СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Рухий концепция .

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Рухий концепция .»



















Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан

тарбиялоонун жаңы



к о н ц е п ц и я с ы













Мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан

тарбиялоонун жаңы концепциясы
Рухий-адептик тарбиянын музмундук потенциалын жүзөгө ашыруунун

технологиясы 
Таалим-тарбия иши аныкталган максаттан жана мазмундук ресурстан гана турбайт. Ошол максат менен мазмунду реалдуулукка айландыра турган методдордун, уюштуруу иш чараларынын жана тиешелүү шарттардын өз ара тутумдашкан комплексинен турат. Эмесе, жанагы башкы максатты жүзөгө ашыруу үчүн көрөңгө, гүлазык, база катары аныкталган мазмунду окуучу баланын аң-сезимине жана жан-дүйнөсүнө кандай айла-амалдар аркылуу жеткиребиз, сиңиребиз? Андай айла - амалдар төмөнкүлөр:
Окуу программалары, окуу китептери аркылуу: 
Биринчи иретте, ушул мазмундук корду мектептеги гуманитардык предметтердин, айрыкча, адеп, кыргыз тили, адабияты, тарых, мекен таануу, музыка, адам жана коом предметтеринин атуултаануу (граждановедение сабактарынын) программаларына, окуу китептерине, терең сиңирүү кажет. Ушул багытта аталган предметтердин программаларынын жана окуу китептеринин мазмунун өркүндөтүү талап кылынат. Көрсөтүлгөн мазмунду реализациялоодо табигый предметтердин да мүмкүнчүлүгү чоң экендигин эске алууга тийишпис. Жалпы адамзаттык жана улуттук нарк-дөөлөттөрдүн духуна сугарылган окуу китептеринин жаңы мууну жаралууга тийиш.
Адамкерчиликтүү, мээримдүү (гумандуу) мамиле принцибин аракетке келтирүү аркылуу: 
Таалим-тарбия ишинин негизине алынган жанагындай уютку-мазмунду турмушка ашыруу жолу элден мурун биринчи иретте, бала менен болгон алака-мамиле (общение) аркылуу өтөт. Тарбиячы адегенде эле ушул алака-катыш мамилесине келип урунат. Ал алака-катыштын мүнөзү кандай болот? Ал алака-мамиле, карым-катнаш тарбиялануучуга бериле турган мазмундун жан дүйнөгө сиңимдүүлүгүнө ыңгай түзөбү же жокпу? Ортодогу алака-катыштын мүнөзүнөн, айрыкча тарбиячы - педагогдун "мугалим - бала" системасында мамиле түзүү стилинен көп нерсе багынычтуу. XIX кылымдагы атактуу акылман-олуя Калыгул Бай уулу киши баласынын жаратылышы зилинде мээримге муктаж экендигин, мээрим төгүп мамиле жасагандан улам анын ичиндеги "муз" эрип, ич дүйнөсү жумшарып, көңүлүнө жаз келип, жүрөгү жибий баштарын, турмушта кылыч кармаган катаалдыкка, орой өкүмдүккө, төбөгө камчы ойноткон залимдикке караганда, колунда "куралы жок" рух жоомарттыгы алда канча артык экендигин терең туюнган. Калыгул мына ушундай гуманисттик ынанымын, көз караштык дөөлөтүн төмөндөгүдөй деп жарыялап турат: "Орой айтсаң адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт. Сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет. Түшүндүрүп жай айтсаң, уялып, ыраазы болуп кетет". Калыгулдун ишениминде оройлукту - назиктик, сылыктык; ачууну - токтоолук, сабырдуулук; жек көрүүнү - мээрим менен сүйүү жеңет.Мынакей, мугалим-тарбиячы тарбиялануучу менен алака-мамиле кылганда жетекчиликке ала турган гуманисттик методология. Кыргыз даанышмандыгы мына ушинтип осол, орой, өкүм сөз баланы мугалимден жатыркатаарын, тескерисинче тарбиялануучунун каршылыгын жаратаарын, бала жаратылышынан жанагындай мээримге кардар экендигин, сылык-сыпаа кеп менен ызааттап мамиле жасаганыңда гана шакирттин бою жазылып, көңүлү чалкып, дүйнөсү эргип, үгүттөп жаткан идеяларың кулагына кирерин, боюна сиңип, мээсине, жүлүнүнө жетээрин айтып турат. Ырасында эле, педагогикада жашап жүргөн "Мугалими күндөй тийсе чачырап, окуучусу гүл сыяктуу бажырайып ачылат" деген учкул сөз акыйкат айтылган ой. Педагог тарбиялануучуга карата мамилесин ушул гуманисттик нукка салышы шарт. Ошондо гана тарбия ишинин натыйжалуулугу, тарбия идеяларынын жан дүйнөгө жетиши үчүн жакшы ыңгай, оңтойлуу педагогикалык-психологиялык кырдаал түзүлмөк. Бирок гумандуулук принцибин педагог талап коюучулук менен айкалыштырууну унутпашы абзел.
Инсанчыл-жекече (принцип личностно-индивидуального подхода) мамиле жасоо принцибин ишке чегүү аркылуу: 
Улуу педагог Ушинскийдин "эгерде инсанды бардык тарабынан тарбиялагың келсе, анда аны бардык тарабынан билишиң керек" деген сөзүн бул жерде эске түшүрүү орундуу. Ушинскийдин гуманисттик педагогикалык идеяларын мурастаган бүгүнкү инсанга багытталган адамгөй педагогика ар бир тарбиялануучунун индивидуалдуулугун деталдуу үйрөнүүнү, ар бир балага өзүнчө жекече мамиле жасоону мурдагыдан да тереңдетүүнү жана активдештирүүнү талап кылып отурат. Чындыгында, окуучунун жеке өзгөчөлүгүн жакшылап аңдап билбей туруп, ага индивидуалдуу мамиле жасоонун оңтойлуу "ачкычын" кантип табууга болот. Мугалим түзгөн мүнөздөмөдөн тарбиялануучунун жаш өзгөчөлүгү, мүнөзүнүн, кыял-жоругунун, темпераментинин, адаттарынын, табитинин айырмалуу белгилери, ой жүгүртүүсүнүн, адептик тарбиясынын деңгээли, жашоо образы, көз караштары, кызыкчылыктары, баалуулук ориентациясы, турмуштук планы, эмгекке, адамдарга, классташтарына, теңтуштарына болгон мамилеси, жүрүш-турушунун мотивдери көрүнүп турсун. Туура, минтип майда-чүйдөсүнөн, аки-чүкүсүнөн бери камтып үйрөнүү, мүнөздөө кыйын. Бирок өз ишин сүйгөн чыныгы тарбиячынын колунан келбей турган нерсе жок. Баланы үйрөнүүдө ата-эне менен тыгыз кызматташуу эң зарыл. Себеби турмушта баланы ата-энеден артык билген эч ким жоктур. 
Өз убагында туура жана кылдат коюлган педагогикалык диагностика окуучунун тарбиясына байланышкан маселелерди учурунда коррекциялоого жана туура нукта жөнгө салууга, тарбиялоонун туура планын түзүп, перспективасын

белгилөөгө мыкты ыңгай түзөт. 
Окуу процессинде (предметтер боюнча сабактарда) окутуу менен тарбиялоонун биримдиги принцибин активдүү колдонуу аркылуу: 
Мектептеги ар бир предмет өз ичине тарбия потенциалын камтып турат. Предметтер боюнча өтүлүүчү сабактарда ар бир мугалим окуу материалынын тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн окуучунун рухий-адептик өнүгүш кызыкчылыгына пайдаланышы зарыл. Дене тарбия сабагында элдик спорттук оюндарды үйрөнүүгө жана ойноого, ал эми эмгек сабагында элдик кол өнөрчүлүктү, элдик узчулукту жана элдик кулинарияны, адеп сабагында элдик этиканы, этикетти үйрөнүүгө көңүл буруу - тарбия талабы. Адабият сабагында элдин нравалык философиясын, айкөл адеп-ахлагын, рухун, тарых сабагында калктын каарман күрөшүн, патриотизмин, коомтаануу сабагында дүйнөлүк маданиятты, экономика сабагында бизнестин сырларын, табигый-илимий предметтер сабактарында компьютер өнөрүн, элдин табигый-жаратылыштык түшүнүктөрүн терең үйрөнүлүшү шарт. Сабакта окутуу менен тарбиялоонун биримдиги жөнүндөгү принципти бекем тутунуу күткөн натыйжага алып келет. Предметтер боюнча сабактар канткенде окуучу маалыматтуу болот деген маселе менен гана эмес, канткенде адам уулу адам болот, бала кандайча өз мекенинин ар намыстуу атуулу болот деген маселе менен алек болгону үчүн баалуу болмок. Ар бир мугалим окуу процессинде кандайдыр бир теореманы, формуланы үйрөтүү гана эмес, окуучуда өз элинин маданияты менен, өз мекенине, өз улутуна таандык экендиги менен сыймыктануу сезимин жаратуу, бир сөз менен айтканда, адам жаратуу педагогдук "сверхзадачасы" экенин эсинен чыгарбашы шарт. 
Класстык тарбия сааттары аркылуу: 

Жогорудагы мазмундук гүлазык мектептердеги класстык тарбия сааттарынын план-программаларынын негизин түзүп, эффективдүү методдор аркылуу реализацияланышы керек. Класстык сааттардын тематикасы көрсөтүлгөн мамундук багыттардан бутактанып чыгышы кажет.
Класстан тышкаркы тарбия иш - чаралары аркылуу: 
Мамлекеттик майрамдарга жана даталуу күндөргө байланышкан иш-чаралар, окурмандар конференциясы, тарбия кызыкчылыгын аркалаган жумалыктар, фестивалдар, декадалар, экскурсиялар, тарыхый жерлерге саякаттар, музейлерге, театрга, көргөзмөлөргө коллективдүү баруу, "Эне тили", "Манас", "Адабий-драмалык", "Кол өнөрчүлүк", "Комуз үйрөнүү", "Элдик каада-салттар" ж.б. ийримдер, "Кыргызтаануу", "Крайтаануу", "Кызыктуу жолугушуулар", "Достук", "Маданияттаануу", "Бизнес жана компьютер" ж.б. клубдары. Булардын баары тарбия мазмунун реализациялоонун куралы. 
Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюмдары аркылуу: 
Мектеп парламентинин, "Манас", "Семетей", "Сейтек" ж.б. көптөгөн өзүн өзү башкаруу уюмдарынын активдүү ишмердиги жолго коюлушу көздөгөн максатты жүзөгө ашыруунун өбөлгөлөрүнүн бири.
Таалим-тарбиянын методдорун чыгармачылык менен эффективдүү пайдалануу аркылуу: 
Кылымдап өнүгүп келаткан педагогика өзүнүн казынасына далайлаган түркүн методикалык "курал-шаймандарды" топтоду. Аңгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдар, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу, өзүн-өзү тарбиялоо, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, кызыктыруу, мелдеш, интерактивдүү усул, оюн, сынчыл ойлом, мээ чабуулу, тегерек стол, талкуу конкурс ж.б. Педагогиканын ушундай усулдук казынасынан ким эмнени алып, кайсыга колдонот, кайсы методикалык амалды кандай конкреттүү кырдаалга кантип чыгармачылык менен пайдаланат, тигил же бул ыкманы кантип айласын таап иштетип, көздөгөн натыйжаны алат, өзү тарабынан кандай табылгаларын кошумчалайт, - муну тарбиячы - мугалимдин өзүнүн чеберчилиги билет. 
Эске ала турган нерсе бул. Кандай гана метод же форманы колдонуп иштебесин, эмнени уюштурбасын, педагог тарбия иш-чараларынын саны тууралуу эмес, биринчи иретте, таалим-тарбия ишмердигинин балага нравалык таасир кылуу эффективдүүлүгүн, иш-чаралардын тарбиялоочу кудурет-күчүн жогорулатуу биринчи милдет. Тарбия берүү процессинде педагогдун: Өнүктүрүүчү тарбия принцибин;
Окуучуну коомдук-коллективдик иштерге жана мамилелерге активдүү катыштырып тарбиялоо принцибин;
Тарбия иш-чараларынын баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуулугу принцибин;
Тарбиянын турмуш менен байланыштуулугу принцибин бекем жетекчиликке алып эмгектениши ийгиликти камсыз кылат. Тарбия процессине турмуш менен байланышы жок абстрактуулук жат болууга тийиш. Тарбиялык-уюштуруу иштерин коомдук турмушубуздун социалдык-экономикалык, рухий-маданий жандуу проблемалары жана муктаждыктары, тарбиялануучунун инсандык кызыкчылыктары менен байланыштырып алып баруу баланын позитивдүү нукта социалдашышына сүрөө болмок. Окуучу ээ болууга тийиш болгон социалдык жактан баалуу сапаттар бир тууган ата журту үчүн да, өз тагдыры үчүн да зарыл экендигин өспүрүмдүн билип турганы оң. Адеп-ахлак дөөлөттөрүнүн окуучунун жан дүйнөсүнө трансформацияланышы - таалим-тарбия процессинин мазмунун түзөт. Ал эми бул трансформациялануу этап-этап менен акырындап жүрүп отуруп ишке аша турган нерсе. Демек ушундай түркүн жагдай, моменттерди алдын ала эске алуу менен тарбия ишмердигин ар тараптан терең ойлонуп, кылдат уюштуруу жана жүргүзүү зарыл.
Окуучулардын активдүүлүгүн жана өз алдынча демилгелүү иш-аракеттерин өнүктүрүү принцибин жигердүү кыймылга келтирүү аркылуу: 
Жакшы иштерди аткарууда болобу, же терс иштерге каршы күрөштө болобу балдардын өздөрүнүн потенциалын, демилгесин пайдалануу керек. Мисалы, мектеп рэкети деп атабыз, ага каршы күрөш деп атабыз. Бирок ушул маселеде биз педагогдор көбүнчө ишти укук коргоо органдарынын, милициянын, административдик ресурстардын жардамы менен жөнгө салууга аракет кылып келатабыз. А чындыгында бул социалдык-нравалык илдеттин тамырын кыркууда окуучулардын өздөрүнүн мүмкүнчүлүгү чоң экенин этибар албай келебиз. Маселен, ушул рэкет илдетине каршы күрөш маселеси боюнча педагог Асылбек Жоодонбековдун мектеп окуучуларынын өздөрүнө кайрылып айткан төмөнкү кеңеш-сунуштары мектеп тарбиячыларынын олуттуу көңүл буруусуна татыктуу. 
"Кымбаттуу окуучулар!Адатта рэкетчилик менен айрым гана балдар алектенет, ошондуктан аларга каршы классташтарыңар, курдаштар менен биримдигиңер өтө күчтүү болсун. 
Мушташууну, алардын жазасын берүүнү максат кылбагыла, бирок бул ыпластыкка түп тамырынан каршы экениңерди ачык билдиргиле, жеңишке жетишкенге дейре туруктуулугуңарды көрсөткүлө; Мектептеги активисттер, мектеп парламенти сыяктуу уюмдар менен биргелешип, жыйындарды өткөргүлө, ачык, түшүнүктүү, мыйзамга туура келе тургандай чечим кабыл алгыла; Мектептин директору, окуу-тарбия бөлүмдөрүнүн башчылары, мугалимдериңер аркылуу ата-энесине, туугандарына ушундай иш (рэкет) менен алектенип жаткандыгын жеткиргиле;Өзүңөрдүн классыңар, курдаштардан тышкары, өзүңөрдөн жогорку класста окуган, мектепти бүтсө да мындай жагымсыз жагдайга каршы болгондор менен биригип, алар аркылуу таасир эткиле; Эгерде рэкет маселеси сени кыйгап өтүп, бирок жоро-жолдошторуңар тушугуп аткан болсо, анда да кайдигер калбагын. Башкаларга жардамга шашылуу эр кишинин иши; Жардылыктан рэкетчиликке барып аткандар болсо, ачык акция уюштуруп, аларга жардам көрсөткүлө. Ар кимиңер өз кошумчаңарды кошкула. Аларды камкордукка алгыла;Дагы бир силердин тарыхый кадамыңар: өз курдаштарыңардын, классташтарыңардын арасында бири бириңерге рэкетчилик, алсыздарды басынтууну биротоло жок кылгандыгыңар тууралуу бекем убадалашкыла. Эгерде силер теңдүүлөр мындай ишке барган болсо, аны менен болгон бардык байланыштын кесиле тургандыгы, мындай кадамдарга караманча каршы экендигиңерди билдиргиле.
Урматтуу жаштар, бул илдетти жок кылуу силердин колуңардан келет. Силер жаңы замандын балдарысыңар, силер башкача жашоого татыктуусуңар. Эң негизгиси силердин мындай аракетиңер улуу иштердин башталышына өбөлгө түзөт. Ошондуктан коомдун жакшы жакка өзгөрүүсүн кааласак, өзүбүздөн баштайлы. Биз өзгөргөндө гана коом өзгөрөт". ("Кутбилим", 6.02.09)  Эгерде Асылбек Жоодонбековдун ушул сунуштарын жана жалындуу чакырык-кеңештерин эске алып, окуучулардын ушундай өз демилгелүү иштерин билгичтик менен уюштура билсек, анда коомдун нравалык "шишиги" - рэкет оорусуна каршы турган коллективдүү күрөштө балдар канчалык турмуштук тажрыйбага ээ болуп, өздөрү да жаңыланып, атуулдук-граждандык жактан жетилип өсүшмөк.Рэкетке каршы күрөштө гана эмес, дегеле тарбия процессинин бардык учурларында балдардын ички күчтөрүн ойготкон методиканын түшүмдүүлүгү жөнүндөгү ойду эстен чыгарбашыбыз шарт.
Окуу-тарбия ишине инсанчыл - ишмерчил (личностно - деятельностный) мамиле принцибин кыйшаюусуз колдонуу аркылуу: 
Балдардын ички күчтөрүн, потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ойготкон жана ачкан нерсе - бул окуу-тарбия ишине инсанчыл-ишмерчил мамиле принциби. Бул принцип тарбиялануучунун өз ишмердигин уюштурууга басым коюп, баланы чындыкты өз күчү менен издеп табууга үйрөткөндүгү менен баалуу. Мугалимдер жазгандай, этикалык эрежелерди билип туруп балдардын жаман жосунга барып атканы эмнеликтен? Анткени мораль деген нерсе кургак билим, маалымат түрүндө тилдин учунда гана жашап, ишеним, ынаным түрүндө алардын кан-жанына сиңбегендигинде болуп отурат. Ал эми адеп-ахлак жоболорунун жүрөккө, жан-дилге тамырлаган ички ишенимге айланышы эч убакта автоматтык түрдө болбойт. Бул татаал руханий изденүүлөрдүн жолун баса турган процесс. Аткарылууга тийиш болгон нравалык эреже-норма инсан тарабынан акыл менен гана эмес, эмоционалдык толгонуулар аркылуу кабылданып, адам ал эреже-норманын өзү үчүн да, коом үчүн да зарыл экенин өз "жон териси" менен, жеке тажрыйбасы аркылуу туюнуп, аны ички ыктыяры менен аткарууга өтсө, ошол этикалык эреже-норма тышкы талап болуудан калып, кишинин өзүнүн ички керектөөсүнө, ички адептик сапат-касиетине айланып калса - ошондо адеп-ахлак тарбиясынын ийгилиги жөнүндө сөз кылууга болот. Нравалык тарбиянын теориясы боюнча эгерде окуучу адеп эрежесин эч кимге билгизбей жазадан чочулагандыгынан же текшерип-тескеген көзөмөлдүн алдында, тымызын аргасыздан дайыма так аткарып "5" алып жүрсө - бул анын моралдуулугуна жатпайт. Бул формалдуу аткаруу. Моралдык тарбиянын бөтөнчөлүгү ушунда, тышкы нравалык талапты аткаруу инсандын ички ишениминен, муктаждыгынан чыккан жүрүм-турум акциясы болуп калышы керек. Мораль жаралды деп ошондо айтат. Тарбиячы-педагог тарбия сабактарын бала татаалдыкка кабылгыдай, кыйынчылыкка, тоскоолдуктарга учурагыдай, изденгидей, кызыгып ич жагынан күүгө келип, чындыктын өзөгүн таанып билүүгө, аңдап түшүнүүгө кумарланып, активдүү аракеттенгидей жагдайларды жаратып, ыкчылдык менен уюштурат. Ал тарбиялык кудурети бар проблемалуу кырдаалдарды түзүп, оюн ролун аткартып, нравалык тандоо маселесине тушуктуруп, иштин төркүнүн окуучу ишмердик аркылуу түшүнүп, изденүү түйшүгүнүн ичинен жаңы ой-пикирлер жана жыйынтыктар менен байып, өзгөрүп, жаңырып чыккыдай кылып сабагын жүргүзөт. Дегеле, балага табиятынан пассивдүүлүк жат. Ал ар нерсеге ынтызарланат, приключенияга, детективге кызыгат. Демек сабакты проблемалуу куруу баланын ынтызар, активдүү жаратылышына ылайык келет. Тарбиячы ушул мыйзам ченемдүүлүктү пайдаланышы керек. Кыскасы, инсанчыл-ишмерчил мамиленин негизинде иштеген педагогика тарбиялануучунун чындыкка карай "өздүк жолун" (собственный путь) жараткандыгы менен баалуу. Сезимге жукпаган караандай насаат айтып, кургак мораль окуу менен чектелген сабактан адеп-ахлак жаралбасын жакшы түшүнүүгө тийишпиз. Тарбия ишинин жемиштүү натыйжасы үчүн инсанчыл-ишмерчил мамиле искусствосун чебердик менен пайдалануу зарыл.
Өзүн-өзү тарбиялоо усулун ишке чегүү аркылуу 
Таалим-тарбия ишинде окуучулардын өз алдынча иш-аракеттерин өнүктүрүү принцибинин кызыкчылыгынан алганда, көздөлгөн максатты жүзөгө ашырууга эффективдүү көмөк көрсөтө турган бир таасири күч усул бар экенин эске алуу керек. Турмуштук практика жамааттагы нравалардын бузулушун сырткы репрессивдик иш-чаралар, сот, милиция токтото албастыгын, тескерисинче, жарандарды канчалык көп түрмөлөргө камаган сайын, кылмыштуулук ошончолук көбөйөөрүн ырастоодо. Адам индивидуалдык-личносттук планда ичтен өркүндөсө гана коомдун нравалык климаты жана рух саламатчылыгы жакшырууга өтөт. Эгерде индивидуалдык-личносттук планда өркүндөөнү инсан өзү колго алса, башкача айтканда өзүн-өзү тарбиялоого киришсе, бул сырттан бирөө түрткүлөгөнгө караганда алда канча эффективдүү. Тарбиячынын тышкы күч-аракети менен тарбиялануучунун ички күч-аракети биригүүгө тийиш. Берилип жаткан тарбия окуучунун өзүн-өзү өркүндөтүү далалаты менен коштолсо, натыйжага тезирээк жетүүгө болот. Маселен, өзүн-өзү байкоо методунун жардамы менен өз эне тилине карата өзүндө маңкурттук илдеттин белгилеринин бар экенин аңдап туюнуп, мындан ары эне тилинде сабаттуу жазуу, чечен сүйлөө үчүн окуучу өзүнчө план-программа түзүп машыга баштаса, аны педагог коштоого алса кантип ийгилик жаралбайт. Кыскасы, педагогдун таалим-тарбиянын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн окуучулардын өзүн-өзү тарбиялоо ишмердигин уюштуруунун зарылдыгын терең туюнушу жана бул багытта конкреттүү практикалык аракеттерге өтүшү - тарбия муктаждыгы.
Үй-бүлөнүн, мектептин, айыл өкмөтүнүн жана башка коомдук уюмдардын, мамлекеттик органдардын өз ара кол кармашкан кызматташтыгы аркылуу (коллективдүү таасир кылуу принциби): 
Таалим-тарбия иши жалгыз мектепти гана эмес, бүтүндөй коомду кучагына алууга тийиш. Тарбия - көп факторлуу процесс. Баланын, окуучунун калыптанышына көптөгөн күчтөр таасир кылары белгилүү. Өспүрүмдүн адам болуп өсүшүнө аны курчап турган кичине жана чоң чөйрө, башкача айтканда коомдогу бардык институттар, үй-бүлө, бала бакча, мектеп, айыл өкмөтү, мекемелер, уюмдар, мамлекеттик органдар, массалык маалымат каражаттары, аныкталып алдыга коюлган тарбия мүдөөсү үчүн өз ара кол кармашкан байланышта, бир багытта аракетте тура турган болсо гана ийгиликке жетишмекпиз. "Азыркы заманда жоопкерчилик бир эле мектеп директорлорунун мойнунда эмес. Биз балдарды таалим-тарбияга чакыруу үчүн мектеп мугалиминен тартып домкомдорго чейин бирдикте иш алып баруубуз керек. Коомчулук мектепке жардам бериши керек. Массалык маалымат каражаттары коом, ата-эне жана мектеп бирдикте иш алып баруубуз зарыл", - деп бекеринен тажрыйбалуу педагог жазып жаткан жок. Муундардын тарбиясын коллективдүү күч менен алдыга жылдыруу зарыл. 
Агрессивдүүлүктү, катаал нраваларды үгүттөгөн телевидео жана компьютердик программаларга тыюу салган мыйзамдык негизди түзүү аркылуу: 
Чет өлкөлөрдө жүргүзүлгөн социологиялык-психологиялык изилдөөлөр зордук-зомбулукту үгүттөгөн теле-компьютердик программалардын ишенчээк жаш балдардын психикасына бүлүндүрүп-бузуучу таасирин тийгизерин аныктаган. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөө институту 2008-жылы "Мектептердеги зомбулук маселеси" аттуу социологиялык изилдөө жүргүзгөн. "Изилдөө учурунда өспүрүмдөрдүн агрессивдүү болушу жана зордук-зомбулукка барышы маалымат каражаттарынын, телекөрсөтүүнүн жана компьютердик оюндардын терс таасиринен улам болуп жаткандыгы айкын болгон" ("Кутбилим", 18.05.08).Маалымат каналдары аркылуу катаалдыкты, зордук-зомбулукту үгүттөөгө тыюу салуу жана телеберүүлөрдүн, компьютердик көрсөтүүлөрдүн, оюндардын программаларын гумандуулуктун, маданияттын, адептүүлүктүн негизинде оң багытка буруу маселесин Жогорку Кеңештин деңгээлинде карап, мыйзам кабыл алуунун зарылдыгы бүгүн бышып жетилди.
Таалим-тарбия үчүн өрнөктүү коомдук чөйрөнү түзүү аркылуу: 
Тарбия деген жаныңдагы башка адамдардын тарбиялуулугуна багынычтуу деген ой бекеринен чыккан эмес. Искак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, ал таза болсо, коом таза болот" деген сөзү даанышмандык менен айтылган ой. Жеткинчектин мыкты адам, атуул болушу үчүн ыңгайлуу, гумандуу коомдук чөйрө түзүлүшү зарыл. Мектепте насыятталып үйрөтүлүп-окутулуп, жайылтылып жаткан нравалык эрежелер, жол-жоболор, адеп-ахлак принциптери баланы курчап турган коомдук чөйрөнүн реалдуу практикасы менен ырасталып, чынга чыгып турушу шарт. Өспүрүм бала жүздөгөн, миңдеген кишилердин турмуш-тирлигинен, күн кечирүү образынан, турмуштун күндөлүк агымынан: көчөдөн, мекемеден, дүкөндөн, өзү окуган мектептен, кыштактан, шаардан, аткаминерлердин, өкмөттүн, депутаттардын, шайлоо комиссияларынын ишмердигинен, кыскасы турмуштун бардык чөйрөлөрүнөн мыйзамды, укукту, жашоо эрежелерин бекем сактаган нраваны, тартипти жана ирээттүүлүктү, социалдык адилеттүүлүктү, калыстыкты, маданиятты, улуу максат үчүн биригип, уюшкандыкты көрүп турса, иш жүзүндө мээнеткеч, ак ниет, чынчыл, таза, түз жүргөн адамдар, элим-жерим деген патриот инсандар коомдо аброй күтүп, ийгиликке жетишип, сыйланып, урматталып жатканын сезип-туюп турса, анда мындай атмосферада жаш адамда адептүү, ыймандуу, ар намыстуу, активдүү атуул болуп өсүүгө шыктандырган күчтүү стимул түзүлмөк. Мына ушундан улам таалим-тарбия иши деген - бул өтө чоң маселе экени жөнүндө дагы бир жолу терең ойлонуу керек. Тарбиянын мүдөөлөрү үчүн, муундардын позитивдүү нукта социалдашышы үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн, Кыргыз мамлекети өзүнүн экономикалык, социалдык-маданий, граждандык турмушун мыйзамдуулуктун жана социалдык адилеттүүлүктүн негизинде түп тамырынан жаңыча курушу, жаңы деңгээлде уюштурушу, оң тарбияга сүрөө болгон педагогикалык чөйрөнү калыптандыруусу талап кылынат. Мындан оңойго турбас реформанын башында мамлекеттин өзү чечкиндүү турса натыйжага жетишүүгө болот.
Тиешелүү стимулдарды түзүү аркылуу: 
Бүгүнкү мезгил - рынок мамилелеринин мезгили. Мугалимди жогортон катуу талап коюу менен, буйруктун жана ураан-чакырыктын жардамы менен иштете турган мезгил өттү. "Атты камчы менен эмес, жем менен айда" деген кыргыздын макалын эске түшүрүү кажет. А.С. Макаренконун "Тарбия ишинде бир процент да брак болбош керек" деген сөзү бар. Эгер тарбия ишинен жогорку сапатты жана натыйжалуулукту талап кылып, көздөгөн мүдөөгө жетүүнү кааласак, анда тарбиячынын эмгеги үчүн тиешелүү стимулдарды жана мотивацияны түзүшүбүз шарт. Тарбиячы-мугалимдин эмгеги, кызматы адилеттүүлүк менен жогорку өлчөмдөгү акы менен шыктандырылышы шарт. Таалим-тарбия иш-чаралары мамлекет тарабынан каржыланышы зарыл. Тарбиянын сапатынын бир гарантиясы ушунда.