СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сөз түркүмдөрү жөнүндө түшүнүк

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сөз түркүмдөрү жөнүндө түшүнүк»

Кыргыз тили 5-класс

Сабактын темасы: Сөз түркүмдөрү жөнүндө түшүнүк

Сабактын  максаты:

- сөз түркүмдөрү жөнүндө түшүнүк алышат

-ой жүгүртүүсүн кеңейтишет

- гумандуулукка ,билимдүү болууга,адептуулукко тарбияланышат

Сабактын  жабдылышы:

- сүрөттөр,буклет,таблица

Сабактын тиби: 

-жаны билимди оздоштуруу

Сабактын усулу:

- интерактивдүү

Сабактын жүрүшү:

 -уюштуруу

- жаңы теманы түшүндүрүү

       СӨЗ ТҮРКҮМДӨРҮ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК

Сүйлөмдөгү сөздөр маанилери,аткарган милдеттери боюнча бирдей эмес.Айрым сөздөр заттын атын( тоо,суу), алардын сыпатын( сулуу,ак),санын( беш,он), кыймылын( сүйлөө ,баруу) билдирсе,айрымдары ички сезимди ,заттардын элесин билдирет.

Ошентип лексикалык маанисине,аткарган милдетине карай сөздөр түркүмдөргө бөлүнөт .Кыргыз тилинде жалпы 12 сөз түркүмү бар.

Алар 3 топко бөлүнүшөт .

1.Маани берүүчү  (6)

- зат атооч 

- сын атооч

- ат атооч

- сан атооч

- этиш

- тактооч

2.Кызматчылар (4)

- байламта

- бөлүкчө 

- жандооч

- модаль сөздөр 

3.Өзгөчө сөз түркүмдору(2)

- сырдык сөздөр 

- тууранды сөздөр 

Мында маани берүүчү сөз түркүмдору өз алдынча турганда суроого жооп берет,маани берет.

Ал эми кызматчы сөздөр сөз менен сөздү ,сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып ,сөздөргө кошумча маани киргизет.

Сырдык сөздөр ички сезимди билдиришет,тууранды сөздөр жандуу жана жансыз заттардан чыккан добушту,элести билдиришет.

Төмөнкү сөздөрдү маани берүүчү,кызматчы сөздөр деп  экиге бөлүп жазгыла:

Окуучу, жер, мугалим, жана, кыз, да, бала, үй, мектеп, чейин, го, терек, эң, чоң, менен, өтө .


Төмөнкү сүйлөмдөрдү  толуктагыла :

Мектептен үйгө …. жөө басабыз.

Бакыт менен …..бир класста окушат.

Жамгыр ….жер көгөрөт .

Алтын алба,алкыш….


Колдонулуучу сөздөр :

Батма,чейин,ал,менен.


Сабакты бышыктоо:

Төмөнкү сөздөргө суроо бергиле:

Жети,бийле,нан,таттуу,ал,мен,чөп ,миң,өтүп,чурка,мээримдүү ,алма,лимон,шаар,киши,тогуз,ачуу,кооз.


Үйгө тапшырма:

Ким? кандай?канча? деген суроого жооп берген сөздөрдөн жазып келгиле.