СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Саламдашуу адеби

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Саламдашуу адеби»

Саламдашуу адеби

Wikipedia дан

Өтүү: багыттоо, издөө

Саламдашуу адеби
тааныш же бейтааныш эки адам бири- бирине кезигип калышса сөзсүз түрдө салам берип көрүшүүлөрү зарыл. Бир адам экинчи адамга салам берсе, ал адам дароо алик алып саламынын жообун берсин. Саламды толук түрдө "ассолооому алейкум", деп айтсын. "Салам" же "Салам бердик" деш жарабайт. Саламдын жообу "Валейкумус салам" болот. "Ассолоому алейкум" араб сөздөрү. Мааниси "Сизге тынчтык болсун". "Валейкумус салам" "Сизге дагы тынчтык болсун" дегенди түшүндүрөт. Башты ийбестен колдорду көкүрөккө коюп салам берүү сунуш кылынат. Көпчүлүккөө учурашып жаткан адам алардын ар бирине айрым-айрым салам бербесин, бардыгына бир гана жолу салам берүү жетиштүү. Жашы кичи адам улууга, басып бара жаткан адам отурган кишиге, атчан жөөгө салам бериши зарыл. Кемсинтип, шылдыңдагансып салам берүү адептүүлүк эмес. саламга алик алган киши башын кыймылдатып гана койбосун. Саламдын жообун урмат менен түгөлдөй айтсын. бир адам таанышын алыстан көрүп калып, анын жанына келүүгө ылаажы таппаса, ошол эле жерде туруп көкүрөгүн коюп салам ишаарасын кылсын. Кол берип саламдашканда кол учун гана узатып саламдашуу болбойт. мындай кылуу салам берген адамды кемсинтүү, аны көзгө илбөөчүлүк болот. Узак убакытка көрүшпөгөн адамдар кучакташып саламдашса болот.

Каада-салт ырлары

Wikipedia дан

Өтүү: багыттоо, издөө

Каада-салт ырлары - кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы өз алдынча салттуу жанр. Негизинен үч чоң топко бөлүнөт, алар өз ара бир канча түрлөргө ажырайт.
1) Үйлөнүү үлпөтүнө, бүлөчүлүккө байланыштуу ырлар: той баштаар, токмок салуу-жар көрүштүрүү, жар-жар, көрүшүү, келиндин бетин ачуу, отко киргизүү, бешик ыры.
2) Үрпадат ырлары: нооруз, жарамазан, ырым-жырым (эм-дом), алкоо, бата-каргыш.
3) Жоктоо ырлары: керээз, угузуу, кошок, көңүл айтуу. Мындан башка жар чакыруу, саламдашуу, коштошуу сыяктуу салттык ырлардын башка да түрлөрү бар.

Каада-салт ырларынын багытына, мазмунуна карата аткарыла турган орду жана жанрдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык көтөрө турган социалдык-турмуштук, көркөм эстетикалык жүгү болуп, салт-санаалык жөрөлгөлөр менен коштолуп аткарылат. Саламдашуу, коштошуу, жар чакыруу, каргыш, алкоо-бата (к. Алкыш) сыяктуу түрлөрү “Манаска” да кирип, эпостун жанрдык табиятына ылайык баатырдык темага баш ийдирилип, чыгарманын идеялык-мазмундук өзөгүнө сиңип кеткен. Айрыкча керээз, угузуу, көңүл айтуу сыяктуу жоктоо ырларынын эпоско киришин чыгарманын мазмундук өзөгүндө орчундуу орунду ээлеп, чыгарманын идеясын тереңдетип угуучуларга жеткирүүдө, көркөм, эстетикалык таасирин арттырууда мааниси зор. Дегеле манасчылардын К.-с. ы-н пайдалануусу жөн жай кооздук же ар түрдүүлүк үчүн эмес, белгилүү бир чыгармачылык максатты көздөйт. Бул же тигил окуянын маңызын ачып, эмоциялуулугун арттырууга, турмуштук көрүнүштөрдү көтөрүңкү эпикалык-баатырдык маанайда баяндоодо пайдаланылат. Мындай жагдай кандайдыр бир деңгээлде салттык ырлардын жанрдык табиятынын жаңыланышын аныктайт. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас баатырдын Алмамбет , Сыргак, Чубак баштаган чоролорунун теңдешсиз кармашта шейит болгонун элге, алардын жесирлери Арууке, Бирмыскал, Бурулчага өкүрүп ыйлап угузуп турганы армандуу жоктоосу, жесирлердин муң-зары жана айкөлүнөн ажырап, жалгыз уулу Семетейди каякка качырып баш калкалатарын билбей жан алакетке түшүп турган Каныкейдин армандуу кошогу, эл атасы Кошойдун Манасты жоктоосу, Алмамбет менен Манастын армандуу керээзи жогорку көркөмдүктө, терең психологизм менен берилген. Философиялык терең мазмунга ээ Көкөтөйдүн керээзи (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) да угуучуларды кайдыгер калтырбайт. Бирок, “Манастын” бардык эле варианттарында К.-с. ы-нын алган орду, көтөргөн жүгү бирдей эмес. Ал ар бир манасчынын талантынын күчүнө, чыгармачылык баамынын кеңдигине жараша ишке ашат. Мисалы, Радлов жазып алган вариантындагы К.-с. ы-нын стили турмуштук ырларга көбүрөөк жакын болуп, баатырдык тема ачык көрүнбөйт. Бул Манастын өлгөнүн (биринчи өлүшүн) Алмамбеттин Жакып канга угузуп турган жеринен, Манастын керээзинен көрүнөт. Тескерисинче Саякбай Каралаевдин варианты нда жоктоо ырлары күчтүү айтылып, салттык ырлардын чегинен чыгып, баатырдык эпостун табиятына баш ийдирилип, багыты, стили жаңыланган. Буга Саякбай Карала уулунда Манастын Алмамбетти жоктоосу ачык күбө. Мисалы, Алтын айдар чок белбоо
Алмамбет достум, ала жат,
Колоттогу карагат,
Кол кармашып кеткенге
Кокуй күн Алмам, ала жат сыяктуу салттуу ыр саптарын баатырдык эпостун салмагын көтөрө турган:
Алакем, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Каран түн түшкөн Бээжиндин
Кадимки жолун ким баштайт? өңдүү ыр жолдору менен бекемдеши чыгармадагы баатырдык идеяны тереңдетет.
Армандуу ыргакта айтылган Кошойдун Манасты жоктоосу да баатырдык теманы тереңдетип, көркүнө чыгарат. Кошой Манастан мурун өлбөй, айкөлдүн артында калганына, башчысыз калган кыргыздын тагдырына жаны кейип, аңгырап ыйлап, муңдуу жоктойт: Манасым, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Алакандай журтумду,
Муну капа кылбай ким баштайт?
Долоно саптуу айбалта
Толгондурбай ким аштайт?
Тозок келсе кытайдан
Береги толкуп жаткан журтумду
Тополоң кылбай ким баштайт (Саякбай Каралаев, 2.246). Каныкейдин кошогу да кадимки салттуу поэзиянын нугунда айтылат: “Кара чачы жайылып, кандуу бети жыртылып”, кара кийип кайгыга баткан кан баатырдын жесири асылынан айрылгандагы армандуу күйүтүн кошокто чагылыштырат. Саякбай Каныкейдин күйүтүн төрт сап ырда эле апыртуу ыкмасы менен таасын тартат. Айкөлүнөн ажыраган Каныкей “тарак тийбес кара чачынан” жулуп ыргытканда “тал-тал токой бүтөт”, көз жашынан “дайра болуп кара суу агат”. Бирок, кантсе да кошокто аялдын жеке кайгысына караганда баатырдын артындагы туягы жаш, башчысыз калган кыргыз калкынын тагдыры, келечеги жөнүндөгү ой, ата журт темасы алдыңкы катарга чыгат:
А дүйнө кеткен сен болдуң,
Азапты тарткан мен болдум.
Береги кара жаак айбалтаң,
Кайкалатпай ким аштайт?
Сурап ичсе тойбогон,
Сугалагын койбогон,
Аргын кыргыз элиңди
Тополоң кылбай ким баштайт? (Саякбай Каралаев, 2.249).
Эпосто өз орду жана чыгармачылык чеберчилик менен колдонулган жоктоо ырлары окуянын кульминациялык чегин, башкача айтканда жалпы кыргыз журтчулугунун башына күн түшүп тургандыгын угуучулардын сезимине жеткирүүдө зор роль ойнойт. Эпосто берендерден ажырап, казаттан кайгылуу кайткан Манаска Каныкейдин көңүл айтуусу кадимки каада-салт ырынын нугунда, салтында түзүлгөн. Мазмуну, формасы жагынан элдик көңүл айтуу ырына жакын. Саякбай Каралаевдин варианты нда окко учкан чоролорунун сөөгүн жерге тапшырып, алапайын таппай жер жаңыртып, өкүрүп турган Манаска Каныкей нускалуу сөз таштайт. “Телегейи тең да өтүп, ааламды гана бузган шер да өтүп” дүйнөгө түркүк болгон адамдын жоктугун, Чубак, Сыргак, Алмамбет айта берсе түгөнбөс асыл эрлерден экендигин баяндай келип:
Эчен бир дөбө жер өткөн,
Баатыр ай, ал эмес атабыз Адам тең өткөн.
Өткөнгө өксөгөн менен айла жок,
Кеткендерге кейиген менен пайда жок (Саякбай Каралаев, 2.225),— деп, баатырдын көңүлүн жубатат.
К.-с. ы-нын байыркы түрүнөн болгон керээз (Көкөтөйдүн, Алмамбеттин, Манастын) көпчүлүк манасчылардын репертуарынан орун алса да, ар бир вариантта ар кандай көлөмдө, ар башка көркөмдүк деңгээлде, мазмундук айырмачылыктары менен айтылат (к. Керээз). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн керээзи лирика-эпикалык деңгээлге көтөрүлсө, Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын керээзи көлөмдүү, мазмундуу жана көркөм айтылып, эпостун корутунду бөлүмүнүн окуясынын өнүгүшүндө ролу чоң. Радлов жазып алган вариантта Манастын бир уядан жалгыздыгына басым жасалып, керээз турмуштук эпостун стилине жакыныраак айтылат.
“Манаста” алкыш-бата, каргыш, ант берүү сыяктуу байыркы каада-салттык ишенимдерге байланыштуу түзүлгөн афоризмдик курулмалардын поэтикалык формалары кеңири орун алып, эпостун табиятына ылайык көбүнесе баатырдык мүнөз алып, алардын жанрдык мүмкүнчүлүгү бир топ кеңейген. Мисалы,
Кабылан болгун, шер болгун,
Казына мүлкүң тең болсун,
Касташкан жооң кем болсун.
же
Ок өтпөгөн тондуу бол,
Ок жетпеген аттуу бол.
же
Жолуң кыдыр шар болсун,
Жолдошуң кызыр эр болсун,
Телегейи тең болсун,
Теминишкен душманың
Теги кырылып, кем болсун жана башкалар.
Кан Кошойдун Каныкейге берген батасында айтылыш формасында, структурасында салттуулук толук сакталгандыгына карабастан, айрыкча Саякбай Каралаевдин варианты нда батанын багыты, мазмуну бир топ кеңейип, көркөмдүгү арткан:
Бу Семетей эр болсун,
Кара кулак шер болсун,
Эңкейиштен эр сайсын,
Эченди катар бир сайсын!
Телегейи тең болсун,
Теңиз Манас тукуму
Атасындай шер болсун!
Белеске күйгөн от болсун!
Бет алган душман жок болсун (Саякбай Каралаев, 2. 46).
“Манас” эпосунда саламдашуу, коштошуу сыяктуу К.-с. ы. негизинен чыгарманын мазмундук өзөгүнө сиңип, каармандардын өз ара пикир алмашуу, сүйлөшүү каражатына айланып, стили да ошого ылайыкташып кеткен. Айрым учурда салттык саламдашуу ырлары эпостун каармандарынын кулк-мүнөзүнө, пикир алмашуунун багытына ылайык поэтикалык мүнөз алып, байыркы формасын сактап калган.
Урааның ким, дайның ким?
Уругуң ким, айлың ким?
Тукумуң ким, дайның ким?
Балам, туура чыккан айлың ким?
Балам, киндигиң кескен жериң ким?
Балам өнүп өскөн элиң ким? (Саякбай Каралаев, “Семетей”, 1.226).
Жар чакыруу — салттык ырдын калк арасына кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Манасчылардын көпчүлүгүнүн репертуарынан орун алып, Көкөтөйдүн ашында чабыла турган тулпарлар, аштагы оюн-зооктун сыпатталышы, жеңүүчүлөргө берилүүчү байгелер жөнүндө кабарлоо өзүнчө бир социалдык, таанытуучуэтнографиялык жана эстетикалык мааниси бар көркөм дүйнөнү түзөт (к. Жар чакыруу).
Эпостун идеялык-мазмундук, поэтикалык системасында К.-с. ы-нын ээлеген орду, көтөргөн жүгү ачык көрүнүп турат.

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, патриот жаштардын арасында популярдуулукка ээ болгон «Тамашоу» дагы бир бийиктикти багынтты. Жыл аягында сонун жаңылык! 18-декабрда Алматыда өткөн КВН боюнча Евразиянын Суперлигасында өлкөбүздөн барган 2 команданын бири – “Тамашоу” курама командасы чемпиондукту...

жеңип кайтты. Алар  кубок, диплом жана 250 миң теңге акчалай сыйлык менен Кыргызстанга кайтышты.

“Тамашоу” лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаевдин айтымында,  Евразиянын Суперлигасы – КВН боюнча Орто Азия өлкөлөрү ортосунда өтүүчү мелдеш. Быйылкы сезондо 15 команда ат салышыптыр. “Тамашоу” Лигасынын курама командасы биринчи жолу катышып жатат. Буга чейин өлкөбүздүн атынан “KG Club” юмор клубунун жигиттери 2 ирет чемпион болушкан. Финалда Казакстандан 3 команда жана Кыргызстандан «Тамашоудан» тышкары “Азия mix” деген команда күч сынашып, тилекке каршы, 2-3-орундарды жергиликтүү “8-март” жана “Эксклюзив” командалары ээлешти. Команданын курамына Азамат Исмаилов баштаган “Тамашоу” Лигасынын мыкты 12 жигити жана “ДНК” тобунан Мирзада барды.

 

«Сынактардын арасынан, баягы эле  “Саламдашуу”, “Капитандардын сынагы” жана “Жылдыз менен бирге тамаша тартуулоо” деген 3 сынак болду. Саламдашуудан кийин 3-орунда баратканбыз. Капитандардын сынагында Азамат Исмаилов жеңишке жетишип, баалуу упайларды алып берди. Өзү болсо “Мыкты капитан” наамына кошо Самсунг уюлдук телефонуна ээ болду. 3-сынакта казактардын “ВИА Грасы” аталган “FМ” тобунун кыздары менен тамаша койдук. Ушул ойлоп тапкычтыкты талап кылган сынак чечүүчү болуп, 1-орунду жеңип алдык»,-дейт Эрмек.

Тамашоунун” тарыхынан …

“Тамашоунун” логотибине орустун “колобогун” койулганынын  себеби, КВН – орустун оюну. КВНди кыргызчалап алып чыгып жаткандыктан ага кыргыздын калпагын кийгизилген. “Тамашонун” эң негизги максаты кыргыз тилин көтөрүү, жаштардын талантын ачып, эл алдына чыгаруу. “Тамашоу” мындан бир жарым жыл мурда ачылып, алгач лигага 14 команда кирген болсо, учурда командалардын саны жүзгө жеткен. Албетте, кеп санында эмес, кеп катышуучулардын кыргыз тамашасына тартылып, сапаттуу тамашаларды көрсөтүшүндө.
“Тамашоучулар” сахнага койгон бир тамашасын кайталап кайра коюшпайт.
Бул жакта темирдей бекем тартипти сакташат. “Тамашоу”лигасы жаңы ачылгандан бери келаткан калыстар тобунун мүчөлөрүн өзгөртпөгөнгө аракет кылышат.

Баса белгилеп кетчү нерсе, «Тамашоу» кыргыз тилине эң чоң салым кошкон долбоор десем  жаңылышпайм. Бирок, азырынча мындай жеңишке мамлекет к тарабынан көңүл бөлүнө элек. Жакында  мекендешибиз Данияр Көбөнов бүткүл Азияга атыбызды чыгарып келди. Эмгеги бааланып, үй жана 15 миң доллар алды. Тамашоучуларга да колдоо көрсөтүлсө, мындан да чоң жеңиштерге ээ болушмак.

Жакында болуп өткөн жарым финалда аябай курч тамашалар айтылып,  зал толо күйөрмандардын боору эзилгенче күлкү тартуулашты. Анда эмесе, ошол оюндагы тамашалардан бир шингилJ)

МУЗЫКАЛЫК БИАТЛОН”
“Музыкалык биатлон” сынагы. Мында командалар белгилүү ырларды тамашага салып, өзгөртүп ырдашты.

“Жигиттер” – Мерген Турган, “Ак бантик”
Ак бантик байлап башыңа,
Сурманы коюп кашыңа.
Жөнөйсүң концертке чоң жол менен,
Мерген Турган байке.

“KG 77” – Омар, “Кош жүрөк”
Биригишкен партиялар,
Шарт бөлүнүп кетеби?..

“Юрский период” – Чыңгыз Мырзаев, “25 жаш”
Боксчунун ыры:
Жыйырма беш, жыйырма беш,
Болгон тишим жыйырма беш…

“No Name” – Расул Маматкулов, “Мерседес”
Ош-Бишкек жолунда айдаганым Тикошка,
Артымдагы баратканям “ничёшка”.

“Юристтер” – Съездбек Искеналиев, “Селкиге”
Жүрөккө жүрөк,
Курсакка курсак.
Кирпикке кирпик,
Маршрутка, “час пик”.

“Не дай Бох” – Сема менен Кундуз, “90-60-60”
90-60-90 менин фигурам,
Керек болсом, Правдада турам.

“Азиатский стандарт” – Бахадыр Карабаев, “Ананайын”
“Ата Мекен”, “Ата Мекен”,
Аттадыңбы Ак үйдүн босогосун,
Спикерликке өтпөй калып, көңүлүң бошобосун.

ФРИСТАЙЛДАГЫ” ТАМАШАЛАР:

“Нарын юнайтед”
Нарында өрдөк баккан кемпирлерди Леди Га-га деп коюшат.

“Жигиттер”
Эки семиз тоого чыкса, тоголонуп түшөт.

Тиш доктур пациентке кеңеш берип жатат:
– Мына сизге жаңгак. Муну жесеңиз, тиштериңизге барып тыгылат. Анан курттар тишиңизди жебей, жаңгакты жейт.

“Чез”
– Мен бир корей кыз менен жүрүп жатам.
– Ии, кандай экен?
– Иттей сулуу экен!

“Алтын кен”
Тоодон кыз түштү, “понятиеси” жок түштү.

“Тамашоунун” заманбап макалдары:
Энесин көрүп кызын ала качып кет. Таш менен урганды сотко бер. Эси барга бир сөз, эси жокко бир удар

ХVIII кылымдын аягында сарыбагыш уруусунун чоңарык уругунан тарагандардын арасында ынтымак ыдырайт. Эл бийлегендердин зомбулугуна чыдай албаган Кумар баштаган үч атанын балдары айласы кетип, аргасы түгөнгөндө «Таарынсаң Таласка кет» болушуп, Таласка көчө качышат. Кумардын барган жери акжолтой болуп, 1793-жылы Бекмурат аттуу уулдуу болот. Ал боорун жерден көтөргөндөн эмгек десе эт-бетинен кеткен эмгекчил, кепкөй, сезимтал, сергек өсөт. Ал кыска бойлуу, жоон көөдөндүү, шаңкылдаган бийик үндүү, кызыл жүздүү, ачык-айрым, кепти бетке айткан, ак сүйлөгөн, көргөнүн көргөндөй ырдаган, жетим-жесирлерге кайрымдуу, элге алымдуу, чечкиндүү, төгүлүп-чачылган колу ачык, март, оозу балыктын оозундай экен. Ушундан улам Манас түшүнө кирип: «Оозуң, көзүң балыкка окшош экен. Мындан ары сенин атың Балык болсун» деп, айткандан кийин эл да Бекмурат эмес, Балыкооз дешиптир. Бара-бара ал ысым ылакапка айланып, бүтүндөй жумурай-журтка тарайт.

 

Балык 13-14 жашынан комуз кармап, ырга, жомокко, санжырага кусасы артат. Манас кырк чоросу менен түшүнө киргенден тартып, күпүлдөтүп «Манас» айтып, санат, ашыктык, куттуктоо, саламдашуу, мактоо, кордоо, алым-сабакы сабалата төгүп ырдайт. Ал 20 жашынан аймакка таанымал манасчы, төкмө акын катары таанылат. Ошентип, Балык негизинен чыгармачылыгын манасчылыкта, төкмөчүлүктө, санжырачылыкта өнүктүрөт. Ал басса-турса да айкөл баатыр Манас түшүнө киргенден, аян бергенден кийин айтып калганын кеп кылып, «Манасты өмүр бою айтсам да учуна айтып чыга албадым» деп куштарланат. Эл ичинде «Балык манасчы «Манасты» айтканда аккан суудай шар кетип, күнү-түнү айта берчү. Ал окуяны уккан кишидей эмес, Манас баатыр жана анын чоролору менен бирге жүргөндөй айтчу эле» деген баа уламалуу кеп катары айтылып келет.

 

Элдин айткандарына, окумуштуулардын маалыматтарына караганда, Балык Манасты эки бөлүп айтчу экен. Биринчи бөлүмү «Оторкан» (Манастан мурдагы кыргыз тарыхы) делип, экинчиси «Манастын окуялары» болуптур. Анда кан Кошой баштаган Бокмурун, Айдаркан, Көкчөкан, Жамгырчы жана башка кандар сыпатталыптыр. Тилекке каршы, Балыктын өзүнүн, шакирттеринин айтуусунда өз убагында «Манастан» үзүндү жазылбай калыптыр. Бар болгону 1923-жылы фольклор жыйноочу Каюм Мифтаков таластык Сулайман

 

Рыскулбек уулунун оозунан «Таласты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» аттуу кыска үзүндүлөрдү жазып алыптыр. Балык акын Манастын күмбөзүн мындайча сыпаттап ырдаптыр:

Алтымыш эркеч майына

Кыш бышырып бек урган.
«Алты кылым өткөнчө
Бузулбасын» деп урган.
Жетимиши эркеч майына
Кыш бышырып, бек урган.
«Жети кылым өткөнчө
Бузулбасын» деп урган.
Бетине накыш салдырган,
Кышын күлботодон алдырган.
Топурагын элеген
Ылайын чыраштан салып бөлөгөн.
Кумданга кыш бышырган,
Кышы бекем болсун деп,
Кенчи ылайдан төшөгөн,
Ылайын баскан ат менен,
Бетине накыш салдырган.
Арабиден кат чийип,
Устасын ылай элеткен.
«Урум журту билбейт» деп,
«Бекем болуп турсун» деп,
Кенчи ылай менен бек урган,
Уста салып кыш куйган.

Балык күлгүндөй кырчын курагын, айтуучулук, акындык шыгынын ашып-ташып, көбүрүп-жабырып турган учурун Кеңколдун башындагы Алакчын уруусунун Шабото уругунан чыккан Шантай аталган Ажыбек манап менен өткөрөт.

 

1830-жылы Балыкты Байтик баатыр Ажыбек даткадан ырчылыкка сурап алат. Ал жакшылыктан башка жаманчылыгын көрбөгөн Ажыбекке барып:
Манасты мактап отурам,
«Мактап айтты» дебеңер,
Ажыбектей атамды
Жаныма алып отурам.
Суу сураса, бал берген,
Суусар энем аман бол!
Ат сураса төө берген,
Ажыбек атам аман бол!
Топурак бел, шыбак бел,
Тооң менен аман бол!
Кызыладыр, Эчкилүү
Кыркаң менен аман бол!
Кошпо кайыр сулуусун,
Коштошорго тилим жок,
Кошуң менен аман бол! – деп коштошот. Ажыбек да Балыкты аттап-тондоп узатат. Барган жеринен да бакыбат жашашын, кадыр-баркы артышын каалап, батасын берет. Ал эми улуу башын кичик кылып чакырган Байтик да Балыкты кучак жая сый-сыпат менен тосуп алат. Залкар шайыр айткан «Манасы», ырдаган ыры, адамкерчилиги менен Байтик баатырга жагып, аны менен акылдаш, танапташ жашайт. Ал Байтик менен чоң жыйындарга, топторго, аш-тойлорго катышат.

 

Балык сөзгө чечен, туура сөздүү, ачуу тилдүү болгондуктан, кыргыз акындары Балыкты көрүшкөндө «кайсы жерден айып табат» дешип калтаарып, дирилдеп турушчу экен. Ал кандай гана шартта, кайсыл гана курактагы (жаш, карысына карабай), кимдин (байдын, манаптын, хандын, бийдин ж.б.) ырчысы болбосун, ага карабай ачык айтып, туздап ырдачу экен. Арийне, бүгүнкү окурмандарга Балыктын кандай азуулуу акын экендигинен кабар берген аксылык Алымкул, жумгалдык Айтике менен айтышкан эки алым-сабагы келип жетти.

 

Айтике:
Балыкооз–Бекмурат,
Байкабай жаман кепти урат.
Кара комок тезектей
Көч көңүңдү айтамын.
Ак тасмадай сыдырып,
Аягы Талас, башы Чүй
Бирин койбой кыдырып,
Көчкөнүңдү айтамын.
Чоңойгондо жуттуң Чомойду,
Карыганда жуттуң Нанайды.
Кабат жуттуң Нанайды.
Кабат жуттуң солтодон
Эшкожо менен Канайды.
Солтонкулду чокудуң,
Башына куран окудуң.
Субанымды сураба,
Ачык күнү тутулду.
Кара болот, Шааболот
Ырысынын барынан
Кабакка кирип кутулду.
Кудаярды куруттуң,
Ажыбекти аймадың, – дегенде Бекмурат:
Кудай алган Айтике
Кукчуңдайсың жөнү жок.
Өлгөндүн несин кеп кылдың?
Өчкөндүн несин кеп кылдың?
Аягы Талас, башы Чүй
Бирин койбой кыдырып,
Көчкөндүн несин кеп кылдың?
Кара сууну кыдырып,
Казак көчкөн эмеспи?
Сары сууну кыдырып,
Ногой көчкөн эмеспи?
Жалгыз аттуу сен тургай,
Жалгыз үйлүү мен тургай,
Кечээ Туруш, Чомой көчкөн эмеспи?
Сен кызыл тил бурасаң,
Кызыталак Айтике,
Менин элим сурасаң,
Кайкардын кара көчүндө,
Чоң чынардын өзүндө
Манастын тиккен багында,
Кеңколдун маңдай жагында! – деп жооп бериптир.

 

Балыктын жогоруда аттарын атап, азыноолак ой жүгүрткөн мурастарынан башка да азыркы муундун окурмандарына төрт мезгилге арнап чыгарган чакан ырлары келип жетти. Залкар шайыр 1873-жылы Чүйдүн Арчалуу деген жеринде дүйнөдөн кайтат. Сөөгү Байтиктин Бозбөлтөгүнө коюлат. Совет доорунда Балык байчыл акын катары бааланып, мурастары тебеленип, калк арасынан жыйналбай калган. Азыр болсо окумуштуулар «өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың» болуп атышат.

 

Балбай Алагушов