СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Саламдашуу адеби!"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Саламдашуу адеби!"»

Сабактын темасы: Саламдашуу адеби

Сабактын максаттары:

а) Билим берүүчүлүк: Саламдашуу –адептүүлүктүн башаты экендигин,кантип саламдашуу керектигин, кыргыз элинин сакталып келген нарк-насилинин бири саламдашуу экендигин билишет.

б) Өнүктүрүүчүлүк: Ой жүгүртүүлөрү,эске тутуулары,кабыл алуулары калыптанат.

в) Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар сыйлоого ,бири биринин оюн угууга,бири бирине жардам берүүгө,табигатка,айлана –чөйрөгө туура мамиле кылууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы билимди оздоштүрүү сабагы,билимдерди жалпылоо жана системалдаштыруу (кайталоо)сабагы,билимдерди текшерүү жана баалоо сабагы.

Сабактын ыкмасы: сөздүк ыкма,изденүү ыкма,көрсөтмөлүү ыкма,өз алдынча иштөө

ыкмасы.

Сабактын жабдылышы: китеп ,жумушчу дептер,ноутбук,сүрөттөр,маркерлер

Мугалимдин иш аракети: саламдашат,жагымдуу маанай түзөт,окуучуларды жоктойт,сабакты жеткиликтүү тушүндүрүрөт.

Окуучунун иш аракети: саламдашышат,жагымдуу маанайда сабакка катышышат,окуу

куралдарын толуктап сабакка катышышат.

Сабактын жүрүшү:

Саламаттсыздарбы урматтуу ата эне жана окуучулар Саламдашуу –жер жүзүндөгү кеңири тараган маданият эмеспи.Анда эмесе ата-энелер окуучулар мен силерге кызыктуу саламдашуулар менен тааныштрып өтөйүн.Ааламда саламдашуунун көптөгөн маданияты бар эмеспи. Алсак кытайлар учурашканда” Курсагыңыз токпу?”

деп ал-акыбал сурашат экен .Ал эми монголдор үйгө киргенде “Малыңар аманбы” деп сурашат экен. кытай,жапон калкын ала турган болсок жүгүнүп амандашат.Индиялыктар болсо эки колунун алакандарын бириктирип учурашат.Эң кызыгы Зелендияда мурундарын тийгизип учурашышат экен.

Кана ким айтат кыргыз элинде кандай саламдашышат?

Ата-эне окуучу-Элибизде илгертен эле “Ассалом алейкум”же болбосо “Арбагыла” деп учурашышат.

Ата-эне окуучу- Кыргыз эли кылымдар бою ыйман-адепке ылайыкташкан эрежелерди,урматтоо менен бирге аларды аткарууга моюн сунуп келишкен. Туура балдар азаматсыңар,Саламдашпай сөз баштаба –деп элибиз илгертен уул-кызына насаатын айтып келген ,салам айтуу –адептүүлүктүн белгиси катары саналат.Ал эми салам уккан кишинин алик алуусу да маданияттуулук болуп эсептелет.Эми ким биринчи салам берет деген суроого жооп айтабыз?

Ата-эна окуучу-Жашы кичүү болсо улуу адамга

Ата-эна окуучу-Перзент ата-энесине

Ата-эна окуучу-Атчан –жөө адамга

Ата-эна окуучу-Окуучу мугалимге

Ата-эна окуучу-жалгыз адам жамаатка

Азаматсыңар туура айтасыңар саламдашуу адеби кемсинтип,шылдыңдап саламдашуу,адепсиздик.саламдашуу чын жүрөктөн болуу керек .Саламга алик алган адам башын кыймылдатып гана койбостон,жообун урмат менен айтуу керек

Бышыктоо:Мына балдар силер мене биз “Саламдашуу адеби” жөнүндө таанышып алдык,саламдашуу кол берип саламдашуу

бул адеми салт,мунун тарыхына кайрыла турган болсок ,бири-бирин тааныбаган эркек киши жолукса, кол берүү же оң колун көтөрсө,менин сага болгон кастыгым жок,колумда таш дагы, куралымда жок,деген тынчтыктын белгиси болуп саналган,демек биз азыркы мезгилде деле күнүмдүк учурашуубузда кездештиребиз.Элибизде илгертен эле ыйман шарият кылып колун бооруна алып,баш ийкеп саламдашып келген.Мына балдар жакшы маалымат алдыңар деп ойлойм

Үй тапшырма:Сүрөткө карап өз ойуңарды жазасыңар? Кийинки сабактан кездешкенче саламатта калгыла.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!