Сабактын темасы: Бөлүнүүчүлүк жөнүндө түшүнүк.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк
Өнүктүрүүчүлүк
Окуучулар сандардын бөлүнүүчүлүгү жөнүндө түшүнүк алышат. Эрежелерин үйрөнүшөт.
Тарбия берүүчүлүк
Бөлүнүүчүлүк эрежелерин мисал, маселе иштөөдө колдоно алышат жана турмушта пайдалана билишет.
Топтор менен иштөөдө бири-бирин сыйлашат жана уга билишет.
Көрсөткүчтөрү:
Окуучулар сандардын бөлүнүүчүлүгү жөнүндө түшүнүк алышса. Эрежелерин үйрөнүшсө.
Бөлүнүүчүлүк эрежелерин мисал, маселе иштөөдө колдоно алышса жана турмушта пайдалана билишсе.
Топтор менен иштөөдө бири-бирин сыйлашса жана уга билишсе.
Сабактын тиби: Интерактивдүү усул Сабактын жабдылышы: слайд шоу, карточкалар Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу (жагымдуу жагдай) Тапшырма суроо,жаңы тема
1) 20 саны 15,16,17,9 сандарынан канчага чоң?. 2) 24 саны 6, 12,4 сандарынан канча эсе чоң? 3) 5тен 4 эсе чоң сан кайсы? 4) 8ге эселүү сандардан 3тү жазгыла?
Адатта, санды санга бөлүүдө калдык калбаса, биринчи сан экинчисине бөлүнөт дейбиз . Бул учурда ал сандардын биринчиси экинчисине карата бөлүнүүчүлүк касиетине ээ деп айтабыз. Ал эми болүүдө калдык калса-болүнбөйт дейбиз. Мисалы: 25 саны 5ке бөлүнөт. Ал эми 26 саны 5ке бөлүнбөйт.
1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,... Сан катары ар бир санды 2ге бөлүп көргүлө. Натуралдык сан катарындагы экиге бөлүнгөн сандарды жуп, ал эми экиге бөлүнбөгөндөрүн-так сандар дейбиз. №170. а) 1448,1893,1990,2005 сандарынын кайсылары так сан? б) 22,25, 35,40,41, 130,137 сандарынын ичинен жуп сандарын тапкыла?
№ 171. 2,4,6,...,10,12,14,16,...,44,46,48,...,300,302,... Сан катарын байкагыла. Бул жуп сандардын акаыркы цифраларын байкагыла.
Сандын акыркы цифрасы 2,4,6,8,0 болсо, ал 2ге бөлүнөт. Муну 2ге бөлүнүүчүлүктүн белгиси деп аташат.
№ 172. а) 675,1270,8140,188,191,300,25713,1027,896,2022381 сандарынын кайсылары 2ге бөлүнөт. б) 2ге бөлүнүүчү үч орунду , төрт орундуу, беш орундуу садарды экиден жазгыла.
№ 173. 4кө эселүү сандарды жазгыла?
№ 174.
126, 240, 241, 367, 364, 1200, 1202, 51632 сандарынын ичинен кайсылары 4кө бөлүнөт?
Эгерде сандын акыркы эки цифрасынан түзүлгөн сан 4кө бөлүнсө, анда ал сан 4кө бөлүнөт. Мисалы: 8936 санынын акыркы эки цифрасы 36 санын берет. Ал 4кө болүнөт. Демек,8936да 4кө бөлүнөт.
№ 175 5ке,10го бөлүнүүчү сандарды айрым-айрым жазгыла . Байкап көрүп, эреже чыгарганга аракеттенгиле.
Эгерде сан 5же 0 цифралары менен аяктаса, анда ал 5ке бөлүнөт. Ал эми 10 санына 0 менен аяктаган гана сандар бөлүнөт. Булар 5ке жана 10го бөлүнүүчүлүктүн белгилери деп аталышат.