Просмотр содержимого документа
«Рыскулов Бийик Калыбаевич»
Тоо-Кен өнөр жайы
Текшерген: Рыскулов Улан
Аткарган: Марлен кызы Бегайым
- Кыргызстан Республикасы түстүү, сейрек учуроочу, асыл материалдарга бай болгондуктан, бул тармак жакшы өнүккөн. Анын курамына сурьма, сымап, сейрек кездешүүчү элементтер, алтын, цинк, коргошун, калай, вольфрам өнөр жай тармактарынын ишканалары кирет.
Бул металлдардын өндүрүүнүн келечеги чоң, анткени өлкөдө алардын жетиштүү запасы бар,түрлөрү ар кыл, машина куруудагы алардын, өзгөчө илимий-техникалык прогресс талап кылган тармактардын, электрондук, электр-техникалык аспаптарды чыгаруунун ж.б. мааниси чоң болгондуктан, аларды керектөөчү өлкөлөр көбөйүүдө.
Түстүү сейрек кездешүүчү асыл металлдар республикасынын бардык облусунда кездешет
Чүй өрөөнүндө цинк, коргошун, висмут, алтын кездешет.
Ысык-Көл облусунда калай, алтын кездешет.
Талас өрөөнүндө коргошун, алтын кездешет.
Ички Теңир-Тоодо калай, нефелин, сиенит, алтын кездешет.
Түштүк Кыргызстанда сурьма,сымап, алтын кездешет.
- Сурьма жана сымап өндүрүү боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет.
- Сурьма өнөр жай тармагы- Кадамжай комбинаты, Кадамжай жана Терек-Сай сурьма кендериндеги рудниктерди, кең ылгоочу эки фабриканын жана Кадамжай металлургиялык заводун камтыйт.
- Ишкана 1934-жылы курулган мурдагы СССРде тармак боюнча биринчи ишканалардан болгон.
- Кыргыз сурьмасы өтө сапаттуулугу менен айырмаланып, 1958-жылы Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө ага чоң алтын медалы ыйгарылып , металлдын тазалыгы боюнча дүйнөлук «этолон» деп белгиленген.
- Азыркы сурьма кени 300м тереңдиктен , татаал геологиялык шартта казылып алынат, запасы азайып баратат, келечекте ал 500-600м тереңдиктен алынып калуусу мүмкүн.
Сурьма
1) Терек-Сай сурьма кендериндеги рудниктер заводу. 2) Кадамжай комбинаты.
Республика сымаптын запасы боюнча Борбордук Азияда алдыңкы орунду ээлейт.
- Жер астынан казылып алынган сырьё аны тазалоочу фабрикага жөнөтүлөт.
- Бул тармактын негизин Айдаркен комбинаты түзөт.
- Сымап кенин өздөштүрүүдө да сурьма сыяктуу эле аймактын татаал рельефи жана геологиялык түзүлүшү кыйла кыйынчылыктарды пайда кылат.
- Азыр сымап кени 400м тереңдиктен алынат, келечекте 700м тереңдиктен алынышы божомолдошот.
- Сымап уулуу болгону менен физикалык приборлорду курууда, радиотехникада, электр-техникада, медицинада, кенташтан алтын, күмүштү бөлүп алууда космостук техникада, коргонуу тармактарында кеңири пайдаланылат.
Сымап
Түстүү металлургия комплексинин эң кирешелүү, ошондой эле келечектүү тармагы –алтын өнөр жайы.
- Алтындын республикада мол запасы бар, анын кени бардык облустардын аймактарынан табылган. Алтындын республикадагы ири кендери: Кум-Төр,Жер-Үй, Талды-Булак,Куран –Жайлоо, Терек-Кан, Иштамберди,Солтон-Сары, Макмал ж.б.
- Бул кендерди иштетүүгө чет өлкөлүк ири компаниялар жана фирмалар да катышууда.
- 1986- жылы Жалал-Абад облусунун аймагында Кыргызстандагы алгачкы Макмал алтын комбинаты иштейт баштаган.
Алтын
Республика калайдын запасы боюнча Борбордук Азияда алдыңкы орунда ээлейт.
- Анын өнөр жайлык запасы Сары-Жаз дарыясынын алабында жайгашкан.
- Калай өнөр жайына кең ылгоочу фабрика, калайды казып алуучу «Трудовой» жана «Үч-Кошкон» кендери кирет.
- Калай кенинде вольфрам , молибден болгондуктан аны комплекстүү иштетүү каралган.
- Висмут
- Түстүү металлургия өнөр жайына висмут өндүрүү да кирет, анткени анын өнөр жайлык запасы географиялык жактан ыңгайлуу болгон Чүй өрөөнүнүн чыгышынын табылган. Висмут кенинин курамында висмуттан башка күмүш, жез, коргошун, вольфрам кездешет