Просмотр содержимого документа
«Саламдашуу адеби»
Сокулук району Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы
Саламдашуу адеби
Предметтик –изилдөөчү
долбоор
ДОЛБООРДУН БАШКЫ ИДЕЯСЫ:
- СЫЛЫК САЛАМДАШУУ, АЛИК АЛА БИЛҮҮ- АДЕПТҮҮЛҮКТҮН
БАШАТЫ
- “ СЕН” ДЕГЕН СЕНЕК СӨЗ, “СИЗ” ДЕГЕН СЫЛЫК СӨЗ.
- САЛАМДАШПАЙ СӨЗ
БАШТАБА.
ДОЛБООРДУН МАКСАТЫ:
- САЛАМДАШУУНУН МААНИСИ
- САЛАМ АЙТУУ, АЛИК АЛУУНУН
ЖОЛДОРУ
ПЕДАГОГИКАДА ЖАНА АЗЫРКЫ
УЧУРДА.
- АЛАРДЫН АЙЫРМАЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА ӨЗГӨРҮШҮНҮН НЕГИЗДЕРИ
Долбоорду ишке ашыруунун механизмдери:
Долбоордун спонсору 4 В-классынын
ата-энелери
Долбоорду ишке ашыруунун этаптары
- Материал чогултуу
- Жолугушууларды уюштуруу
- Коомдук жайларда жана көчөлөрдө байкоо жүргүзүү
- Папка жасоо
- Долбоорду жактоо
Суроолор:
- Саламдашуунун мааниси эмне?
- Саламдашуунун кандай жолдору бар?
- Ата-бабадан калган саламдашуунун бардык жолдору эле азыркы күндө туура келеби? Колдонууга ыңгайлуубу?
- Азыркы жаштар кантип учурашышат? Аны биз кабыл алсак болобу?
- Азыркы мезгилдеги саламдашуунун оң жана терс жактары кайсылар?
- Ата-бабалардан калган саламдашуу-
- Азыркы мезгилде пайда болгон
же салттуу саламдашуу
же кырдаалдык саламдашуу
Улуу муундун өкүлдөрү менен жолугушуу
Балдар жазуучусу
Аман Кармышаков
Салттуу саламдашуунун жагдайлары
- Карыя ------—› жаш адам
- Тааныш ------—› бейтааныш
- Атчан адам ------—› жөө адам
- Көпчүлүк ------—› жеке адам
- Басып бараткан -—› олтурган
адам
- Унаадагы адам ------—› жөө
адам
Ассалоому алейкум!
Сизге тынчтык каалаймын!
Жакшысызбы ата!
Жакшысызбы, ата!
Саламатсызбы, ата!
- Арыбаңыз!
- Арыбаңыз!
Бар бол, балам ! Кем болбо! Жакшы айланайын!
Салттуу саламдашууда
- Кичүү адам ---- › улууга,
- Басып бара жаткан адам ---- › отурган адамга,
- Тыштан кирген адам үйдөгүлөргө биринчи салам бериши керек!
Жалпы бир гана салам берилет
Дасторкон үстүндө олтурган
адамдарга да жалпы эле
учурашуу керек.
1.Өздүк гигиена сакталбай калышы мүмкүн. 2. Табити бузулат же алаксытат.
Саламдашуунун жаңы түрү
Салттуу саламдашууда өтө жакын адамдар гана өбүшүп учурашат
Ооз менен өбүшүп учурашууга болбойт!
Эркек бала --- › кыз бала
Кантип саламдашуу керек?
- Бекжан жана Аскар аттуу эки бала саламдаша кетти.
-Кандай?-деди Аскар Бекжандын алаканына өз алаканы менен чаап, башын башына тийгизип.
-Кандай? Бекжан да аны кайталады.Алардын саламдашканын кичинекей Калыс үйрөнүп алды. Ал бөбөгүнө келди да:
-Кандай?- деп аны алаканына чаап, чекеге сүздү. Бирок бөбөгү Калыстын саламына алик алган жок.
Ал чекесинин ооруганына чыдабай ыйлап жиберди.
Чоң-чоң шаарлар
Кыйма-чийме жолдор
Ар кандай машиналар
Саламдашуунун жаңы жолдору
Кесиптик саламдашуунун түрлөрү
Телекөрсөтүүлөр аркылуу саламдашуу
Радио аркылуу саламдашуу
Мобилдик байланыш аркылуу
билдирүүлөр
интернет
Жыйынтык:
- Адамдардын, кыргыз элинин бири-бири менен саламдашуусунун мааниси: бири-бирине тынчтык каалоо, ал-ахывалын сурашуу
Балага салам берүү, алик алуу адебин үйрөтүү- ата-эненин милдети
- Чын жүрөктөн салам берүү жолуккан адамдын көңүлүн көтөрөт же
Салам айткан сылык,
Алик алган улук.
- Улууларга озунуп, ийилип салам берүү – адептүүлүктүн белгиси.
- Айтылган саламды жоопсуз калтыруу – салам берген адамдын шагын сындыруу, ыза кылуу.
А адамды ыза кылуу – адепсиздиктин белгиси.
- Кырдаалдык же мезгилге байланыштуу пайда болгон саламдашуунун жаңы түрлөрүн салттуу саламдашуу менен байланыштырып, кабыл алууга болот.
- Ал эми терс таасирин тийгизүүчү элементтерди түшүндүрүү жолдору менен жоюуга аракет кылып, колдонбойбуз.
Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!
Саламатта калыңыздар!