Просмотр содержимого документа
«Сабактын компонентүүлүгү»
1.3. Кыргыз тили предмети боюнча базалык билим берүүнүн компетенттүүлүктөрү Кыргыз тилин окутуудагы компетенттүүлүктөрдү аныктоодо кептик-ой жүгүртүүчүлүк ишмердүүлүктү эске алуу зарыл.
Ал төмөнкү фазаларга ээ:
* мотив – максат – багыт алуу – пландаштыруу – ишке ашыруу – текшерүү;
* кептик ишмердүүлүк мезгилинде сүйлөөчүнүн грамматикасы жана угуучунун грамматикасы колдонулат;
* адамдын кеби анын дүйнө таанымын жана маданий деңгээлин чагылдырат.
Мына ушуга байланыштуу 5-9-класстарда кыргыз тилин эне тил катары окутуунун төмөнкүдөй компетенттүүлүктөрү белгиленди:
-тилдик компетенттүүлүк – тилдин системасына ээ болуу, тактап айтканда, тилдин курулушу, тилдик нормалар, анын ичинде орфографиялык жана пунктуациялык;
- кептик компетенттүүлүк – кептик кырдаалдар жана тилдик нормаларга ылайык коммуникация ишке ашырылат, өзүнүн кептик мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана сөздүк корун байытат.
- маданий компетенттүүлүк – тилдин улуттук-маданий өзгөчөлүгүн эске алуу менен диалог жүргүзө билүүсү. Тилдик компетенттүүлүккө ээ болуу бул – бүтүрүүчүнүн тилдин жеке жана жалпы закондорун чагылдыруучу эрежелер боюнча билимге ээ болуп, лингвистикалык маалыматтарды чечмелеп, аналитикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүнө ээ болот:
-тилдик бирдиктерди, тилдин системасындагы функциялары жана тексттеги ролу менен байланышта түшүнөт; -лингвистикалык бирдиктерди, функциялары, маанилери жана стилдери боюнча топтоштурат;
-тилдик бирдиктердин синонимдештигин, структурасы, семантикасы жана стили боюнча айырмалайт;
-кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн айырмалайт;
-каралган орфограммалардын көлөмүнө жана пунктуациялык эрежелерге ылайык орфографиялык жана пунктуациялык көндүмдөргө ээ болот.
Кептик компетенттүүлүккө ээ болуу – бул мектеп бүтүрүүчүсү (сүйлөөчү же угуучу) коммуникативдик милдеттерди аныктоого, тилди пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга, өзүнүн сөздүк корун байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жөндөмдүүлүгү: -карым-катнаштын (коммуникациянын) максатына ылайык кептин предметин жана темасын түшүнөт жана белгилейт;
-тексттеги биринчи жана экинчи маалыматтарды бөлүп көрсөтүп, аларды чындык менен салыштырат; -коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык-семантикалык типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалайт жана пайдалана алат.
-адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга) ылайык текст түзөт;
-текстти ар кыл стилдик режимдерге (бир стилдеги текстти экинчи стилге айландыруу), түрдүү эмоционалдык жагдайларга (тондорго) ылайыктап кайрадан түзөт.
Маданий компетенттүүлүккө ээ болуу – бул мектеп бүтүрүүчүсү пикир алышууга катышуу менен социалдык кептик жана тарыхый-маданий кырдаалды эске алууга жөндөмдүүлүгү:
- коомдо жүрүм-турумдун нормаларына ылайык баарлашуунун катышуучусунун социялдык ролун өзүнө кабыл алат;
- элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү катары тилге жекече мамилесин билдирет;
-кеп маданиятынын эрежелерине ээ болот.