Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат жаны жыл»
Жаңы-жыл
Аткарган: Ташова Кыйматай
2019-2020-окуу жылы.
Жаңы жыл
Мугалим: Амансыздарбы урматтуу коноктор
Жаңы жылыңыздар кут болсун
Ар бир үй бүлөгө бакыт консун
Жакшылыктын барчылыктын жылы болсун
Жаңы жыл кирип келди эми бизге
Береке кутун чачсын жерибизге
Молчулук токчулукту белек кылып
Ынтымак,тынчтык берсин жерибизге
Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер ата энелер.Мына айлананын баары аппак карга бөлөнүп турган чакта,кубандырып элимди жаңы жыл келди шаттанып.Баарыныздардын алдыныздарга жаркырап жайнап кирип келе жаткан 2020-жаңы чычкан жылы менен куттуктайбыз.Ушул жаркыраган жыл сиздерге ар дайым жакшы маанай, бекем ден соолук,узун өмүр,албан албан ийгиликтерди каалайбыз.Коломтоңуздардын оту өчпөй,ырыскы толуп,ар бирибиздин үйүбүздө кичинекей балдардын күлкүсү жаңырып турсун демекчибиз.Ошондой эле сиздердин көңүлүңүздөрдү 1-класстын “Балаты”аттуу ачык тарбиялык сабагына бурабыз.
Мугалим:Жаркырап кирип келди чычкан жылы
Чычкан жылда каалайбыз жакшылыкты
Кубанып бул мектептин балдары
Ырдап, бийлеп жүрө берсин ушул жылы
Келгиле балдар жаңы жыл жөнүндө ыр айтып берели.
Эң учуна айнектин
Аппак жылдыз тагынды
Арасына жаркырап
Кооз шамдар жагылды
Кичинекей балаты
Баатырлыгың аныктыр
Коргош үчүн короону
Ак тон кийип алыптыр
Колго алып шыпыргы
Кийип калай чаканы
Корообузда кар киши
Кышы бою жашады
Жаңы жылыбыз кут болсун
Эл журтубуз тынч болсун
Жакшылыкты жандаган
Берекелүү жыл болсун.
Аяз ата ,аяз ата
Ыр жаттадым мен мына
Арнап конфет бериңиз
Мага окшогон балага
Жаңы жылым жаркырап
Бүт ааламга жарык бер
Кучагыңды жайып кел
Тынчтык күндүн жылы бол
Майрам тойдун ыры бол
Мекениме сүйкүмдүу
Мээримдүу бол жылу бол
Аппак экен сакалы
Кооз экен чапаны
Келгиле балдар келгиле
Көрөлү аяз атаны
Аяз ата биз менен
Ырдасын да бийлесин
Жаңы жылда жадырап
Мугалим: Жашыл чапан балаты
Кенен жайга коюлду
Жасалгалоо ишине
Балдар , кыздар чогулду демекчи келгиле балдар келген конокторго жаңы жыл жөнундө ырдап берели.
Хор: Жаңы жыл
Оюнчуктар илинип
Бутактары ийилип
Жаңы жылдык майрамда
Бийлейбиз эч ирменбей –деп биздин бийчи кыздар бийлеп бермекчи.
Сардал кыз.
Жаңы жыл көп жакшылык алып келсин
Бакытка кубанычка бөлөй берсин
Ылайым асманыбыз ачык болсун
Ишибизге ийгиликтер арбын болсун
Жомок :Абышка кемпирдин көмөчү
Кызыктуу оюн: Ата энелер катышат.
Убакыт өтөт ирмемде
Ачылат көңүл күлгөндө
Балдарга белек таратып
Ыр ырдайлы ирменбей
Жеке ыр: Нурмаматова Жасмина
Кел жаңы жыл.
Балдардын аткаруусунда тамашоу
Чогуу бирге туралы
Кол кармашып алалы
Ёлка айланып ыр ырдап
Жаңы жылды тосолу
Бий :Кыздардын аткаруусунда
Жыйынтыктоо: Ата энелерге сөз берүү.
,