Просмотр содержимого документа
«Сказка влияние информации»
Текст. Улуттук малыматтык коопсуздук.
«Альфа – кичинекей падышалыгы» жомогу
Илгери-илгери кичинекей Альфа падышалыгы болуптур. Кичинекей болгону менен ал, бактылуу болгон, анткени падышалыктын жашоочулары бактылуу өмүр сүрүшү үчүн бардык нерсе бар болчу. Өзүнүн минералдык ресурстары, кооз жаратылышы, эмгекчил калкы. Альфанын жашоочулары абдан ишенчээк калк болгон, ошондуктан алар телевидение же гезиттерде айтылган нерсенин баардыгына ишенишчү.
Кичинекей бактылуу падышалыктын үч чоң коңшулары болгон: Бетта, Омега жана Зет. Чоң коңшулары менен Альфа тынчтыкта жашаган.
Күндөрдүн бир күнүндө Бетта падышалыгында калктын саны улам барган сайын көбөйүп баратканын түшүнүшөт. Бир аздан кийин анын ресурстары калкын бакканга жетпей калышы мүмкүн. Ошентип Бетта Альфанын аймагына көз арта баштайт. Альфа кийинекей, андыктан аны багындыруу чоң коңшуларга караганда оңой эле болот деп ойлоно баштайт. Бирок ачык агрессия колдоо таппай, башка өлкөлөрдөн изолояция болуп калуу коркунучу бар болчу. Ошондуктан, Бетта амалкөйлүк менен аракет кылууну чечип, Альфанын жашоочулары өзүлөрү Беттанын бир бөлүгү болууну каалагандай кылып үгүттөөнү чечет.
Ошентип Бетта Альфада өзүнүн Жеке гезитин ачмак болот, өлкөнүн окурмандарын өзүнө ыктатуу үчүн. Беттанын Гезити Альфанын жашоочулары кандай керемет, алардын салттары сонун деп жаза баштайт. Падышалыктын бийлиги туурасында Гезит көп деле жазбайт же, бейтарап бир нерселерди жазат. Ал эми Гезитти Альфанын жашоочуларынын жарымы окуй баштаганда, Гезит Альфанын бийлиги чабал экенин, Альфанын жашоочуларын бай ресурстары жана чоң мүмкүнчүлүктөрү менен Бетта гана сактай ала турганын жаза баштайт. Альфанын жашоочулары эки лагерге бөлүнө баштайт, Интернетте Беттанын курамына кирүүнү каалагандар менен Альфа көз карандысыз өлкө катары калышы керек дегендердин ортосунда кадимкидей тирешүү башталат.
Мунун баарын Омега көрүп турат. Ал өзүн эң кубаттуу өлкө, демек башка өлкөлөргө караганда көп укукка ээ деп эсептегендиктен, Беттага Альфаны кандай болбосун бербей, андан көрө аны өз аймагына кошуп алууну ойлоп, бул кичинекей өлкөгө өзүнүн “Жеке Интернет-басылмасын” ачууну чечет. “Жеке Интернет-басылмасы” өз публикацияларында Беттаны өлкөнүн ички иштерине кийлигишет деп жемелеп, Беттанын курамына кошулууга каршы болгон Альфа жашоочуларынын арасында тез эле популярдуулукка ээ болот. Альфа бийликтерин да Беттаны да жемелөө менен, Жеке интернт-басылмасы көмүскө түрдө Альфанын жашоочуларын өз курамына кошулууга чакырат.
Бул Альфанын жашоочуларынын арасындагы ажырымды ого бетер кеңейтет. Социалдык тармактардагы тирешүүлөр акырындык менен көчөгө жайылат. Бул же тигил жерде Бетта менен Омеганын тарапкерлеринин мушташы орун алып, ага Альфа көз карандысыз калышы керек дегендер кошулат.
Бул кырдаалда Зет өлкөсү, өзүн абдан мээрман деп эсептегендиктен, Альфаны коңшу мамлекеттирдин маалыматтык таасиринен сактоого өзү гана жардам бере алат деген чечимге келет. Ошондуктан Альфада тезе эле озүнүн телевидениесин ачат. Бул каналда дайыма көз карандысыз мамлекет калуу кандай маанилүү экени айтылып, дайыма Бетта менен Омеганы жемелөөгө өтөт. Альфанын бийлигине да акарат келтирилет. Анткени, Зет мамлекетинин ою боюнча, коомдогу мындай ажырымга жол берген бийлик мамлекетти башкарууга татыктуу эмес.
Ошентип Альфада азыркы бийликке каршы болгон дагы бир топ пайда болот. Күндөдүн бир күнүндө Альфа коомундагы чыңалуу күчөп, жарандык согуш башталат. Үч чоң коңшулар Альфанын маселелерин чечүү керек деп ойлошот. Алар сүйлөшүүлөрдү башташат
АҢГЕМЕНИ УЛАГЫЛА...
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Альфаны өз ара бөлүп алышат. Бетта жаңы ресурстарга ээ болгонуна курсант, Омега аймагынын кеңейгенине сүйүнөт. Зет өзүнүн кандай мээрман экенине жетине албайт. Анткени өзүнүн жаңы аймагында жергиликтүү калк үчүн корук сыяктуу жай уюштуруп, мурдагы кичинекей Альфа падышалыгынын салт-санааларын, маданиятын сактап калууга кам көрөт. Альфа гана эч нерсеге кубанбайт, анткени мындан ары андай өлкө жок эле.