СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактан тышкаркы иш

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактан тышкаркы иш»

Сабактын темасы: Акыл ордо

Сабактын максаты:

  1. Акыл –эстин чыныгы гимнастикасы болгон

“ Акыл –ордо” сабагы куунак жана кызыктуу, татаал жана айла –амалга толгон суроо –жооптору менен окуучулар ѳздѳрүнүн эс- тутумунун күчтүүлүгүн, кругозорунун кеңдигин, ылдам ой жүгүртүүсүн,

тез тапкычтыгын кѳрсѳтүшѳт.

  1. Окуучулардын билими, кругозору, ык-машыгуусу, дүйнѳгѳ болгон кѳз карашы кеңейип, зээндүүлүгү, ѳздѳрү ойлобогон жѳндѳмдүүлүктѳрүн сезишип, мээлеринин иштѳѳ жѳндѳмдүүлүктѳрү күчѳп, ар кандай интеллектуалдык, логикалык операцияларды жасай алышат.

  2. Окуучулар намыскѳйлүккѳ, атаандаштыкка туруктуулукка, ар кандай цитуацияларда жеңип чыгуу менен жеңиштин даамын туура татууга жана жеңилиштин ызасын позитивдүү жагына оодара билип тартууга тарбияланышат .Сабактын тиби: стандарттык эмес:

Сабактын жабдылышы:

( лозунг, бет плакаттар, логотип ж.б.)проектор, слайд, карточкалар, коңгуроо.

Сабактын жүрүшү:


Билими күчтүү миңди жыгат,

Билеги күчтүү бирди жыгат

Демекчи бүгүн “Акыл-ордо” интеллектуалдык таймаш сабагына билими аркылуу миңди жыгам деген окуучулар катышып отурушат.

Катышуучулар ѳздѳрүн тааныштырып ѳтүшѳт:


Катышуучуларга ийгилик каалоо менен 1-турду баштайбыз

Катышуучуларга ийгилик каалоо менен 1-турду баштайбыз

1-турга элементтерди атын туура атоо менен кошо валенттуулукторун туура айта алган алдынкы 6 окуучудан 4-окуучу 2-турга катышат.

2-турда категория тандашат.

1-категория: Орг.эмес заттардын классификациясы (Окуучуларга заттардын формуласы корсотулот, окуучу оксид, негиз, кислота, туз деп айырмалайт)

Слайд 1

2-категория :Металл, металл эмес, газ( окуучуларга заттардын белгилери корсотулот, алар айырмалайт)

Слайд2

3-категория: Ооба, жок

  1. Ооба , жок

  1. Атом көзгө көрүнөбү?

  2. Жездин өңү кызыл болсо, анын атомунун өңү да кызылбы?

  3. Молекула заттан турабы?

  4. Бирдей атомдор молекуланы пайда кылабы?

  5. Ар түрдүү атомдор молекуланы пайда кылабы?

  6. Зат менен нерсенин айырмасы барбы?

  7. Зат формага ээ болобу?

  8. Дыйканга химиялык билимдин кереги барбы?

  9. Сууну кайнатсак суутек жана кычкылтек газына ажырайбы?

  10. Калий металлбы?

  11. Хлор металлбы?

  12. Үйдө химиялык реакция жасайсынбы?

  13. Адамдын денесинде химиялык элементтер барбы?

  14. Көмүртектин агрегаттык абалы газбы?

  15. Нефть жасалма затпы?

  16. Кычкылтек күйөбү?

  17. Суутек күйөбү?

  18. Абаны суюлтсак болобу?

  19. Затты ысытканда молекулалар бири-бирине жакындайбы?

  1. Категория: болот, болбойт


  1. Болот, болбойт

  1. Темир кашыктагы темирдин атомдорун саноого болобу?

  2. Суунун молекулаларын көз менен көрүүгө болобу?

  3. Абадан кычкылтекти лабораторияда алууга болобу?

  4. Суутекти суудан алууга болобу?

  5. Алюминийди жезди ысытып алууга болобу?

  6. Сууну кайнатып кычкылтек алууга болобу?

  7. Кислотаны металл идиште сактоого болобу?

  8. Кислотанын үстүнө суу куюуга болобу?

  9. Марганцовкадан кычкылтек алууга болобу?

  10. Тамак аш тузунан суутек алууга болобу?

  11. Тааныш эмес заттын даамын татып көрүүгө болобу?

  12. Май менен суунун аралашмасын фильтрлеп бөлүүгө болобу?

  13. Сүттөн майды бөлүүгө болобу?

  14. Күкүрттү күйгүзсөк газ пайда болобу?

  15. Темирди күйгүзсөк газ пайда болобу?

  16. Заттарды жаратылышта 100% таза түрүндө кездештирүүгө болобу?

  17. Шамшыкал тузунан металл алсак болобу?


5-категория Кислоталарды атоо (формула корсотулот, атын аташат)

КИСЛОТА

АТАЛЫШЫ

H2SO4

КҮКҮРТ КИСЛОТАСЫ

H3PO4

ОРТО ФОСФОР КИСЛОТАСЫ

H2SO3

КҮКҮРТТҮҮ КИСЛОТА

H2CO3

КӨМҮР КИСЛОТАСЫ

H2SiO3

КРЕМНИЙКИСЛОТАСЫ

HNO3

АЗОТКИСЛОТАСЫ

H2S

КҮКҮРТТҮҮСУУТЕК

HCl

ТУЗ КИСЛОТАСЫ ЖЕ ХЛОРДУУ СУУТЕК

HBr

БРОМДУУ СУУТЕК

HI

ИОДДУУСУУТЕК

HF

ФТОРДУУ СУУТЕК

HCN

СИАНДУУ СУУТЕК

6-категория

6. Суу

1. “Аккан суу” деген чыгарма кимдин чыгармасы? (Женижок)

2. Суунун формуласы кандай? (аш –эки—о)

3. Суу кайсы атомдордон турат?(суутектин жана кычкылтектин)

4. Жердин канча бөлүгүн суу каптап турат? (3/4)

5. Жаратылышта таза суу барбы? (бар жаандын суусу)

6. Суунун башка заттардан өзгөчө касиети кайсы ? (эриткич)

7. Суунун молекулалык массасы канча? (18)

8. Эмне үчүн суу электр тогун өткөрөт? (иондор бар)

9. Суунун составында канча түрдүү атом бар? (эки)

10. Суу канча градуста кайнайт? (100)

11. Суу канча градуста тонот? (0)

12. Суунун өнү кандай? (түссүз)

13. щелочтук металлдар суу менен кошулганда эмне пайда болот? (щелочтор)

14. Сууну орусча эмне дейт? (вода)

15. Сууну англисче эмне дейт? (вате)

16. Катуу суу эмне деп аталат? (муз)

17. Суюк суу эмне деп аталат? (суу)

18. Буу деген эмне? ( газ абалындагы суу)

19. Суу кандай чойрону көрсөтөт ? (нейтралдуу)


2-турдан баллды эң кѳп топтогон эки окуучу 3- турга калып финалдык оюнду улантышат

Айткым келди окурманга сѳз жайын,

Окуу, билим сѳз жайынан баштайын.

Окуу тундѳ алдыңдагы шам чырак,

Билим алсаң, маңдай ачык жаркырап

Кана эмесе кимдин маңдайы жаркырап чыга келет азыркы оюн чечет.

Финалдын жеңүүчүсүн мектептин админстрациясы грамота менен сыйлайт.




Финал



1.Бир элементтин атын эки жолу жазсанар ар бир мамлекетте бар бир соз

келип чыгат.

( Борбор )


2.Стакандагы сууну тогуп салса ичинде эмне калат? ( аба)


  1. Отто күйбѳйт, сууда чѳкпѳйт ( муз)


  1. Космостон жерге тушкѳн таш эмне деп аталат? ( метеорит)



  1. Жерди айланган элемент? (селен)

  2. Аш жегени экөө ,ээси оогон төртөө

кукурт кислотасы Н2SО4

  1. Жарым стакан сууга жарым стакан спирт кошсо стакан эмне болот?

Мас болот

  1. Радио орус сөзүнүн , о тамгасын алыныз

Элемент атын тапсаныз, й тамгасын уланыз радий



  1. Магнит деген бир сөздүн, Т тамгасын алыныз

й тамгасын уланыз , элемент атын кураныз магний

  1. Самара кыздын атынан а мучосун алыныз

элемент атын тапсаныз ий мучосун уланыз самарий

  1. Кумтор деген жеринен топтоп чыгам терилип

жалтырап турсам адамдар кызыгышат берилип алтын



  1. Сууга салса чөкпөгөн сузүп жүргон кемемин,

Бардык денем металлдан, бирок жумшак элемин

Хлор менен кошулуп , тамакка даам беремин натрий





  1. Бирөө куйөт, экинчиси күйбойт, бирок куйуугө жардам берет, а эгер экөө кошулса күйгон отту очурөт суутек, кычкылтек, суу

  2. Сууга салса жоголду тамактын даамы онолду туз