СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 09.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Табышмак - деген эмне?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Табышмак - деген эмне?»

Табышмак - деген эмне?





Табышмак — дүйнөдөгү бардык эле элдердин оозеки чыгармачылыгында кеңири учураган жанрлардын бири. Табышмактар деп кандайдыр бир затты, көрүнүштү же башка абстракттуу түшүнүктөрдү өз аты менен атабай, алардын негизги белгилерин айтып, ошол түшүнүктүн аталышын башка бирөөлөрдун табуусун талап кылган чакан тапшырмалар. Мисалы: «Асты таш, үстү таш, ортосунда бышкан аш» деген табышмактын жообу «данек» болууга тийиш. Анткени анда данектин негизги белгилери көрсөтүлүп жатат. Кыргыз фольклорунда мазмуну, композициялык курулушу, түзүлүшү боюнча табышмактар төмөнкүдөй формаларда, көрүнүштөрдө айтылып келген: 1) Ритмдүү жорго сөз түрүндөгү табышмактар; 2) Ыр түрүндөгү табышмактар; 3) Учкул сөздөн турган, прозалык формадагы табышмактар; 4) Суроолуу табышмактар; 5) Айтыш табышмактары; 6) Жомок түрүндөгү табышмактар; 7) Эсеп табышмактары. Жаштарды байкагычтыкка, акылмандуулукка, изденүүчүлүккө тарбиялоодо табышмактардыи мааниси өтө чоң.

Үй ичинде уялайт,

Бирин-бири кубалайт.

Чыйылдашып ар дайым,

Бири-бирин табалайт.

(Чычкан)

Бортум, бортум, бортум ай,

Караңгыда жорттум ай,

Кара көрсөм качтым ай,

Жарылганга түштүм ай.

(Сокур (көр) чычкан)Төрт буттуу

Төөдөн күчтүү.

(Пил)

Көргүлөчү куйругун,

Куйругунан мурду узун,

Атын тап, андан соң,

Тапкылачы тумшугун.

(Пил)

Жер түбүндө жездекемдин аты кишенейт.

(Суур)

Карагандын түбүндө какаш сулу отурат,

Салпаң кулак келет деп ыйлап-сыктап отурат.

Жылмалыгы жыландай,

Оттогону куландай,

Отурганы адамдай,

Жайкысын болчу жаныбар,

Кышкысын болбойт бул кандай?

(Суур)

Кырда кылыч жаркылдайт.

(Ай)

Качса түлкү алдыга,

Калтырат экен артына,

Кайдан билет түлкү анын

Керектигин аңчыга.

(Из)

Көк торпок болуп жээктен чыктым,

Кулун болуп тээктен чыктым.

Закымданып талаадан чыктым,

Жүгөн катынбай желеден чыктым.

(Карышкыр, куюн, шамал, суу)

Австралия талаасын,

Саякаттап табасың,

Чөнтөгүндө баласын,

Көргөндө таң каласың,

Эки колун көтөрүп,

Буту менен кете алат,

Муну кимдер чече алат?

(Кенгуру)

Желбейт, баспайт,

Өкүрөңүн жазбайт,Арткы бутунун изин

Дайым алдыга таштайт.

(Коен)

Аттаган жери атандай,

Баскан жери бармактай,

Оттогон жери оймоктой,

Качып жүрөт карматпай.

(Коен)

Төө ооздуу,

Бото көздүү,

Эшек кулактуу,

Эчки чычаңдуу,

Ат аяктуу,

Кой жүндүү,

Бул эмне табыңыз?

(Коен)

Жыл мезгилин ылгабас,

Кыштыр-жайдыр кургабас.

(Арча)

Жер үстүндө жетим бала диңилдейт,

Кар үстүндө карып бала диңгилдик,

Муз астында мусаапыр бала диңгилдик.

(Терскен, түлкү, балык)

Учарымды жел билет,

Конорумду жер билет.

(Камгак)

Кокту келсе конот,

Жел келсе желет,

Бул эмне болот?

(Камгак)

Муун-муун муунчак,

Муун ала түйүнчөк,

Сегиз кыздын энеси,

Селкилдеген келинчек,

Узун-узун бою бар,

Курамалуу тону бар.

(Камыш)

Жайында ысыкты дегдейт,

Кышында суукту сезбейт,

Кийгени жашыл жибек,

Жай-кышы түк чечпейт.(Карагай)

Ойлонгула кандай,

Кичинекей шардай,

Жармашат тийсең,

Акысы бардай.

(Уйгак)

Жерден чыгат арып,

Супурасын жайып.

(Чүкүрү)

Тырмаак кыз,

Ыйлаак кыз,

Чыргаак кыз.

(Чычырканак, шилби, кызыл куурай)

Асты таш, үстү таш,

Орто жери жашыл аш.

(Мисте)

Асты такта,

Үстү такта,

Ортосунда бышкан алча.

(Мисте)

Алыстан карасам, аңгыл-дүңгүл,

Жанына барсам, капкалуу кара темир,

Татып койсом, таптаттуу.

(Жаңгак)

Кап, каптын ичинде ун,

Ундун ичинде устун.

(Жийде)

Үлбүрчөккө кан куюп,

Үйлөп талга байладым.

(Карагат)

Сырты бирөө тоголок,

Ичинде миң сан томолок.

(Анар)

Ийип кетип сүт берет,

Байып кетип дан берет.

(Апийим)

Ыргал-ыргал ыргалган,

Ыргала басып жыргалган.(Арпа)

Өзү кызыл, өзү кызык,

Боорунда бар жалгыз сызык,

Берекелүү балбан колдор,

Күз айында алат сузуп.

(Буудай)

Миңдеген бир тууган,

Баары окшош нурданган,

Ынтымагын карасаң,

Бир гана кур курчанган.

(Боолаган эгин)

Жерден тып чыкты,

Эки кулагы тик чыкты,

Көгөндөрүн тарта чыкты.

(Буурчак)

Жерден жек чыкты,

Эки кулагы тик чыкты,

Селдесин ороно чыкты,

Кылычын байлана чыкты.

(Жүгөрү)

Азамат акем ичкери,

Сакалдары тышкары.

(Жүгөрүнүн сотосу)

Кийгени кат-кат жашыл шайы,

Бетин ачып кишини карабайт,

Жашыл чачы саксайса да,

Эч качан жууп тарабайт.

(Жүгөрүнүн сотосу)

Абдыкалык

Мойну салык.

(Конок)

Ичи ток,

Көлөкөсү жок.

(Ороо)

Тетиктери темирден,

Тээп койсо элирген.

(Трактор)

Диң-диң чолок жер казат.

(Тамчы)Ыргытат жерди тиштеп,

Тыныгат, иштеп-иштеп, "

Жөнөрдө жумушка,

Шап эле ийинге минет.

(Кетмен)

Асманга чыкса жаркырайт,

Жерге түшсө такылдайт.

(Кетмен)

Бири чөптү кыят,

Экинчиси жыят,

Үчүнчүсү үйөт,

Ушу үчөөнүн атын ким билет?

(Орок, тырмооч, айры)

Инисин кууп, агасы жетпейт.

(Арабанын дөңгөлөктөрү)

Төрт бир тууган сапар чегет,

Бирин-бири кууп жетпейт.

{Арабанын дөңгөлөктөрү)

Изи бар, кадамы жок аягынын,

Тийбеди учу жерге таягынын,

Колдорун айбанга арта таштап,

Анан салат экен баянын.

(Арабанын дөңгөлөктөрү)

Узун аркан,

Жыйып ала албайм.

(Дөңгөлөктүн изи)

"Соке, Соке!" десе, ишин өзү билет,

Ат-өгүзүн парлап айдап,

Артында жүрүп келет.

Боз териңди болбой ийлеп,

Тасмадай тилип берет.

(Соко)

Жер түбүндө ай көчөт.

(Соконун тиши)

Эки тартар,

Бири жыртар,

Куйругун сыйпалатар.

(Эки өгүз, омочтун тиши, мала)Узун жыгачка туурасынан кылыч аштадым,

Кылычымды кынсыз сактадым,

Көк жайыктын чөбүн көрдүңөрбү?

Бир күндө чаап таштадым.

(Чалгы)

Тору тайды жетелеп,

Тоого чыгам энтелеп,

Тоодон ыргып мен минем,

Типтик ылдый желдирем.

(Чана)

Көк өгүзүм кол жапырып баратат.

(Орок)

Керегеде ийри кабак,

Аны табалбагандын дарты тамак.

(Орок)

Шып-шып этет.

Шылып кетет.

(Орок)

Төрт аягы бар,

Эки табагы бар,

Бир таягы бар.

(Тараза)

Көк улагым көгөндө жатып семирет.

(Дарбыз, коон)

Союп жатам, жаны жок,

Эти кызыл, каны жок.

(Дарбыз)

Биз бир топ кыз элек,

Шыпка илиндик,

Жипке тизилдик.

(Калемпир)

Токсон катар тону бар,

Тоголок келген бою бар.

(Капуста)

Жер алдында төлдөгөн,

Төлүн өзү бөлбөгөн.

(Картошка)Башы күндү ээрчиме,

Төлүн багат бетине.

(Күнкарама)

Жапыз бойлуу,

Тогуз тондуу.

(Пияз)

Жер астында алтын казык.

(Сабиз)

Кичине гана сары киши,

Өзү ичкери, сакалы тышкары.

(Сабиз)

Жерге бекем түптөдүм,

Кийиз менен каптадым.

(Боз үй)

Сөөктөрү бакча-бакча,

Жаркылдайт жалгыз көзү төбөсүндө.

(Боз үй)




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!