Тема 3.1. Python программалоо тили
7-класс
Маатова Гулжамал Максатовна
Сабактын жалпы максаты:
- Python программалоо тилин үйрөнүүдөгү алгачкы тушунуктөрду берүү.
- Алгачкы арифметикалык амалдар менен иштөөнү үйрөнүү.
- Python до жаңы программаны түзүү, сактоо, натыйжасын чыгаруу жолдорун үйрөнүү.
Сабакта жаңы киргизиле турган түшүнүктөр:
- Бөлүүнүн бүтүн бөлүгүн ажыратуу
- Бөлүүнүн калдыгын ажыратып чыгаруу
- Даражага көтөрүү
Сабакта колдонула турган түшүнүктөр:
түзүү, сактоо, жообун чыгаруу.
- Кошуу,
- кемитүү,
- көбөйтүү,
- бөлүү амалдары менен иштөө.
Мугалимдин максаты:
- ·Окүүчуларга программалоо тилинде иштөөнүн алгачкы түшүнүктөрүн берүү. ·
- Арифметикалык амалдарды Pythonдо жазылышын үйрөтүү.
- IDLEредакторунундагы file панели менен иштөөнү үйрөтүү.
Балдар эмнени билиши жана үйрөнүшү керек.
- Арифметикалык амалдары менен Pythonдо иштөө боюнча түшүнүгү болушу керек.
- · Файлды сактоону, кайра чыгарууну, программанын жообун алууну.
Логикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу.
- Балдар менен баарлашуунун моделдери: - 3.5 саны берилген болсо анын бүтүн бөлүгү жана бөлчөк бөлүгү кайсы? - 3 бүтүн сан. 0.5 бөлчөк сан. - 5 ти 3 кө бөлгөндө кандай калдыктуу сан чыгат? - 2.
Сабактын башталышы:
- Python (IPA менен: Python аталышы жайылган) - иштеп чыгуучунун өндүрүмдүүлүгүнө жана коддун окумдуу болушуна багытталган жогорку даражалуу, жалпы милдеттерди аткарууга арналган программалоо тили. Python өзөгүнүн синтаксиси - минималдаштырылган. Ошол эле учурда, стандарттуу библиотекасы көптөгөн пайдалуу функцияларды камтыйт.
- Python бир нече программалоо парадигмаларын колдойт. Алардын ичинде структуралык,
1. функционалдык,
2. императивдик,
3. объектиге
4. аспектиге багытталган парадигмалар да бар. Негизги архитектуралык өзгөчөлүктөрү –
1. динамикалык типтештирүү,
2. автоматтык эс башкаруу,
3. толук интроспекция,
4. бөтөнчөлүктөрдү иштетүү механизми
5. көп агымдык эсептөөнү колдоо
6. жогорку даражалуу маалымат структуралары. Python'до коддор модул болуп бириге алчу иш-милдеттер жана класстар болуп уюшулат. (модулдар өз кезегинде пакет болуп бириге алышат).
- Python менен иштөө үчүн биринчи аны компьютерге жүктөө зарыл. Ал үчүн https://www.python.org/downloads/ сайтына кирсек болот.
Ал жерден Python программалоо тилин эң акыркы версиясын компьютерибизге жүктөп алсак болот. Даяр болгондон соң аны ишке түшүрөбүз.
3.1.1. Программалар менен иштөө
- Python до программа түзүү үчүн төмөнкүчө амалдар аткарылат. Негизги менюдан file басычын басып, чыккан панелден New file же болбосо ctrl+N баскычтары терилет.
- Натыйжада жаңы терезе пайда болот.
Жообу=10 Бул код менен жогорудагы ыкмалардын айырмасы, бул жерде берилген а=1234 тун мааниси компьютердин эсинде сакталып калат. Ал эми берилген 1234 санынын ордуна калаган башка сандарды да колдонсо болот. " width="640"
Эми уй тапшырмасын аткаруу учун программа түзүп көрөбүз.
- a=1234 b=a//1000+a//100%10+a//10%10+a%10 print("Жообу=",b)
- Программаны сактап F5 топчосун басабыз.
- Жообу=10 Бул код менен жогорудагы ыкмалардын айырмасы, бул жерде берилген а=1234 тун мааниси компьютердин эсинде сакталып калат. Ал эми берилген 1234 санынын ордуна калаган башка сандарды да колдонсо болот.
Практикалык иш ·
- Көрсөтүлгөн мисалдарды компьютерге киргизип, практикада колдонүп көрүңүз.