Жагымдуу жагдай: “Акын ыры таттуу тилдүү бала эле, Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле. Жорголугун салыштыра келгенде, Шырдакбектин жоргосундай бар эле”.
Сабактын темасы: Жоомарт Бөкөнбаев “ Ажал менен Ар Намыс” поэмасы.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк
Өнүктүрүүчүлүк
“ Ажал менен Ар Намыс” поэмасынын мазмуну менен толук таанышышат. Чыгармадагы Жапардын майдандагы тайманбастыгын, баатырдыгын баалашат. Поэмадагы патриоттук бийик идеаны түшүнүп, Ата Мекенге болгон потриоттук сезим калыптанат.
Тарбия берүүчүлүк
Ой жүгүртөт, баяндап айтат, сөз байлыгы өсөт.
Мекенин сүйүүгө, патриоттуулукка, намыскөйлүүлүккө үйрөнүшөт.
Көрсөткүчтөр
Сабак максатына жетет, эгерде:
-Чыгарманын мазмуну менен таанышып, түшүнө алса.
-өз эл жеринин тарыхын, ата бабадан калган мурастарын, эл сыймыктанган инсандарды билишсе.
-Жапарга мүнөздөмө берип, анын тайманбастыгын, баатырдыгын чыгарма аркылуу айтып бере алса.
-мамлекеттик атрибуттар (КРнын туусу, герби, гимни) жөнүндө так билишсе.
-Мекенди сүйүүгө, кадырлоого үйрөнсө
-ынтымактуу болуп, бири-бирине сылык мамиле жасаса
Сабактын тиби: Интерактивдүү усулдар
Сабактар аралык байланыш: тарых, математика
Сабактын жабдылышы: маркер, сүрөттөр, батман, слайд шоу, кластер, буклеттер, карточкалар.
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу (жагымдуу жагдай) -Чыгарманын 7 бөлүмүн 7 топко таратып, ар бир окуучу жекече окуйт. Ар бир топ чыгарманын мазмунун ирети менен айтып берет. -Окуучуларды 2 топко бөлүп кластер түздүрөм.
Патриоттуулук ар бир адамдын жеке жан дүйнөсүндөгү ыйык ишеними жана ата журт алдындагы жоопкерчилиги. Эзелтеден Ала-Тоого көз арткан душман көп болгон. Баатыр Манас бабабыз баш болуп, көптөгөн баатырларыбыз, жоокер кыргыз эли ата журту, Ала-Тоо үчүн жан аябай салгылашып, сандаган жоонун күлүн көккө сапырган. Айкөл Манас атабыздан тартып Тагай бий, Атаке, Жаңыл Мырза, Курманжан Датка, Исхак Раззаковдорду чыныгы патриот инсан деп атасак болот. Жогорудагы аты аталган патриот инсандар сыяктуу жан дүйнөбүздөгү ыйык ишеним менен Ата Журтубузга жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз керек.
Герб
Желек
Гимн
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген. Автор: А. Абдраев и С. Дубанаев. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.
Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген. Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку
“ Эр жигит эл четинде жоо бетинде”,- демекчи ар дайым мекен сакчылыгында ар намыстуулук менен туруп, кутман элибизди, ыйык жерибизди коргоого, мекендин келечеги үчүн жүрөгүңөрдү ыйман уялап, илим –билимдүү болуп, ак калпак кыргыз элинин чыныгы патриоту болгула.
Анда сабакты Манас атабыздын антын чогуу айтуу менен жыйынтыктайлы. Алты сан аман турганда, Ыйык кыргыз элимди, Душмандын буту басканча, Асыл кыргыз элимди, Тебелетип бөтөнгө, Кор кылып карап жатканча, Туулбай туна чөгөйүн, Тирүү жүрбөй өлөйүн! Аткарбасам антымды, Төшүү түктүү жер урсун! Төбөсү бийик көк урсун, Көкө теңир өзү урсун!
Баалоо: (активдүү катышкан окуучуларды баалайм.) Үйгө тапшырма: 124-131- беттер. Патриот инсандар жөнүндө эссе жазып келүү