СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сааттын темасы

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сааттын иштелмеси.

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сааттын темасы»

Дата:27 .12. 2019-жыл

Окуу тарбия иштеринин башчысы:________ Ш.Эргешов

Тарбиялык сааттын темасы:Аз кандуулук.

Классы: 7-б

Сабактын максаты:

1)Билим бер\\ч\л\к: Окуучулар аз кандуулук эмне экендиги жана анын зыяндуулугу боюнча жаёы маалымат билишет.

2)Ън\кт\р\\ч\л\к: Аз кандуулуктун алдын алуу жана аны менен к\ръш\\ боюнча маалыматтарды ала алышат.

3)Тарбиялуулук:Ар дайым таза,тыкан болууга тарбияланышат.

Аз кандуулук (анемия) — канда эритроциттердин (кызыл кан денечелеринин) жана гемоглобиндин азайышынан болгон оору.

Мазмуну

  • 1Оорунун башталышы

  • 2Белгилери

  • 3Алдын алуу

  • 4Колдонулган адабияттар

Оорунун башталышы

Ага көбүнчө канды көп жоготуу (катуу кармаган жана өнөкөт кан агуудан), эритроциттердин бузулушунун күчөшү (гемолиздик Аз кандуулук), кан пайда болуунун бузулушу (организмде темирдин, кээ бир витаминдин жетишсиздигинен, чучуктун жабыркашынан), ошондой эле кээ бир жугуштуу оорулар (кургак учук, дизентерия жана башкалар) себеп болот.

Организмде В12 витамини менен темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулук көп учурайт. Темир организмдин тиричилигинде чоң мааниге ээ, ал эритроциттеги гемоглобиндин, ферменттердин составына кирет. Темирдин жетишсиздиги көбүнчө кан жоготуудан (узакка созулуп, кан көп кеткен этек кир, геморой жана башкалар) болот. Темир жетишпеген аз кандуулуктун өөрчүшүнө көп төрөө, баланы көпкө эмизүү да түрткү берет. Эгер эненин организминде темир аз болсо эмчектеги балада да аз кандуулук өнүгөт. Жаш балдардагы темир жетишпегендиктен болуучу аз кандуулук аларды туура эмес тамактандыруудан — этти аз бергенден да болот. Мындай аз кандуулук ара төрөлгөн балада болушу мүмкүн, себеби алар энеден керектүү темирди алууга үлгүрбөй калышат. Ошондой эле организминде темир жетишпеген энеден төрөлгөн кыздарда жыныстык жетилүү мезгилинде да аз кандуулук өнүгөт.

Белгилери

Аз кандуулуктун белгилери — канда гемоглобиндин төмөндөшү, энтигүү, жүрөктүн тез кагышы; анда эритроциттердин саны анча өзгөрбөй, гемоглобиндин сайы бир кыйла төмөндөйт. Мында оорулуу кубарып, бат чарчайт, башы ооруйт, көзү чыбырчыктап, башы айланат, чачы түшүп, тырмагы сынып, ичи өтүшү ыктымал; андай кишилер бор, аки таш жегиси келет, туздуу, өткүр тамакты жакшы көрөт. Темир жетишпеген аз кандуулуктун алдын алууда кан көп кеткен жерди өз убагында таап, аны токтотуу, туура тамактануу чоң роль ойнойт. Боюнда бар жана эмчек эмизген аялдардын тамагында эттин жетишерлик болушу эне менен баланы аз кандуулуктан сактайт. Темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулукта догдурдун көрсөтмөсү боюнча темир дарылары менен амбулаториялык шартта узакка, такай дарылануу керек.


Организмде В12 витамини жетишсиздигинен кан пайда болуу бузулуп, канда эритроциттердин көлөмү чоңоюп, саны азаят. В12 витамини жетишсиздиктен болгон аз кандуулук көбүнчө карындын былжыр чели жабыркаган, ошондой эле мите ооруларынан жапа тарткан кишилерде жолугат. Мында аз кандуулукка мүнөздүү белгилерден тышкаркы тил ачышат, ич өтөт, күчөп кеткенде нерв системасын жабыркатат.

Алдын алуу

Аз кандуулуктун бул түрүн алдын алууда өнөкөт ичеги-карын ооруларын (айрыкча ичи көп өткөн) өз убагында аныктап дарылоо чоң мааниге ээ.
Дарылоо догдурдун көрсөтмөсү жана көзөмөлү алдында В12 витамини менен жүргүзүлөт. Гемолиздик аз кандуулук эритроциттери бат жана көп бузулган кишилерде жолугат. Ал тукум куушу жана кийин пайда болушу мүмкүн. Гемоглобиндин ажыроосунун натыйжасызда оорулуу саргарып кетет. Ошондуктан аны көп учурда боор оорулары менен чаташтырышат. Аз кандуулуктун бардык түрүндө оорунун белгилери билингенде анын диагнозун аныктап, өз убагында жана туура дарылоо үчүн врачка эрте кайрылуу зарыл. Кандын көп кетишине жол бербөө, витаминдүү тамак-аш ичүү, спортко катышуу, эс алуу менен эмгекти айкалыштыруу — Аз кандуулукту болтурбоонун бирден-бир шарты.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!