СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сааттар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Акматов Кыялбек

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сааттар»

1 сабак тема: Максат жана максатка умтулуучулук



  1. Сабактын максаты:

а) Максат коюунун маанисин түшүнүшөт;

б) Тексттерди окуп, анын мазмунун түшүнүшөт;

в) Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга үйрөнүшөт;



  1. Сабактын жабдылышы:



Текст боюнча тартылган түстүү сүрөттөр, эки ватман,эки маркер,(кызыл, көк) темага байланыштуу таркатмалар ж.б.



  1. Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу

  2. Сабактын жүрүшү:

  3. Мугалим:

Элибизде “Таланттуу бала талпынган куштай, кумары канбас асманга учпай” деген нускалуу кеп бар. Бул сага тиешелүү жаш жеткинчек. Дайыма талпынып, куш сыяктуу чексиз бийиктикке, асманга, илимдин туу чокусуна, талбас эмгекке умтулуп турсаң, тилеген максатыңа жетүүгө аракет кылсаң жараткан өзү сага жар болот.

Ар бир адам келечекк максат коюп жашайт. Көздөгөн максатына жетүүгө ашыгат.

Максатсыз эч бир инсан болбосо керек. Сен дагы алдыга жакшы максат кой. Элибизде: “ Жаштын тилегин берет”, “Жакшы ниет жарым ырыс” дейт эмеспи. Сен курдуу балдардын алдыга койгон максаттарын окуп көрчү. Балким, сенде мындай максаттар четтеп саналаар.



Менин максаттарым

Кубанычбек уулу Элзарбек:

Мен эл керегине жараган өмүр сакчысы болсом деп максат кылам. Ак халатчан өмүр сакчылары адамдардын жашоосуна өмүр улайт эмеспи. Алар мээримдүү, кийген халаттарындай көңулдөрү да таптаза аруу инсандар. Талбай билим алып, ушул кесипке тезирээк эле жетсем экен.



Камыт кызы Сайкал:

Окуткан эжейимдей мугалим болууну дайыма самап келем.Эжейдин сабакка кирүүсүн чыдамыздык менен күтөбүз. Ал мээримдүү жана боорукер. Бар билимин окуучуларга арнаган, мээрими чексиз мугалим болуу менин улуу максатым. Тилегим кабыл болсо экен.



Абдивали уулу Нурсултан:

Мение максатым эл керегине жараган, адептүү, аруу дилдүү жөнөкөй адам болуу жана керектүү бир кесипке ээ болуу. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн талбас эмгек, жогорку билим керек эмеспи. Ошондуктан илим сересине чыгууну да тилек кылам.



Улуу максат

Мектепти бүтүп жогорку окуу жайына тапшырып, билим алып, бир кесиптин ээси болсом деп самоочумун. Бирок йд жалгыз болгондугума байланыштуу мени окууга жөнөтпөшү айдан ачык дайын болчу.

Ошентсе да ал максатымдан жазбай келечектен үмүтум зор эле.

Окууну бүтүп, шаарга келип, шаар турмушу менен тааныштым, жүрөк өйүткөн бир көрүнүшкө туш болдум. Ал кароосуз калып көчөдө түнөгөн жаш балдардын турмушу эле. Буларга жардам берейин десем анча каражат менде жок болчу. Бирок, дагы бир улуу максат көөдөнүмдү уялады. Ал максат ушул балдарга жардам берүү эле.



Нуска сөздөр

Жаңы билим менен босогону аттасаң,

Жаркыраган келечек күтүп алат.



Билим менен куралданбаган адам бийиктикке жетпейт.



Бакытка жетем деген аракетиң,

Бараандуу эмгек менен айгинеленсин.



Ак көңүлдүүлүк менен аруулук жана эмгекчилдик менен жөнөкөйлүк

улуулукка жетелейт.



  1. Үйгө тапшырмалар:

  1. “Менин максатым деген ” темада дилбаян жазгыла.

  2. Максат, максатка умтулуучулук жөнүндө класстер түзгүлө.







2 сабак тема: Жолдош жана жолдошчулук



Сабактын максаты:

  • Жолдош жана жолдошчулук жөнүндө түшүнүк алышат;

  • Текстти окуп мазмунун түшүнүшөт.

  • Өз ойлорун эркин айтууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Текст боюнча тартылган түстүү сүрөттөр, эки ватман, эки маркер(кызыл, көк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б.

Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу

Сабактын жүрүшү:

Мугалим:

Эмне үчүн адам жолдоштук мамилеге муктаж? Эмне үчүн кыргыз элинде “Жолдош-кудайдын бир аты”- деп аздектелип айтылат? Бул акылга назар салчы...

Окуучум, тирүү адам албетте жолдошсуз болбойт. Ким менен жолдош тутунсаң дагы, жолдоштуктун каадаларына көңүл бургун. Кимде-ким жолдошун эсине албаса, жолдошу да аны эсине албайт. Кимдин жолдошу көп болсо айыптары жабылат. Жаңы жолдош тапсаң, эски жолдошторуңдан жүзүңдү үйүрбөгүн. Жакшы жолдош-адамга улуу казына. Айрым адамдар сени менен жарым жолдош болушат. Алар менен да жакшы жүргүн. Сенден жакшылык көрүшсө акырындап сени менен бир денедеги жан сыяктуу жакындашып чыныгы доско айланышат. Жолдошуңдун жолдошторун өз жолдошторуң, душмандарын сенин дагы душмандарың катары сана. Жолдошуңа душман, душманыңа жолдош болгон кишилер менен, ошондой эле акылсыз менен такыр жолдош болбогун. Акылсыз, наадан жолдош акылдуу душмандан да жаман.

Окуучум, жолдошум көп деп баарына тегиз караба. Турмушуң шаң-салтанат менен өтүп турган убакта өздөрүн жолдош көрсөтүп, муктаждыкка кабылганда таштап кеткен адамдарды жолдош деп билбе. Анткени,алар чыныгы жолдош эмес, талкан жолдоштор. Бир күнү капилет душман болуп калса, сага зыян келтирет. Бушайман болосуң, тыйынчалык пайда чыкпайт.

Суроолор:

  1. “Дос-Кудайдын бир аты” –дегенди кандайча түшүнөсүң?

  2. “Жакшы жолдош адамга улуу казына”- деген нуска сөздун мааниси кандайча чечмеленет?

  3. Жолдошуңдун душмандары эмне үчүн сага да душман болушат?

  4. Жолдошуңдүн баарына тегиз караба дегенди кандайча түшүнөсүң?

  5. Чыныгы жолдош кандайча болуш керек?



Залкар ойлор

Чыныгы жолдош, жакшылыкты,

Жамандыкты тең бөлөт.

Сен уктасаң, уктап,

Сен көргөндү тең көрөт. В. Шекспир



Адамды чанып көнгөн киши жолдоштккка жарабайт.

Демокрит



Жолдоштордун жүрөгү бирге болот, бирге өнөт,

Жыргал менен жыласты бирге бөлөт.

А.С. Пушкин



Үйгө тапшырмалар:

  1. Жолдоштук даңазалаган көром чыгырма жаратып көрчү.

  2. Жолдоштук жөнүндөгү макал лакпты таап жаттагыла.

  3. Залкар ойлорду окуп, класста талкуулагыла.