СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 2-кл.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 2-кл.»



ТАРБИЯЛЫК СААТ

Тема:»Жан дүйнөмдүн кесиби-мугалим»

Тарбиялык сааттын максаты:

1.Тема боюнча кенири,так,жеткиликтуу маалымат ала алышат. 2.Суйлоо речи,соз байлыгы,изденуучулук,тапкычтык сапаттары онугот. 3.Мугалимдин ары туйшуктуу,ары сыймыктуу эмгегин баалай билуу,аларга урмат-сый корсото билуу керек экендигин түшүнүшөт.

Тарбиялык сааттын жабдылышы:Темага байланыштуу суроттор,карточкалар,слайд Т.сааттын журушу:1.Уюштуруу

Мугалим:-Саламатсыздарбы урматтуу биздин бугунку сабагыбыздын коноктору,эн бир ардактуу,эн бир сыймыктуу жана да эн бир туйшуктуу кесип ээлери болгон мугалим эжекелер.Эн оболу «Мугалим» деген улуу наамды аркалаган эжекелерибизди кесиптик майрамы менен чын журоктон озумдун жана окуучуларымдын атынан кызуу куттуктайм жана бугунку ” Жан дүйнөмдүн кесиби- мугалим “ деп аталган тарбиялык саатыбызды сиздер учун белек катары тартуулайбыз.

Мугалим: - Дайым ачык кабагым Дайым даяр сабагым. Саламаттык каалаймын Саламатсыңарбы балдарым? Бугунку маанайынар кандай?

Окуучулар:Эн жакшы

Мугалим:-Балдар мен бүгүн силерге жагымдуу маанай тартуулоо учун “Балалык “ырын алып келдим .Анда эмесе баарыбыз көңүлүбүздү сыналгыга бурабыз. -Жактыбы балдар? -Балдар ,билесиңерби, балалык кезибиз жашообуздагы эң бактылуу мезгилибиз болот экен,себеби бул мезгилде биз эч нерседен бейкапар ,эчтекеге ойлонбой ойноп-кулүп, жыргап,ар кандай кыялдарга батып,өзүбүз кичинекей болсок да максаттарыбыз чоң болот экен.Анан кээ бир адамдар ал максаттарына ,кыялдарына жетсе ,кээ бирлери жетпей калышат экен.А эмне себептен деп ойлойсуңар? -А силердин келечекке болгон кандай максаттарыңар бар?Кандай кыялдарыңар бар? Мисалы: келечекте ким болгуңар келет?Эмне себептен? Окуучулар менен ой бөлүшүшөт. Эми баарыбыз конулубузду доскага бурабыз.-Бул ким?

Окуучулар:-Президент,врач,куруучу,тигүүчү,милиционер,сот,мугалим. Мугалим:-Туура айтасыңар балдар,булар ар кайсы кесиптин ээлери.Силерге окшогон эле балдар кичинекей кезинен эле бири врач болом десе,бири мугалим болом деп жан дүй-нөсү тандаган кесиптерди тандап алышат жана да ага жетүү үчүн жакшы окуп,жакшы билим алышы керек.Мисалы мен силердей кичинекей кезимден баштап эле мугалим болууну кыялданчумун.Келечекте мугалим болом деп алдыма максат койгом жана ал максатыма жетүү үчүн жакшы окуп,жакшы журүп,мыкты билим алып жүрүп жетишкенмин.Мына азыр силердин алдынарда максаттарым орундалып,силердин сүйүктүү эжекеңер болуп иштеп жатамын.Демек балдар ,менин жан дуйнөм тандаган кесип,т.а. менин жан дүйнөмдүн кесиби-бул мугалимдик кесип.турбайбы Демек балдар ,биздин бугүнкү тарбиялык саатыбыздын темасы: ”Жан дүйнөмдүн кесиби-мугалим” деп аталат.Бүгүнкү тарбиялык саат аркылуу биз силер менен силерге билим берген ,тарбия берген ары ардактуу,ары сыймыктуу ,ары түйшуктүү кесип ээлери –мугалимдер жөнүндө,ал кесиптин улуулугу,түйшүгү жөнүндө маалымат алабыз жана да бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз аркылуу мугалимдердин эмгегин баалай билүү ,мугалимдерди сыйлай билүү керек экендигин түшүнүп жетесиңер деп ойлойм, ишенемин. -Мугалим бул –кесиптердин сереси Мугалим бул-кесиптердин торөсү. Мугалимдер сыйкырдуу бир дарактай Жайдыр-кыштыр бышып турган

-Балдар бул ыр саптары ким жонундо айтылып жатат?

Окуучулар:-мугалим.

Мугалим:-Туура айтасынар,балдар.

Албетте мугалим жонундо. Бул ырда айтылгандай мугалим бул-кесиптердин төрөсү.Бардык кесиптердин ээси мугалимдин колунан чыгат. Кийинки ырга көнүл бурабыз. -Мугалимдер дарак болот мөмөлүү Анан болот бир орунда көгөрүү. Эжекелеп балдар курчап турганда Окшоп кетет эне тоокко жөжөлүү. -Балдар силердин оюнар боюнча,силердин коз карашынар боюнча «Мугалим бул ким?»Бул суроого жооп алуу учун мен доскада коруп тургандай кундун нурларын даяр-дагам.Силер мага оюнарды айтасынар,а мен болсо силер айткан жоопторду кундун нурларына жазам,макулсунарбы?

Мугалим:-Демек балдар ,мугалим бул –момолуу дарак экен ээ,ал эми момолору булар- окуучулар,келечек ээлери экен.Мугалимдер озуно байкалбаганы менен сыртынан кара-ганда бул суроттогудой жожолуу тоокко окшоп кетет экен,чындыгында да ошондой ээ….? О.э.силер айткандай мугалим бул-…………б.а.бардык жакшы сапаттарга татыктуу инсан экен.Киченекей болсонор да мугалимдерге ушундай баа бергенинер учун чон рахмат.

1- тапшырма:Мугалим жонундо макалдар,учкул создор.

(болжолдуу жооптор:1.Мугалим-коомдун кузгусу.2.Мугалим –момолуу дарак.3.Мугалим-укканга санат,учканга канат.4.Мугалим –экинчи ата-эне.5.Мугалим кундой чачыраса.окуучу кундой ачылат.6.Мугалимдер дарак болсо момолуу.окуучулар анын бышкан момосу.)

2- тапшырма:Мугалим жонундогу ыр саптар,декломациялар.

3- тапшырма:»Эгер мен мугалим болсом?....»деген темадагы эссени оозеки айтуу. Окуучулар доскага чыгышып өз ойлоруни айтышат.

Мугалим:-Эми мен силерге мугалим жөнүндө кыска бир видео коюп беремин,силер бул видео аркылуу мугалимдик кесип жонүндо дагы да көп нерселерди билип аласыңар.

Мугалим:-Мугалим жонундо аябай коп жакшы маалыматтарды алдык,мугалим жонундо аябай жакшы нерселер айтылды.Ушундай ары туйшуктуу,ары сыймыктуу кесиптин ээси болгон мугалимдерди биз кантип сыйлашыбыз керек,урматташыбыз керек,кадырлашы-быз керек,бирок кантип?

(Окуучулар оз ойлорун айтышат)

(Болжолдуу жооптор:1.Жакшы окушубуз керек.2.Тартиптуу,тарбиялуу журушубуз керек.3.Мугалимдин айтканын туура,так аткарышыбыз керек…ж.б.у.с.)

Мугалим:Азаматсынар балдар.Демек биз жана силер айтып откондой кылып,мугалимдерди урматтап,сыйлашыбыз керек.

Бугунку тарбиялык саатка аябай жакшы катышып,мугалимдердин эмгеги,түйшүгү жөнүндө маалымат алдынар.Мугалимдерди сыйлоо,урматтоо керектигин түшүнүп жеттиңер.О.э. жан дуйнөнүн кесибине жетүү учүн көп окуу,терең билим алуу керектигин аңдап жеттик.

Азыр болсо бугунку тарбиялык саатыбызда ушул жерде отурган эжекейлерди дагы бир жолу кесиптик майрамы менен куттуктоо менен жана аларга белек катары кыздардын аткаруусунда «Мугалим эжей» деген бийди жана “Биринчи мугалим”ырын тартуулоо менен жыйынтыктайлы.

Кыздардын аткаруусунда:1. «Мугалим эжей»бийи 2“Биринчи мугалим “ обондуу ыр

Ушуну менен «Жан дүйнөмдүн кесиби-мугалим» деп аталган тарбиялык саатыбыз аягына чыкты.Баарыныздарга чон рахмат.Балдар силерге келечекте озунор каалаган кесип ээси болушунарга тилектешмин.

Ал эми мугалимдерге бекем ден-соолук,туйшуктуу ишиниздерге чыгармачылык ийгилик-терди каалайм.

Энелер болсо дайыма балдарыныздардын бактына аман болуп,алардын ийгиликтерине кубанып журо бериниздер.

Конул бурганыныздар учун чон рахмат!