СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Студенттерге 1-2-3-4-5 курс

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Педагогика боюнча Мамлекеттик аттестациянын суроолору 2016

Просмотр содержимого документа
«Студенттерге 1-2-3-4-5 курс»

Педагогика боюнча Мамлекеттик аттестациянын суроолору.


1. Педагогиканын предмети, милдети жана анын негизги категориялары. Педагогиканын башка илимдер менен байланышы.

2. Азыркы кездеги мектептин жана педагогика илиминин актуалдуу милдети.

3. Азыркы кездеги Кыргызстандагы билим берүү системасынын структурасы жана өзгөчөлүктөрү

4. Улуттук «Билим» жана «XXI кылымдын кадрлары» программалары

5.Педагогикалык теория, педагогикалык система жөнүндөгү түшүнүк жана алардын өз ара байланышы.

6. Инсан, анын биологиясы жана социалдык маңызы. Инсандын жекече өнүгүүсүнүн факторлору жана кыймылдаткыч күчтөрү.

7. Тарбиялоонун максаты жана милдети. Педагогиканын тарыхында тарбиялоонун максатынын динамикасы.

8. Азыркы шарттардагы тарбиялоонун максатынын жана милдетинин мүнөздөмөсү.

9. Тарбиялоонун педагогикалык процесс катары маңызы. Тарбиялоонун закон ченемдүүлүктөрү жана принциптери.

10. Тарбиялоо, кайра тарбиялоо, өзүн-өзү тарбиялоо процесстеринин өз

ара байланышы.

11. Тарбиялоонун мазмуну жөнүндөгү түшүнүк: жалпы адамзаттык жана жекече, улуттук жана интернационалдык тарбиялоодо.

12. Тарбиялоонун жалпы методдору жана алардын классификациясы.

Тарбиялоонун методдорун алгылыктуу тандоонун жана натыйжалуу

колдонуунун шарттары.

13. Тарбиялоонун каражаттары; Мугалимдин сөзү тарбиялоонун каражаты катары.

14. Педагогикалык пикирлешүү, структурасы, түрлөрү, функциялары. Педагогикалык пикирлешүүнү башкаруунун психологиясы.

15. Балдар коллективи тарбиялык процесстин объектиси жана субъектиси.

Коллективдин структурасы, анын калыптанышынын педагогикалык шарттары.

16. Адеп тарбиясы, тарбиялык иштердин системасынын негизи.

17. Азыркы кездеги адеп тарбиясынын милдети, мазмуну, методдору

18. Окуучулардын жүрүш-туруш маданияты, тартипти тарбиялоо.

19. Экологиялык тарбиянын маңызы, мазмуну.

20. Эмгек тарбиясынын милдети, мазмуну, методдору.

21. К.Д.Ушинский, А. С. Макаренко инсандын өнүгүшүндө эмгектин
ролу жөнүндө.

22. Дене тарбиясы. Сергек жашоо жөнүндө түшүнүк.

23. Азыркы кезде мектептеги дене тарбиясынын милдети, мазмуну методдору жана формалары.

24. Окуучулардын эстетикалык сезимин, табиттик түшүнүктөрүн, идеялдарын тарбиялоо.

25. Үй-бүлө жана анын тарбиялык мүмкүнчүлүктөрү: азыркы үй-бүлөнүн жана үй-бүлө тарбиясынын проблемалары.

26. Бүтүндүк педагогикалык процессте мектеп жана үй-бүлөнүн өз ара

байланышынын мазмуну, форма жана методдору.

27. Класс жетекчинин үй-бүлө менен өз ара байланышынын натыйжалуу педагогикалык шарттары.

28 Дидактика билим 6ерүүнүн жана окутуунун теориясы катары.

29. Азыркы кездеги дидактиканын проблемалары.

30. Окутуу процессинин теориялык негиздери, структурасы жана функциясы.

31. Окутуу процессиндеги окуучунун иш-аракетинин негиздери, билимдерди өздөштүрүү процесси.

32. Билим берүүнүн мазмунунун азыркы кездеги концепциясы (М.Н. Скаткин, Н.Я. Лернер ж.б.)

33. Мамлекеттик билим берүү стандарты жөнүндө түшүнүк. Базистик окуу планы жана анын компоненттери КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» закону жана билим берүүнүн мазмумун өркүндөтүүнүн актуалдуу милдеттери.

34. Базистик окуу планынын, жалпы орто билим берүү мекемелеринин окуу планынын мүнөздөмөсү, принциптери жана түзүлүшү.

35. Окутуунун закон ченемдүүлүктөрү жана принциптери. Я.А. Коменскийдин, К. Д. Ушинскийдин педагогикалык теориясындагы окутуунун принциптери.

36. Азыркы кездеги дидактикалык окутуунун принциптеринин системасы жана мугалимдин практикалык ишинде, турмушунда ашырылышы.

37. Билим берүү процессиндеги жаңы ннформациялык технологиялары; окутууда компьютерди колдонуу.

38. Окутууну уюштуруунун азыркы кездеги моделдери

39. Билим берүүдөгү инновациялык процесстер. « Инновация», « инновациялык процесстер» түшүнүктөрүнүн маңызы. Педагогикалык иш-аракетте инновациялык багыттуулуктун себептери.

40. Билим берүүдөгү инновациялык процесстер. Инновациялык окуу жайлардын типтери жана аларда окуу-тарбия иштерин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү.

41. Окутуудагы дифференциялоонун түрлөрү, окутууда жекече дифференциалдык окутууну ишке ашыруу.

42. Жалпы орто билим берүү мектептерде окуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн тарбиялоодогу педагогикалык шарттар

43. Жалпы орто билим берүү мектептерде инсанга багытталган билим берүү процессин ишке ашыруунун педагогикалык шарттары

44. Окутуунун методдору, ыкмалары, каражаттары жөнүндө түшүнүк. Окутуунун методдорунун классификациясы.

45. Окуучунун таанып-билүү иш-аракеттерин активдештирүүчү окутуунун методдору.

46. Мугалимдин окутуунун методдорун тандоосунун педагогикалык
жана уюштуруучулук - методикалык шарттары.

47. Окутуунун оозеки методдору, аларга коюлган педагогикалык
талаптар.

48. Практикалык жана көргөзмөлүү методдору, алардын окутуунун функцияларын ишке ашыруудагы ролу.

49. Окутуудагы көзөмөл жана өзүн-өзү көзөмөлдөөнүн маңызы, .функциялары, методдору жана каражатттары.

50. Азыркы мектептеги окутуунун каражаттары жана алардын типтери жөнүндө түшүнүк.

51. Окутууну уюштуруу формалары, алардын көп түрдүүлүгү, динамикасы.

52. Окутуунун класстык-сабак системасы.

53. Азыркы кездеги сабак: аларга коюлган талаптар жана өркүндөтүүнүн жолдору.

54. Сабактын типтери жана структурасы. Сабакка даярдануунун жана өткөрүүнүн технологиясы.

55. Азыркы кездеги мектепте кошумча билим берүү, окуучунун кызыгуусун жана жөндөмүн өнүктүрүү.

56. Окуу-тарбия ишин башкаруу. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» законунда мектепти башкаруунун маселелери.

57. Мектеп жетекчилеринин функциялары

58. Мектеп ишин пландаштыруу, мектеп ичиндеги контроль жана отчеттуулук.

59. Мектептеги тарбия иштерин пландаштыруунун методикасы жана техникасы .

60. Коллективдик чыгармачылык иш-аракет методикасы азыркы учурдагы тарбиялоо технологиясынын негизи катары.

61.Мектептеги методикалык кеңеш, анын ролу, иштин мазмуну.

62. Мугалимдин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо; аттестациялоонун процедурасы.

63. Азыркы кездеги мугалимдин кесиптик-педагогикалык иш-

аракетинин өзгөчөлүктөрү (суроонун тарыхы жана тенденциясы)

64. Азыркы мектептин мугалими жана анын кызматтагы милдеттери.

65 Азыркы мектептеги класс жетекчи, анын иш-аракеттеринин негизги багыттары.

66. Этнопедагогиканын илим катары өнүгүшү жана калыптанышы.

67.«Манас» эпосу - кыргыз элинин педагогикалык ойлорунун энциклопедиясы.

68. Элдик педагогиканын каражаттары жана алардын тарбиялык потенциалы.

69. Кыргыз элинин акын - агартуучуларынын педагогикалык идеялары.

70. И.Арабаев - кыргыз элинин биринчи агартуучусу.

71 К.Тыныстановдун педагогикалык ишмердиги.

72. Педагогика илиминин классиктеринин эмгектериндеги тарбиялоонун элдүүлүгүнүн принциптери.

73. Кыргызстанда педагогикалык ойлордун калыптанышы.

74. Окуу-тарбиялоо процессинде этнопедагогиканы пайдалануу.

75. Кыргызстанда педагогика илиминин өнүгүшүнүн перспективасы жана тенденциялары.




Кафедра башчысы, профессор Бийбосунов Б.И.