СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тамеки жана коом

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тамеки жана коом»

ТЕМАСЫ: Тамеки жана коом


МАКСАТЫ:

  1. Тамеки чегүү, анын себептери, аракеттенүү механизми жана адамдын организмине тийгизген таасири жөнүндө окуучулардын билимдерин жогорулатуу.

  2. Ден соолук, ийгилик үчүн маанилүү эң мыкты чечимдерди издөө көндүмдөрүн адатка айландыруу.

  3. Өз ден соолугуна, айланасындагылардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени тарбиялоо.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, ролдук оюн.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Мугалим: Тамеки менен биринчи жолу таанышуу көбүнчө мектеп жашында болуп өтөт. Тамекини эрте чегип баштоо ага көнүп алуу коркунучун жогорулатат. Ошондуктан ар бир өспүрүм тамеки чегүүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жана бул заттын организмге келтирген зыяны жөнүндө эртерээк билгендери туура.


А силер билесиңерби, тамекинин түтүнүнөн өнөкөт болгон уулануудан, башка себептерге караганда, бир нече эсе көп адамдар набыт болушат. Мисалга алып карасак, биздин планетанын бир миллион адамынын ичинен ар бир 4 күндө спирттик ичимдигин ичкен 1 адам өлсө, ар бир 3 күндө автокырсыктан жабыркаган бир адам өлөт, ал эми ар бир 3 саатта тамекинин түтүнүнө өнөкөт ууланган бир адам каза болууда.



I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Эмне үчүн өспүрүмдөр тамеки чегип башташат?“

Окуучулардын ой-пикирлерин доскага жазып жана талкууга алгыла.

Окуучулдардын болжолдуу жана мүмкүн болгон жооптору:

  • эркиндикти сезүү;

  • достор менен теңтуштардын кыстоосу;

  • денесин жибитип, бош коюп эс алгысы келет;

  • өзүнүн досунун, өзүнөн улуу баланын сөзүн эки кылгысы келбейт,

  • компаниядан чыгып калуу коркунучу;

  • өзалдынча болгусу келет;

  • жарнактын таасири ж.б.


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

Кичи-лекция – 10 мин. (мугалим үчүн берилген маалыматты карагыла).

  1. Тамекинин тарыхы.

  2. Тамеки жана андан жасалып алынгандар.

  3. Калктын арасында тамеки чегүүнүн жайылгандыгы.


III. Демонстрация жана ролдук оюнду талкуулоо - 20 мин.

Ролдук оюн – бул силерге кандайдыр бир жагдайда болуу жана ал жагдайда өз жүрүм-турумун практикалоону түшүнүүгө жардам бере ала турган окутуу ыкмасы. Ролдук оюнга катышуу менен мына ушул учурда өзүңөрдү кандайча алып жүрө алат элеңер, ал жагдайда өзүңөрдү кандай сезет элеңер, башка адам кандай мамиле көрсөтөт эле жана бул жагдайдын аякташына силердин сөзүңөр, аракетиңер кандай таасир берерин байкап көрөсүңөр. Бул силерге баарлашуу жана жүрүм-турум көндүмдөрүн практикалоо мүмкүнчүлүгүн жана эч кандай ылайыксыз коркуудан же терс таасирсиз башкалардын реакциясын алууга мүмкүндүк берет.

Ролдук оюнду көрсөтүү үчүн бир нече ыктыярдуу окуучу керек болоорун айткыла. Алардын бирөөнү 1 жана 2-көнүгүүлөрдөгү тапшырманы окуп беришин сурангыла.


1-көнүгүү. Улан кызды кечеге чакырат. Баланын компаниясындагы кыздардын бардыгы тамеки чегишет. Кыздар жаңы келген кызга тамеки чегүүнү сунуш кылышат.

Тапшырма: жаңы келген кызды тамеки чегүүгө ынандыргыла (тамеки чегүүнүн оң жактары).


2-көнүгүү. Кыз сүйлөшкөн жигитинин тамеки чеккенди таштаганын каалайт. Ал аны тамекини таштоого көндүрөт.

Тапшырма: сүйлөшкөн жигитин тамекини таштоого ынандыргыла (тамеки чегүүнүн терс жактары).


Бардык болгон варианттарды жазып чыгып, салышытырып жана такуулап чыгууга болот.


IV. Сабакка анализ берүү жана жыйынтыктоо – 2 мин.

Мугалим сабакты жалпылап жана суроо берет: – Силер бул сабактан жаңы эмнени билдиңер?” же “Бүгүнкү сабактагы берилген маалымат пайдалуу болдубу?”. Окуучулардын каалаганына өз ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк берүү керек.