СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын планы.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактын планы.»



Текшерилди ____________ окуу бөлүмүнүн башчысы: ____________________

___-класс. “ _____” _________ ______

Сабактын аталышы: Адабий окуу

Сабактын темасы: Сүмөлөк

Сабактын масаттары:

Күтүлүүчү натыйжалар

1.билим берүүчүлүк: Мугалим берген маалыматтан окуучулар чыгарманын мазмунун түшүнүшөт, аны кайра айтып бере алышат. Сүмөлөк жөнүндөгү окуучудагы маалымат толукталат.

Окуучулар чыгарманын мазмунун түшүнүшөт, аны кайра айтып бере алышат. Сүмөлөк жөнүндөгү окуучудагы маалымат толукталат.

2.өнүктүрүүчүлүк: Өз оюн эркин, далилдүү айтууга машыгышат.Сынчыл ой жүгүртө алышат.Алган билимин чыгармачылык менен турмушта колдоно алышат.

Өз оюн эркин, далилдүү айтууга машыгышат. Сынчыл ой жүгүртө алышат.Алган билимин чыгармачылык менен турмушта колдоно алышат.

3.тарбия берүүчүлүк: бирин бири уга билүүгө, сыйлоого, жакшылык кылууга, ынтымактуулукка тарбияланышат.

Бирин бири уга билүүгө, сыйлоого, жакшылык кылууга,ынтымактуулукка тарбияланышат.



Негизги компетенттүүлүктөр

Предметтик компетенттүүлүктөр

1.Маалыматтык компетенттүүлүк.(НК1)



2.Социалдык комуникативдик компетенттүүлүк. (НК2)



3.Өзишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү.(НК3)


1.Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК1)

2.Окуй алуу компетенттүүлүгү(ПК2)

3.Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК3)

4.Сүйлөм,текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК4)

5.Аң сезимдүү угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК5)

Сабактын тиби: Жаңы билим берүү

Сабактын усулдары: Интерактивдүү

Сабактын жабдылышы: китеп,плакат,түстүү сүрөттөр,техникалык каражат.

Сабактын этаптары



Мугалимдин ишмердүүлүгү


Окуучунун ишмердүүлүгү


компетенттүүлүк

Уюштуруу

Класска жагымдуу маанай түзүү.Алтын эрежени кайталоо.

Окуучулар экрандан алтын эрежени көрүп кайталашат.


2.Үй ишин суроо.

Окуган чыгарманын мазмунун өз сөзү менен ырааттуу айтып беришет.Өтүлгөн тексттин мазмунуна байланыштуу суроолорго жооп беришет.

Окуган чыгарманын мазмунун өз сөзү менен ырааттуу айтып бере алышат.Өтүлгөн тексттин мазунуна байланыштуу суроолорго жооп бере алышат.


НК3


ПК3


3.Жаңы теманы түшүндүрүү









Тексттин аталышына карап, анын эмне тууралуу болорун божомолдойт.Текст жөнүндө түшүнүккө ээ болушат.Текстти туура, так, тиешелүү ылдамдыкта, кыраатты сактоо менен окушат.Тексттеги бөлүктөргө ат коюшат.

Тексттин аталышына карап, анын эмне тууралуу болорун божомолдой алышат. Текстти туура,так,тиешелүү ылдамдыкта, кыраатты сактоо менен окуй алышат.Тексттеги бөлүктөргө ат коё алышат.

НК1


ПК2


ПК3


ПК4

4.Жаңы теманы бышыктоо







Өтүлгөн тексттин мазмунуна байланыштуу суроолорго жооп беришет.Өтүлгөн тексттеги негизги ойду жана теманы аныкташат.

Өтүлгөн тексттин мазмунуна байланыштуу суроолорго жооп бере алышат.Өтүлгөн тексттеги негизги ойду жана теманы аныктай алышат.

НК1


НК3


ПК4


ПК5









6.баалоо


Билимине жараша баалоо




7.Үй иши


Нооруз айтымы
















































Аткарылуучу иштин мазмуну


Сабактын жүрүшү


Сабак КР гимни менен башталат.


Класска жагымдуу маанай түзүү.

“Алтын эрежени”эске салуу(экрандан слайд көрсөтүлөт)



Үй ишин суроо.

“Апабызга гүлдесте”(Окуучулар доскага илинген сүрөттөгү гүлдөрдөн бирден алып, андагы жазылган суроолорго жооп беришет.Туура жооп берсе гүл ал окуучуга баа катары белек болуп берилет.)Окуучулар Нооруз жөнүндө ырларды,алас айтышат.

Жаңы темага багыт берүү.

Окуучулардын үй ишине жооп бергендери үчүн алган гүл белектери аркылуу жаңы сабактын темасын ачып алабыз.

Сабактын темасы:

“Сүмөлөк”(бул сөздө канча тамга,канча тыбыш,канча үндүү,канча үнсүз тыбыш бар жана канча муундан турат? деген суроолор берилет. 7 саны жөнүндө ким эмне айта алат,эмнелерди билесиңер?

Жаңы теманы түшүндүрүү.

Мугалим текстти экрандан темага байланыштуу слайд көрсөтүү менен көркөм окуп түшүндүрүп берет.

Окуучуларды топко бөлүү.

Окуучулар топ менен иштөө үчүн үч топко бөлүнүп отурушат,аларга мезгилдин аты,жаз майрамы болгон Нооруз жана Нооруз майрамынын салттуу тамагы болгон Сүмөлөк деген аттар коюлат.(Жаз, Нооруз, Сүмөлөк.)

Китеп менен иштөө.

Ар бир топ текстти бир абзац менен окуп, ага тема коюшат,түшүнгөндөрүн айтып беришет.

Топ менен иштөө.

Ар бир топко өтүлгөн жаңы тема боюнча тапшырмалар (“Чачылган текст”,”Адашкан сүрөттөр”, мини тест,кластер,окуянын картасы, сөздөн сөз куроо ж.б.) берилет.

Физминутка

Физминутка жасашат.



Экрандан сүмөлөктүн жасалышы тууралуу видеоролик көрсөтүлөт. (3 мин)


Бышыктоо.

“Сырдуу сандык” оюну аркылуу сабак бышыкталат.(мында ар бир топ сандыктын ичинен кандай тапшырма чыкса ошону аткарышат.)

Жыйынтыктоо.

“Светофор” оюну менен жыйынтыкталат.(мында окуучуларга кимге сабак жаккан болсо жашыл тегерекчени,ким сабакты жакшы түшүнбөй калган болсо сары тегерекчени ал эми сабакты такыр түшүнбөгөндөр кызыл тегерекчени көтөрөсүңөр деп түшүндүрүлөт.)окуучулар тегерекчелерди өздөрүнүн деңгээлине жараша көтөрүшөт.

Баалоо

Сабакта жоопберген окуучуларга бирден байчечекей гүлү упай катары берилип турат,ошол упайларды эсептөө менен бааланышат.


Үй иши