СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Практикалык сабак ӨАИ

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өз алдынча иштерди уюштуруу темасына практикалык сабак

Просмотр содержимого документа
«Практикалык сабак ӨАИ»

Практикалык сабактын темасы: Окуп үйрөнүү процессинде окуучулардын өз алдынча иштерин уюштуруу

Практикалык сабактын максаты

Практикалык сабакта аткарылуучу тапшырмалар

Көнүгүүлөрдүн же тапшырмалардын типтери текстин окушат жана талкуулашат. Өз алдынча иштерди уюштурууну аныкташат. Үлгүлөр боюнча АВС тибиндеги тапшырмаларды топтордо классификациялашат.

  1. Көнүгүүлөрдүн же тапшырмалардын түрлөрү боюнча текстти окуу жана талкуулоо (20мин)

  2. Өз алдынча иштерди уюштурууну аныктоо (25мин)

  3. Үлгүлөр боюнча А В С типтериндеги тапшырмаларды топтордо классификациялоо (30мин)

ИНСЕРТ стратегиясын колдонуп текст менен иштешет.

Баалоо үчүн тапшырмаларга коюлуучу негизги талаптар

Кенже окуучуларды баалоодо алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн: өзүнүн иш-аракетинин жыйынтыгын туура баалай албоосун, өзүн өзү текшерүүсүнүн жана текшерүүнүн начардыгын ж.б. эске алуу зарыл. Билимди көзөмөлдөө жалпы окуучулардын билим деңгээлинин мурда окулган материалдын көлөмүнүн жана мүнөзүнүн өсүшү менен аныкталат. Окуучу баалоодогу бардык белгилердин негизги мүнөздөмөлөрүн билгенде гана белги (цифра) түрүндө баалоону колдонуу киргизилет. Баа коюлганга чейин жылдызча, геометриялык фигуралар, түстөр, гүлдөр, күн ж.б.у. сыяктуу баалоонун белгилерин колдонуу сунушталбайт, бул учурда баа коюнун функциясын ошол белгилер алмаштырат, ошондуктан баланын цифралык баага болгон мамилесин ошол белгилер канаттандырат. Ушул учурда окуучуунун иш-аракетин сөз түрүндө баалоо зарыл. Сөз түрүндө баалоонун өзгөчөлүгү ийгиликтүү жыйынтыктардын тактыгын, ийгиликсиздиктин себептерин ачуу, жана керектүү кеңештерди айтуу болуп саналат. Сөз жүзүндө баалоо учурунда Сөз жүзүндө баалоо учурунда «жалкоо», « көңүл бурбай отурасың», «аракеттенбейсиң» деген сыяктуу сөздөр колдонулбашы керек. Мугалим жазуу иштерин текшергенде окуучунун дептерине, күндөлүгүнө эки баа коюлат (мисалы5/3). Биринчи баасы иш-аракеттин аткарылышынын тууралыгына, экинчи баасы жалпы ой жүгүртүүгө (иштин таза аткарылышына, кооз жайгаштырылышына,элементи менен сулуу жазылышына карай) кошумча түрдө коюлат. Төмөнкү суроолорго жооп берүү аркылуу окуунун натыйжаларын калыс баалоого болот: Күтүлүүчү натыйжаларга салыштырмалуу окуучу эмнелерге жетишкен? Окуучунун кетирген кемчиликтери боюнча эмнелерди жакшы өздөштүрүүсү керек? “Окуучу жаңы сабакты жакшы өздөштүрүүсү үчүн алдын ала кандай даярдык көрүүсү зарыл? ж.б. Бул суроолорго жооп бергенден кийин биз көзөмөлдөө механизмин иштеп чыга алабыз. Мында төмөндөгүлөр эске алынууга тийиш:

1. Тексттер менен тапшырмалардын ишеничтүү болушун кантип камсыздоо керек? (Материал боюнча кошумча сабактарды өткөрбөстөн эле, тесттерди кайталап ошол эле окуучуга карата колдонгондо бирдей жыйынтыкка жетишүү үчүн).

2. Валиддүүлүктү (жарамдуулукту, ылайыктуулукту) кантип камсыздоо керек? (Тест биз эмнени текшергибиз келсе, дал ошону аныктоого жардам берүүсү үчүн).

Көнүгүүлөрдүн (тапшырмалардын) түрлөрү

Дидактикада түрдүү негиздерге ылайык окуу тапшырмалары классификацияланышат:

Окутуу этаптарынан көз – каранды түрдө бөлүнүүчү тапшырмалар

  1. Билим, жөндөм, көндүмдөрдү актуалдаштырууга(баланы проблемалык ситуациянын мазмунун жана маанисин түшүнүүгө даярдоочу).

  2. Жаңы материалды өздөштүрүүгө байланыштуу (баланын алдына коюлган проблемалык ситуацияны аткарууга аракеттенүүсүнө берилүүчү)

  3. Билимдерди жана жөндөмдөрдү колдонууга жана бышыктоого (баланын түрдүү практикалык ситуацияларда жаңы ээ болгон билим, жөндөм, көндүмдөрүн колдонууну талап кылуучу)

  4. Кайталоого (мурдагы ээ болгон билимдерди жаңы ситуацияларда колдонууну талап кылуучу)

  5. Текшерүүчү (баланын мугалимге аткаруу процессин, жыйынтыгын көрсөтүүгө багытточу)


Баланын таанып билүү ишмердүүлүгүнүн мүнөздөлүшүнө жараша тапшырмалар

  1. Репродуктивдик (мурда үйрөнүлгөн билимдерди колдонууну талап кылуучу)

  2. Машыгуучу (мурда ээ болгон билим, жөндөм, көндүмдөрдү өз алдынча колдонууга)

  3. Аз – аздан изденүүгө (түшүнүктү калыптандырууга кандайдыр бир өлчөмдө мурда ээ болгон билим, жөндөм, көндүмдөрдү колдонууга)

  4. Чыгармачылык (баланын активдүүлүгүн ишке ашыруучу)


Окуп – үйрөнүлүүчү материалдын мазмунуна жараша көнүгүүлөрдүн типтери

  1. Обңекттин белгилерин аныктоого карата: өңү – түсү,чоңдугу, формасы

  2. Сандык мүнөздөмөсүн ажыратууга карата: визуалдуу таануу (бирөө - көп), өз ара туура келүүчүлүк (ошончо), ашыкча – жетпейт (көп - аз), санын теңөө (кошуу - алуу), эселөө (көбөйтүү, бөлүү), санын туура келтирүү (канчага көп-канчага аз), чоңдуктардын санын өзгөртүү (арифметикалык амалдар).


Предметтердин мейкиндикте жайгашуусуна жараша тапшырмалар

  1. Сызыкта жайгашкан

  2. Туюк сызыктын ичинде жайгашкан

  3. Үстүндө, астында жайгашкан

  4. Тегиздикте жайгашкан


Таанып билүү процесстерин өнүктүрүүгө көнүгүүлөр

  1. Ой жүгүртүүгө

  2. Эске сактоого

  3. Көңүл бурууга

  4. Кабыл алууга

  5. Элестетүүгө


Математикалык ой жүгүртүүнүн мүнөздүү касиеттеринин өнүгүүсүнө карата көнүгүүлөр

  1. Ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгү

  2. Ой жүгүртүүнүн себептүүлүгү

  3. Акылдын системалуулугу

  4. Ой жүгүртүүнүн мейкиндикте кыймылдуулугу



А, В, С тибиндеги тапшырмалар

Окуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн 3 программадагы тапшырмалар берилет: А,В,С.

  1. «А» программасындагы тапшырмалардын системасы репродуктивдүү мүнөздө болот. Окуучу конкреттүү материалдарды үйрөнүп, мазмуну кандай болсо, ошону кайталайт. Мындай тапшырмалар класстагы ар бир окуучуга жеткиликтүү. «А» программасындагы тапшырмалардын мазмунуна «эмнеге көңүл буруу керек», «бул эмне», «кандай түрлөрү бар» деген суроолор боюнча инструктаж берилет.

  2. «В» программасындагы тапшырмалар жарым – жартылай изденүү мүнөзүнө ээ. Анда окуу материалы окуучуларды тереңиреек ойлонууга мажбурлайт. Берилген суроолор продуктивдүү (жемиштүү) мүнөздө болуп «эмне үчүн», «кандай жол менен» деген суроолор менен коштолот. Мындай тапшырмаларды класстын теңинен көбү аткара алышат.

  3. «С» программасындагы тапшырмаларды колдонууда окуучулар өздөрүнүн билимдерин чыгармачылык деңгээлге көтөрүшөт. Бул программа сабактын мазмунун, материалын эркин билүүгө негизделет да, ачык, эркин ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн өстүрөт. Мындай тапшырмалар класстагы эң жакшы окуган окуучуга арналат.




© 2020 373 2