Сабактын темасы: Улуттун жүзү ак калпак.
Сабактын максаты:
Маалыматтык : Улуттук баш кийимдердин баалуулугун аларды урматтап сактап кийип жүрүү керек экенин билишет.
Социалдык-коммуникациялык.Улуттук баш кийим ата мурас экенин ошондой эле аны турмушта барктап аздектеп кийүүнү билишет.
Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар баш кийимди ыйык сактоого аны эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт.
Ресурстар: Улуттук баш кийимдер, ак калпактын түрлөрү слайд үн жазуулар.
Сабактын методу: Сахналаштыруу ролдоштуруу ырлар кара сөз маалыматтар.
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу : Окуучулар доскада тизилип турушат,
Мугалимдин сөзү: Кош келипсиздер урматтуу коноктор,Кут орногон мектебибизде сиздердин жадыраган жылуу жүзүңүздөрдү көрүп турганыбызга абдан кубанычтабыз.Маанайыныздарды көтөрүп,жүрөгүңүздөргө жылуу сезим тартуулап, тээ ата –бабаларыбыздын аздектеп келген ,улуттук нарктуулукту даңазалап :
«Улуттун жүзү ак калпак» темасындагы ачык тарбиялык сабагыбыз сиздер үчүн.
Окуучулар : Ассалоому алейкум.
Мугалим сабактын максаты менен тааныштырат.
Мугалим: Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт .деп айтылат эмеспи андыктан ак батасын алуу үчүн ,кыргыз калкымды ар убак сактап, колдоп жана коргоп келген ак сакалдуу Бакай атабызды конокко чакырган элек. Бакай ата келиниз батанызды бериниз.
Бакайдын батасы: Токтополотов Али
Оо, калайык калкым,кыргызым,
Манастан калган сыймыгым.
Оо, кыргызымдын жигиттери,
Башынардан ак калпак түшпөсүн.
Ала –Тоодой сыймыгынардын белгиси болсун,
Дайым Бакай атанар колдосун.
Тениңер сак болуп,Теңир атам колдосун.
Өзүнөргө бек болуп, Элди жерди бек сактап,
Манас бабам колдосун. Оомиийин.
Рахмат .Рахмат.
Ак калпак жөнүндө декламациялар:
Зейнеп –Балпайышып аталар, Бакай калпак кийишкен.
Түрлөп көркүн чыгарып, Ууз энелер тигишкен.
Назгүл –Кылым келет күндү, айды арытып,
Кыргыз элдин акыл ээсин байытып.
Манас кийген ,Жакып кийген ак калпак ,
Жашап барат жыл өмүрүн каарытып.
Ислам –Ак калпагы кыргыздын,
Ак жузундой нур кыздын.
Ак кар баскан тоолордо ,
Ак нурундай жылдыздын.
Мадина –Ала тоонун боорунда,
Акыл калчап бийиктен.
Ар намыстуу кыргыздар,
Аппак калпак кийишкен.
Абубакир –Аппак койдун жүнүнөн,
Кастарланып тигилген .
Аппак кийиз жасалып,
Баалуу башка кийишкен.
Бибиробия –Башында кийген ак калпак,
Кылымдарды каарыткан.
Аздектеп дайым келели,
Түшпөсүн такыр тарыхтан.
Нурмухаммед –Бабадан калган калпакты ,
Биз дагы сыйлап өтөлү.
Карматпай душман колуна,
Баркына дайым жетели.
Айдай –Бул жашоонун кызыгы өтө терең,
Адамзатка аппапак гүлүн берген.
Баарынарды куттуктап кетким келет ,
Бешинчи март ак калпак күнү менен.
Арууке –Ак тилек максат жуурулуп,
Адамда чексиз улуулук.
Жергемде бүгүн чон майрам,
Ак калпак берип сулуулук.
Эркайым –Кыраандан көрктүү талашып, Ак калпак майрам таң атып.
Жигиттер аман жүргүлө,Ак калпак башка жарашып.
Диана –Урпагын сырдуу караткан, Убакыт учкул канатчан.
Аппапак ьийик калпакты , Атабыз кыргыз жараткан.
Нуркадыр-Башына кийген ак калпак, Тиет деп бизге кереги.
Жердеген жети атанын, Калтырган мурас белеги.
Арзыкан –Ай күнү тийип жаркырап, Ала-Тоо көзгө тартылат.
Кыргызга калпак көрк берип, Ден соолук өмүр тартуулап.
Барсбек –Кыргыз элим океандай куралып,
Кылым өттү, жылдар өттү,суу агып.
Ак калпагын бизге берген таберик,
Доордон доорго жашай берет уланып.
Алия –Акыл артык асыл заада узубуз,
Алпештеген ырыс таалай кутубуз.
Ак калпакты аздектеген дайыма,
Чебер колдуу Курманжандай энебиз.
Ак калпактын жасалуусу боюнча тарыхы.
Шакирова Айсезим Айтибаева Зейнеп
Слайд: Ак калпакты даназалоочу.
Жомок аткарылат. Хан ,үч уулу, дыйкан ,желдеттер.
Накыл куржунда маклдар.
1-Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт.2-Калпакты жерге койбо.
3-Калпагынды жоготсон, башынды жоготосун.4-Калпагынды сатсан,акылынды сатасын. 5-Калпакчан жүрсөн оорубайсың, калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет.4-Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагында эмес баш жагында болсун.
Акыл куржунда суроолор.
Калпак эмнеден жасалат? Ак калпак күнүн негиздөөчүсү ким болгон ?
Калпактын канча талаасы бар? Жашыл кыюу калпакты кимдер кийишкен?
Үйго тапшырма : Ак калпак кыргыз сыймыгы темасында эссе жазуу.
Мүнөздөмө
Берилет ушул мүнөздөмө 2011-жылдын 6- декабрында төрөлгөн Шакирова Айсезим Акматалиевнага.
2023-2024-окуу жылында Алтымыш Нарматов атындагы «Өрнөк» орто мектебинде 6-класста окуп, билим жана тарбия алууда.Шакирова Айсезим кичинекей кезинен эле апасы Акимова Тамара менен жашайт.Үч жыл мурда атасынын көзү өтүп кеткен.Айсезим эки бир тууган, үй-бүлөдө аябай жакшы мамле жасашат,эч нерседен кем болбой чоңойууда.Окууга болгон кызыкчылыгы эн жакшы.Бардык сабактарды эн жакшы өздөштүрүп, отличник окуучу.Коомдук иштерге активдүү катышат.
Мүнөзү өзгөчө касиеттери; сезгич,жоопкерчиликтүү,үй жандуу,өз алдынчалуу,камкор жана күйүмдүү,так,сылык кээде шашкалак да болуп кетет.
Коомдук жайларда, мектепте озун таза, тыкан алып жүрөт.Окуу куралдарын да таза алып жүрөт.Досторуна жасаган мамилеси жакшы ,ынтымактуу,ыар дайым жардамга даяр.Улууларды жана мугалимдерди сыйлайт.Коомдук иштерге активдүү катышып,берилген тапшырманы ашыгы менен аткарып келет.Үй-бүлөсүн жакшы көрөт.
Мектепте өткөрүлгөн ар кандай иш –чараларга кызыгуу менен катышып келет.Шакирова Айсезим келечекте мыкты, эл керегине жараган инсан болушуна толук ишеничим бар.
Класс жетекчи: Шамшиева Н.