СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тамеки чегуу омурго зыян

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тамеки чегуу омурго зыян»

,+

Тамекинин өлүмгө себепчи коркунучтары

         Тери - териси бузулганына байланыштуу жашынан картаң көрүнүү (караюу)
         Тиш – тиштердин саргаюсу, тиш бүлөөсүнүн оорусу.
         Ооз жана тамак – тамактын рак оорусу, даам татуу сезиминин алсыроосу.
         Кекиртек жана дем алуу органдары – кекиртектин рак оорусу, кекиртек сезгенүүсү, үн түйүмдөрүнүн зыянга учуроосу.
         Жүрөк жана кан тамырлар – инфаркт жана өлүмдүн эң башкы себеби: атеросклероз, кан басымынын жогорулашы.
         Жатын жана жумурткалар- тукумсуздук, бойдон түшүү, майып жана чала төрөт. Менопаузанын эрте келиши жана жатындын рак оорусу.
         Колдор – бармактардын саргаруусу, тырмактардын алсыз болуп сынуусу.
Кол жана буттун кан тамырлары–бул кан тамырлардагы оорулар.
         Денеге башка таасирлери - чарчоо, уйкусуздук, депрессия, стресc, иште ийгиликтүү боло албоо, рефлекстердин начарлашы.
         Мээ – шал болуу (паралич), карыганда алжып калуусу (Альцгеймер оорусу), ар бир тартым элүү миң клетка өлтүрөт.
         Көз – катаракт, карыганда сокур болуу.
Жалпысынан алганда жаман жана сасык жыт.
Мурун – жыт сезүү органынын алсыроосу.
Өпкөлөр - өпкөнүн рак оорусу, бронхит.
Карын жана кызыл өңгөч – рак, карын жарасы жана кансыроо.
Эркектин жыныстык клетка бөлүп чыгарчу бези – импотенция, эрекциянын начарлашы, тукум куучу оорулардын пайда болушу.

Чылым чегүү


Чылым чегүү болжол менен он кылымдай тарыхы болгон түтүн менен чылым XV кылымдарда ислам дүйнөсүнө да кирип келген. Коомдо жайылуусу менен бирге чылым чегүүнүн зыяны барбы же жокпу тартышылып келген.
         Азыркы мезгилде медицина жана илимдин өнүгүүсү, чылым чегүүнүн зыяндуу же эместиги жөнүндөгү күмөн саноолорду жок кылды. Чылым чегүүнүн ар кандай оорууларга жол ачкандыгы зыяндары жана булганууларды изилдеген бир канча изилдөөчүлөрдүн ачкан жаңылыктары калкка кеңири жайылып. Бул темада ар кандай эмгектер жазылган. Бул изилдөөлөргө караганда чылым чегүү, адамга кумаркечтик алып келет. Барган сайын күчөп олтуруп адам чылым чекпесе туралбай турган болуп калат. Жогоруда айткандай кумар болуп калат. Дем алууну бузат, ашказан жана жүрөк оорууларына алып келет. Нерф функцияларынын бузулуусуна жол ачат жана рак оорусу менен да чоң байланышы бар. Чылым чегүүнүн зыяны оозго, денеге, айлана чөйрөнү булгоо менен бирге адамдарга да өтө чоң терс таасирин тийгизет. Чылымдын адамдардын ден соолугуна тийгизген зыяндары 3000 ге чейин жетип, эч кандай пайдасы табылбаган. Куранда: «Өзүңөрдү кырсыктуу өлүмгө таштабагыла» (Баккара, 195) жана хадисте: «Бирөөгө зыян келтирүү, сага зыян келтирген адамга да зыян келтирүү менен жооп кайтаруу туура эмес»

Табарсык – табарсыктын рак оорусу.
Сөөктөр жана тулку бой – сөөктөрдүн бузулушу.
Келээрки муунга калтырылган мурас - тамеки чеккен аталардын балдарында ракты алдын алуучу ген жок, алар мындай гени жок болуп туулушат. Кош бойлуу учурунда тамекки чеккен аялдардын балдары 10-15 пайызга арык жана ошол эле өлчөмдө акылы кем туулушат.

Тамеки тартаардан мурда эстесеңиз


1. Алгач ата-эне өзү чылымдан алыс болуусу керек
Эгер ата-эне тамеки тартса, баланын чылым чегүү мүмкүндүгү чекпеген үй-бүлөгө салыштырмалуу 3 эсе көп болот. Өзүңүз чылым чегип, балага тартпа деп айтуунун эч мааниси деле калбайт. Чынында жаш бала мыкты туурагыч жана ошол көргөн нерселер, мисалдар ал үчүн бүт нерсе болуп саналаарын эсибизден чыгарбасак.

2. «Көк түтүндү» алгач сиз таанытыңыз


Балдар 3-4 жашынан баштап тамекинин зыяны тууралу билүүлөрү зарыл. Эгер мектеп жашына жеткенде айтам десеңиз жаңылышасыз, аны менен бирге убакыттан да уттурасыз. Ал эми бала 6-7 жашка чыкканда банкага топтолгон чылымдын калдыктарын балаңызга көрсөтүп, жыттаткан соң ушундай жаман нерсенин өпкөсүндө болуусуна кандай караарын сураңыз. Кийин ошол чылымдын калдыгынан бирди алып ага бериңиз. Кызыгуусу тараган соң кайра алып коюуңуз.

3. Жаш балага кыска убакта төмөндөгүлөрдү үйрөтүңүз:
- чылым чеккендин кийимдери жийиркеничтүү жыттанаарын;
- тиштери жана колдору саргайып кетээрин;
- дем алуусу кыйындаарын;
- энергиясы азаярын;
- бир жумада тамекиге кеткен акчага эмнелерди алууга болоорун, мисалы, таттуу, оюнчук, китеп, кассета ж.б.у.с.
- тамеки тартууну өзүнүн эрки менен каалап, тандап алаарын, бирок, ошол эркиндигинин чылымга көз каранды болуп анын чыга алгыс туткунуна тушугаарын түшүндүрүп баса айтыңыз