Тема. Жөндөмдүүлүктүн түрлөрү жана деңгээлдери.
План.
- Жөндөмдүүлүктүн түрлөрү. Жалпы жана атайын жөндөмдүүлүк боюнча түшүнүк.
2. Жөндөмдүүлүктүн деңгээлдери.
Сабактын максаты
Жалпы жана атайын жөндөмдүүлүк боюнча түшүнүк алышат, Жөндөмдүүлүктү деңгээлдерге бөлүштүрүүгө үйрөнүшөт.
- Алган теориялык билимдерин кесиптик практикада туура пайдалана алышат.
Студенттерден күтүлүүчү натыйжа.
- Жөндөмдүүлүктүн өзгөчөлүктөрүн жана деңгээлдеринин илимий практикалык теориясын билишет (знать).
- Балдардын жөндөмдүүлүктөрүн адам психологиясын үйрөнүү менен алган билимдерин кесиптик ишмердикте пайдалана алышат (умеет).
- Кесиптик ишмердикте инсандын жеке психикалык өзгөчөлүктөрүн аңдап билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат (владеть )
Леонардо до Винчи (1452-1519 ) музыкант , писатель , ученый , художник , изобретатель , архитектор
- Жөндөмдүүлүктүн түрлөрү. Жалпы жана атайын жөндөмдүүлүк болуп эки группага бөлүнөт.
Көптөгөн окумушуулардын жөндөмдүүлүк тууралуу илимий аныктамаларынан бир жыйынтыкка токтолсок болот.
Жалпы жөндөмдүүлүк менен өзгөчө айрымаланган жөндөмдүүлүк бири-бирин толуктап, байытып, өстүрүп турат. Кээ бир убакта жалпы жөндөмдүүлүктөн өзгөчөлөнгөн артыкча жөндөмдүүлүк өсүшү мүмкүн. Демек адам өзүнүн ишмердигине байланыштуу айрым ишмердүүлүктө өзгөчөлүк жөндөмдүүлүктү көрсөтө алат. М: Адамдын бардыгы эле математикалык кошууну, көбөйтүүнү, алууну билишет. Бирок, баары эле математик боло албайт.
Бул адамга тиешелүү жалпы жөндөмдүүлүк болуп эсептелинет. О.Э. Адамдар сүйлөгөнгө, бири-бири менен мамиле түзгөнгө жалпы жөндөмдүү болот. Булардын баары адамдын коомдогу жашоосуна керектүү жалпы жөндөмдүүлүктөрү.
Жалпы жөндөмдүүлүк өзүнчө дагы эки түрдөн түрат.
1. Элементардык жөндөмдүүлүк (сезүү, кабыл алуу, эсте сактоо, ойлоо, сүйлөө, элестетүү, бүрөөлөр үчүн кыйналуу мүмкүнчүлүктөрү).
2.Татаал жөндөмдүүлүк. (окуудагы, эмгектенүүдөгү, оюндагы, мамиледеги жөндөмдүүлүк).
Атайын жөндөмдүүлүк . Бул дагы элементардык жана татаал жөндөмдүүлүк болуп экиге болүнөт
Элементардык жөндөмдүүлүк –мүнөздүү адамдар көз өлчөмүнө, музыкалык табитине , ойлоонун сынчылдыгына, сөздүн логикалык эске, жогорку жыт сезгичтикке ээ.
Ал эми татаал жөндөмдүүлүгү бар личностор математикада, музыкада сүрөттө, уюштуруучулукта жана техникалык-конструктордук иште оздөрүн көрсөтө алат.
- Жалпы жөндөмдүүлүк өзүнчө дагы теориялык жана практиалык болуп бөлүнөт.
Себеби кээ бир адамдар илимий ойлонууга жөндөмдүү болсо, кээ бирөө аны практика жүзүндө көрсөтүп, жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат.
Шык (задатки).
Шык (задатки). Психология илиминен алыс адамдарда жөндөмдүүлүк категориясын тубаса түшүнүгү менен бирдей мааниде кароо кездешет. Жөндөмдүүлүктү эч өзгөрүүсүз ген аркылуу берилет деп болжолдошот. Бирок анын калыптанышындагы социалдык чөйрөнүн, тукум куучулуктун ролун, таасирин эсепке алышпайт. Мисалы, И.С.Бухтардын үй-бүлөсүнөн өтө жөндөмдүү 18 музыкант чыккан экен. Бул жерде тубаса шыктан башка социалдык шартты тукум куучулукта да эске түшүргөн оң. Жөндөмдүүлүк - кеңири үшүнүк Адам өнүгүшүнө, калыптанышына өбөлгө түзүүчү феномен болуп шык саналат. Ал адамдагы укум- тукумга берилүүчү анатомо- физиологиялык өзгөчөлук. Зээндүүлүктүн андан ары өнүгүшү үчүн шыктын болушу өтө зарыл.
М: Сүрөтчү болуу үчүн, көрүү анализаторлору көргөндөрдү эске калтыруу керек.
Шык-жөндөмдүүлүктүн өнүгүшүүнүн өбөлгөсү оңтойлуу шарты. Ага тубаса же төрөлгөндөн кийин ээ болушу ыктымал.
Жөндөмдүүлүк.
Жөндөмдүүлүк - белгилүү иш-аракетти ийгиликтүү аткарууга керек болгон индивидуалдуу өзгөчөлүк. Адам даяр жөндөмдүүлүк менен төрөлбөйт. Бирок тигил же бул иш- аракети ийгиликтүү аткарууга керек боло турган, жетилбеген, төрөлгөндө кошо берилген шыкка ээ. Эгер шык болбосо, жөндөмдүүлүк өнүкпөйт.
Өтө жөндөмдүүлүк- личносттун жөндөмдүүлүгүнүн эң жогорку деңгээлде өнүгүшү. Айрым адамдар өтө жөндөмдүүлүк менен төрөлөт. М: музыкадан В. Монцартты, сүрөттөн .Рафаэлди,поэзиядан А.С.Пушкинди, математикадан К.Ф.Гауссту атоо жетишээрлик.
Гениалдуулук. Бул латын сөзү –дух деп которулат. Гениалдуулук-коомдун турмушунда тарыхый мааниге ээ болгон личносттун жогорку чыгармачылыгы. Генийге жогорку чыгармачылык, өзгөчөлүк тиешелүү. Адам баласы топтоп кеткен тажрыйбаларды өздөштүрүп, аны жаңы ачылыштар менен толуктайт.
Талант – бул жөндөмдүүлүтүн иш-аракетте кездешүүчү көптөгөн багыттардын бирин өтө жогору деңгээлде аткаруу мүмкүнчүлүк. Талантка эгедер адам гений сыяктуу эле жаңылыкты жаратат, өзүнүн көз карашын коркпой таңуулайт, аны жактоого кудурети, даремети жетет.
Жөндөмдүүлүктү өнүктүү деңгээлдери
Сабакты бышыктоо үчүн тесттик суроолор
1. Билимдерге, ык-машыгууларга ээ болуусунан көрүнүүчү психологиялык өзгөчөлүктөрү ... деп аталат.
а) мунөз б) эрк
в) жөндөмдүүлүк г) темперамент
2. Адамдын нерв системасынын, анализаторлорунун иштешинин жана мзэсинин тубаса анатомо-физиологиялык өзгөчөлүктөргө ээ болушунан улам адамда ар-кандай жөндөмдүүлүктөрдүн өнгүшүнө негиз болуучу тубаса өзгөчөлүк …
а)жөндөм б) .талант
в).шык в) .көнүгүү , машыгуу
3. Адамдын көптөгөн чыгармачылык жөндөмдүүлүгү менен чыгармачылык эргүүсүнүн биргелешкен комбинациясынын натыйжасында көрүнүүчү психикалык өзгөчөлүк.
А) жөндөмдүүлүк б).шык
В).талант г) көндүм
4. Жөндөмдүүлүктү изилдеген орустун улуу психологу?
а) Л.С.Выготский б) Б.Теплов
В)4.А.Р.Лурия г) В..Ломов
5. Адамдагы жөндөмдүүлүктөр жалпысынан канчага бөлүнөт?
а) 3 б) 2 в) 4 г) 5
Тапшырма
Кыздар силерге өзүнөрдүн жөндөмдүүлүгүнөргө анализ жүргүзүүнү сунуштайт элем.
1. Силерде кандай жөндөмдүүлүк деңгээлдери бар экенине анализ жасоо.
2. Кандай талантынар бар?
3. Жөндөмдүүлүгүнөрдү өнүктүргүңөр келеби жана ал үчун эмне жасаш керек?
Адабияттар
- К. Миңбаев “Адам психологиясы” Ош 2000
- К. Миңбаев. Жалпы психология боюнча кыскача курс. Ош 1992
- Интернет булактары.
Өздүк гигиенаны сактагыла жана үйдө болгула