланы шы;

4. тексттин формасынын мазмундуулугу.









1. Тексттин жалпы түшүнүгү – бул текстти бир бүтүн катары караган окуунун аспектиси. Ал өзүнө төмөнкү баалануучу билгичтиктерди камтыйт:

тексттеги негизги ойду / теманы аныктай билүү;

тексттен керектүү маалыматты таба алуу;

тексттен кайсы маалыматты алса болорун / болбосун аныктай алуу.


2. Текстти чечмелөө – бул текстти бир бүтүн бойдон эмес, ар кайсы бөлүктөргө бөлүп караган окуу аспектиси. Бул аспектте төмөнкү билгичтиктер текшерилет:

текстте сүрөттөлгөн окуялардын жана кубулуштардын себептерин аныктай алуу;

каармандын иштерин жана сөздөрүн түшүндүрө билүү;

каармандын мүнөзүнүн негизги сапаттарын аныктай алуу;

контекстке жараша сөздүн же айтымдын маанисин түшүнүү, маалыматты жалпылап өз алдынча тыянак чыгара алуу.


  • Окуучу алынган билимди системалаштыра алат

Алынган маалыматты чечмелей билүү окуучу текстти түшүнгөндүгүн, аны өз алдынча талдай аларын жана тексттин ар түрдүү аспекттерине көӊүл буруп окуган нерсеси жөнүндө негиздүү ой жүгүртө аларынан кабар берет.



3. Окурман менен тексттин ортосундагы байланыш бул окуу аспекти эӊ алды, канчалык деӊгээлде окуучу тексттен алыстап, өз алдынча ой жүгүртө аларын аныктоого багытталган. Бул аспектте тексттин мазмуну окуучунун турмуштук жана окурмандык тажрыйбасы менен айкалышат. Окуунун бул аспектинде төмөнкү билгичтиктер бааланат:

тексттин аталышы менен иштей алуу;

тексттин акыл-насаат берүүчү маанисин таба алуу;

далил келтире алуу;

тексттин мазмунун өзүнүн дүйнө жөнүндө билими менен байланыштыра алуу.

4. "Тексттин формасынын мазмундуулугу"

Текстти бул аспекте карап чыгуу анын уюштурулушун талдоону көздөйт.

















4- класс . Сѳз байлыгы. Сѳздѳрдүн синонимдерин жана антонимдерин табуу

Окуучунун аты-жөнү:_________________________________________

кенедей

күлкүлүү

ар бир

кичинекей

1.Үлгү:

Таблицанын ар бир катарынан алды сызылган сөзгө мааниси жакын сөздү үлгүдөгүдөй кылып тегеректе.

1.

аброй

көңүл

бедел

салмак

2.

дароо

капыс

бачым

токтоо

3.

капалануу

кайгыруу

биригүү

ойлонуу

4.

жип

буурчак

желим

аркан

5.

чыгуу

чогулуу

көтөрүлүү

аралашуу

6.

жалындуу

жылма

жакын

ысык

7.

дилгир

момун

ынтызар

шашма

8.

кайраттуулук

эрдик

тактык

кыймылдуулук

9.

жанында

алыс

катар

жалгыз

10.

кайрымдуулук

мээримдүүлүк

аракетчилдик

бакубатчылык

11.

убайымчыл

мээнетчил

иштерман

кайгычыл

12.

кайтарымсыз

кайратсыз

акысыз

катасыз

13.

какшык

текебер

кайгысыз

мыскыл

14.

албетте

мурдагы

жакында

сөзсүз

15.

ыкчамдык

ыргактуулук

шамдагайлык

аралашкандык



кенедей

күлкүлүү

ар бир

чоң

2 Үлгү:

Таблицанын ар бир катарынан алды сызылган сөзгө мааниси жагынан карама-каршы келген сөздү үлгүдөгүдөй кылып тегеректе.



1.

узун

алыс

кыска

орто

2.

дароо

капыс

шашпай

токтоо

3.

шайыр

түнт

ырдоо

ойлонуу

4.

дос

буурчак

душман

аркан

5.

чыгуу

чогулуу

кирүү

аралашуу

6.

суук

жылма

жакын

ысык

7.

тентек

момун

шок

шашма

8.

кайраттуу

эрдик

тактык

кайратсыз

9.

жакын

алыс

катар

жалгыз

10.

кайрымдуулук

мээримдүүлүк

аракетчилдик

кайрымсыздык

11.

эмгекчил

мээнетчил

жалкоо

кайгычыл

12.

тайманбастык

кайратсыз

акысыз

коркоктук

13.

катуу

текебер

жумшак

мыскыл

14.

бүгунку

мурдагы

жакында

эртеңки

15.

жакшылык

ыргактуулук

шамдагайлык

жамандык










Окуучунун аты,жѳнү _____________________________________ классы: _________________


Текстти кунт коюп окуп чык , суроолорго жооп бер


Бир кишинин эки баласы бар эле. Атасы улуу баласын жакшы көргөндүктөн, энчинин баарын улуу баласына бермек болду. Энеси: «Энчини экөөнө тең бөлүп берели», – деп кеңеш салды. Күйөөсү аялынын акылын укпады. Аялы таарынып, чийдин түбүндө ыйлап отурду. Жолдон өтүп бара жаткан жолоочу аялды көрүп:

– Эмнеге ыйлап жатасыз? – деп сурады.

Жолоочу окуянын жайын түшүнгөн соң, аялга айтты:

– Сиз ыйлабаңыз, андан көрө кичүү балаңызды окууга жибериңиз.
Билим – түгөнбөс байлык. Атанын дөөлөтү колдун кириндей, бат эле жоголот.

Аял жолоочунун сөзүнө макул болду да, баласын алыскы жерге окууга жиберди. Бала көп жылы тырышып окуп, түрдүү сонун өнөр үйрөнүп, абдан бай болду. Агасы ата дөөлөтүнө мас болуп жүрүп, өнөрдөн куру кол калды. Ата дөөлөтү бүтүп, жарды болуп калган агасы инисинен жардам сурап келди.

  1. Текстте канча каарман бар?

А) 3 Б) 4 В) 5 Г)6

2. Жолоочу аял энеге эмне деп кеңеш берди? Жообун жазгыла .
_________________________________________________________________________

_________________________________________________________________________

  1. Атасы кайсы баласын жакшы кѳрѳт эле ? Жообун жазгыла
    _______________________________________________________________________



  1. Тѳмѳнкү ырастоолорду туура же каталыгын белгилегиле .


Ырастоолор

Туура

Ката

1

Күйөөсү аялынын акылын укту .



2

Атасы улуу баласын окууга жиберди



3

Кичүү баласы окуп , ѳнѳр үйрѳнүп абдан бай болду.



4

Агасы жарды болуп калды.





  1. Тексттин мазмунуна ылайык келүүчү макалды белгилегиле:

А) Мекенден айрылганча ѳмүрдѳн айрыл.

Б) Артык дѳѳлѳт баш жарат.

В) Билим – түгөнбөс байлык

Г) Эмгекчинин наны таттуу, жалкоонун жаны туттуу.

















1 Тексттин жообун баалоо

  1. В) 5 3 балл

  2. Жооп : Кичүү балаңызды окууга жибериңиз . 3 балл

  3. Жооп : улуу баласын 2 балл

  4. 4 балл ( Баарын туура белгилесе 4 балл, ар бир ката үчүн балл кемитилет)


Ырастоолор

Туура

Ката

1

Күйөөсү аялынын акылын укту .


+

2

Атасы улуу баласын окууга жиберди


+

3

Кичүү баласы окуп , ѳнѳр үйрѳнүп абдан бай болду.

+


4

Агасы жарды болуп калды.

+


  1. В) Билим – түгөнбөс байлык 3 балл

Жалпы – 15 балл




















































Окуучунун аты,жѳнү _____________________________________ классы: _________________

Текстти кунт коюп окуп чык

Кемел кыларга иш таппай эригип келе жатып, жол жээгинде дан сүйрөп бара жаткан кумурсканы көрдү да, аны менен ойномокчу болду. Кумурска бара жаткан жолго бир ууч топурак төгүп, анын эки жагын кырдап “тоо” кылып койду.
Кемел жасаган “тоодон” жемин сүйрөп араң ашты да, сапарын андан ары улады. Кумурсканын балбандыгы Кемелге жаккан жок. Ал баягыдан да бийик “тоо” жасады кумурсканын жолуна. Кумурска балбан да кыйын экен. Чымырканып бул “тоону” да ашып өттү. Кемелдин чындап ачуусу келди, “көл” жасап “атаандашын” чөктүрмөкчү болду.
Нарыдан-бери алакандай жерди азды да, ага суу толтурду. Анан кумурсканы эки жагынан тороп, “көлгө” карай түз барууга мажбурлады.
Эрктүү кумурска суудан да корккон жок, өчөшүп алгансып, түз эле “көлгө” түштү.Бир аз сүзүп эс алмакчы болдубу, же чапчадыбы, айтор, даны оозунан түшүп, “көлдүн түбүнө” чөгүп кетти. Ошончо жолдон талбай сүйрөп келе жаткан жем ”көл түбүнө” түшүп кеткенине кумурсканын ичи тызылдап ачышты. А Кемел олсо, “чоң эрдик” кылгансып табалап карап отурду.
Бир кезде байкуш кумурска ѳзү аман калганына каниет кылдыбы, “көл жээгине жетип сыртка чыкмакчы болду. Кемел чырпык менен кумурсканы сыртка түртүп, өзү жасаган “көлгө” чындап эле чөктүрүүнү ойлоду. Кумурска да өжөрлөндү, чырпыкка бекем жабышып алды. Кемел чырпыкты жерге таштады да, топуракты алып келип, кумурсканы көмүп салмакчы болду. Анан көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Өзү миң азапка салган кумурска кыбырап басып, алгачкы келе жаткан тарапты көздөй баратыптыр.
Кайрадан данга бара жатканын Кемел түшүндү да, кумурсканын балбандыгына, эрктүүлүгүнө, эмгекчилдигине таң калды.

2) Кумурска данын кантип алып өттү?

А. Данын кеме кылып алып өттү Б. Данын тиштеп алып өттү В. Даны жок болчу Г. Чарчаганынан улам даны оозунан көлгө түшүп кетти

1)Кемел кумурсканы кантип өлтүрдү?

А) Сууга чөктүрүп
Б) Өлтүргөн жок
В) Топуракка көмүп
Г) Чырпык менен уруп

3) Кемел экинчи жолу бийик тоо жасаганда, кумурска кантип тоону ашып өттү?
А.Тоону ашкан жок Б.Данын таштап өзү тоону ашып өттү В.Чымырканып тоону ашып өттү
Г Чуркап эле тоону ашып өттү

4) Эрктүү сөзүнүн антонимин тапкыла? _________________________________________________


5) Байкуш сөзүнүн синонимин тапкыла? __________________________________________


6) Кыбырап сөзүнүн антонимин тапкыла? ____________________________________

7) Эрктүү, байкуш, кыбырап сөздөрүнүн синонимдерин тапкыла
А.Күчтүү,бечара,эзилип Б.Күчсүз,текебер,эзилип В.Текебер,ыкчам,күчсүз Г. Күчтүү, текебер, ыкчам

8) Сүйлөмдү толуктап жазгыла?
Кумурска да өжөрлөндү,________________________ бекем жабышып алды.
9. Кемелдин кумурскага жасаган тоскоолдуктарын ирети менен жаз.
1._______________________________________________________________________________
2._______________________________________________________________________________
3._______________________________________________________________________________
4._______________________________________________________________________________
5._______________________________________________________________________________

10) Абзацты окуп чыгып, мааниси боюнча темасын атагыла?

Эрктүү кумурска суудан да корккон жок, өчөшүп алгансып, түз эле “көлгө” түштү. Бир аз сүзүп эс алмакчы болдубу, же чарчадыбы, айтор, даны оозунан түшүп, “көлдү түбүнө” чөгүп кетти. Ошончо жолдон талбай сүйрөп келе жаткан жеминин “көл түбүнө” түшүп кеткенине кумурсканын ичи тызылдап ачышты. А Кемел болсо, “чоң эрдик” кылгансып табалап арап отурду.

________________________________________________________________________________

2 Тексттин жообун баалоо

  1. Б) Өлтүргөн жок - 3 упай

  2. Г. Чарчаганынан улам даны оозунан көлгө түшүп кетти - 3 упай

  3. В.Чымырканып тоону ашып өттү -3 упай

  4. Күчтүү - 2 упай

  5. Бечара - 2 упай

  6. Эзилип, акырын, жай - 2 упай

  7. А.Күчтүү,бечара,эзилип - 3 упай

  8. Кумурска да өжөрлөндү, чырпыкка бекем жабышып алды. – 3 упай

  9. 1. Тоо кылып койду

  1. Андан да бийик тоо жасады

  2. Кѳл жасады

  3. Чырпык менен түрттү

  4. Кумурсканы кѳмүп салмакчы болду -5упай

  1. “Тырышчаак кумурска” , “Кумурска жеминен ажырады” , “Эрктүү кумурска” -5 балл

Жалпы: 31 упай







































Окуучунун аты, жѳнү _____________________ классы: _________
№3 ЖҮЗ ТОПЧУ

Бакыттын шымындагы топчу үзүлүп калат. Ал шымын бир колу менен,топчусун экинчи колу менен кармап, үйүн көздөй чуркап жөнөйт." Эне, – дейт ал, – топчумду тезирээк тигип бериңизчи!" Бакыттын энеси болсо – сүрөтчү. Ал үстөлдө балдар китеби үчүн сүрөт тартып отурган." Коё турсаң, Бакыт, – дейт энеси, – азыр чолом тийбейт. Андан көрө өзүң эле ийне-жип алып, тигип албайт белең."

Бакыт ийне менен жип алып, топчуну өзү тикмекчи болот. Жипти саптайын десе, колунан келбей коёт. Көпкө чейин алышып, акыры жиптин учун ийненин көзүнө киргизет. Анан жиптин учун түйүп коёт, көрсө, бул да оңой эмес экен.Топчуну тиге баштады эле, ийненин учу топчунун тешиктерине батпайт,анысы аз келгенсип, колун да сайып алганы аз калат, жип болсо кайра-кайра үзүлө берет.Дегеле иш оңунан чыкпайт.

Бул учурда энеси сүрөттү тартып бүтүп, ийне менен жипти өз колуна алат да, бир заматта топчуну тигип коёт..

– Эне, энекебай, – деп сурайт Бакыт, – эмнеге топчуну тигиш мен үчүн кыйын,сиз үчүн оңой болду?

– Мен мындай топчудан жүздү тиккен болушум керек, ошон үчүн оңой да.

– Эмне, мен жүздү тиксем, мен үчүн да оңой болуп калабы?

– Албетте, ошондой, Бакыт, – деп жооп берет энеси.

Бакыт шымын кийди да короого чуркап чыкты.

Эртеси күнү, эртең менен эрте жамгыр жаап, энеси жумушка барышы керек болуп, Бакыт үйдө жалгыз калат. Топчулар, ийнелер, жиптер салынган кутучаны алып, топчу тиккенди үйрөнө баштайт.Башында эки топчуну ал пардага тигип коёт. Анан бешөөнү – дасторконго,дагы төртөөнү – өзүнүн свитерине тигет.Тиккен сайын, жакшыраак боло берет. Энеси болсо дагы эле келе элек.

Ошондо Бакыт анын халатын алат да, ага төрт чоң жашыл топчуну, эки кызыл топчуну жана бир кичинекей күрөң топчуну, алжапкычына алты топчуну, аш үйдөгү сүлгүгө болсо дагы эки топчуну тигет! Ар бир кийинки топчуга улам азыраак убакыт кетет!

Анан энеси келип, туш келген жерге тигилген топчуларды көрүп, күлөт. Ошол топчуларды этияттап кесип салууну буюрат. Ал эми эң акыркы топчуну кечинде,уктаганы жатарда байкайт – ал топчу жаздыгынын нак ортосуна тигилген экен!

Л.Е. Улицкая боюнча


1. Бул тексттеги башкы ой кандай?

(А) Убакытты текке кетиргенге болбойт
(Б) Бардыгы топчу тиккенди билүүгө тийиш

(В) Бир нерсени үйрөнүш үчүн эмгектениш керек
Г)Жаш өткөн сайын адам бардыгын үйрөнө алат


2.Эмне үчүн Бакыт шымына топчуну өзү тиге албай койду?

(А) Ал короого, балдар менен ойногону шашып жатты

(Б) Анда бышык жип жок болчу (В) Анда туура келгидей топчу жок болчу

(Г) Ал мурда мындай иш жасап көргөн эмес


3.Тексттен биринчи жолу топчу тигип көрүү оңой-олтоң иш эмес экенин далилдеген бир мисалды таап жазып бер.
_____________________________________________________________________________________


_____________________________________________________________________________________


4.Энеси: «Мен мындай топчудан жүздү тиккен болушум керек, ошон үчүн оңой да» деп айтканда, ал муну менен кандай ойду билдиргиси келди?

(А) Топчу тигүү – оңой эле иш

(Б) Энеси өз өмүрүндө туптуура жүз топчу тиккен

(В) Эгерде Бакыт жүздөн аз топчу тиксе, анда ал топчу тиккенди үйрөнө албайт

(Г) Топчу тиккенди үйрөнүш үчүн муну көп ирет жасап көрүш керек


5.Бакыттын мүнөзүнүн кандай жагы бул текстте эң көп көрсөтүлгөн?

(А) Тентектиги (Б) Тыкандыгы

(В) Тырышчаактыгы (Г) Жеңил ойлуулугу


6.Бакытка топчуну тигүү тууралуу ой эмнеден улам келди?

А. Апасынын топчу кадаганын коруп Б. Шымынын топчусу узулуп калгандан

В. Ага топчулар абдан жаккандыктан Г. Зериккенден улам


7.Эмне учун Бакыт бардык жерге топчунун кадап чыкты?

А. Ал топчу кадоону үйрѳнгүсү келди Б. Апасын кубанткысы келди

В. Топчулар менен кооздогусу келди Г. Топчу кадоо Бакытка жакты


8.Сенин оюнча Бакыт топчу кадоону үйрѳндүнбү? Эгер үйрѳнсѳ тексттен сүйлѳмдѳр менен далилдеп бер.

____________________________________________________________________________________


_____________________________________________________________________________________


9.Бакыттын энеси алгач топчу кадоодон эмнеге баш тартты?

А. Бакыттын озу кадоосун кутту Б. Колу бош болбогондуктан

В. Сүрѳтчү болгондуктан Г. Топчуну үзгѳнүнѳ ачуулангандыктан



10.Тексттеги:" Коё турсаң, Бакыт, – дейт энеси, – азыр чолом тийбейт-деген сүйлѳмдѳгү"чолом тийбейт" деген сѳздүн маанисин кандай түшүнѳсүңѳр?


________________________________________________________________________




ЖҮЗ ТОПЧУ” текстин баалоо


1. (В) Бир нерсени үйрөнүш үчүн эмгектениш керек 2 балл


2. (Г) Ал мурда мындай иш жасап көргөн эмес 2 балл


3. Жооп: Топчуну тиге баштады эле, ийненин учу топчунун тешиктерине батпайт,анысы аз келгенсип, колун да сайып алганы аз калат, жип болсо кайра-кайра үзүлө берет.

Дегеле иш оңунан чыкпайт. 3 балл


4. (Г) Топчу тиккенди үйрөнүш үчүн муну көп ирет жасап көрүш керек 2 балл


5. (В) Тырышчаактыгы 2 балл


6. Б. Шымынын топчусу узулуп калгандан 2 балл

7. А. Ал топчу кадоону үйрѳнгүсү келди 2 балл

8. Жооп: Тиккен сайын, жакшыраак боло берет, же Ар бир кийинки топчуга улам азыраак убакыт кетет! 3 балл

9. Б. Колу бош болбогондуктан 2 балл
10. Жооп: колум бош эмес, убактым жок, бош эмесмин деген сыяктуу сөздөр
3 балл

Жалпы : 23















Уюкка тийбе!

Карагайдын жоон тамырынын чытырманында сары аарынын уюгу бар болчу. Ал уюкту мен балдар менен отун алып, карагат терип жүрүп көргөнмүн. Уюктун бети аары бал жыйнаган момго окшоп, анда аарылар тынбай учуп-конгонуна кызыккамын. Ии, ичи кеӊ го, балы көп го деп ойлодум. Бирок балынан анын түпкүрүндө өтүп жаткан турмушун билгим келди.

Шибердин арасынан кулачтай таякча таап алып, уюкка жакын барып, бир азга карап турдум. Жыбырап тешиктерге бири кирип, бири чыгып жатышты.

Ошол замат таяк менен уюкту «күрт» сайдым да, кылчайбастан качып жөнөдүм. Кырк-элүү метрдей узап барып, ай эми мага тийбес деле деп караганымда, бузулган уюктун үстүндөгү бызылдаган аарылар өзүнчө эле бүлүк түштү.

«Кантишээр экен. Бузулган уюгун таштайбы же аны баарылап оӊдоп алышабы?» деп алыстан карап турганымда «ызз» эткен дабышка удаа чекеме октой тийген аарынын чагышы башымды зыӊгыратып жиберди. Ошол замат эле ушунча катуу ооруду дейсиӊ, аары чакпай эле көк союл башыма «тарс» согулгандай кеӊгирей түштүм.

Бат эле чекем кыпкызыл болуп шишип чыкты. Эрксизден көз жашым тамды. Yйгө араӊ жеттим.

-Ии, балам, чала сага. Ушуну көрсөксүӊ. Уюкка тийбей жүр дебедим беле. Энесинин тилин албаган бала сенчилеп аарыга чактырат!



Суроолорго жооп бер

1.Эмнеге энеси баласын аягандын ордуна кайра аны жемеледи?

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



2.Энеси туура кылдыбы же туура эмеспи? Эмне үчүн?

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3.Энеси баласынын уюкка тийгендигин кантип билди?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Болжолдуу жооптор:

1.Ата-эненин тилин албаган балдар дайыма кыйынчылыктарга туш болушат.

2. Туура кылды, анткени эне дайыма баласына жакшы гана нерселерди калайт.

3.Баласынын чекеси кыпкызыл болуп шишип келди.







Эр жүрөк кыз

Партизандар алыс жүрүшүп,токойдон өйдө чыгышты. Буларды бүгүн быякка командир чалгынга жиберген эле. Тапшырма так аткарылды. Партизандар жакынкы токойго жашыныщты. Лена мында калып, алыска кулак түрдү.

Кокусунан жогортон эле келе жаткан мотордун үнү алыстан угулду. Жолдо немецтердин машиналары өйдө-төмөн ылдам өтүп жатышкан эле. Лена муну көрөр замат көпүрөнүн астына жашына калды. Бир аз тыяшап, бат эле жанындагы гранатаны сууруп алды. Бир маалда душмандын жеӊил машинасынын карааны жакын жерден көрүндү. Кыз илгери жылып келип, гранатасын ыргытты. Бат эле катуу жарылуу болду. Машина артка бурулуп, жакын токтоду. Андан генерал чыгып, төмөн качып жөнөдү. Бирок Лена генералды атып жиберди. Жарадар болгон генерал бат эле колго түштү.



1.Партизандар кайсыл жердеги токойго жашынышты?

_____________________________



2. Тексттеги башкы каарман ким?

______________________________



3.Машинадан ким чыгып, төмөн качып жөнөдү?

______________________________











Математика . 1- Вариант


Окуучунун аты, жѳнү ______________________________________________



1. Танапис сааттын төрттөн бир бөлүгүнө созулат. Бул канча минута?



(А) 10 (Б) 15 (В) 20 (Г) 30



2. Ромашка жана коңгуроо гүлдөр гүлдестесинде бардыгы болуп 35 гүл бар . Эгерде ромашкалар гүлдестенин жетиден бир бөлүгүн түзүшсө, бул гүлдестеде канча коңгуроо гүл болгон?



(А) 5 (Б) 6 (В) 28 (Г) 30



3. 300 секунданы минуталарда туюнткула.

Жооп: __________ мин



4. Сүрөттө канча бешбурчтук тартылган?


Жооп : _______________________

5. Бир альбом 12 сом 50 тыйын турат. Ушундай 14 альбом канча турат?

Жооп: ______________ сом


6.Эгерде тикбурчтук формасындагы участоктун узундугу 8 м, ал эми кеңдиги 6 м болсо, анда анын айланасындагы кашаанын узундугун эсептегиле.

Чыгарылышын жазгыла

Жооп : ________________




Математика . 2- Вариант


Окуучунун аты, жѳнү _________________________________________


1. Квадраттын периметри жактарынын узундуктары 6 см жана 4 см болгон тикбурчтуктун периметрине барабар. Бул квадраттын жагынын узундугу эмнеге барабар?



(А) 12 см (Б) 10 см (В) 5 см (Г) 4 см



2. Теңдемени чыгаргыла 2513 + x = 6000



Жооп: __________________



3. (197 + 0 ⋅ 25) : 1 туюнтмасынын мааниси эмнеге барабар?

Жооп : ____________________



4. ( 420+110) : ( 2*5) – 47 туюнтмасында кайсы амал акырында аткарылат?


(А) Кошуу (Б) Кемитүү (В) Бөлүү (Г) Көбөйтүү



5 . Ар биринин салмагы 2 кг дан болгон 7 пакет унга кожоюн аял 210 сом төлөдү. 1 кг ун канча турат? Маселени чыгаруу үчүн сандык туюнтманы жазгыла жана анын маанисин тапкыла.

Жооп : _______________________ сом


6..Узундугу 180 м болгон жарыш жолунун карама-каршы баштарынан бир мезгилде бирине бири каршы Бакыт жана Андрей чуркап чыгышкан. Эгерде Бакыттын ылдамдыгы секундасына 9 метр, ал эми Андрейдин ылдамдыгы секундасына 6 метр болсо, анда алар канча секундадан кийин жолугушат? Чыгарылышын келтиргиле.

жооп ____________________ секунд











Математика . 3- Вариант
Окуучунун аты, жѳнү _____________________ классы: _________



1. Поезд 1060 км ди 14 саатта өтүүсү тийиш эле. Ал 420 км ди 70 км/с ылдамдык менен өттү. Ал калган жолду кандай ылдамдык менен өтүүгө тийиш?

жооп ____________________ км/с



2. Жүз жыйырма жети миң үч жүз кырк төрт санын цифралар менен жазгыла.



Жооп: __________________



3.Наташа 329 ду 10 го бөлдү жана калдыгында 9 ду алды. Наташа кандай тийинди алды?



(А) 9 (Б) 10 (В) 12 (Г) 32



4. Аэропорттун залында самолёттордун учуусу тууралуу маалымат берилген табло илинип турат. Төмөндө бул таблонун бөлүгү келтирилген.

Таблицаны пайдаланып, төмөнкү суроого жооп бергиле: № 113 рейс канчада жөнөөгө тийиш?

Жооп : ________с __________ мин



5.Эгерде № 117 рейске каттоо самолет учарга 1 с 30 калганда башталса, анда каттоо канчада башталат?

Жооп: ____с ______мин





Математика . 4- Вариант
Окуучунун аты, жѳнү _____________________________________ классы: _________



1. Жагынын узундугу 4 сантиметр болгон квадраттын аянтын эсептегиле.

2

Жооп:___________________ см

2. Төмөндөгү чакмактуу кагазга жактарынын узундуктары 6 см жана 4 см болгон тикбурчтукту чийгиле.

3. Бѳлүүнү аткаргыла : 780: 6=

4. Сандарды кемүү тартибинде жайгаштыргыла:


471867, 47876, 471078, 471780

______ ______ _______ _______



5. х+13=60:4

Жоп : х= _____











Жооптор 1-вариант

  1. (Б) 15

  2. (Г) 30

  3. 5мин же 300: 60=5

  4. Жооп : 2

  5. Жооп 175

  6. Жооп : 28 же (8+6)*2 = 28 же 8+8+6+6=28

2-вариант.

  1. (В) 5 см

  2. Х= 6000-2513

Х=3487

  1. Жооп : 197

  2. (Б) Кемитүү

  3. 15 сом же 210 : (7*2)=15

  4. 12 секунд 180: ( 9+6) = 12

1

3-вариант

.

2.Жооп : 127344

3. (Г) 32

4. Жооп : 17 с 00 мин

5. Жооп: 9 саат 55 мин



2

4-вариант

  1. Жооп 16 см

  2. Тик бурчтукту тургуза билүү керек

  3. Жооп 130

  4. 47876 471078 471780 471867

  5. Х=2 х+13=60:4

х + 13 =15

х = 15-13

х=2










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!