СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү.»

Сабактын темасы: Жансыз зат атооч сөздөр.

Сабактын максаты:1.Зат атоочтун түзүлүшу боюча түшүнүшөт,жандуу жана жансыз заттарды ажырата билишет.

2.Алган билимдерин турмушта колдоно билишет.

3.Окуучулар эрктүулүкөө, эмгектенүүгө тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы сабакты өздөштүрүү.

Сабактын методу:Сынчыл ойлом,кластер.

Сабактын жабдылышы : үй жаныбарларынын сүрөттөрү,түстүу сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Жагымдуу маанай жаратуу.

Алтын эрежени эске алуу.

Үй тапшырмасын суроо.

Жаңы сабак боюнча түшүнүк берүу: Эмне ?деген суроого жооп берүүчү жансыз зат атооч сөздөр.

Адамдан башка жандуу жана жансыз зат атоочторго эмне? Деген суроо берилет.

Доскага илинген сүрөттөргө сүйлөм түзөбүз.Эмне? диван .Диван кооз болуп жасалыптыр.

Көпөлөк гүлгө конду. Мен китеп окудум.

-Нооруз майрамында даярдалуучу сүмөлөк боюнча даяр текст окулат .Сүмөлөккө эмнелер кошулат? Деген суроо менен окуучуларга кайрылам .Алар атап кетишет.М:Жаңгак ,ун,май,нават,

мейиз,өрүк кошуу менен жакшы тилектер айтылат.

Нооруз боюнча билген ырлар айтышат.

Куш келгин Нооруз, кушубак болгун.

Көктөмдөй көрктүу сымбатка толгун.

Жапжашыл тартып ,жасансын аймак.

Казанга толо сумөлөк кайнап.

Ноорузга класстер түзүшөт.

Көнүгүу иштешет.

Жансыз зат атоочторго сүйлом түзуу.

Табышмак айтуу.

Көркөму көңүл байлаган.

Атын алган дайрадан.

Кайсы экенин таппасаң,

Картаны кара кайрадан. (Нарын)

Сабакты бышыктоо: Мисалдар келтирүу аркылуу

Окуучулардын билимин баалоо: Сабакка катышуусуна жараша.

Үйгө тапшырма берүү: сүйлөм түзүп келүу.