Просмотр содержимого документа
«Питон программалоо тили 7-класс 4-сабак»
Тема 3.3 Шарттуу операторлор
7-класс
Маатова Гулжамал Максатовна
Сабактын жалпы максаты:
- · If жана else шарттуу операторлору жана салыштыруу операторлору менен иштөөнү үйрөнүү.
- Сабакта колдонула турган түшүнүктөр · Негизги шарттуу жана салыштыруу операторлор менен таанышуу: if - эгер else – антпесе elif – антпесе эгер and – жана or – же not - эмес
Балдар эмнени билиши жана үйрөнүшү керек:
- Логикалык амалдарга код жазууну
- Операторлордун жана белгилердин аткара турган иштеринин айырмасын түшүнүү.
- Балдар менен баарлашуунун моделдери:
Логика дегенде эмнени түшүнөсүнөр?
- Ой жүгүртүүнү.
- Суроого жооп берүүнү.
- Табышмактардын жообун табууну...
Мугалимдин максаты:
- Окуучунун ой жүгүртүүсүн чыңдоо.
- Окуучуга логикалык амалдарга код жазууну үйрөтүү
b болсо анда чоң сан a 3. Анпесе эгер a 4. Анпесе бул эки сан барабар 5. Бутту Анын программасы төмөнкүчө болот. a=int(input("1-санды киргиз: ")) b=int(input("2-санды киргиз: ")) if (ab): print ("чоң сан=",a) elif (a # elif оператору альтернативдүү шартты билдирет. print ("чоң сан=",b) else: print ("барабар") " width="640"
If оператору
- If операторунун ишин түшүнүү үчүн төмөндөгү мисалга аткаруучу программа түзүп көрөбүз.
1-тапшырма. Берилген a жана b сандарынын кайсынысы чоң экендигин табуучу программаны түз. Алгач алгоритм түзүп көрөбүз.
1. a жана b га сан киргиз.
2. Эгер ab болсо анда чоң сан a
3. Анпесе эгер a
4. Анпесе бул эки сан барабар
5. Бутту
Анын программасы төмөнкүчө болот.
a=int(input("1-санды киргиз: "))
b=int(input("2-санды киргиз: "))
if (ab):
print ("чоң сан=",a) elif (a # elif оператору альтернативдүү шартты билдирет.
print ("чоң сан=",b)
else:
print ("барабар")
2-тапшырма. Берилген 3 түрдүү сандардын эң чоңун тапкыла.
1. a,b,c-ларга сан киргиз.
2. max=a деп ал.
3. Эгер max
4. Эгер max
5. Жообу max
Анын программасы төмөнкүчө болот.
a=int(input("1-санды киргиз: ")) b=int(input("2-санды киргиз: ")) c=int(input("3-санды киргиз: "))
max=a
if max
max=b
if max
max=c
print ("max=",max)
Окуучулар үчүн тапшырмалар:
- 1. Борбору координата башында болгон айлананын радиусу r жаначекиттин х,у координаталары берилген болсо, ушул чекит айлананын ичинде, сыртында же айланада экендигин аныктоочу программатүзгүлө.
Окуучулар үчүн тапшырмалар:
- 2. Координата тегиздигинде жайгашкан эки айлананын борборлорунун координаталары жана алардын радиустарынын узундуктары берилген болсо, бул эки айлана бири-бири менен кесилишеби? Аныктоо үчүн программа түзгүлө. Программаңыз эгер айланалар кесилишсе ―YES‖, антпесе ―NO‖ деген натыйжа берсин.
Окуучулар үчүн тапшырмалар
- 3. Натуралдык сан берилген. Ушул сан 4 кө бөлүнө турганын же турбаганынын аныктоочу программа түзгүлө.
- 4. У= { } a, b, c жана x маанилери берилген. Х тин маанисине тиешелүү натыйжасы кандай болушун аныктагыла.