Тема: “Кыргызстандын PISA2025 изилдөөсүнө катышуусу-жалпы билим берүүнүн сапатын көтөрүү жолу”.
PISA 2025
- PISA деген эмне?
- PISA нын максаты.
- PISA нын багыттары.
- Тест алуу баалоо критерийлери.
PISA
англ. Programme for International Student Assessment
Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа
PISAнын багыттары
PISA программасы окуучулардын баалоонун эл аралык программасы 15 жашар окуучулар арасында 3 жылда бир өткөрүлөт
TIMSS программасы математика жана так илимдерди баалоо тести
(4-8-11-класстар.
4-жылда бир жолу)
PIRLS программасы текстти окуп түшүнүү жөндөмдөрүн баалаган эл аралык тест (4-класс. 5-ж. бир жолу)
PISA Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана билимди практикада колдоно билүүсүн баалоочу тест . (Окуучулар жаттама эмес, алган билимин түшүнүп, колдонуп, проблеманы чечүүгө үйрөнүсү зарыл. Ал эми мугалимдердин электрондук окуу ресурстарын кенен пайдалануусун талап кылат).
Изилдөө уюму:
Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму
Организация экономического сотрудничества и развития
Organization for Economic Co-operation and Development
Изилдөөнүн негизги максаты:
«Негизги жалпы билим алган 15жаштагы окуучулар азыркы коомдо толук кандуу иштеши үчүн, башкача айтканда, адамдын ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамилелеринин ар кандай чөйрөлөрүндө кеңири милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон билимге жана жөндөмгө ээби?».
Ошондой эле эки компьютердик тестирлөө үчүн кеминде 150 мектеп анын ичинен 6300 окуучу бааланганга тандалат. Ар бир мектеп минимум үлгү өлчөмү бир мектепте 25 окуучуну түзөт.
Изилдөө куралдары
PISAнын изилдөө куралдарына тесттик тапшырмалар жана анкеталар кирет. Куралдар Концорциумдун (Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык алдыңкы илимий уюмдар менен консорциуму) жетекчилиги астында баалоо программасына катышуучу өлкөлөрдүн жана алдыңкы эл аралык уюмдардын эксперттеринин катышуусунда түзүлөт. Тестти тапшырып бүткөн соң, ар бир окуучу жарым сааттын ичинде билим берүү уюму, үй-бүлө, анын жакындары менен болгон мамилеси жана өзүнүн кызыгуусу боюнча суроолордон турган анкета толтурат. Билим берүү уюмунун администрациясы да кошумча анкеталоодон өтөт.
Тапшырмалардын форматы
Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет. Анда ар кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин суроолор берилет.
Тест суроолорунун ар кандай форматтары (ачык же жабык) колдонулат. Мында окуучулар суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек, же туура, же туура эмес деп баалана турган (жабык жооптор) чектелүү варианттардын ичинен жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт.
2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өттү. Дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан.
Бул эл аралык программага 15 жаштагы гана окуучулар катыша алат. 3 жылда бир жолу өтөт.
Сынак 1997-жылы иштелип, биринчи жолу 2000-ж башталган. PISAга катышуучу өлкөлөрдүн саны:
2000-ж. - 32
2022-ж. – 88
2025-ж. -100 катышуусу күтүлүүдө.
PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет?
PISA изилдөөcү мамлекеттеги билим берүүнүн абалы боюнча объективдүү маалымат бере алат.
Изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн төмөндөгүлөргө жардам берет:
- Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун деңгээлин баалоо жана аны менен бирге экономикалык жактан анча өнүкпөгөн же өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системаларына карата Кыргызстандын билим берүү системасынын эффективдүүлүгүн салыштыруу;
- билим берүүгө ийгиликтүү колдонулган дүйнөлүк практикада эң ийгиликтүү практикаларды табуу;
- окутуунун эффективдүүлүгүнө жана жыйынтыктарына таасир этүүчү факторлорду баалоо жана Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо үчүн сунуш жана стратегияны иштеп чыгуу;
- убакыттын өтүшү менен Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүдөгү өзгөрүүлөрдү байкоо.
PISA нын негизги 6 багыты бар :
- Окуу сабаттуулугу
- Математикалык сабаттуулук
- Табият таануу
- Креативдүү ой жүгүртүү
- Финансылык сабаттуулук
- Глобалдык компетентүүлүк
2025-жылда баалана турган багыттар:
* Санариптик дүйнөдө билим алуу
* Чет тили
Кыргызстан 3 багыты боюнча катышат:
Окуу сабаттуулугу - тексттерди түшүнүү, чечмелөө, колдонуу, баалоо
математикалык сабаттуулук- логикалык ой жүгүртүү, аныктоо, иштөө.
табигый илим - байкоо, эксперимент, салыштыруу, талдоо .
Баалоодо негизги көнүл 3 багыттын бирөөсүнө коюлат.
2025-ж табигый сабаттуулукту баалого басым жасалат.
Окурмандык сабаттуулук- бул адамдын жазуу жүзүндөгү тексттердеги маалыматты түшүнүү, баалоо жана колдонуу, билимди өздөштүрүү жана кеңейтүү, коюлган максаттарга жетүү, потенциалды өнүктүрүү, коомдук жашоого катышуу.
Математикалык сабаттуулук- бул адамдын математиканы ар кандай контекстте иштеп чыгуу, колдонуу жана чечмелөө жөндөмү.
Ал математикалык ой жүгүртүүнү, кубулуштарды сүрөттөө, түшүндүрүү жана божомолдоо үчүн математикалык түшүнүктөрдү, жол-жоболорду, методдорду, фактыларды жана куралдарды колдонууну, ошондой эле математикалык маселенин чечилишин чечмелөөнү камтыйт.
Табигый илимий сабаттуулук- бул адамдын табигый илимий билимдерди таануу жана суроо берүү, жаңы билимдерди өздөштүрүү, табигый илимий кубулуштарды түшүндүрүү жана илимий далилдерге негизделген тыянактарды иштеп чыгуу үчүн өздөштүрүү жана колдонуу жөндөмдүүлүгү; табигый илимдин негизги өзгөчөлүктөрүн адамдын таанып-билүү формасы катары түшүнүү; табигый илимдер жана технология коомдун материалдык, интеллектуалдык жана маданий чөйрөлөрүнө таасир этүүчү аң-сезимди көрсөтүү; табигый илимге байланыштуу маселелерди кароодо активдүү жарандык позицияны көрсөтүү.
Жыйынтыктар кантип бааланат?
- Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык 1000 баллдык шкала боюнча балл берилет. Эл аралык 1000 баллдык шкала төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: шкала боюнча орточо балл 500, стандарттык четтөө 100 балл, ошондо бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдөгү билим алуучулардын болжол менен 2/3 бөлүгү 400дөн 600га чейин балл ала турганын билдирет.
Денгэлдер
Денгэл
Окуу сабаттуу.
6-
698+
5-
Матем. Сабатт.
4-
Табият таануу
669+
626-697
3-
553-625
607-668
708+
633-707
545-606
480-552
2-
559-632
282-544
407-479
1-
420-481
484-558
335-406
1-ден төмөн
410-483
358-419
335-
335-409
358-
335
Баалоо критерийи 1000дик балл менен бааланат:
626-698- көз карандысыз ой жүгүртүсү бар, кыйын шарттарда иштей алат;
480-625 - жаны маалымат алуу үчүн болгон билимди жана колдонуу жөндөмүн берет
335-479 -босого болуп саналат, ага жеткенде окуучулар билимин жана көндүмдөрүн эн жөнөкөй билим берүүдөн тышкары кырдаалдарда колдоно башташат
335ке чейин төмөн көрсөткүч.
Сайт булактары (мисалдардын түрлөрү) www.ncokoit.kg
www.kao.kg .
www.ripk.kg
www.skiv.instrao.ru
XXI кылымдын көндүмдөрү
Фундаменталдык билим.
Күнүмдүк жашоосунда окуучулар өзөктүү көндүмдөрдү кантип колдонушат.
Компетенциялар
Мүнөз белгилери
Өзгөрүп тургун шартта окуучулар милдеттерин кантип аткарышат.
Татаал тапшырмаларды окуучулар кантип чечишет
Кызыкдар
Сынчыл ойлом/
Көйгөйлөрдү чечүү
Тил сабатуулугу
Демилге
Математикалык сабатуулук
Креативдүүлүк
Чыдамкайлык/кайтпоочулук
Кызматташтык
Табигый илимий сабатуулук
Шартка көнүү
МКТ сабатуулугу
Баарлашуу
Лидерлик
Финансылык сабатуулук
Маданий жана социалдык билгичтик
Жарандык жана маданият сабатуулугу
Үзгүлтүксүз билим алуу