СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабатка үйрөтүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: “Кыш келди”

2сабак ( декабрь айы)

              Жогорку топ(5-6 жаш)

Просмотр содержимого документа
«Сабатка үйрөтүү»

Ленин районуна караштуу

43МЧББУ



Сабатка үйрөтүү сабагынын конспекти

Тема: “Кыш келди”

2сабак ( декабрь айы)

Жогорку топ(5-6 жаш)
















Түзгөн:

Сыйдалиева Б.Т.

Бишкек 2020 -ж





Сабактын темасы: “Кыш келди”

Программалык мазмуну:

Балдарга кыш мезгили, кыштоочу канаттуулар жөнүндө жалпы маалымат берүү. Тыбыштарды жумшак, каткалаң, үндүү, үнсүздөргө ажыратууга, айрымалай билүүгө үйрөтүү.

Ой жүгүртүүсүн, сөз байлыгын өстүрүү. Жаратылышты жана анын ар бир кубулушун сүйүүгө тарбиялоо.

Усулдук ыкмалар:

Уюштуруу учуру, аңгемелешүү, табышмак айтуу, тыбыштарды ажыратуу, тыныгуу көнүгүүсү, сабактын жыйынтыгы.

Колдонулуучу каражаттар:сюжеттүү сүрөттөр, тамгалар.

Сөздүк иш: ала карга, тоңкулдак, таранчы, жылгаяк.

Сабактын жүрүшү:

Саламатсыңарбы балдар! Маанайыңар кандай?

Адыр, талаа, түздөр ак

Аба муздак кычырап.

Тымтырстыкты жактырган

Татынакай бул убак. (Кыш).

Азаматсыңар, кыш айларына декабрь, январь, февраль кирет. Азыр кыштын биринчи айы декабрь. Балдар силер кандай кыштоочу канаттууларды билесиңер?

1,2,3-слайд

ала карга көгүчкөн таранчы

Балдар кышында канаттууларга биз кантип жардам бере алабыз. Канатуулар үчүн азыктануучу жай жасап берип, ага жем, нандын күкүмүн чачып коебуз.

4-слайд

Келгиле эми оюн ойнойбуз. Мен таранчы болом, силер анын балапандары болгула. Мен силерге жумшак үнсүздөрдү берем, а силер мага каткалаң үнсүздөрдү бересиңер.

5-слайд

Жумшак үнсүздөр –б, в, г, д, ж

Каткалаң үнсүздөр – п, ф, к, т, ш

Дагы бир тапшырма, бул жерде тамгалар аралашып кетиптир. Аларды үндүү жана үнсүздөргө ажыратып, беш үндүүлөрдү кызыл кутучага, беш үнсүздөрдү көк кутучага салабыз. 6-слайд

а, о, у, ы, и – үндүүлөр; г, л, м, ч, д – үнсүздөр

Азаматсыңар балдар силер тыбыштарды туура ажыраттыңар.

Келгиле эми тыныгуу көнүгүүсүн жасап алалы. 7-слайд

1,2,3,4,5

Кыймылдаттык буттарды.

1,2,3,4,5

Туурайлы эми куштарды.

1,2,3,4,5

Болбойбуз алагды

1,2,3,4,5

Улантабыз сабакты.

Балдар бул карточкалардагы сүрөттөрдөн [к] тыбышы катышкан сөздөрдү табабыз. [К] тыбышы сөздүн ортосунда, башында, аягында экенин табуу.

8-слайд

Кар Жылгаяк Тоңкулдак

Балдар силер бүгүн сабакка абдан жакшы катыштыңар. Балдар тыбыштар кандай болуп бөлүнөөрүн билдиңерби?

Үйдөн кыш мезгили тууралуу табышмактардан жаттагыла. Саламатта калгыла!