СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

План-конспект. 10-класс

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«План-конспект. 10-класс»

Сабактын план-конспекти

Сабактын аты: Математика (алгебра)

Класс: 7-Б класс

Cабактын темасы: Көп мүчөлөрдү кошуу жана кемитүү

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын түрү: Стандарттык

Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: Интерактивдүү, көрсөтмөлүүлүк, аңгемелешүү, жекече иштөө.

Колдонулуучу каражаттар: Слайд, окуу китеби, стикер, дидактикалык материалдар, карточкалар.

Предмет аралык байланыш: Геометрия.

Негизги компетенттүүлүктөр:

  1. Маалыматтык (НК 1)

  2. Социалдык-коммуникациялык (НК 2)

  3. Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК 3)

Предметтик компетенттүүлүктөр:

  1. Математикалык жаңы маалыматтарды таанып билүү, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компетенттүүлүгү (ПК 1)

  2. Математикалык түшүнүгүн тереңдетүү жана бышыктоо (ПК 2)

  3. Математикалык көндүмдөрдү талдоо компетенттүүлүгү (ПК 3)

  4. Жашоо тиричилик менен байланыштыруу компетенттүүлүгү (ПК 4)







Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөрү:

1

Билим берүүчүлүк: Көп мүчөлөрдү кошуп , кемите алышат. Көп мүчөнү стандарттуу түрдөгү көп мүчөгө өзгөртө алышат. Кашаанын сыртындагы “плюс”, “минус” белгилерди эске алып, кашаанын ичиндеги мүчөлөрдү кашаадан чыгарып жаза алышат.

Көп мүчөлөрдү кошуп , кемите алышса. Көп мүчөнү стандарттуу түрдөгү көп мүчөгө өзгөртө алышса. Кашаанын сыртындагы “плюс”, “минус” белгилерди эске алып, кашаанын ичиндеги мүчөлөрдү кашаадан чыгарып жаза алышса.

2

Өнүктүрүүчүлүк: Өз алдынча ой жүгүртүп иштей алышат. Ойлонуу иш-аракеттерин өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт: дифференцирлешет, жыйынтыкташат, эмоционалдык жана образдык эске тутууларын өнүктүрүшөт. Өтүлгөндөр боюнча толук маалымат беришет.

Логикалык ой жүгүртө алышса. Ойлонуу иш-аракеттерин өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлсө: дифференцирлешсе, жыйынтыкташса, эмоционалдык жана образдык эске тутууларын өнүктүрүшсө. Өтүлгөндөр боюнча толук маалымат беришсе.

3

Тарбия берүүчүлүк: Активдүүлүккө, ыкчамдуулукка, окуу процессинде ынтызарлуулукка кызыгууга тарбияланышат. Туура жана так иштөөгө көнүгүшөт. Биринин сөзүн бири угуп, өзгөлөрдү сыйлашат.


Активдүүлүккө, ыкчамдуулукка, окуу процессинде ынтызарлуулукка кызыгууга тарбияланышса. Туура жана так иштөөгө көнүгүшсө. Биринин сөзүн бири угуп, өзгөлөрдү сыйлашса.








Сабактын жүрүшү :

Cабактын этаптары

(Убактысы)

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун

ишмердиги

Компетент-түүлүктөр

Баалоо

Эскертүү

Негизги

(НК)




Предметтик

(ПК)


1

Уюштуруу:

    1. Саламдашуу

(2 мүнөт)





















1.2. Шыктандыруу

(3 мүнөт)



Саламатсыңарбы балдар! Мугалим класс менен саламдашкан соң сабактын “Алтын эрежесин” түзүп алат. “5 Т эрежеси”

  • Тартынбастан өз оюбузду айтабыз;

  • Тынчтыкты сактайбыз;

  • Туура сүйлөөгө жана жазууга умтулабыз;

  • Тазалыкты сактайбыз;

  • Тактыкты унутпайбыз.



Жагымдуу маанай тартууланат. Баалоону түшүндүрүп, окуучуларга ийгилик каалайм.



Саламатсызбы!

Мугалиди кунт коюп угушат. Айтылган эрежелерди сабак учурунда аткарышат.











Окуучулар жагымдуу маанай менен сабакка киришишет.



НК 2

















НК 1



ПК 2

















ПК 4


2

Кайталоо

(үй тапшырма)

(2 мүнөт)

Үйгө берилген тапшырманы 4-5 окуучудан жоопторун айттырып текшерем.

Бири-бириникине салыштырып, тапшырмасын текшеришет.

НК 3

ПК 2

Калыптандыруучу баалоо.

Интервью

3

Жаңы теманы түшүндүрүү.

(10-мүнөт)


Слайддан тема чыгат, түшүндүрмө берем. Жаңы теманы окуучуларга төмөнкүчө түшүндүрүп берем.

Көп мүчөлөрдү кошуу (кемитүү) үчүн алардын суммасын (айырмасын) түзөбүз, андан кийин кашааларды ачабыз жана алынган көп мүчөдөгү окшош мүчөлөрдү жыйнайбыз.

Жалпысынан, каалаган көп мүчөлөрдүн суммасын (айырмасын) көп мүчө түрүндө көрсөтүүгө болот.

Ошентип, көп мүчөлөрдү кошууда жана кемитүүдө кайра эле көп мүчө келип чыгат.

Көп мүчөлөрдү кошууда жана кемитүүдө колдонулуучу негизги эрежени эстешет, эрежени айтып беришет. Мугалимдин суроолоруна жооп беришет. Дептерге так, туура, сулуу, элементи менен жазышат.

НК 1


ПК 1


Калыптандыруучу баалоо.

Лайктар менен баалоо.

4

Практикалык иш

(10 мүнөт)

Маселе, мисал иштөө.

“Жылдыз” көнүгүүсүн түшүндүрүп берем.

А) “Жылдыз” көнүгүүсүн өз алдынча иштешет.

Б) №635-636 мисалды аткарышат.

НК 2






ПК 2






Калыптандыруучу баалоо.

“Кайтарым байланыш”

5

Бышыктоо

(8 мүнөт)

“Чын же жалган экендигин аныкта” көнүгүүсү.

№637 мисалды аткарышат.



“Тез ойлон” көнүгүүсү.

Оозеки иштөө.

№637 мисалды дептерге аткарып, жазышат.

Оозеки иштөө.


НК 3




ПК 3




Лайктар менен баалоо

6

Үйгө тапшырма берүү

(1 мүнөт)

Окуу китебиндеги №641 мисалды чыгарып келүү.

Чыгармачыл тапшырма. “Жылдыз” көнүгүүсү.





7

Окуучулардын билимин баалоо

(2 мүнөт)

Окуучулардын ишмердүүлүгүн, активдүүлүгүн, чеберчилигин баалайт. Мугалим ар бир туура тапшырма үчүн окуучуга лайк берип турат. Жыйынтыгында лайктардын санына карата баалайт.

Сабакка активдүү катышкан окуучулар бааланат. Ар бир окуучу чогулткан лайктарын санашат.



Лайктар менен баалоо