СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
ЭНЕГЕ МАМИЛЕ
Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар. Сиз жана биз бир кичинекей тамчы суудан эненин денесинде кыймылга кирип, бир бурдам эттен чоңоюп адам болгонбуз. Муну үчүн эң биринчи энеге карыздарбыз.
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-с-салам хадистеринде «Алланын алдында төрөгөн аял төрөбөгөн чырайлуу аялга караганда өйдөрөөктүр» деп айтат. Дагы бир осуяттарында «Кимге жакшылык кылайын?» деген саабанын суроосуна «Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл» деп үч жолу «энеңе», анан барып төртүнчүсүндө «атаңа» деген. Эне деген ушундай улуктанат, адамдын жаралышына, өсүшүнө, инсан болушуна ушул эне биринчи кезекте себепкер.
Жаман балдар тууралуу «Арстан ашынса – Айга чабаар, акмак ашынса – энесин сабаар» деп айтылат эмеспи. Тилекке каршы, ошондой балдар да болуп келгенин, болуп жатканын айтпай коё албайбыз. Адамдын эң жаманы – энеге кол көтөргөндөр, энеге акаарат келтиргендер…
Акылман Саади минтип жазат: «- Эненин азада бою же сүмбүл мүчөсү келишкен бир дарак болсо, перзент ал дарактын сулуулугунан жаралган мөмөсү жана натыйжасы. Эненин көкүрөк тамырлары жүрөк ичинде эмеспи? Акыйкат көзү менен карасак, эне сүтү анын жүрөк каны. Ошон үчүн перзентке эненин мээр-махабаты атаныкына караганда да көбүрөөк болот. Айрым перзенттер баарынан ыйык, ары мээрбан эненин кадыр-сыйын билишпейт. Айтууга караганда бир жаш жигит энесинин сөзүнө кулак салбады. Кыйкырып-өкүрүп анын дилине азар берди. Мээрбан эне уулунун кылыгынан көңүлү сууп, көзүнө жаш алды. Анан уулунун наристе кезинде жаткан бешигин анын алдына алып келип коюп мындай деди:
— Эй, жаштыгын, наристе чагын унуткан уят-сыйытсыз акмак! Мына бул бешикти көрдүңбү!? Наристе кезиңде сени ушул бешикке бөлөп, кечкисин таң атканча уктабай терметер элем. Адеп ыйлай берсең бешиктен чечип алып, боорума басып сооротор элем. Өтө көптөгөн түйшүктөрдү тартып, машакаттарды көрүп сени тарбияладым. Сен деп көп кыйынчылыктарга бардаш бердим. Мына эми эр жетип, күч-кубатка толдуң, бирок жаштыгыңды жана наристелик дооруңду унутуп, мээрбан энеңе баш ийбейсиң! Анын көңүлүн жаралап, көз жашын төктүрөсүң. Андай кылбагын, уулум, эненин махабаты канчалык зор жана чексиз экендигин унутпагын. Мен дагы, атаң дагы дайыма сенин бактылуу, таалайлуу болушуңду каалайбыз. Бизди капа кылбагын, дилибизди оорутпагын, айткандарыбызды кабыл тутуп, бизди ыраазы кылып батабызды алгын!..
Энесинин ыйлап айткан сөздөрү жигиттин жүрөгүнө октой кадалды. Ал өзүнүн кылган кылмышына бушайман болду. Энесин бек кучактап алып көзүнөн, бетинен өпкүлөдү, ыйлап кечирим сурады. Эне эмеспи, уулунун күнөөсүн кечирип жүзүнөн өөп, ага ак батасын берди».
Бул байыркы нускада эне-бала мамилесинин бир учуру таамай, таасын чагылдырылат.
Эненин эң улуулугу – бала төрөгөндүгү, перзент жараткандыгы.
Хадистерде мындай бир кеп айтылат: «Кайсыл аялдын үч перзенти балакатка жетпей учуп кеткен болсо, мына ошолору аны тозоктон куткаруучу бир көшөгө болот». Демек, бала үчүн эненин ушунчалык бир улуулугу, анын ошол жан бирге, боор эт болуп калган баласынан айрылуусу ушунчалык бир оорлукка турарын, ошонусу үчүн жараткан аны тозок отуна ыраа көрбөстүгү тастыкталат: «төрөбөгөн чырайлуу аял ордуна кара (куник) болсо да төрөй турган аял алгыла, себеби мен (кыямат күнү) диндештер арасында силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын», — деп айтылып, дагы бир хадистерде эненин бейнеси бийикке чыгарылуу менен эркектерге төрөгөн аялдарды алып, киши санын көбөйтүүнүн милдети чоң экендиги насаатталат. «Боюнда бар аялдар, перзент төрөгөндөр, балдарына мээрман болгондор эгер күйөөлөрүнө кылган бейадепчилиги болбогондо намаз окугандарынын баары түз эле бейишке кирген болор эле», — делет Пайгамбарыбыздын дагы бир осуяттарында.
Кеңири таралган уламыш. Кыз сүйөмүн деген жигитине «сен энеңдин жүрөгүн сууруп алып, мага алып келсең, мен сага күйөөгө чыгууга маакул болом» дейт. Бул кыздын шартын жигит энесине келип айтса, энеси маакул болот да, жүрөгүн сууруп берет. Энесинин жүрөгүн алып антаңдап шашып бараткан жигит бир жерге чалынып жыгылат. Ошондо эненин жүрөгү айтат дейт: «Атаны, балам ай, абайлап баспайт белең, бир жериң катуу тийип калбадыбы?» Эне деген мына ушундай.
Энесин ажы кылганы алыс сапарга жонуна көтөрүп барган баланын кызматы анын бир түндүк гана уйкусун бөлгөнүнө татырын айтып жүрүшөт.
Мухаммед пайгамбар осуят кылат: «Эгер атаң да, энең да бирдей чакырса, биринчи кезекте энеңе жооп кыл». Бул жерде атанын ролун төмөндөтүү эмес, эненин ролун көтөрүү ою уялатылган.
Инсандын кандай инсан экендиги энеге кылган мамиледен билинет. Эне бала үчүн баарына татыйт, баланын бүт жамандык-жакшылыгы эненин жүрөгү аркылуу өтөт, сен ооруп атсаң энең сенден көбүрөөк ооруйт. Ошон үчүн хадистерде айтылат: «Бейиш эненин таман астында».
Ушул сөздөн улам дагы бир окуяны айтпасак болбостур: Чыгыш элинин бир өлкөсүнүн даңазасы таш жарган бир падышасынын жер чеги кеңейип, ал өкүмдардын мамлекеттин бир жагынан экинчи жагына барууга убактысы ушунчалык тар экен. Ошондой тар убактысынан эптеп орун таап, иш сапарларында падыша энесине кирип өтөт. Энеси, албетте, баласынын келгенине жетине албай кубанат, конок камы көрүлөт, а бирок падыша-уулдун убактысы тар, тезирээк эле кетүү керек. Ошондо энесине кантип муну айтарын билбей: «Кел, эне, таманыңдан өбөйүн?» дейт. Энесине ыңгайсыз болот, уулу падыша болсо, анан анын таманын өөп атса, «Кой, балам, менин таманымдын несин өбөсүң» дейт. Ошондо уулу «Бейиш эненин таман астында дейт, а сиз менин бейишке барышымды каалабайсызбы» деп жарга такайт, энеси аргасыз таманын уулуна тосуп берет, убактысы тар падыша-уул болсо эненин таманын өөп, эненин көңүлүн алып жолго чыгат. Ошон үчүн айтат: «Ата көңүлүн ооруткан эл ичинде кор болот, эне көңүлүн ооруткан сындырым нанга зар болот».
Кийин ар дайым ары-бери өткөндө убактысынын зык экенинен карабай, энесинин таманынан жыттап-жыттап алып, андан соң сапарын улантчу экен ошол падыша…
Баласын көз карегиндей сактаган эне. Эң мыкты ырлар, дастандар, музыкалык чыгармалар, айкелдер, сүрөттөр эне жөнүндө. Эне тууралуу чыгармалар начар жазылууга тийиш эмес, анткени ал бала үчүн эң жакын адамга – энеге арналат.
Дагы бир мындай уламыш айтылып келет: Кайсыл бир доорлордо кайсыл бир элди жоо басыптыр. Кайсыл доор, кайсыл эл экендигинин бул жерде мааниси анчалык эмес, анткени баардык доордо, баардык элдерде энелер окшош келет эмеспи. Душман журтту кызыл уук кылып кырат. Энеге да кезек келет. Эне болсо жалгыз уулу менен жалгыз кызын бапестеп багып, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрчү экен.
— Сени эмес, кийин өч алуучу уулуңду өлтүрөбүз! — дешет душмандар.
— Жок, уулум үчүн мен өлүүгө даярмын! — дейт эне.
— Андай болсо бир уулуң үчүн бир көзүңдү, бир кызың үчүн экинчи көзүңдү оюп алабыз! – дешет.
Эне маакул болот. Маакул болмок түгүл эки көзү оюлуп жатса, балдары тирүү калганга ууртунда жылмаюу пайда болот.
Эне деген ушундай жаралган да. «Ата – билек, эне – жүрөк» деген сөз бекер айтылбайт десеңер.
Эне үчүн бала ар дайым – бала, перзент. 2006-жылы май айында Бишкекте мен 50 жылдыгыма карата тойчук берип калдым. Ноокаттан атам, апам, бир туугандарым келди. Атам бир-эки күн туруп эле шашып калды, кетпесем болбойт деп. Анан менин досторум «Аяш ата кетип калдыбы» дешип сурашса, биз: «Апам урушат деп кетип калды» дедик. «Койсоңчу, сексенге чыккан абышканы да апасы урушмак беле» дешет достор. Сексенге чыкса да эне үчүн бала деген бала да. Жүздөгү энебиз сексендеги баласын бапестеп турат, атам Меккеден ажыдан келгенде энебиз сүйүнгөндөнбү же башка себеп болдубу, айтор, эсинен танып жыгылды. Энелик сезим деген башкача бир керемет нерсе тура, көрсө…
Күндөн сурашат экен: «Сенин табыңдан өткөн тап барбы», — дешип, «Бар, — дейт экен ал, — бул – эненин мээрими». Өлүмдөн сурашыптыр: «Сага тең келе турган күч барбы», — дешип, «Бар, — дейт экен ал, — бул – эненин мээрими». Ошон үчүн «эне мээрими ташты эритет, эне каары тоону кулатат» деп айтылып келет.
Сайф уз-Зафар Навбахарийдин «Дур ул-мажолис» деген баянында мындай окуя айтылат: Бир жигит энесине кызмат кылуу зарыл кезде аны калтырып Кабага зыярат кылуу үчүн жөнөйт. Жолдо каракчылар кездешип, колу-бутун кесип, бир жерге таштап салат. Ушул окуя Байтул-Мукаддас муаззинин түшүнө аян берет жана түшүндө бирөө: «Тур, палан чөлгө барып, бир майып жигитти тап, ага жардам бер, анын абалы өтө оор», — деди.
Муаззини жигитти издеп тапты жана андан:
— Неге бул абалга түшүп калдың? – деп сурады.
— Энемдин кызматын аткаруунун ордуна Кабага жөнөгөн элем, ошон үчүн ушундай балакетке кириптер болдум! – деди ал. Андан ары: — Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн мени энемдин алдына алып барып койсоңуз, колу-бутум жок болсо да андан кечирим сурап, көңүлүн алайын, — деп жалынып да жиберди.
Ал жигитти жүктөп, кеткен үйүнүн алдына кайра алып келди. Ичкериден эненин үнү чыгат:
— Оо, кудай, уулумдан кабатыр болуп атам, Арабстанда эмне күндү көрүп жүрөт болду экен, баламды мага кайтарып бер?!
Уулу эшикти такылдатты. Эне болсо «эшикти ургулаган ким болду экен, кантип эле баламдын кабарын алып келди» деп ойлонот.
Караса, бир бечара киши. Ага эне:
— Эй, мусурман, ачсыңбы, нан берейинби?- деди.
— Нанды кантип алам, колдорум жок да!
— Эй, жигит, кайдан келатасың, доошуң баламдыкына окшош да! – Эне ушинтти да чуркап кирип, үйдөн чырак алып чыкты. Караса, тиги эшик алдындагы мусапыр уулуна окшойт.
Аял ыйлап ийди:
— Бир уулум бар эле, Кабага ажылыкка кеткен, сен ошол перзентиме окшош экенсиң!
— Энем, ай, ошол перзентиңиз менмин да! – Бала солуктап кетти.
— Эне болсо кубангандан эс-учун билбей жыгылып, кыйладан кийин өзүнө келип:
— Ылайым перзентимди кайтарып берген жараткан, кайра аны алып кетпесин! – деп бата тиледи.
Эй, азиздерим, ата-энени ыраазы кылмак – эң ыйык иш.
Ушундай бүтөт бул баян. Демек, ата-эне ыраазы болушу керек, ансыз кишинин иши да жүрүшпөйт, иши оңуна кетмек түгүл башка жаза да алат. Ата-эне үчүн да перзенттен ширин, перзенттен ыйык нерсе жок, жогоруда майып болсо да уулу келгендеги эненин кубанычын көрүүдөн өткөн бул дүйнөдө ырахат жоктур…
Эненин орду энелик менен, ургаачы-аялдык парыз менен гана өлчөнбөйт, «Ата дүйнөдөн көз жумганда, балдары үчүн атанын ордун баса турган аял гана чыныгы энедир» деп айткан немис акыны И.Гёте. Дал ошол Гётенин урпактары улуу совет элине кол салганда согушта эң биринчи энелер жеңди, анткени алар жоокерди төрөп, сүтүн берип, тарбиялаган, өлгөн аталардын ордуна ата болгон. Атасыз өскөн ошол муун энелерди ата ордуна тутунду. Булардын ичинде менин атам да бар. Чыңгыз Айтматов согуш жылдарынын летописин, улуу баянын түбөлүккө жазып кетти. Ал баяндын башкы каармандары эң алдын аялдар: Сейде, Жамийла, Толгонай, Алиман, Мырзагүл…
Эгер Ата мекендик Улуу согушка жалпылап эстелик куруу керек болсок, ошол эстеликтин биринчи катарында, албетте, Эне турмак…
Биздин Шанкол айлыбызда менин Саадат деген таяжемдин элүүгө чукулдап калган уулу ооруудан каза тапты. Эркектен жалгыз эле, сөзмөр эле, музыкант эле, жалгыз уул болгон менен бала-чакалуу болуп көбөйгөн. Ошол таяжемдин уулу Имарбек бөлөм каза болгондо энеси да бүк түшүп, неберелери да бир көзгө көрүнбөй, баламдан кийин мага жашоо жок деп, доктурга да барбай, тамак да дурустап ичпей, ыйлай берип, ыйлап берип, ичи, анан буттары шишип, акыры «Имарбектеп» отуруп, үч-төрт айда уулунун артынан кетти. Эне болбосоң кал деп айылдыктардан баары айран калышты.
Дагы бир жолу Шаймардан деген жерде эл жык-жыйма майрамда дарчылар, палвандар оюн көрсөтүп аткан, биз жарданып турганбыз. Бир убакта тамаша көрсөтүп аткандар бир баланы ортого чыгарышты. Баланы алып палван жатты, үстүндө тактай, анан аны тебелеп жеңил машина өтмөк да, палван баланы коргоп, машинаны тактай менен көтөрүп турмак. Кудай сактасын, бир убакта эле топ ичинен жинденгендей эле бир аял чыгып, ээ-жаа бербей жанагы баланы жаткан жеринен тургузуп, колунан жетелеп чыгып кетти. Эч ким эч нерсе деген жок. Көрсө, эне экен. Эненин балага болгон сүйүүсүнө, камкордугуна ким эмне демек эле?!
«Адамзаттын эң биринчи тарбиячылары – энелер» (О.Гольдсмит) болсо, адамзаттын тарыхы, басып бараткан келечеги энелерге байланыштуу. Казактар «энеси бар адамдар эч качан кор болбойт» десе, кыргыздар «Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз» дешет…
АТАГА МАМИЛЕ
Ата деген – башталыш. Деңиз суусу дарыядан, дарыя булактан башталгандай сен атадан башталгансың. Сен – атаңдын уландысысың. Сени жаратуучу – атаң. Атаң болбосо сен болмок эмессиң, демек, сенин мал-мүлкүң, үй-бүлөң, тапкан-тышыганың да атаңдан башталат.
Мухаммед пайгамбар алейхис-с-салам айтат: «Өзүң да, малың да түпкүлүгү атаңдыкыдыр», — деп. Ислам дининде атанын баркы, кадыры өтө жогору коюлат, атага акаарат келтирүү Аллага акаарат келтирүү сыңары каралат.
Кайсыл бир мезгилде, кайсыл бир жерде атасы баласына ыраазы болбойт экен, ата деген сынчы да, «ушул сен, балам, адам болбой калдың» деп уулун жемелей берчү экен. Буга арданган бала өнөр үйрөнүп, башка жактарга барып, намыстанып, акыры кызмат тепкичтеринен жогорулап, атасы жашаган шаарга башчы болуп келет. Келет да, жансакчылары жана жардамчылары аркылуу атасын алдырат: «Мына, ата, сиз мени адам болбойсуң дедиңиз эле, мен шаарбашчы болдум», — дейт. Антсе атасы: «Ооба, менин айтканым төп чыкты, шаарбашчы болгонуң менен адам болбоптурсуң», — деп эшигин шарт жаап чыгып кетиптир.
Бул жерден ата адамдык менен адистикти, чоң кызматты алмаштырып алган уулунун келечегин көрө билгендиги насаатталып жатат. Эгер баласы адам болгондо шаарбашчы болуп келери менен атасынын астына эң биринчи өзү келсе болмок.
Акын, ойчул Саади мындай бир ибарат айтат:
— Бир жигит бийигирээк дөбөнүн үстүндө колуна келтек алып өз атасын сабап атты. Аны көргөн калайык катуу каарданып жигитти урмакчы болушат. Баягы келтек жеген атасы кокуй-наалат кылып элге:
— Уулума тийбегиле, ал өз атасын урууга акылуу. Анткени, мен дагы дал ушул дөбөдө өз атамды келтектеген элем. Мына эми мени өз уулум сабап жатат, — деди.
Акмат Даныш мындай бейт жазат:
Сен атаңа кандай кылдың жакшылык,
Күт балаңдан жакшылыкка жакшылык.
Ата – үй-бүлө кыйынчылыктарын, балдардын азап-тозогун жүктөп бараткан кербен сыяктанат, ал ошол эле кезде коом, көпчүлүк менен өз үй-бүлөсүн туташтырып турган көпүрө, руханий да, материалдык да көпүрө.
Низами Арузи Самаркандий (XI-XII кылымдарда жашаган акын жана аалым) мындай бир икая келтирет: Калыйпа Корун ар-Рашиддин увазири Фазл ибн Йахиа оор дартка кабылат. Анын төш териси өзүнчө эле агара баштайт да ал уялганынан ысыкта да узун көйнөк кийип, мончого да жалгыз түшчү экен. Ушул дарттан кутулуш чарасын издеп барбаган жери, көрүнбөгөн табыбы калбайт. Бир күнү билермандарын чакырып Шам менен Иракта, Фарсы менен Хурасанда эң кыйын табыпты таап келгиле деп суранат. Ошондо мажилиске топтолгондор фарсылык бир табыптын дайынын айтат. Табыпты чакыртат, келишине чоң азем-зыяпат өткөртөт. Андан соң сынап көрмөккө экөө жалгыз калганда: «Ушул буттарым эле ооруйт, кубатсыз, ушунун бир дабасын тапсаңыз болор эле», — деп суранат. Табып ага: «Сүт кошулган тамак ичпеңиз, ачуу жебеңиз, жөжө этин жана нокот сорпо гана ичип туруңуз. Халва жесеңиз да болот, жумуртканын сарысын ачкарын балга кошуп жеп туруңуз», — деген кеңешин берет.
Увазир табыптын айтканын бүт тескери жасайт. Белгиленген күн келгенде табып көрүп эле дароо айтты: «Сиз менин айткандарымдын бирөөсүн да жасабай тескери кылыпсыз, эми сизди айыктыруунун ылаажысы жок, мен кетем», — деди. Албетте, увазир муну атайын сыноо үчүн кылган, ал табыпка ишенди, чынын айтып берди, көйнөгүн чечип төшүн көрсөттү. Табып дарылады, бүт билимин, тажрыйбасын жумшады, бирок жыйынтык чыкпады, акыры бир күнү ал мындай деди:
— Эй, улук урматтуу увазир мырза, сизди дарылоо үчүн бүт күчүмдү, билимимди жумшадым, бирок акыбети кайтпады. Эми айтар бир нерсе – сиз атаңызды катуу капалантып койгон окшойсуз, барыңыз да ошол кишинин көңүлүн алыңыз!
Увазир ошол эле замат түшүндү, атасына жол алды, барып бутун кучактап ыйлады, «мен шордуунун күнөөлөрүн кечириңиз», — деп жалынып-жалбарды.
Ата деген ата да – уулунун күнөөлөрүн кечирди. Увазир көп өтпөй дартынан сакайып кетти. Бир күнү ал табыпты чакырып:
— Менин дартым атама байланыштуу экенин кайдан билдиң? — деп сурайт.
Табып айтат:
— Таптакыр айыкпай туруп алганыңыздан соң балким бул киши кимдир бирөөнү капа кылган болсо керек деп бүт өлкөдөн сүрүштүрүп чыктым, баары эле сизге ыраазы. Ошондо бирөө сиздин атаңызга көптөн бери барбаганыңызды, араздашып жүргөнүңүздү айтты…
Окуя-насаат мына ушундай. А силер атаңар менен кер-мур айтышкан жоксуңарбы, атаңарга акаарат келтирген жоксуңарбы? Ушул күндөрү атаңарды бир чыны чай же бир тиштем нан берип, болбосо бир жылуу сөз менен көңүлүн курсант кылып, ырабдайын көтөрүүгө жарадым деп ойлойсуңарбы? Жок, андай эмес болсо, азыр эле атаңарга жөнөгүлө, аларды ыраазы кылгыла, «Ата ыраазы – Алла ыраазы».
Эгер атаңар бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо хадисте айтылгандай: «Ким атасы көрүстөндө жатканда да ага жакшылык кааласа, атасынан кийин анын досторуна жакшылык кылсын».
Азыр кээ бир адамдарды көрүп калабыз, алар атасын тоготпой, теңтуш кылып алат же стакандашып дос катары көрөт, айрымдар атасы менен мушташкан учурлар болот. Дагы бирөөлөр атасын «Паланча Түкүнчеевич», «старик», «колхоз» деп шылдыңдап чакырат, ылакап ат коюп алат. Атасын жакшы жерге жайгаштырып койдум, менин ишиме тоскоолдук кылбай калды, карылар үйүндө тели-теңтуштары менен жыргап жүрөт деген балдар чыкты. Карасаң, алардын баары жайында: акчасы да, адеби дале бардай, бирок атасына, энесине мээрими жок. Адамзат үчүн мындан өткөн жаман нерсе, мындан өткөн кордук жок. Тилекке каршы, мындайларды улам жыл өткөн сайын көбүрөөк кездештирчү болдук. Он-он беш жыл илгери Шайлообек Дүйшеевдин «Кайдыгерлик» деген ырында бир адамды билсек, азыр жүздөп кетти, мындайлар ар бир эле айылдан чыкты.
«Ата-энеге кызмат кылуу – бейишке кирүү» делинет. Ата-энеси менен ал-акыбал сурашпаган балага бейиштин эшиктери жабык болот экен.
Кыргыздар «Ата журтум» дейт, «Ата мекеним» дейт. «Журт» жана «Мекен» деген сөздөрдүн «Ата» деген сөз менен катар келишинде аябай чоң маани, эсепсиз байлык жатат.
«Бир ата жүз тарбиячыдан өйдө» дейт Ж.Герберт. Ошол атага, энеге биз бир өмүр карызбыз.
Илгери бир замандарда Асан деген бир киши отунчулук менен шугурланчу экен. Ар күнү талаадан терген отунун сатып, анын акчасына тогуз даана нан сатып алчу. Буга навайлар кызыгып калат. Аны билмек болуп бир күн себебин сураса, Асан унчукпай кутулат. Окуянын аягына чыккысы келип, кийинки келиште Асанга беш эле нан берип койсо, бешөө жетпешин айтып кетип калат, кийинки күнү ушул акыркысы, баарын алаңыз деп он бирди берсе, мага ушул гана жетет деп экөөнү кайтарып берет.
Акыры дагы бир күнү навайлар бул сырды такып сураса, Асан:
— Алган нандарымдын экөөсүн карызыма берем, бешөөнү болсо карызга берем, калганын өзүбүз – аялым экөөбүз жейбиз, — дептир.
Тургандар мунун маанисин аңдай албай калса, аларга мындайча түшүндүрүптүр:
— Экөөнү карызыма беришимдин мааниси ушунда – мени ата-энем балалыгымда нан-туз берип чоңойткон, аларга карыздармын. Ар күнү мен аларга бирден нан берип, ошол карызымды үзүп келем. Өзүмдүн болсо беш балам бар, аларга беш нан берем, убакыт келип мен карыганда алар иштеп, менин бул карызымды үзө баштайт!
Ошентип Асан кайрадан тогуздан нан алуусун уланта бериптир.
Бул баян адамдардын биринен бирине, муундардан муундарга, аталардан балдарга карыз катары, парыз катары токтолбой өтө берет, жашоонун жакшы жолу, турмуштун тынч агымы ушундай болот дегендик. Эгер ким ошол агымды бузса, анда ал тукумдун келечеги кайгылуу аяктайт же андан ары уланбайт калат.
Ошон үчүн дүйнөдө эң карыз бере тургандарыбыз ата-энелерибиз, карыз төлөй тургандар алардын перзенттери деп айтылат.
КОШУНАГА МАМИЛЕ
Ислам дининде адамдын ыймандуулугун билүүнүн бир ченеми анын кошунасына кылган мамилеси менен аныкталат.
Мухаммед пайгамбарыбыз хадистеринде: «Силерге коңушуларыңыздарга жакшылык кылууну буйрамын», — деп айтат. Жакшы кошуна жандын ырахаты, жаман кошуна бир өмүрүңдү өкүнүчтө өткөргөндүк. Гөрүңдө да кошунаң тынч болсун делет. Кошунаң тынч болбосо сенде да тынччылык болбойт, кошунаң ачка болсо сенин тамагыңдан оокат өтпөйт. Дин китептеринде кошунага урмат, ызат, сый менен мамиле кылуу керектиги айтылат.
Чыгыштын раваяттарынын бирине кулак төшөңүз: Иран шахынын Абдулла ысымдуу бир акылман увазири болуптур. Бир жылдап өкүмдар астына келбей, башка бир иштер менен алаксып, убакыт бөлө албай жүрдү. Ушул кезде бийликте, жалпы эле элде ыдыроо башталды.
Бир күнү ал падыша астына бараткан, алдынан көпчүлүк торой чыгып, ороп калды. А түгүл алардын ичинен бейадеп бирөөсү келип увазирдин сакалынан жулкулдатып тартты. Калк ошол кишинин каарынан сүйгөн увазирин куткарып калды. Увазир болгон ушул ишти келип падышага айтты, калк менен эсептешүү керектигин түшүндүрдү жана жанагы бейадеп кишини жазалабай эле коюу керектигин да эскертти.
Ошол ошол болгон, эртеси таңында бир соодагер Абулланын алдына келди да увазирге минтип айтты:
— Кечээ күнү сиздин сакалыңызды жулмалап азар берген адамдын ким экендигин айтканы келдим. Ал – менин кошунам, аты – Садык. Сиз аны чакырып катуу жаза беришиңиз керек!
Абдулла соодагерди чыгарып ийип, кечээги сакалга асылган кишини – Садыкты чакыртты. Ыраң-башы купкуу Садык бүшүркөп, чочуп увазир алдына келди да, кечээги күнөөсү үчүн кечирим берүүнү ылтымас кылып увазирдин аягына жыгылды. Абдулла Садыкты ыракым кыла, сүйөп тургузуп минтти:
— Сени мен жазалоо үчүн эмес, кошунаңдын жарыбаган киши экенин билдирип коюу үчүн чакырдым. Сенин соодагер кошунаң чагымчы, жалаакор адам экен. Мага келип сенин үстүңдөн чагымчылык кылды. Бар, үйүңө бар да, өзүңө этият бол, анткени сенин жаныңда эң жаман жалаакор, чагымчы кошунаң жашап атыптыр!
Бул баян кошунасы жаман киши дайыма коркунучта күн кечирет деген ибаратты каңкуулайт.
Хадистерде насаатталат: «Түбөлүк жашай турган жайда жаман кошуна болуудан сактангыла, талаадагы кошуна бир аз убакыттан кийин эле кетип калат».
Абу Хамид Газзалий (1058-1111-жылдарда Иранда жашаган аалым жана ойчул) «Насихат ул-мүлк» деген китебиндеги баяндардын биринде мындай раваят келтирет: Нуширвани Адыл заманында бир адам кошунасынын тамаркасын сатып алат. Күндөрдүн биринде бакчасында иштеп атып дарак астынан көмүлгөн карапа таап алат, анын ичинде казына бар экен. Тамаркасын саткан кошунасынын алдына барды да карападагы казынаны анын алдына коюп минтти:
— Бакчадан мен ушул казынаны таап алдым. Аны мен көмгөн эмесмин. Аны сен көмгөн болушуң керек. Ошон үчүн бул казына сеники болуш керек, ме, ал!
— Жок, — деди кошунасы, — тамарканы жери, бак-дарагы – бүт баары менен сага саткамын, ал – сеники, демек, казына да – сеники.
Экөө казына жөнүн чече албай көпкө ары-бери тартышты, аны эч кимиси албады. Анан эрчишип акылман Нуширвани Адылга барышты. Экөөнүн жөн-жайын шашпай угуп, кошуналардын кайра өздөрүнө муражаат кылды:
— Силердин перзентиңер барбы?
— Бар! — дешти алар.
Биринин уулу, экинчисинин кызы бар эле.
— Экөөң кудалашкыла да, казынаны келин менен күйөөгө тартуу кылгыла, — деди Адыл.
Ошентип байлык адилет бөлүндү, анткени алар адилет кошуналар экен.
А азыр уруштун эң көбү кошуна менен кошуна ортосунда болот. Жер талашат, балдарына болушат, сенин дарагыңдын көлөкөсү менин жериме түштү дегендей эле майда сөздөн бет карашпай калат.
Менин балалыгымда мындай бир окуя болгон деп айтат бирөө: колхоз айылдагы жерлердин баарын кайра тартып, канча жан бар, ошого карап 20 сотыхтан кылып бөлө баштады. Биринин жери бирине өтүп эле эл ызы-чуу түшүп калды. Биздин болсо бой жеткен төрт-беш түп өрүктөрүбүз болор эле, ошолор кошунабызга өтүп кетти. Эмне кылабыз, акыры биз эрте жаздан тээ сары күзгө чейин ошол өрүктөрдүн арасынан чыкпайт элек, анын кургатып кагын жейт элек, чоң энем менен атама андан бетер ыйык эстелик-мурас болсо керек эле. Иши кылып оор окуя эле. Бирок биз балабыз, чоңдор да унчукпады. Тагдырга салып тура беришти. Кошуналар кыркып салды. Кыйын болду. Бир топ жыл өтпөй балдар көбөйдүбү же жерди көбөйттүбү, билбейм, айтору, жанагы өрүктөрдүн орду кайра бизге кыркылып берилди. Бирок өрүктөр жок эле. Ушундай кыйын кез болсо да кошунага кылапат сөз айтпаган энемдин, атамдын, апамдын эрдигине таң калам.
Мен досумдун ушул сөздөрүнөн кийин айылдагы атамды эстейм: атам тамаркабыздын кошуналар турган жагына терек эктирчү эмес, теректин тамыры боюндай таркап, кошунанын жеринен азык алып калат, көлөкөсү да ошолордун эгинине түшүп, өстүрбөй коет деп. Ал эми биздин кайноолу, шабдоолу, гилас, өрүк, алма бактарыбыздын мөмөсү кошунанын дубалынан ары ашып турса, бизге алдыртчу эмес, ал кошунанын акысы дечү, а түгүл өзү терип алып барып берип атканына да далай жолу күбө болгонбуз.
Айылыбызда Эркин эже деген эткээл апабыз бар эле. Ала жаздан үйгө каттай баштачу. «Акчолпон, быйыл мени менен чык!» дечү. Күндө, күн алыс келип айта берчү. Анысы энебизди жайлоого – Көк-Дөбөгө бирге чыгалы, чогуу конуш жайлайлы дегини эле. Эркин эже кымызсыз жүрө албаган үчүн сөзсүз жайлоого чыкчу, анан аны менен кошо чыкканды каалагандар көп эле табылчу, бирок ал менин энемди гана кошуна кылганга кызыкдар эле. Башка бирөөлөргө «Быйыл Акчолпон экөөбүз кошуна болобуз» деп айтып, аларды качырып койчу. Көрсө, кошуна тандоо деген да бир чоң иш, талант-жөндөм белем.
Мухаммед пайгамбарыбыздын хадистеринде айтылат: «Кишинин он аялды зина кылган (ойноштук кылып бузуп койгону – М.А.) азабы кошунасынын аялы менен зина кылганынан жеңилдир. Кишинин он үйдөн уурулук кылганы кошунасынын үйүнөн уурулук кылганга караганда жеңилдир». Буерде, албетте, зина кылыш, уурулукка барышты актап аткан жок, буерде кошунага кол салуу ушунчалык бир оор күнөөлөрдүн эң оору экенин эскертип атат.
Мухаммед Арфий «Жамий ул-хакоят» китебинде жазат: Абдурахман Авзоий арапа күнү (ай башы) кечкурун үйдө отурган. Бирөө эшигин каккылайт. Чыгып караса – кошунасы. Ал колу жука жана перзенти көп киши эле. Жалынычтуу, муңайым суранат:
— Урматтуу кожом, мына эртеге айт келип калды. Менде болсо ага карата кара чака да каражатым калбады. Бир аз пул берип тура алар белеңиз?
— Кана сүрүштүрүп көрөйүнчү? — Ал эшигин ачык калтырып аялынан сурады. Аялы «болгону жыйырма беш дирхам акчабыз бар, мейли жарымын кошунага берели да, жарымын эртең өзүбүз айттайылы» деген сунушун ортого салды.
— Жок! — деди ал аялына, — кошунага акчанын баарын берели, ушундай кылсак анын сообунун бир бөлүгү баары бир бизге тиет.
«Жанындагы кошунасы ачка турса өзү тойгон адам мусулман эместир» делет пайгамбар осуяттарында.
Илгери кыргызда мергенчилер уудан кайтканда шыралга деп азыгынын алгачкысын кошуналарына ооз тийгизген. «Кожожаш» дастанынын башкы каарманы Кожожаш мерген кырк үйлүү кытай уруусун кайберен эти менен багат эмеспи, кырсыктуу ошол жүрүшүнүн алдында анын Зулайкага үйлөнүп, мергенчиликке чыкпай калганына ошол кийик этин жеп кынык алган кошуналары жини келип, сөз айтып, анан аттантат эмеспи. Демек, мифологиялык-тотемдик доордо да кошуналарды багуу эр-жигиттин мойнундагы карызы болгон.
Кошуна «жан кошуна», «акыркеттик кошуна», «кыяматтык кошуна», «кыбыла жактагы кошуна» дегендей жакындыкты билдирген сыпаттоолор менен ардакталат. Конок чакырсаң, той берсең кошунаны аттап кетүү адепсиздик болот, үйүнө киши чакырууну дал ошол кошунаңдан башта, жакшылык ишти ойлонуштурсаң кошунаң менен кеңеш.
Кошуналардын бир окуясын Мавлана Жалилиддин Руми мындай бир күлкүлүү жоруктары менен кыябына келтире баяндап берген экен, аны сиз да окуп көрүңүз:
Көсөм келип, бир дүлөйгө кеп айтты:
«Коңшуң ооруп, үйдө жатат», — деп айтты.
Керең башта такылдатты таңдайын:
«Кулак укпайт, кантип сурайм ал-жайын?!»
Бирок кайра: «Уят укса кимде ким,
Барам, — деди, — бул коңшулук милдетим!
Эшитпесем мейли, тайбай күчүмөн,
Эринине карап, сөзүн түшүнөм!»
«Ал-абалың кандай?» десем оболу,
Ал жооп берет: «Шүгүр, маанай жогору!»
Анда: «Жакшы! Эмне жедиң?» дегенде,
Ал мындай дейт: «Ботко арбын жегенге!»
«Аш болсун!» деп андан ары билгени,
Аста сурайт: «Дарыгериң ким деги?!»
Ал ошондо атын атайт табыптын,
А мен айтам: «Эң мыктысын табыпсың!»
Дароо минтип кошумчалайм артынан:
«Демек сени, айыктырат дартыңан!»
Ошентип ал собол-жообун жаттады,
Оорулуунун улагасын аттады:
«Оо, кошуна, ал-жай кандай, дуруспу?
Оору десе, таштап келдим жумушту.
«Абал начар, өлүп барам кыйналып!»
«Абдан жакшы!» — деди керең жылмайып.
Кудай урган, душманбы?! — деп кайдагы,
Курган кесел тишин катуу кайрады.
Эшитпесе дүлөй кантсин, бу затты,
Эрдин тиктеп, да бир собол узатты:
«Эмне жедиң?» Кесел айтты: «Уу жегем!»
«Ээ, аш болсун! Сонун тамак бу деген!»
Анан аста: «Дарыгериң ким?» деди,
«Азирейил!» — деп оорукчан жиндеди.
Керең анда тил безеди эрип бир:
«Кудай жалгап, эң мыктысы келиптир!»
Дароо кайра сөз улады артынан:
«Демек сени, айыктарат дартыңан!»
Кесел кантсин, көздөрүнөн жаш акты,
Кабар алган кошунасын ашатты.
Укпаган соң эрдин тиктеп көбүнчө,
Укмуш ойго батты керең өзүнчө:
«Аткаралдым милдетимди ачыгы,
А кошунам кубангандан жашыды».
Жарыктык ай, жандүйнөсүн муң чалып,
Жатып калса кесел «отту курчанып»,
Дүйнөң түшкүр, иш кылгансып өнүмдүү,
Дүлөй кайтты өз үйүнө көңүлдүү.
Бул баянда кошуналык милдетин аткаруу үчүн барган оорулууну көргөн киши менен кесел адамдын мамилесинин бузулушунун жөнөкөй кырдаалы жакшы баяндалат. Кошуналык алака-катыш ушулардан эле бузулуп, ушинтип эле доо кетет.
Кошуначылык – күндө бир нече жолу көрүшүп, бир нече жолу саламдашып турган адамдардын территориялык гана эмес, алардын руханий да биримдиги.
Ошон үчүн кыргыздар «Жакшы кошунаң – бөксөрбөгөн казынаң», «Там тандабай, кошуна танда» дейт.
Айылга бирөө жаңыдан көчүп келип атса, кошуналар «Кошунуңар куттуу болсун» деп өрлүктөп келген, б.а. тамак-аш алып келген, кой союп коноктошкон, үй чарбасына керектүү буюмдарын берген, отун жагып, жүктөрүн түшүрүшкөн. Көч келе жатканда кошуналар айран, кымыз, нан, каймак, май, жарма ж.б. даамдарын алып чыгып тосуп алган. Боз үйүн кайда тигүү керек, сууну кайдан алуу керек, бейшептегени кайсыл жакка баруу керек, малды кайда жаюу керек, кыскасы, баарын түшүндүрүп берген.
Кыргыздардын байыркы салттары менен чоңойгон, аны биздин күндөргө чейин алып жүрүүчү Ч.Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чал эмнеге кийийт, кошуналардын мамилесинин бузулгандыгына кейийт: «Бир чоң тамда, бирок көчүк айлангыс кичинекей бир бөлмөдө турат экен. Бир тамда көп түтүн эл турат экен да, эшикке чыкса, бирин бири тааныбайт, тим эле базарда жүргөндөй. Саламдашуу жок, кол баштыгын көтөрүп үй-үйүнө кирери менен эшигин бекитишет. Камакка салып койгонсуп, ошо бойдон жашай беришет. Күйөө балабыз шопур экен, деди таятасы, автобусу менен көчөмө көчө кыдырып, эл ташыйт экен. Таң заардан кетип, каш карайганда келет. Иши абдан оор окшойт бечаранын. Кызым көзүнүн жашын тыя албай ыйлады дейт, тагдыр ушул экен, кечирип кой дептир. Жаңы үйгө кезек алышыптыр. Качан тиери белгисиз. Жаңы үй тийгенде, эри каршы болбосо, баламы колума алам дептир. Азырынча силердин колуңарда тура турсун дептир. Бушайман тартпа, дейт анда таятасы, эриң экөөңөр ынтымакта болсоңор, калганын кудай өзү кем койбос. Балаңан убайым тартпа. Көзүм барда эч кимге бербейм. Кудай колдосо, тирүү жан өз жолун таап кетет… — дептир таятасы».
Ошентип кошуналык мамилеге доо кетирген социализм, шаар байыркы кыргыздарга өөн көрүнөт, тескери көрүнөт.
Жапондордун Сайгё (1118-1190) деген акыны өткөн. Ал мындай ырын жазып калтырыптыр:
Кана мага табылса
Жалгыздыктан коркпогон,
Жымжырттыкты сүйгөн адам
Кыштоого чилде күнү
Там салар элем кошуна.
Демек, кошунаң жакшы болсо – чилдеде кыштоо үчүн калууга да кайылсың. Анткени ошого татыктуу кошунаң бар, сени ал бардык кыйынчылыктардан, табияттын ысыгынан, суугунан алып чыга алат.
БАЛАГА МАМИЛЕ
Балалуу болгон киши аны адам кылып жетилтүүгө милдеткер, мейли дене жактан болсун, мейли акыл-эс жактан болсун, мейли адеп, билим берүү жагынан болсун, бул эң башкы парыздардын бири. Эки жашка чейин баланы эне сүтүнөн өксүтпөө керек. Эгер эне оорулуу болуп же сүтү чыкпаса, атасы ага башка бир сүт чыгарып эмизип берер аялды таап келет. Ал аялдын баласы менен өз баласы «эмчектеш» болот, алар бир туугандардай болгон. Ал эми баласын энеси ар кандай себептер менен эмизе албай калса, аны эмизген башка аял «сүт эне» деп аталган. Ошол «сүт энеге» баланын ата-энеси өмүр бою карыздар болот, атасы анын «сүт акысын» ашыгы менен төлөп берүүгө милдеткер.
Эки жашка чейин эмчек эмген кезинде баланын энеси тамак-аштан өксүбөшү керек, анын эмчеги сүткө толо болуп турушу үчүн ата баласы эмчегин эмген эненин азыктуу тамак жешине, тынчтыкта жашашына кам көрүүсү шарт.
Турмушта мындай бир окуя болгон. Кичинекей чагында агасы ойноп отуруп, карындашынын көзүнө кум чачып ийет. Албетте, кыз ыйлайт, эмне кылып соороторун билбей бир тууганы адеп карындашынын көзүн чукулап, анан дале болбой калганда колун карекке катуу матырып жиберет. Көп жылдар өтүп кыздын көрүүсү начарлап, а түгүл көзүнө ак түшүп калат. Апасы ар дайым уулун уруша берет, «сен ушундай кылып», «ушуга сен күнөөлүсүң», «карындашыңды эми эр албай коёт» ж.б. сөздөр айтылат. Бул сөздөр баланы ичтен жеп отурат. Ал карындашын өзгөчө жакшы көрө турган.
Бир күнү бойго жеткен кыздын колун сурап, болочок кудалар келет. Аны-муну сурап отуруп, келгендердин бири тамашакөй неме чыгат. Баягы агасына карап:
— Биздин келиндин бүт баары келишкен экен го, бир гана айыбы көзүн сен бузуп койгон экенсиң да! — деп тийишип өтөт.
Ошондон беш-он мүнөт өтпөй эле сарайдан сөйкө салынып аткан кыздын агасынын жипке асылып турган өлүгүн табышат…
Бул окуяда ким айыптуу? Албетте, эки баланы бири-бирине душман кылып койгон алардын апасынын күнөөсү чоң, балким ал улам-улам уулуна карындашынын көзүнүн майып болуп калышын эскертип отурбаса, кырдаал мынчалык татаалдашпайт беле, ким билет дейсиң…
Салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө балага мамиле – аны туура тарбиялоо менен байланышат. Ата-эне баланы жараткандыгы үчүн эмес, аны адептүү, акылдуу кылып тарбиялагандыгы үчүн эл алкышына ээ болот. Балдары жаман болуп калган ата-эне элден чыгып, калк жыйналган жерге буту тартпай, кайгы менен үйдө отуруп калат.
Кичине чагыбызда, азыр да «балам алып келиптир», «балам берип ийиптир» деп алыстагы балдарынан, кыздарынан келген белектерди беш эсе кылып элге берген ата-энелерди көрүп жүрөбүз. Мындай күнү ата-энеден өткөн бактылуу жан бул жер үстүндө болбой калат. Ошол күнкү атанын, эненин бактысын ошондой белек бере албаган дагы бир алыстагы уул, алыстагы кыз көргөндөбү…
«Өз уулун эч бир пайдалуу ишке үйрөтпөгөн адам, — деп жазат Т.Фуллер, — ууруну багып атканга тете». «Балдары болуп туруп эриккен аял наамарт», — дейт Жан Поль. «Дүйнөдө наристенин чулдарашынан өткөн салтанаттуу гимн жок», — дейт В.Гюго. Ал эми казак ойчулу, акыны Абай Кунанбай уулу эмне дейт дебейсизби: «Эгер мамлекет менин колумда болгон болсочу, адам баласын оңдоп болбойт деген адамдын тилин тыйып койгон болор элем». Анын айтуусу боюнча адамдын баласы болгон соң ал оңдолот, түзөлөт, кыйшык баскан жерин түздөөгө болот.
Ошол Абай атак-даңкка жетип, казак-кыргызга таанымал акын болгон кезде атасы менен ат бастырып баратып, Кунанбайдан сурайт имиш: «Ата, мына мен атактуу акын болдум, казактын баарына таанылдым, атадан кыйын бала болдумбу, сага жеттимби» деп.
Антсе атасы айтыптыр: «Аның ырас балам, бирок мен деген казак-кыргызга таанымал акынды – сени тарбияладым, сен дагы менин уулумдай бир уул тарбияласаң анан атадан артык уул болосуң» дептир.
Калыйпа Харун-ар Рашид эл турмушун билмекке мусаапырдай кийинип, эч кимге байкатпай базар кыдырып жүрүптүр. Анан мал базарга келсе аларман менен сатарман бир койдун баасын бычыша албай жатыптыр. Чарбадар-сатуучу жыйырма теңге сураса, аларман-касап айтат: «коюңуздан он төрт кило эт, төрт жарым кило май чыгат, он беш теңгеден бир теңге да ашпайт» деп.
Калыйпа жигиттерине акырын койду сатып алгыла деп ишарат берет. Экинчи жигитти касаптын артынан жиберет.
Келип койду сойсо, чын эле он төрт кило эт, төрт жарым кило май берет. Касапка башка койду көрсөтөт, аны да, кийинкини да так айтат.
Калыйпа таң калат. Сарайга чакырып, аны-муну сураса, касап эч нерсе билбейт, илим жагы да, парасат жагы да жок экен.
Ачуусу келген өкүмдар:
— Эй, касап! Сен эмне турмушту жалаң эле кайсыл койдон канча кило эт, канча кило май чыгат деп ойлойсуңбу!? Сенде мекенчилдик, элге сүйүү деген сезимдер жокпу!? Адал менен арамдын баркын билбейсиңби!?
Анан ал башкаларга сабак болсун үчүн жума күнү касапты эл алдында астырууга буйрук берет.
Эртеси эле калыйпанын алдына бири-биринен өткөн сылык-сыпаа эки жигит келип,
касаптын уулубуз деп өздөрүн таанытышат.
— Атабыз жооп бере албаган суроолорго биз жооп берели? – деп бири-биринен өтүп ылтымас кылат.
Өкүмдар алар менен сүйлөшүп отуруп булардын мекенчилдигине, илимдүүлүгүнө, парасаттуулугуна ыраазы болот. Бирок аталарына кылган өкүмдү кайра кайтарып албастыгын айтат. Ошондо балдардын улуусу:
— Таксыр, бала – ылай, ата менен эне ошол ылайдан карапа жасап аткан уста. Бала энеден ууру, жалгынчы, жалкоо болуп төрөлбөйт да. Аны тарбиялоочу ата-эне жана чөйрө го. Атабызга чыгарган өкүмдү анын өз атасына чыгарыш керек эле. Атабыз өзү илимсиз болсо да, бизди илимдүү, парасаттуу болууга шарт түзүп берди. Демек, анда айып жок, аны азат кылышыңызды суранабыз, — деди.
Калыйпа көпкө ойлонду. Касапта айып жок, айып ага касапчылыктан башка нерсени үйрөтпөгөн атасында деп жыйынтыкка келди.
Атанын жана энени милдети – бала табууга гана эмес, аны тарбиялоодо экен.
«Перзентти беш жашка чейин падыша деп бил, беш жаштан он беш жашка чейин ага кызматчыңдай кара, он беш жаштан кийин болсо ага теңтушуңдай мамиле жаса» (инди макалы). «Басылган кадам – адатка, адат – мүнөзгө айланат, мүнөз болсо бул – тагдыр» (У.Теккерей).
Ушундай сөздөр аалам элдеринде, адамдарында айтылып кете берет, аларга сан да жетпейт, кагаз да түтпөйт.
Дүйнө тарыхында ар кандай улуттагы, ар кандай диндеги адамдарга өрнөк өмүр калтыруу жагынан астына киши салбаган инсан Мевлана Жалилиддин Руми. Ал фарсы, түркий тилдерде жазып, Ооганстанда туулуп, өмүр соңун азыркы Түркиянын Кония шаарында өткөргөн жана миллиондогон адамдар аны устат катары бүгүнкү күнгө чейин эсептеп келет. Анын өтө тарбиялуу уулу Түркия түрк адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Велед. Атасы Жалалиддин Руми баласына мындай насаат айтат: «Уулум Велед! Ар дайым бейиш эшиги сага ачык болууну кааласаң адамдардын баарына тегиз мамиле кыл. Эч качан ичиңе кек сактаба. Май жана шам чырак сыяктуу жумшак бол, ийне сыяктуу катуу болбо. Сага эч кимдин жамандык жасабашын кааласаң, оюңа кылдай да жамандык келтирбе. Мына ошол кубаныч, мына ошол бейиш. Бир эле кишини душмандык сезим менен эскерсең көңүлүң кирдеп калат. Мына ошол тозоктун өзү. Анткени көңүлдөн тилге жол болгондой эле тилден да көңүлгө жол бар».
Биздин айылдагылар илгерилери мындай бир насаатты көп айтышчу: бир карыя өлүп баратып уулуна өз өмүрүнөн алган тажрыйбасынан улам мындай беш нерсеге этибар бере жүр дептир: биринчиси, зайыбыңа сырыңды айтпа; экинчиси, накустадан карыз алба; үчүнчүсү, ооган менен дос болбо; төртүнчүсү, эртең мененки муштан кайтпа, кеч чакырганга барба; бешинчиси, калыстыкка чакырса, эки жакка тең кара. Кийин баласы бүт өмүрүндө атасы айткан ибараттарды сынап көрүп, ал кишинин абдан туура айтканына толук ынанган экен.
20-кылымдын соңку он жылдыктарында АКШнын балдар доктору Спок дегендин окуусу дүйнөгө кеңири таралды. Анын илими боюнча бала төрөлөрү менен энесинен ажыратып, эне сүтүн бербей, өзүнчө багыш керек болгон. Ушул окуу тез эле аалам аралады, Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө да бала жарык дүйнөгө келери менен эле ага ууз сүтүн эмизбей энеден бөлүп койчу болду. Бир топ жылдар өтүп «споктук усулдар» менен төрөлгөн балдар эр жеткенден кийин башкача натыйжа көрүндү: балдар ууз сүт эмбей, оорукчандар арбыды, кайрымсыз, таш боорлор көбөйдү, өзүмчүлдүк өкүм сүрдү, акыры мындай балдардан баңгилер менен кылмышкерлер арбын чыкты.
Африканын кайсыл бир жеринде бир жигиттин көзүнө жылан уусун чачат. Мындайды эч кандай элдик дарыгерлик да, медицина да дарылай албайт дешет. Анан ошол жигиттин жанында бир аял-эне бар экен, ал дароо эле эмчек сүтүн саап, аны менен жигиттин көздөрүн жууп жибериптир да, жигит кийин кадимкидей көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуптур, көрсө, эненин сүтү жыландын уусун кесип жибере турган күчкө ээ экен. Бир убакта ошону бербей балдардын бир нече муунун бузуп алган «споктук окуунун» азабын эми бүткүл дүйнө тартып атат.
Абу Али Ибн Сина «Табыпчылык мыйзамдары» деген эмгегинде жазат: «наристелер организмин жана мүнөздөрүн калыптандыруу үчүн биринчиден, аны жеңил гана терметүү, сылоо; экинчиден, ага музыка уктуруп, ыр угузуу зарыл. Бөбөктүн буларды кандай кабыл алуусуна жараша, аларда дене көнүгүүлөрү же музыкага мамиле пайда болот. Биринчиси анын дене түзүлүшүн, экинчиси болсо рухун калыптандырат». Ушуга карап көрсөк, биздин элдин балдарды бешикке салып, акырын терметип турушу, бала бош жатканда туугандарынын сылап коюшу, эненин бешик ырын ырдоосу – баары анын адам болуп калыптануусунда чоң мааниге ээ көрүнүштөрдөн экен.
Азыр жаш энелер сүт эмизбей, ар кандай жолдор менен даярдалып дүкөндөрдө сатылган азыктарга көнүп алды. Бирок булардын бирөө да эне сүтүн алмаштыра албайт, эне сүтүндө балага керектүү азык заттардын баары бар, ал наристени дене жагынан гана өстүрбөй, акылына акыл кошот. Жаш энелер өздөрү тамак, айрыкча суюктук ичпейт да, эмчеги кургап калат, бала ыйлайт, өсүүсү начарлайт, ошон үчүн бала эмизген энени багуу анын өзүнүн гана эмес, жалпы туугандарынын, андан өтүп, мамлекеттердин милдети экендигин түшүнүүбүз зарыл болот.
Балдарды көп нерсеге үйрөтүүдөн коркобуз, мисалы, азыр шаарда энелерди, эжелерди карасак, базарда бүт эле ошолор жүрөт, эмне үчүн 10 жаштан тартып балдар-кыздар базарга барып, соода кылып келе албасын, «кой, өзүм барам» деп жөнөп калабыз. А балдар болсо интернет-кафелерде пайдасыз оюндарды ойноп отурат.
Илгери эски кишилер балдарын көздөн далдоо кармап, мүмкүн болушунча көп балалуу, очор-бачарлуу болууга аракет кылган. Аларда чоң үй, кичи үй дегендер болгон, кичүү үйлөр бүт чоң үйгө имерчиктип турган, тапканын алып кеткен же чоң үйдөгүлөр башка кичи үйлөргө бөлүнгөндөргө үлөштүрүп береп турган. Жазуучу-педагог Жунай Мавляновдун мындай эскерүүсү бар: «Биздин ата-энебиз да бир топ перзенттүү болушуптур. Бирок туруп калганыбыз алтоо экенбиз – төрт уул: Темиркул, Субанкул, мен, кенжебиз Абиш, эки кыз: Каныкей, Бүзайнап. Үй-жайлуу, бала-бакыралуу болгонубуздан кийин деле тамак-ашты апабыз кайсы үйдө отурса, ошол жерден барып жеп-иччүбүз. Ошентип баарыбыз түгөл өзүн тегеректеп отурганга эргип кетеби же атайлап эле биздин көңүлүбүздү көтөргүсү келеби, апабыз кээде: «Алтоону арстан дээр экен, бешөөнү бекзат дээр экен, төртөөнү төрө дээр экен» — деп жамактатып калар эле.
Акем менен апаман (улуу агабыз чоң атабызды көргөндүктөн атабызды «аке» деп калыптыр. Биз да аны ээрчип «аке» дечүбүз). Алардан тарагандар да бу кезде, Кудайга шүгүр, жоон топпуз. Бирок санын билсем да, айталбайм. Антсем апамын арбагын нараазы кылып коюшум ыктымал. Себеби, а киши небере-чебире гана эмес, кибире да көрүп, жыл сайын канат-бутагы жайылып баратканын билсе да алардын канча экенин эч кимге, эч качан айтчу эмес.
Бир жолу жанагинтип өзүн тегеректеп отуруп тамак жеп, чай ичип жатканыбызда сөздөн-сөз чыгып агабыз Темиркул: «Апа, акем экөөңөрдөн тарагандар канчага жеткенин билесизби?» — деп калды. Апабыз анын сөзүн ошол жерден үзүп таштады. – «Бизден тарагандар сенин колхозуңдун кою беле санап жүргүдөй» — деп.
Андан мурдараак жакын эле туугандарыбыздын бири апабыз менен сүйлөшүп отуруп: «Жеңе, Кудай буюрса Абишиңизге Артыкбай чоң атабыздын ооматы келет окшойт, жаман балдарынын саны тогузга жетип калган турбайбы» — десе, — «Эгер сен бул үйгө менин неберелеримди санаганы келип жүрсөң, экинчи келбегиниң,» — деп аны таарынтып жибергенин да уккан элек.
Ошолордон кийин апабыздын бала-бакыралардын саны туурасында сөз кылганды токтотконбуз».
Салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө ушундай: көп балалуу болсо да, алардын санын айтпайт. Көз тийет дешет. Бул өзүнчө ырымы.
Жазуучу Чыңгыз Айтматов 14 жаш курагында бүтүндөй айылдын чоң түйшүгүн өзү алган. Ал тууралуу кийин минтип эскерет: «Кантип мени колхозго секретарь-катчы кылып калышты?
Агезде колхоз башкармасы мурдагы чабан Турдубаев Кабылбек болучу. Азыр ал кишинин көзү өтүп кетти. Ошондо эле алтымыштан ашып калган. Абдан эмгекчил, колунан бары келген Кабылбек акени күтүлбөгөн жерден эле бир күнү кой кайтарып жүргөн жеринен колхозго чакыртып, башкарма кылып отургузуп коюшкан. Ал өз атасынын атынын алгачкы төрт арибин «ТУРД» деп эле жаза алчу. Кол койсо да ушул төрт арип менен кол койчу. Андыктан ага орус тилин билген, кат сабаты жоюлган бир жардамчы керек эле.
Мен болсо бала кезимен Фрунзеде, анан Москвада билим алганмын, кат-сабатым жоюлган, орус тилин жакшы билем. Бул артыкчылыктар мени ошол кездин көз карашы менен алганда кыйла билимдүүлөрдүн катарына кошчу.
Кабылбек аке башкалардан кеңеш сурап отурбай, дароо эле мени жанына чакыртты. Yйгө келиштиби же мектептен алып кетиштиби, анысы азыр жадымда калбаптыр, айтор, атка учкаштырып алган чабарман:
— Сени башкарма чакырып жатат, — дешип, Кабылбек акеге эргештирип барышты.
Башкарма мени бир топко сынагандай карап туруп:
— Ии, кана, айтчы! Канча жаштасың? — деп сурады.
Ошондо он төрт жашта элем, бирок мен:
— Он беш жаштамын, — деп жооп бердим.
— Ап баракелде, он беш жашымда мен бир короо койду бакчумун. Кат тааныйсыңбы?
— Ооба, кат тааныйм.
— Болду, анда! Калкоско кат сабаты жоюлган, ыйман-адептүү бирөө керек эле. Сенден башка эч ким жок. Баары бронтко кеткен. Бизге болсо ишке жарабаган кары-картаңдар менен бала-бакыралар гана калды. Ырас болбодубу, сен бар экенсиң. Окууңду таштап, айылга катчы болосуң. Макулбу?
Ал мезгилде мындай сунуштарга дароо эле жооп берилчү эмес. Айтары менен эле макул боло койбой, талашып тартышып, ыргалжын болуп туруп, анан: «Жообун эртең берейин» деп кетип калмай. Биз болсо улуулар же Кабылбек акедейлер ар дайым туура сүйлөйт, алардын айткандарынын калети жок деген ой менен чоңойгонбуз да.
— Жакшы, иштеп көрөйүнчү. Балким иштеп кете алам, — дедим мен.
Yйгө келерим менен Каракыз апам бул иштен кабары болсо керек, дароо мага суроо узатты:
— Ии, балам, эмне дешти тигилер?
— Айылга секретарь бол дейт, мен макул дедим.
— Андай болсо ишиңди дароо башта! — деди. Ичинен мени менен аябайсыймыктанып алган шекилдүү.Бир тууган иниси – атамрепрессияда атылып, саясаттын жазыксызкурмандыгы болгон. Андыктан «эл душманынын» үй-бүлөөсү дешип биздикүнөөкөр көрүшкөндөр да көп эле. Анан ошондойдо он төрт жаштагыөспүрүмдүн колхоздун чечүүчү кызматтарынын бирине отурушусыймыктанбай турган нерсеби? Агезде биздин турмуш-шарт, жалпы жагдай да ошого алып барган эле…
Колхоздогу катчылык вазийпа менин мурдагы күндөлүк турмушумду башка нукка салды. Акыры менин бул милдетти аткарууга ныпым оюм да, даярдыгым да, тажрыйбам да жок эмес беле. Тагдыр башка жазса айла жок, ачуу жана катаал турмушка дароо бетме-бет келдим. Элдин ар кандай статистикалык маалыматтарын топтоп, аларды жазып, жылнаамаларды, отчетторду, протоколдорду, актыларды түзүшүм керек. Эсеп-кысап, малчылык, талаачылык иштердин баары айылдык кеңештен башкарылчу.
Башкармалыктын эң бир талылуу маселелерин да, элдин талаптарын да керт башым менен аткарууга милдеткер элем. А кийин салык жыйноону да мага өткөрүп берди. Августтун аягы, сентябрь башында колхоздун мурдагы салык жыйноочусу да аскерге алынып, фронтко кетти. Кийин ал кайра кайтып келбеди. Фронтто каза тааптыр…
Анан айылга бир жарадар аскер келди. Ал балдак менен басчу. Ушул кишини катчы кылышты. Баса албаганы менен баары бир майданды көрүп келген, кат тааныйт. Ал кишиге катчылыкты өткөрүп берер менен мага эми салык жыйноо милдети тагылды. Бу мен айтып аткан салык ошол мезгилдин эң негизги алымы – согуш салыгы эле. Ошо менен мамлекеттин ишенген каражаты чогултулчу. Ар бир түтүн өлдүң-талдың согуш салыгын төлөөгө милдеткерсиң, башка жол жок.
Бей-бечаралар, карып-мискиндер да кайгылуу абалын колко кылган менен баары бир бул салыктан кутула алчу эмес. Салыктын өлчөмү жогор жактан расмий бекитилчү. Мен аларды элден жыйнап, кайра аны башкармага өткөрүшүм керек. Салык менен байланышкан документтердин баарын ырастап, акчаны алганымда алган кишиге анымы тастыктап эки нускада тилкат карматчумун. Тилкаттын түпнускасын салык жыйнаган жерге, дагы бир нускасын өзүмдүн журналыма көктөп коем.
Жаңы ишиме кыйлага чейин көнүгө албай жүрдүм. Дайым эле барган-турган жериңен акча доолап, «келелеп», «берчилеп» эле турсаң… Анан да дал ошол мезгилде өлкөдө финансы көйгөйү көлкүп чыгып, акчанын куну кеткен кез. Кагаз пулдар чөнтөгүмө батпай, куюлуп, учуп, айламды алты кылчу. Бир пуд жүгөрүнүн баасы 3000 рубль. Ал эми колхоздо иштеген бир кызматкердин айлыгы 50 рубль. Эл тапканын, колго киргенин эле базарга алып барып, пулдап кирди. Колунда калган, ансыз күнү өтпөй калчу акыркы малын да соодалады. Согуш салыгынан кутулуу үчүн эл картөшкөсүн, жүгөрүсүн базарга ташып, анын жарыбас акчасын мага алып келип атты. Биздин аймактагы бардык нерсе Жамбылдагы Олуя-Ата базарынан сатылчу. Азыр ойлоп көрсөм, ал кезде элдин сабырдуулугу жана көтөрүмдүүлүгү ушунчалык зор экен. Бүгүн адамдар ошондогудай кыйын-кысталышта жашаган болсо, ошол замат көтөрүлүшкө чыгып, болгон нааразычылыгын ашкере айтып-деп, бийликке акаарат билдирип, коомдо башаламандык өкүм сүрүп кетмек. Ал эми андагы согуш мезгилинде ачкалыктан тишинин кирин соруп отурушса да жанагы милдеттүү салыгын төлөбөй коюу оюна да келчү эмес. Жок, бүгүн эч ким мындай кыйынчылыкка чыдамак эмес… Ал мезгилде мындай иштер кадыресе эле көрүнүштөй болчу.
Бул кызмат мен үчүн өтө чоң таасир калтырды. Жумуш жагдайынан улам, ар бир үйдөгү кыйынчылыкты, адамдардын сабырдуулугун жана чыдамкайлыгын өз көзүм менен көрүп, ошонун баарына күбө болдум, өзүм кошо ошондой шартта жашадым. Алар төлөп жаткан акча мен үчүн өзгөчө эле. Жок, мен анын акча экенин, материалдык байлык экенин ойлончу эмесмин. Тек гана анын кара тер, таза көңүл, ак ниет менен табылган акча болгонунан куттуу нерсе катары ушунчалык бир аяр кабыл алчумун. Керээлден кечке салык жыйноо түйшүгү менен жүрүп, үйгө келип, чырагданды жандырганда гана түн ортосу болуп калганын туйчумун».
Чынында XX кылымдагы адамдардын ичинен дал ушул муун – балалыгы, жаштыгы Улуу Ата мекендик согуш жылдарына туш келген муун абдан иштемчил, ыйман-адептүү болуп өстү. Эгер азыркы учурдагы балдарда адептик жактан кандай жакшы сапаттар көп болсо, ошолордун көбү аларга ушул муун аркылуу ар кандай формаларда тарады деп тайсалдабай айтууга болот. «Дарактын жетилгендиги анын мөмөсү менен өлчөнгөндөй эле, адамдын сапаттары да анын адеби менен өлчөнөт» (Абу Наср аль-Фарабий) дегендей эле бул муун паровоз локомотивдерди тартып жүргөндөй бүтүндөй коомго локомотив болуп тартып берди.
Менин атам да ушул муундан, кичинекей бир ыймансыз нерсе болсо чыдабай кетет. Ошолор бар үчүн бир кылым таза кылым болду. Алар балдардын алдындагы карызын ак ниети менен абийирдүү аткара алышты.
КЫЗ БАЛАГА МАМИЛЕ
Илгери бир ашкан зор өнөрлүү уста кызын күйөөгө узатыптыр. Угушунча күйөө бала да өзүндөй өнөрлүү экен, өнөрлүү болбой жерге кирсин: келинчегинин – устанын кызынын башына күндө бирден жумуртка коюп, ошону атып, өз өнөрүн – мергендигин сынайт экен. Кайсыл убакта мындай өнөр сыноо болорун билген уста-ата ошол убактысын билип, кызыныкына шап кирип барат. Барса, эл айткандай эле, кызынын башында жумуртка, өңү купкуу. Ачуусу келген ата күйөө баласына катуу буйруп, чачын жибиттирет да, жибиген чачты устанын байтешеси менен чаап кирет. Ооба, ал да өнөрүн көрсөтөт! Кызынын тагдыры үчүн ушинтет, себеби ал ата да, атага кыз деген, оо, ал теңдешсиз нерсе!
Кыз бала эң биринчи кезекте – аял болот, эне болот. Индонезиянын президенти болгон Сукарно (Индонезиянын 1945-67-жылдардагы мамлекет башчысы) минтип айтат: «Мухаммед пайгамбардын насаатын унутпайлык: аял – мамлекеттин жерпайы. Аялдары тынч жашаган журт тынч болот. Аялдар кыйынчылыкка жеткен журт бир кесепетке кабылат».
Кыргыздардын «Кызы жүк көтөрсө, энесинин бели майышат» деген жакшы макалы бар.
«Кызга ата-эне так жасайт, бак жасабайт» делет, бирок эне болочок турмуш тууралуу кызына үйрөтүү керек, ал анын келечектеги багын отоп, сугарып, алдына азык чачкан менен барабар. Жакшы энелер кыздарына бойго жете баштаганда мындай насааттарын айтат: кайын эне, кайын атаңды өз ата-энеңдей сыйла, биз сага таарынбайбыз, алар таарынат, ошону эске ал; күйөөңдүн бир туугандары ага турмушка чыккан соң сенин да бир туугандарың болот; көпчүлүктүн көзүнчө күйөөңдү кагып силкпе, башкарба, жемелебе; барган жердеги улуу кишилердин насааттарын угуп, аларды аткар, мурда билбеген адамдардын мүнөздөрүн үйрөн, ошого ылайык мамиле кыл; күйөөң жакшы мамиледе болгон кишилер менен сен да жакшы мамиледе бол; бирөөлөрдүн күйөөң тууралуу айткан сөздөрүн жана күйөөңдүн бирөөлөр тууралуу айткандарын бири-бирине ташыба; жаңы барган жерде эрте туруп, өз милдетиңди аткар; даамдуу тамак жаса; үй ичин таза карма; кир жууганды өз убагында аткар; колуңдан келсе үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына жардам бер; жаңы барган жериңден биздин үйгө эч нерсе ташынба, биз кудайга шүгүр, өз оокатыбыз өзүбүзгө жеткен кишилербиз; бизге сөз да ташыба; балалуу болгонго чейин жалгыз да келбе, күйөөңдү же кайын эне, кайын сиңдилериңди ээрчите кел; балаңды үй-бүлөң менен жакын кыл, алар каралашса, кармалашса, сен балаңды алардан кызганба.
Кыз баланын бактысы өңүнүн сулуулугу, кымча бели гана эмес, акыл-идиреги, адеби, билими, болочок эне болууга, бала төрөп, өстүрүүгө даярдыгы болушу менен көбүрөк байланышат.
Кыз – зирек, баамчыл пенде. Кыз бала артыкча боорукердиги менен ата-энеге уул балага караганда жакын болот дешет. Көп мисалдан – бир мисал: Илгери кылмышкерди жазалоо үчүн анын колдорун кесип салышчу экен. Ал окуяны бүт эл көрүп турат. Бир күнү шаар акиминин алдына уурулук менен айыпталган бир кишини алып келет. Аким адаттагыдай эле анын колун кесүүгө өкүм чыгарат. Ууру жаза майданына келди. Эл да жыйылды. Желдет даяр болду. Ошол убакта бир кичине кыз шаар акиминин алдына келип, жалбарып сүйлөдү:
— Улуу аким, туура эмес иш кылганы үчүн атамдын колун кесүүгө буйрудуңуз. Билемин, бул иш үчүн ушундай жаза бересиз. Атамын менден башка дагы төрт перзенти бар. Энебиз оорукчан, бизди бага албайт. Эгер атамдын колун кестирсеңиз баарыбыз ачтан өлөбүз, биз атабыз бар үчүн гана жашап атабыз. Бизге ырайым кылыңыз да, атамдын колун кестирбеңиз. Кокус андай кылууга такыр ылаажы жок болсо, анда атамдын ордуна менин колумду кесиңиз!
Аким бул кыздын атасын ушунчалык коргоп сүйлөгөнүнө таң калды жана мындай деди:
— Мейли, атаңдын колунун ордуна сенин колуңду кестирейин! Бирок эртең! А сен ага чейин кийин өкүнүп калбагыдай болуп жакшылап ойлонуп кел!
Эртеси белгиленген учурда кыздын атасын колу-бутун байлап кесер жерге алып келди. Кыз атасын көрүп сүйүнүп:
— Коркпо, атаке, мен акимге айттым, сиздин колуңуздун ордуна меникин кесмек болду, — деп айтат.
Ошентти да кыз колун баталгага коюп, желдеттин балта көтөрүшүн күтүп калды.
Кыздын сөзүнөн кайтпаганын, атага болгон жакшы көрүүсү күчтүүлүгүн сезген аким бул окуядан катуу таасирленди, ойлонду. Жаза майданына келген калк да кыздын баталгада турган мыйтыйган колун көрүп көздөрүнө жаш алды.
Аким кызды да, атасын да азат кылды, ал гана эмес экөөнө сыйлык берип жөнөттү да, куду ошол жерге таш бетине эстелик үчүн минтип жаздырды: «Бир кичинекей кыз атасынын колунун ордуна өзүнүн колун кестирүүнү каалады. Ушул кыздай перзентке ээ болгон ата-эне кандай гана бактылуу».
Ошентип кыз атасынын колун сактап калды, демек бир туугандарын да өлүмдөн алып калды, ал гана эмес каардуу акимдин жүрөгүн жибитти, атага болгон кыз баланын сүйүүсү кандай болорлугун кылымдардан кылымдарга өтө бере турган кылып ибараттады.
Кыргыздар кыз баланы урмак турсун, кол тийгизбейт, кыз балага кол тийгизсең колуң «ойноок болуп калат», «сынып калат», «кембагал болуп каласаң» дешет. «Көп келтек жеген кыздар бактысыз болот» деген да табырка бар.
Кыз балдарды болбогон нерсе менен ыйлата бериш, сөгүп-сагыш, азилдөө, мыскылдоо, буюмдарын зордук менен тартып алуу, бөлмөсүнө уруксатсыз кирүү – эркек балдар үчүн адепсиздик. Кыздын көңүлү гүлдөй назик болот деп айтышат, ошол гүлдү туура эмес карасаң, соолуп калат, ал эми бир жолу соолуган гүлдү кайра оңоп өстүрүш кыйын.
Кыз бир тууганы уул балдардан бир жаш чоң болсо да, аны «сиз» деш керек. Кокус энебиз бул дүйнөдөн кетсе, улуу кыз эжебиз эне ордуна эне болот, куду энелик милдеттерди аткарат жана энени сыйлагандай сыйлоого тийишпиз.
Кызы бойго жетип, көкүрөгү билине баштап, күзгү алдында көп турчу болгон кезде анын ата-энеси да кызыктай сезимге кабылат, билинбей жүрүп эле кызыбыз ушул жашка келип калды, турмушка чыгууга али жаш, жаш болгону менен эртең бирөөлөр кудалап келип калса же кызыбыз бирөө менен сүйлөшүп жүрсө, кудай анын бетин ары кылсын, бирөөлөр алып качып кетсе, эмне кылабыз дегенди адегенде энеси, анан ал айтса атасы ойлоно баштайт. Чын эле эмне кылышат? Турмуш ушунусу менен кызык да, кечээ эле ушул кызы төрөлгөндө теңтуштары «кырк жылкылуу болупсуң» деп куттукташканда о-ооу ал күндөр алыс-алыс деп ойлогон. Көрсө көз ачып-жумганча эле турбайбы?
Эч бир ата-эне кызын бактысыз болсун деп тилебейт. Бирок бойго жеткен кыз менен ата-энелердин, өзгөчө энелердин ортосунда түшүнбөстүк көп чыгат, а түгүл балалыктан, ата-энеликтен кечип ийген жаман окуялар да жүз берип кеткен учурлар болот. Кызы же ата-энеси жактырбаган жигитти, же куда-кудайгыйды тандап алат, же алыска кетмек болот, же ата-энеси тапкандарга каршы болот, иши кылып ар түрдүү турмуштук майда жана чоң конфликттер буга шыкак болот да, ата-эне менен кыздын ортосунан «кара мышык» аралап өтөт.
Ушундай нерселерден чыгуунун башкы жолу – ата-эненин үй-бүлөлүк милдетин туура түшүнүүсү, кызга жакшы тарбия берүүнүн натыйжасы, ата-эне менен кыздардын бири-бирин сыйлоосу. Эгер кызы жаңы барган бүлөөсүнө батып кетсе, аны узаткан ата-эненин бактысы тоодой, турмушу гүл үстүнө гүл болот, тескерисинче, кызы жаңы барган жерге батпай калса, ата-эненин ичкени ирим, жегени желим болот.
Дал ошон үчүн кыз баланы турмушка даярдоо, көнүктүрүү зарыл. «Уул туулса, жол сүйүнөт, кыз туулса, очок сүйүнөт» дегендей кызды очок ээси болууга кантип үйрөтөбүз деп ата-эне сарсанаага ал киши төрөлгөндө эле бата башташ керек. Мында «кырк жылкыны» санап жүрө берген акыры трагедияга алып келет. «Септүү болгончо, эптүү бол» деп кызды болочок үй-бүлөгө, башка турмуш жагдайларына ата-эненин эшигинде үйрөнөт, анан кызда да барган жеримден бак айтсын деген үмүт болушу керек. Кээ бир кыздарды ата-энеси көнбөгөн жерине берет, мындайда кыз баары бир баса берем деп, балалуу болгонго чейин же балалуу болгондон кийин дале келе берет. Бул эки жактын ата-энесине тең оор жана алардын ортосуна жарака салат. Мындан чыгуунун жалгыз жолу да – акыл менен иш кылуу, турмушту таразалап тартып, ошол тараза менен жашай билүү.
Улуулар биз да баруучу курактагылар. Кудай ошолордун жашына жеткирсин дейбиз. Илгери өзүбүздөн бир жаш улуу болсо да «ага», «ака», «аба», «эже» дечүбүз. Азыр ошол салт калып баратат. Кыргызда улуунун улуудай жолу болот, улуудай сыйы болот. «Хадистерде» жашы улуураактарды өздөрүңөргө баш кылгыла, кайсыл топто жашы улуу киши баш болсо, ал ата ордуна өтөрү айтылат. Демек, улуу кишинин аталык да, энелик да жагдайы, жооптуулугу, урматы болорун эстен чыгарбашыбыз ылаазым.
Улуу адам келсе, аны өзүңдөй өйдө өткөрүүгө, аны тамак менен да, сөз менен да, урмат менен да сыйлоого тийишпиз. Силерден да улуу биртуугандарыңар, туугандарыңар болсо алардан тез-тез кабар алып барып тургула, куру барбай колдон келген бир назы-немат же белек ала барсаң андан бетер тигилердин көңүлүн аласың.
Улуу адамдын астында сөз талашпагыла, булкунуп-жулкунбагыла, анын сөздөрүн, насаатын уккула. Улуулар – силерге караганда бул дүйнөгө меймандар. Алар үйгө келсе, жол бошоткула, колуна суу куйгула, тосуп алгыла, атын байлагыла, чыгып кетип атса, ордуңдардан туруп узаткыла, атына мингизгиле, үйдөн чыгаргыла, бут жана сырт кийимдерин кийүүгө жардам бергиле.
Жашы улуу адамдын астында бутуңарды узатып отурбагыла, эгер отурган жерден силерден улуу адамдар сыртка чыгып келерин билсеңер, ордуңардан туруп чыгарып жибергиле, эгер тигил киши отура бер дебесе, кошо чыгып келгиле, улуулар алдында жамбаштап жатпагыла, буттарыңды сунуп отурба, алардан мурда тамакка кол узатпай жүргүлө, тамак келгенде ордуңардан лып тура калып чыны-табактарды улуу адамдарга алып бергиле, эсинеп (эстеп), уйкусурап отурууга болбойт.
Улуулардан кеңешин уккула, атайын үйүңө чакырып тургула, чоң иш баштардын алдында улуулардын батасын алгыла, улууларга тил кайтарбагыла, аларга тик карабагыла, акарат кылбагыла.
Тентектик кылгандар көбөйгөн, же айып кылгандары кармалган айылга башка жактан келгендер «эмне силерде улуулар жокпу» дейт, же «булар улуусун укпаган эл экен» дешет. Бул ошол айыл үчүн, ошол уруу үчүн жеткен уят иш.
Эки адам урушса, улууларга барат. Улуулар эмне десе, кичүүлөр аларды угууга, айткандарын аткарууга милдеттүү.
Балдар, жаштар өздөрүнүн жашы улууларды эмне үчүн урматташты жана кандай кылып урматтоону билиши керек. Өздөрү да ошолордой жашка барат, ошондо аларды да кимдир бирөөлөр сыйлашын элестетет.
Улуу муун силер деп кан төккөн, кыйналган, кысталган, эчен кыйынчылык көргөн, уйкусуз түндөрдү баштан кечирген, мамлекет курган. Ошон үчүн алардын бели эңкейип, чачтары түшүп же кара чачтарын ак аралап, көзүнөн кубат кеткен. Алардын ошол абалын сыйлоо, түшүнүү керек. Айрым жаштар көзү жакшы көрбөгөн энени шылдыңдап койсо, бул бүт карыларды шылдыңдагыны.
Кары кишилердин көбү таарынчаак, бала пейил болуп калат, аны түшүнүү керек, алар силерди ар дайым кечире билет, силерди жакшы болсун дейт, силер ошону түшүнүшүңөр керек.
Кары адамдарга жакын болуп, алардын сөзүн укканың — өзүңдү ар тараптан байытканың, «Карынын сөзүн капка сал» дейт, «Кары билгенди – пери билбейт» дейт, «Карынын сөзү – акылдын көзү» дейт. Андан башка да «Карынын сөзү – канык, көрсөткөн сөзү – жарык», «Карынын сөзү – жамак, жамагы – жашоого сабак», «Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот» деген сыяктуу накылдар айтылып келет.
Азыр бир топ балдар, өзгөчө кыздар ата-энесинин каражаты жетпеген нерселерди эле аларды кыйнап сатып бер дей беришет, эгер алар сатып бербесе, улуу бир туугандарына кайрылат. Же болбосо ар кимисинен акча алып, биринен алганын экинчисине айтпай тайраңдап көчө таптап калат. Мында улуулардан да күнөөсү бар, алар тигил кыздар-балдарды кимден, кантип, канчадан акча алып жатат, ошонун баарын билип турушу керек эле да.
Улуулар биз көрбөгөн нерсени көрөт, биз билбегенди билет, ошону биз туябызбы?
Кээде улуулардын, өзгөчө ата-энебиздин көзүнчө кичүү бир туугандарыбызды бир чаап ийебиз, урушабыз, жемелейбиз же эзилип эркелетебиз, бул да адептүүлүк эмес. Мунун баарын өз убактысы, жекече тарбиялоо маалы болорун эстеп жүргөн оң.
«Улууга – урмат, кичүүгө – ызаат» деген макал айтылат. Улуулар сыяктуу эле кичүүлөргө да өзгөчө мамиле керек.
Кичүүлөр силерди улуулантып, кеңеш берет же бир маселеңди чечет деп келет, андайда силер анын үстүнөн шылдыңдап күлбөгүлө же ашкере катуу айтып урушпагыла, акыл парасат менен пикир-оюңарды, кеңешиңерди айткыла, колуңардан келсе, материалдык, болбосо, моралдык жардам бергиле.
Улуу адамдар кичүүлөрдүн ким экендигин жакшы билет, аларды таразалап турат. Чыныке Төлөбай уулу деген бий өткөн. Ал Суусамырда жайлоодо жай отургунда бир казак төрө сурайт экен: «Аксакал канча уулуңуз бар» деп. Антсе бий «Бир жарым» деп коюптур. Көрсө, ал кишинин төрт уулу бар экен, ошолордун ичинен бирөө гана эл камын көргөн, элге да, ата-энеге да жаккан эр экен, калган үчөө өзү менен өзү жүргөн бир жандар тура. Ошол үчөөнү жарым балага санап жатыптыр Чыныке бий.
Кичүүлөр сенин деңизиңе суусун куюп жаткан дарыя-куйма, силер ошолор менен улуусуңар, барктуусуңар. Ар кандай иштериңерде улууларга таянгандай эле кичүүлөргө да таянгыла. Силердин алдыңарда кичүүлөр алсыз жана коргоого муктаж экендигин сезип жүргүлө. Үй-бүлөдө улуулар кандай жол тутса, кичүүлөр алардын артынан ээрчийт, ошон үчүн «улуу көч кайда кетсе, кичүү көч ошол жакка кетет» деп коюшат. Кайсыл урууда, айылда улуулар өрнөк болсо, ошол айылдын кичүүлөрдү аларды тарткан. Мисалы, Ысык-Көлдүн Бозтери, Тору-Айгыр деген айылдардан улуу муун билимдүү, окумал чыгып, кийин аларды кичүүлөр тартып, мына ушул эки айылдан илимдин ондон ашык докторлору, а түгүл академиктер чыккан. Биздин Ноокат районунда да Көк-Бел жана Кыргыз-Ата айылдарында улуу муун көп окуп, окумуштуу болгон экен, алар улам кийинкилерге жөлөк-таяк, сүрөмөл болуп отуруп, бул жагынан райондо гана эмес, облуста да алдыга кеткенин өзүбүз көрүп турабыз.
Демек, улуу-кичүү мамилеси элди эл, улутту улут кылып сактап келген улуу жүк, улуу уңгу.
АДАМГА МАМИЛЕ
Жалалиддин Руминин этикалык ибараттарында жөнөкөй адамдар анчалык элес ала бербеген, бирок жеке адамдын тагдырында таасирдүү көрүнгөн окуялардын орду эң сонун көрсөтүлөт. Мисалы, «Кайчы» деген рабиятын окуп көрөлү: Жүрөк оорусу өнөкөткө айланып бараткан бир киши Руминин астына келет.
— Мен кандай гана дарыларды ичип көрбөдүм, бирок дартыма даба болбоду, акыры бир айласын кылар деп сизге келдим, — деди ал киши жалынычтуу.
Устаз тигил адамга бир топ тигилип, анан ойлонуп туруп:
— Мага кайчы алып келгиле? – деди.
Кайчы алып келгенче тигил кишинин өңү ансайын купкуу тартып, акыры чыдамы кетип:
— Сиз эмне менин жүрөгүмө операция жасаганы турасызбы? – деди.
Руми күлүп айтты:
— Мен хирург эмесмин, анан калса кайчы менен операция жасайт деп деги эле укпагам.
Кайчыны алып келген соң мавлана жанагы жабыркап келген кишинин топчусун ордунан кесип алып колуна карматты да:
— Муну башка жерге тагып алыңыз жана топчунун эски ордун эми көп кармалай бербеңиз, — деди. Анан да: — Эми дагы эки жумадан кийин бир келип кетиңиз, мен иштин оң жыйынтыгын көрөйүн, — дегенин кошумчалады.
Оорулуу киши устаз айткандын баарын кылды. Эки жумадан кийин Руминин алдына кубанычтуу келди.
— Дарыгер менин жүрөгүмдү текшерип көрүп, баары ордуна келиптир, сиз жакшы болуп калыптырсыз деди. Сиз, урматтуу мавлана, менин түймөмдөн жин-шайтандын баарын кууп чыктыңызбы? – Ал кубанып ушинтип айтты.
Руми күлө багып:
— Сиздин колуңуз ошол топчуну кармалай берчү экен, топчу болсо жүрөктүн үстүндө, демек, колуңуз жүрөгүңүзгө тийе берген. Ошол түймө сиздин жүрөгүңүздү жабыркаткан «жин-шайтан» болуп келген. Мен ошол түймөнү башка жакка которуу менен жүрөгүңүздү кысып жаткан колуңуздун нервдеринин таасирин башка жакка жылдырып койдум.
Аңгеме мына ушундай сюжетти камтыйт. Бир карасаң жөнөкөй эле нерседей, бирок дал ошол жөнөкөй нерсе – бир адамдын тагдырын чечип атат. Ал ошол адамдын тагдыры эле эмес, башкаларга да сабак болуучу ибарат.
Аңгеменин автору Руминин сопучулук философиясы гумандуулукка негизделет. Бир катар ойчулдар өзүнүн динин гана башка диндерден өйдө коюп караса, Румиде андай эмес, адамдар тегине, динине, өң-түсүнө, байлыгына карап бөлүнбөйт, алардын баары бир катардыгы эле пенделер.
Ушуга байланыштуу дагы бир аңгемеге көңүл буралы. Ал «Руминин көрөгөчтүгү» деп аталат да, окуя мындайча айтылат:
Тебриздик бир бай соодагердин башына күлпөттүү иш түшүп Кониага Румиге атайын келет. Ал Румиге беремин деп ниет кылып өзү менен 50 алтын теңге да алып алган. Келип, мавлананын кабылканасында туруп, Жалалиддинди көрүп калат да, сүрдөп, калтырак басат.
Руми айтат:
— Сенин 50 алтын теңгең алынды! Бирок сен 200дү жоготтуң жана ошол нерсе сени мында алып келди. Сени Алла жазалады, эми баары жай-жайына келет.
Соодагердин көрөгөчтүгү Румини таң калтырды. Руми дагы айтты:
— Бир жолу Батышта, христиандардын мекенинде, көчөдө жаткан бир христиан дервиштин жанынан өтүп баратып, ага жийиркенип түкүрүнүп ийгенсиң, азыр эми сен ошонун азабын тартып жатасың. Сен эми ошол кишини табышың керек жана андан кечирим сурашың зарыл, анан биздин саламды айт.
Ошондо соодагер өзүнүн ички дүйнөсү Руми үчүн ачык китеп экенин түшүндү.
— Кара, — деди Жалалиддин Руми, — биз аны сага көрсөтөбүз.
Ушинтти да дубалга жакын келишти, ошол убакта Европанын бир базары жана анын бир жеринде жаткан ыйык адам көрүндү. Соодагер бул көрүнүштөн артка жылып кетенчиктеди жана устазга таң кала карады.
Мында Руминин аябай эле көрөсөндүгү, акылдуулугу, гениалдуулугу көрсөтүлүү менен адамдардан башкача касиет-сапаттары бар экендиги айтылат. «Кимде ким, — деп айтылат хадистерде, — мусулман мамлекетинде жашаган башка диндеги кишиге акаарат кылса, кыямат күнү оттон жасалган камчы менен сабалат».
Азыр ушул тапта диндер күрөшү күч алып, башка диндеги адамдарды уруп-согуу, кемсинтүү, а түгүл мамлекеттин бийлигине динди аралаштыруу идеялары көбөйүп баратат. Мунун кереги жок, дин саясаттын куралы эмес, мамлекеттин дагы, ал ар бир адамдын ички дили, ички ишеними.
Жаз жаңы келген күндөрдүн биринде Султан Хусейин падыша сарайында эригип отуруп, увазири Мир Алишерди эстейт да, анын бир топтон бери көрүнбөй калганы үчүн жоктоп үйүнө барып коюуну чечет. Барса, Алишер акын багбанчылык кылып атыптыр.
— Көктөм келсе, көчөт эк деген экен машайыктар, — дептир Алишер, — мен да эскирген алмаларды түбү менен оодарып таштап, ордуна жаңыдан үч-төрт жаңгак көчөтүн сайып коёюун деп жатам.
— Ооба, досум, эй, экөөбүз жашарыбызды жашап, ашарыбызды ашап бүттүк, анан бул жаңгактар качан чоңоюп, качан мөмөсүн берет?!
— Досум, жакшыдан бак калат деген, мен бул көчөттөрдү өзүм үчүн эмес, мынабул көчөдө чаңытып ойноп жүргөн балдар үчүн, балким алардын да балдары үчүн тигип атам. Алар мөмө бере баштаганда адамдар келип муну Мир Алишер атабыз эккен десе, мындан өткөн бата болобу, мындан өткөн байлык болобу? – дептир Навои.
Алишердин жообуна жана анын жасаг ишине ыраазы болгон Султан Хусейин ага бир калта алтын бердирет.
— Мына көрдүңбү, — дейт Алишер Навои, — эгип аткан көчөттөрүм эми эле түшүм бере баштады.
Бул икаяда адамдарга жакшылык кылууну өзүнүн жеке кызыкчылыгынан артык көргөн Алишер Навоини жана анын инсандарга акниеттик менен мамиле кылганын көрүп, баалай билген, адамгерчиликке адамгерчилик менен жооп берген өкүмдар Султан Хусейинди көрөбүз. Мына ушундай инсандар адамдар кандай болушу керектигин бизге айтып берип турушат.
Искендер падыша бир билимдүү жана кадыр-барктуу кишини жогорку мансаптагы кызматынан бошотуп, төмөнүрөк тепкичтеги мансапка коёт. Бир күнү ал падышанын алдына келгенде Искендер анда сурайт:
— Кандай, жаңы мансабың жактыбы?
— Өмүрүңүз узун болсун, падышам, адам мансабы менен кадыр-барктуу эмес, мансап инсан менен кадыр-барктуу болот, — дептир тигил келген киши.
Ошондой, адамдар бардык нерсенин башында турат. Бардык нерсе, анын ичинде аалам адам менен гана сулуу, инсан менен гана көрктүү. Адам болбосо анын баары талкаланмак. Адамдын ошол улуулугун, дүйнөнү сактап тургандыгын биз түшүнүүгө, аңдап билүүгө тийишпиз.
Жазуучу Мурза Гапаров тагдырында көп адамдар менен бирге болуп, кыргыз жергесин узун-туурасынан көп кыдырды жана ошол көргөн-билгендерин чыгармаларында калтырып кетти. Анын «Айгүл тоо» деген аңгемесине Али ава деген каарманы алыстагы Баткен тоолорундагы жалгыз үйгө төшөнчү, ийдиш-аяк, нан, чай, туз… дегендерди алып барып турат. Ал «…апта сайын он чакырым таштак жолду жөө басып келип, кемпири түйүп берген тамак-ашын таштап, а үйүн болсо жыйнаштырып кетет. Ажайып абышка. Бул бекетти ал атайын жолоочулар үчүн салган. А жолоочу дегениң бул үйгө көп токтойт. Фергана менен Ош жактан келаткан автобустардан түшүп калып, өздөрүнүн алыскы айылдарына барчу машинелерди күтүшөт. Ал эми ал айылдарга машине сейрек жүрөт, шондуктан көпкө күтүүгө туура келет, а кээде өтө кеч калышса, түнөгөнгө аргасыз болушат. Мындай учурларда алар очокко оттон жагышат, үйдүн артында агып аткан дарыядан чакалап суу апчыгып, чай коюшат… Иши кылып, ээсиз үйдө ээн-эркин отуруп, өздөрүн мейман кылышат. Ошондо алардын кээ бирлери Али аваны эстеп, ага сыртынан ырахмат айткан болот, а көпчүлүгү буга да жарабайт: чалдын чай-нанын ичип-жеп, үйүндө түнөп алып, эртесинде шашып-бушуп жөнөп кетишет…
Али авадай апенди кишини Иса биринчи жолу Өзгөн менен Оштун ортосундагы ээн талаадан жолуктурган. Албетте, ал кезде адамдар азыркыдай автобус, менчик машинелерде эмес, араба-ат же жөө-жалаң катташчу. Шондуктан, алар үчүн жол азабы – гөр азабы эле. Мына ошол алыскы өткөн мезгилде, жай саратандын аптабында акактап келаткан жолоочунун жолунда дайыма бир кумура булактын муздак суусу күтүп туруучу. А булактын суусу муздак сакталсын үчүн кумура жерге көмүлүп, бетине жыгач капкак жабылып, а капкактын үстүнө алюмин кружка коюлчу. Бир жолу Иса ошо алюмин кружка менен суу сузуп ичип отурган учурда, кокусунан, жол жээгиндеги калың бадалдын арасынан кичинекей, купкуу чал чыга келген. Чалдын колунда бир челек суу бар эле. Чал суу ичип отурган жолоочу жигитти көрүп, өзүнчө момун жылмайып: «Ич, балам, иче кой…» — деген. Анан челегиндеги сууну кумурага оодара куюп, анын капкагын кайра жаап, унчукпай жолуна түшкөн. Ошондо гана Иса кумуранын ээси ким экенин билген. Билип, чалдын артынан: «Рахмат, ава!» — деп кала берген. Бирок анын рахматын чал уккан эмес, челегин чыйкылдатып, калың бадалдын арасына кирип, көздөн кайым болгон…»
Мына ушул Мурза Гапаровдун каармандарындай бир карасаң чын эле апенди адамдар көп болгон. Алар тыйын үчүн, ырахмат үчүн иштебейт, алардын иши – адамдар үчүн, адамдар ушул жерден ырахат алса дешет.
Жалал-Абадда курортко чыга бериште Шор-Булак деген жер бар. Бир убакта адамдар баткакка буланып, бир жагында аялдар, дагы бир жагында эркектер отурчу. Анан ушул жерде Мухтар Исакулов аксакалдын кеңеш-насааты менен Эркин Бегимкулов аттуу финансист жигит абатташтырды, тосуп, ауз кылды, бышкан кыштан имарат салып, тепкич менен жол түшүрдү. Бул кызматы үчүн ал киши бир тыйын албайт.
Менин өмүр-жолумда жакшы из калтырган адам Дүйшө аттуу киши. Жездем болот, а мен таята деп калгамын. Ушул киши пайгамбар жашынан өтүп калса керек эле, айылдан он чакырымдай тоого жол салган. Чоку менен таштуу жерлерди жанчып, из чыгарып чыккан. Дары булактын суусун казып, көбөйткөн, тоого бак кылган. Анан ушул кишинин көзүнө күч келди шекилдүү, көзү ооруп калды. Ферганада операция жасашты. Эми этият кылыңыз дешти. Бирок баягы жолу бузулуп жатса, эл кыйналып өтүп атса деп, кайрадан чокусун алып чыгып, лому менен ургулап, тоо жолун салышты улантты. Лекин көз деген көз экен, такыр көрүүдөн калды.
Азыр эми көзү өткөнгө чейрек кылымдай болуп калган ошол кишинин эл деп, адамдар деп, балдарым деп көзүн бергенин эстеп, ушундай адамдар азайып кетип жаткандыгына кейийм.
Адамдарга жакшылыктын эң ырайымдуусу – чаңкаган кишиге суу берүү дешет. Жанагы Али ава, купкуу чал, Дүйшө жездем – булар бүтүндөй өмүрүн бирөөлөргө жакшылык кылууга арнашты, ал жакшылыгы үчүн акы доолабайт, милдет кылбайт, өздөрү ошондон руханий канаттаануу алат.
«Эл менен сен бийиксиң, элсиз жерде кийиксиң» деп Калыгул акын бекер айтпагандыр, калк ичинде гана адам инсан катары көрүнүп, инсан катары жашайт, иштейт, жанын багат, тукум-урук калтырат. Андыктан да ошол адам «элге бергин, эл ичинде мага бергин» деп тилек кылат.
Адамдар менен түбөлүк мамиле кылган бул дүйнөдө ар кандай балакеттерге калбайын десең он нерсени жадыңа түй деп Фисогурс (Пифагор) тээ байыркы заманда эле мына буларды көрсөтүптүр:
• Өзүңдөн улуу киши менен урушпа;
• Копол, ачуулуу адам менен айтышып отурба;
• Көралбас киши менен бир жыйында болбо;
• Наадан адам менен талашып-тартышпа;
• Сынабаган киши менен дос болбо;
• Жалганчы менен мамиле кылба;
• Бакыл киши менен сукбатташ болбо;
• Аялдар менен бир жерде көпкө отурба;
• Тез кызыган, кызганчаак киши менен шарап ичпе;
• Кадыр-баркыңды түшүргүң келбесе бирөөгө сырыңды айтпа.
Бир шаарда бир адамдын өтө көп эгини болуп, андан жакшы дан алыптыр. Анан ошол аймакта азык-оокат таңкыстыгы башталып, тигил киши түшүмүнүн баарын сурап келгендерге таратып берет да, өзү да дансыз калат.
— Кызык экенсиң, — дешет тааныштары ага, — ушундай ачарчылыкта өзүң да ач каларыңды билип туруп, анан неге эгиниңдин баарын таратып бердиң?
— Калк ач туруп, мен ток болсом, ынсапсыздык болор. Калк менен бирге жамандык-жакшылыкты көргөнүм туурадыр, — деди ал киши.
Ушуну үчүн «элдүү түлкү ач калбайт» деген накыл сөз айтылат. Адамдар эл ичинде болгондо гана анын бийиктиги, адамдык насил наркы билинет. Эгерде кимдир бирөө ашкере мал-мүлкү бар, жеткен бай болсо да, ал адамдардын жакшылык жамандыгына кошулбаса, байлыгынан кембагалдарга, жалпы элге таратып берип турбаса, анын адамдык касиети жок деп эсепшет да, элден чыгарып коёт.
Акылмандын жанына бир жаш жигит келет да:
— Мен ушул күнгө чейин жаман иштерди кылып жүрдүм эле. Эми аны түшүндүм да ошол күнөөлөрүм үчүн тооба келтирүү максатында сиздин алдыңызга келдим. Мени шакирттикке кабыл кылыңыз, тарбияңыздын көлөкөсүнө жакшылар катарында боломун деп үмүт кыламын, — дейт.
Акылман айтат:
— Сенин көңүлүң бир ауз-көлмөгө окшош. Беш арыктан ыплас суулар келип, көңүл-аузуңду булгап турат. Эгер бул арыктардын жолдорун тазалап, ыпластанган сууларды киргизбесең, ошондо гана сени шакирттикке кабыл кылып, тарбиялаймын. Арыктар тазаланбаса, миң мертебе тооба кылсаң да пайда бербейт.
Жигит:
— Алар кайсыл арыктар? — деп сурайт.
Акылман айтат:
— Бир арык – көзүңдүн жолу. Аялдарга бузукулук, кыянаттык кылуу ниетинде караба. Бир арык – оозуңдун жолу. Оозуңдан адеп тарбиясына тескери болгон сөздөрдү чыгарба, арам жана ишенимсиз нерселерди жебе, ичкилик ичпе. Бир арык – колдор жолу. Кишилердин мал-мүлкүнө кол салып уурулук кылба, бирөөнү уруп-нетип жабыр-жаракат келтирүүдөн сактан. Бир арык – буттарыңдын жолу. Уурулукка жүрбө. Дагы бир арык – кулактарыңдын жолу. Караниеттик менен айтылган сөздөргө кулак салба, адеп тарбиясына тескери болгон сөздөрдү угуудан кач.
Жогорудагы насааттарды аткаргандан кийин гана адам тазаланат да, анын шакирт болууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Айтылгандай адамды ар тараптан ылайка, булганыч арыктар менен жаман жорук-жосундар, адаттар сугаргысы келип турат, ошону жеңе билүү үчүн таалим-тарбиянын таасири өтө күчтүү жана майнаптуу болушу керек. Жаман жолдон сактачу бир гана нерсе бар, ал – жакшы тарбия.
«Адепти адепсизден үйрөн» делет, жаман, бейадеп адамдарды көрүп, ошолорду туурабай, аларга окшобой, башка жол издөөнү адаттануубуз зарыл.
Адамда бүт айбанаттар сыйлайт, баары баш ийет. Кыргыздын бир жомогунда ителги менен Дөөтү деген уста мелдеше кетет. Ителги айтат:
— Мен алдагы тегирмендин ташын бир тээп жара коёмун, — дейт.
Дөөтү ага ишенбейт. Кантип эле дейт. Экөө мелдешет. Эгер бир тээп тегирмендин ташын жарып таштаса уста ителги алтын текөөр жасап бермек болот.
Ителги тээ көккө чыгып, муштум болуп түйүлүп келип, ташты жара тепкен экен, таш бөлүнүп калыптыр. Бирок Дөөтү уста ителги тээп өтүп, кайра кайтып келип көргөнчө тегирмен ташты кадоолоп кайра бүпбүтүн кылып койгон экен. Ителги ошондон бери көзүнө жашы алып калган дешет. Бул адамдын өнөрлүүлүгү, улуулугу, акылмандыгы.
Хадистерде айтылат: «Момун-мусулмандардын бири-бирине алты түрдүү акысы бар: салам бериш; чакырса барыш; кеңеш сураса бериш; суроосуна жооп бериш; оору болсо барып көрүш; каза болсо аза зыйнатына катышуу». Ушундан көрүнгөн нерсе адам ар дайым адам менен – адам, ал эми адамдык эң алды менен адамдарга кылган мамиледен билинет.
УСТАТКА МАМИЛЕ
Байыркы Гират шаарында ошол жердин өкүмдары Хусейин Байгара өз увазири, атактуу акын Алишер Навои менен атчан өтүп бараткан. Бир убакта алар арык боюндагы кумда ойноп жаткан балага кезигет. Баланын булар менен иши жок. Аны көрө калып увазир-акын Алишер атынан ыргып түштү да, эки колун бооруна алып:
— Ассалому алайкум, мавлоно теги! — деп учурашып калды.
Баланын болсо дале иши жок, оюнун улантып жатат. Анан Навои да атына минип жолун улады. Буга таң кала караган өкүмдар себебин сураса, Алишер тиги бала устаз-пирибиз Абдурахман Жаминин небереси эмеспи деп жооп узатты.
Көрсө, устаздын өзү эле эмес, урук-тууганы, жек-жааты да шакирт үчүн ыйык экен.
«Атаң менен устазың бирдей чакырса, биринчи устазыңа бар» деп айтылат хадистерде.
Дагы бир окшош мисал. Имам Азам бир койчуга аябай таазим кылып, урмат көрсөткөнүн байкап калып жанындагылар сурашат:
— Эй, пирим, сиз ушундай аалым киши, атактуу киши, бул койчуга неге мынча үзүлүп түштүңүз?
— Бул менин устатым, — дептир Имам Азам.
— Бир жүргөн койчу кантип эле сизге устат болсун? – Жанындагылар таң кала карап калат.
— Анын жөнү мындай: Бир күнү эл арасына чыгып баян айтып атсам, бир киши «Сиз ошончо билерман экенсиз, «Күчүктүн балакатка жеткенин кантип билүүгө болот» деп суроо берип калды. Ырасы, мен муну билбейт элем. «Эртең айтып берейин» дедим. Дедим да, сукбат бүтүп, китепканага кетип жатсам алдымдан ушул койчу чыкты. Чыкты да, «кабатыр болбо, балам, күчүктүн балакатка жетип, ит болгону бир бутун көтөрүп сийип калгандан билинет» деди. Ушундай. Ал мага устат. Адамга бир ариб үйрөтсө да, бир сөз үйрөтсө да устат, — дептир Имам Азам.
Устат. Устаз. Устаздык дегенде көп өнөрлөрдүн ичинен эң алдын усталар эске түшөт. Устаз, устат дегендер уста дегенге окшоп кетет. Ал эми усталык Чыгышта эң барктуу өнөр катары эсептелген. Атын тарыхта калтыргысы келгендер жылдап шаарма шаар кыдырып уста издешкен, таланттуу устадан алар эч нерсе аяган эмес, жээн калтырышкан, балдарынын оозуна түкүрткөн…
Ошол устаз-усталардын бири Молдо Кыргыз Уста эле. 1846-жылы Наманганда туулган. Жашынан диний билим алган, математика. география, табият илимдерин окуйт. Учурунун эң мыкты кыбачы-мармары (куруучу-архитектору) катары таанылган.
Намангандагы ал курган Атауллаххан төрө мечитинин ачылышына катышкан, көптү көргөн, арзавасы алыс кеткен, муктарам коноктордун бири Атауллаххандан сурайт: «Төрөм, устаңыз Ыстамбулга качан барган?» Төрө: «Биздин уста буягы Оштон, аягы Букарадан нары өткөн эмес» — дейт. Мейман жакасын кармайт: «Ыстабулга барбастан, Ая-София мечитин көрбөстөн, бу имаратты ошол даңазалуу имаратка окшотуп коюш… Эй, тооба». Коногу там берет. Букара, Самарканд шаарындагы тарыхый эстеликтерге окшоп кеткен бу мечитти Молдо Кыргыз тубаса шык, акыл, парасат менен ушунчалык чебер салган, күмбөзүнүн чоңдугу боюнча Борбор Азияда экинчи орунда (Түркстандагы Ахмед Йассивийдин күмбөзүнөн кийин) турат, келбет-башарасы бардык калаага (фонго) дал келип айкашкан.
Өткөн кылымдардагы усталар имараттарды көп жүз жылдыктарга жетишин, кулабай турушун каалашкан, ошого аракет кылышкан. Молдо Кыргыз өзүнүн атын калтырган медресесинин шыбына: «Адамдар келип-кетет, бирок алардын сооптуу, таза иштери түбөлүк жашай берет» деген жазуу калтырган. Кылымдарды карыткан биналар көбүнчө мечит-медресе (а Чыгыш элин илим-билимден артта калган деп келишпедиби), мончо (а бизди тазалыктан артта калган эл деп айтышчу эмес беле), күмбөз (тарыхый инсандарга сый көрсөтүү) катары курулган. Эчен уруш-согуштарды, зилзалаларды көрсө да былкылдабаган «эскинин калдыктарынын» көбү советтик техниканын сүзгүчүнө туш келди, а түгүл жардырылды, канывайраны чыгып, тамам болду. Көрсө, бул жеткен акмакчылык, варварчылык тура.
Уста Молдо Кыргыздан Намангандагы Атауллаххан төрө мечити менен Молдо Кыргыз медресесинен тышкары Төрөкоргондо Кайыпназар медресеси, Чуста Лутфулла Мавлана кабыры, Анжианда Атакозу мечити, Кокондо да бир топ эстеликтер, кыскасы Баргана өрөөнүндө, анын ичинде азыркы бөлүнүш боюнча Кыргызстанда да көптөгөн мончолор, мечит-медреселер, күмбөздөр табарик болуп калды. Мына ушунун баарына бир кишинин убактысынын кантип жеткенине таң каласың. Алар курулуштун жерпайын ушунчалык бышыкташкан, жерден туруп казылган жерпайга бычак таштаганда сайылган эмес экен, анан такпай (фундамент) тарткан, ар бир кышты бирден ийлеп, эзип, анан кармап көрүп, уста өзү жараткандан кийин гана бышырылган. Адегенде кудайдан тилеп, мал союп, бата тартып, анан ошо чөлкөмдөгү эң пакиза киши биринчи ташын койгон, ошо жылы дубалы жарым-жартылай көтөрүлүп, анан аны саратан ысыгын жедиртип таштап коюшкан, дубал асаттын ысыгына как болуп бышкан, бина ошерге былкылдагыс болуп орногон, анан жыл айланыппы, кайра келип, андан ары улантып иштешкен… Ылай үчүн чопо тандаганы, аны ылайыктаганы өзүнчө сөз…
Ушунун баарын бир киши жасай алмак эмес. Анан ал шакирт издеген, жакшы устага миңдеген адамдар шакирт болуу үчүн келет, бирок алардан тандалганы гана калат. Уста Молдо Кыргыз эң көп шакирт чыгарган. Алар салтты улап келишкен, азыр да куттуу өнөр кур калбай уланууда. Эгер устаз-шакирт мамилеси болбосо, ар кандай өнөр өлмөк, дүйнөнүн чеги түгөнмөк, адамзат жарга барып такалмак.
Орустун улуу падышасы Пётр Биринчинин шакегинде «Шакиртмин, устаз издеп жүрөм» деген жазуу бар экен. Орус турмушун оңбогондой оңдогон, Батыш борборун негиздеген улуу киши, улуу император ушундай деп атса, анан биз эмне дейбиз?
Грек философу Афлетун бир күнү академиясына шакирттерди издей баштайт. Талапкерлерди кең талаага алып чыгып сынамакчы болот. Ал биринчи талапкерге:
— Кана, айтчы, Сиз тегерегиңизден эмнелерди көрүп турасыз? — дейт.
— Талааны, койчуларды, көп койлорду!
Мындай жоопту уккан Афлетун айтат:
— Сизден эч убакта философ чыкпайт!
Анан ал экинчи талапкердин жанына келип сурайт:
— Балким сиз башка нерселерди көрүп жаткандырсыз?
— Ооба, устаз! Көктүн сулуулугуна көз арткан жердеги көк майса дагы көбүрөөк сулуулукка жетүү үчүн көккө көтөрүлгүсү келип турат. Ушул сулуулукка суктанган койлордун болсо чечекейи чеч, көңүлдөрү куунак. Бирок алардын каракурсагы жашыл дүйнөнү жабыркатышы мүмкүн болуп турат. Мындан өзүнчө ыраазы болуп турган койчулар гана чөнтөктөрүнө канча пайда түшүрүн эсептөө менен убара жана ал каражаттарды эмне кылышын ойлорун жатат. Мына ушул окуядан менен карама-каршылыктарды көрүп турам.
— Атыңыз ким? — дейт устат.
— Арасту!
— Сизден мыкты философ чыккыдай экен! – Устат аны дароо өзүнө шакирт кылып алат.
Кийин бул экөө устаты Платон жана шакирти Аристотель катары дүйнөгө таанылат эмеспи. Мында устаттын сыноосун көрүңүз да, шакирттин жообун байкаңыз. Устат менен шакирт бири-бирин бир көз караштан түшүнөт.
Бирөө чоркок болсо же адепсиздигин көрсөтүп койгон болсо, «бул устаз көргөн немеби» дешет аны карап тургандар. Илгертеден устаздын алдына келип ата-эне баласын «эти – сиздики, сөөгү – биздики» деп тапшырган. Советтик атеисттер муну диний медреселерди сындоо үчүн колдонгону менен мында «тарбиялоо сизден, сизге ишенип тапшырдык» деген маани жаткан. Баланы жаратуу атадан жана энеден, ал эми аны Адам кылып тарбия берүү устаздан дешкен. Андыктан да «устаз атаңдан да жогору» деген кеп тараган.
Күндөрдүн бир күнүндө Улукман Акимдин устазы бир иш менен алардыкына келип калат. Атасы уулунун устазын үйгө кирүүгө муражат кылат. Ата менен устаз үйдө сүйлөшө баштайт да Улукманды атасын отун алып келип чай кайнатууга жумшайт.
Бир убакта атасы сыртка чыкса, уулу ыйлап отурат.
— Сага эмне болду? – дейт атасы.
— Сиз мени отунга жумшадыңыз, отун болсо тамдын башында, а устазым болсо тамдын ичинде отурат, анан кантип мен анын үстүнө чыгып отун алам, — дептир.
Ата сөзүн таштап, устазды улуктаган Абу Али ибн Сина кийин атактуу дарегер болбодубу.
Кыргыздар да балдарын атайын устаздарга берип, өнөр үйрөткөн. Манасты бала чагында Ошпур деген койчуга бергенин жакшы белесиңер, Семетей болсо өнөрдүн баарын Букар хандыгында жүрүп үйрөнөт. Элдик акындарды Токтогул болобу, Барпы, Жеңижокпу, Алымкулбу, сөзсүз, бирөөлөргө кошуп берген, ошонун кызматын кылып, оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүп өнөрүн үйрөнгөн. Айтуудан атактуу Токтогулду ар кайсыл мезгилде алтымыштай шакирт ээрчип жүрүптүр. Манасчылык да, кол өнөрчүлүк да, устачылык да, мүнөшкөрлүк да ошондой. Кыйын шакирт болсо, устаты жакшы үйрөтсө «устаттан шакирт өтүптүр» деген жакшы сөз чыгат, бул устаттын баркын түшүрүү эмес, тескерисинче, анын кыдырын көтөрүү, анын үйрөтүү усулдарынын майнаптуу экендигин тан алуу. Өнөрлүү адамдардын даңкы, баркы анын канчалык жана кандай шакирт өстүрүп чыгаргандыгы менен бааланат. Шакирти жок устат суусу жок арыктай, мөмөсү жок дарактай. Аны өзүмчүл дейт. өнөрүн гөрүнө алып кетти деп эл жаман көрөт.
Илгери өнөр үйрөнүү үчүн бүткүл байлыгын тартуулаган, башка алыс аймактарга барган. Эгер жакшы устат өз шакиртине өзүндө болгон нерсесин үйрөтүп бүтсө, андан ары өзүнөн кыйын устаттардын алдына алып барып, алардын колуна салып берүүнү милдети катары эсептеген.
Устат-шакирт мамилесинде жалаң эле оң жактар эмес, терс жактар да айтылат, мисалы композитор Моцартты көрө албаган Сальери тууралуу сөз аңызга айланып келет. Ал эми атактуу дарыгер Улукман Аким (Али Абу Ибн Сина) өлбөстүктүн дарысын тапкан дешет, ал киши адамды тетиктерге ажыратып, бөлүк-бөлүк кылып таштап, кайра улаштырып, тикелеп, бастырып койчу экен. Анан ошол киши шакирттерине өлбөстүктүн дарысын берет, мен өлүп баратканда ушуну ичиргиле дейт, чын эле өлүп баратканда шакирттердин бири – кызганчаагы жана наамарты ага ошол дарыны ичирбей коёт, устаз өлөт, калган шакирттери ал дарынын кошулмаларынын бир сырын билбей кала берет деп айтылат эл ичинде.
ЖАН-ЖАНЫБАРГА МАМИЛЕ
Мевлана Жалилиддин Руми ээси таштап кеткен итти үч күчүгү менен таштай албай, аларга узак жол басып тамак-аш ташып турган. Атүгүл бир мертебе аны сыйлап Эмир Парвана күмүш идиште тамак алып келгенде, ал болсо бул күмүш идиштеги тамакка мага караганда мына булар муктаж болуп турат деп, ал идишти иттердин алдына коюп берет, Эмирдин адамдары күмүш табактарды алайын десе да болбой, иттерди адамдардан артык сыйлайт.
Эмир Темир эң бир сүйүктүү жана ишин улантуучу небереси мырза Улукбекке өзүнүн бир окуясын тынымсыз айтып берет экен. Ал баян боюнча атактуу саркарда Хурасандын Сеистан акиминде колбашчы болуп жүргөндө катуу жараланат, аны баары таштап кетет, өлүм менен бетме бет келип, аябай азаптанат, атына сойлоп жете албайт. Дос деп жүргөндөрү саткынчы чыгат. Бир куураган дарактын астында жатып, жанынан кумурсканы көрүп калат, аксак кумурска улам далалат кылып таштын үстүнө чыгайын деп, кайра кулай берет экен, кайра аракет кылып, кайра кулап, иши кылып эң аягында ташка чыгат. Эмир Темир Күрөгөн да ошондо ойлонуп, жашоого бел байлайт. Кийин-кийин мырза Улукбек да башына оор күндөр түшкөндө бабасы айтып берген ошол аксак кумурсканы эстеп, өзүнө өзү «Кумурсканы унутпа», «Кумурсканы эсте» деп турчу экен.
Эки адамдын жеңишке жетип, атак алышына бир аксак кумурска кандай таасир эткенин карап көрүңүзчү…
Кумурска демекчи аңыз кептерди аңдасак, Шайх Шиблий алыс кыштагынан шаарга түшүп, бир нан дүкөнүнөн дан сатып алат, аны айылына алып барып ачса, бир кумурска жүрүптүр. Жаныбар, аябай тынчсызданып, ары-бери чуркайт дейт.
Шайх Шиблий кумурсканы ойлоп таң атканча уктабаптыр. Качан гана таң үрүл-бүрүл болгондо даны менен кумурсканы кайра шаарга алып жөнөптүр. Баягы буудай алган жерге келип кумурсканы коё берип карап турса, жалгыз кумурска жүгүрүп-жүгүрүп барып, ийинине кирип кетиптир.
Бул ибарат ар бир жан-жаныбар үчүн мекени, топурагы кымбат дегенди айтуу менен адамдардын жаныбарларга мамилеси куду адамга мамиледей болуш керектигин түшүндүрөт. Ошон үчүн кыргыздар «кумурсканын ийинин бузбагыла» деп турат. Асан Кайгы «кулан байкуш кантти экен», «жылан байкуш кантти экен» деп жүрүп бүткүл казак менен кыргызга ал элдер экология окуй элек учурда да эле жан-жаныбарларды коргоочу акын катары таанылган.
Фирдоуси айтат: «Дан ташып жүргөн кумурсканы да иренжитпе, анткени ар бир жаныбардын жаны өзүнө таттуу. Көңүлү кара, ташбоор киши ошол кумурскага да азар берет. Мындай кишилер бир күнү дал ошол кумурска сыяктуу өзү да аяк асты болот».
Дагы бир адам башынан өткөргөн окуяны мындай айтып берет: Ал киши узак сапарга Хорезмге чыгат, жолдо бир киши кошулат. Ошол киши ага тынбай эле дос боло тургандыгын, кыяматтык жолдош болгосу келгендигин айтып отурду. Буларга бир ит да кошулуп, ээрчип алды. Окуяны баяндап аткан киши колунда бар адам экен, тиги жолдо кошулган адамга тамактын чүйгүнүн берип, кийиндирип-ичиндирип, кадырлап барды, анын үстүнө жан-алы калбай эле дос бололу деп барат имиш. Ал эми итке арткан нан, сөөк таштап коюшчу.
Жолдо буларга эки каракчы кол салат. Баягы дос болом деген адам алар алыстан көрүнөрү менен жүктөрдү таштап, каражанын алып качты. Ит болсо каракчылардын бирин буттан тартып, жыгып жардам кылды да, экөөлөп ал каракчылардан кутулду.
Анан жанагы киши кайра келди. Андан көрө ит чыныгы дос экен деп, адамды кууп жиберди да, итти жолдош кылып алды.
Жан-жаныбарларга кыргыздар кандай мамиле кылгандыгын алардын жыл аттарына берген баасынан да билүүгө болот. Бул тууралуу кытайлык кыргызтаануучу Макелек Өмүрбай эл оозунан мындай уламыш накыл жыйнаган: Илгери Кыргыз ата бир доорду он эки жылга бөлүп, ал жылдарга ар кайсы айбандардын атын атап белгилемек болуп:
– Жыл эсебине катышайын деген айбандар келгиле, — дегенде, 13 түрдүү жаныбар жетип келген экен. Кыргыз ата туруп келип:
– Жыл аты он эки болбосо, эсеп төп чыкпайт, бириңер кайткыла, — дегенде, эч кимиси кайтышка ынаңкырабаптыр. Кыргыз ата:
– Кимиңер жылдын башына киресиңер? Ошону токтоткула, — десе, он үч жан тең эле:
– Мен жылдын башына кирем, — дешип талашып, бир бирине жол бербептир. Ошондо Кыргыз ата:
– Эй, азиз жандар! Эртең бүрүлдөн калбай, баарыңар чогулгула. Мен калыс болоюн, ким мурда чыккан күндү көрүп, алдын айта алса, ага башкалар күбөлүк кылса, ошол жылдын башы болсун. Күндүн чыкканын көрө албай 13-иретке калып калган жан жыл катарынан чыгып кетсин, — деген экен. 13 жан:
– Эртең менен уктап калбайлы, азыр эс алып эрте уктап, таң менен туруп, күндүн чыгышын карайлы, деп жайларына кайтышыптыр.
Кыргыз ата таң эртең менен 13 жан чогулушаар жайга келип караса, 13 жан таң белги бергенде, чыгышты бет алып, ынтаасы, зээни менен күн чыгышын байкап турушкан экен.
Кыргыз ата:
– Иш оңуна айланыптыр, Чычкан баатыр жыл эсебине кирбей эле коёюн деген окшойт деп ойлоптур. Ар иште калыс Кыргыз ата, жер абдан жарык болгондо, он эки жылдын ортосуна келип, чыр чыкпасын деп чындыкты байкап турган экен.
Он эки жылдын күн чыгыш жактын четинде, тартайган Төө ансайын моюн созуп кокоюп, күндү байкап, кепшеп турган экен. Ал кезде, баары эле жылдын башы Төө болот деген ойдо экен. Күн нуру бөксөгө түшкөндө, он эки жан тең эле:
– Мен мурда күндү көрсөм экен, — дешип, удургуп тынчы кетип, шашып калган экен. Кыргыз ата ого бетер тикийип, жандарга саресеп салып турган экен.
Күндүн чекеси кылайышы менен Чычкан баатыр:
– Мен күндү көрдүм, ашкере көрдүм! — деп чыйылдап жиберген экен. Кыргыз ата жана башка жандар чочуп кетишип, чычканды карашса, ал Төөнүн туу чокусунда, эки колун серейтип:
– Мен көрдүм, — деп кыйкырып турган экен.
Кыргыз ата:
– Жылдын башы чычкан, — деп жарыялаган экен.
Артынан эле Уй:
– Мен көрдүм, — деп челейип туруптур, андан ар кайсы жандар удаалаш өздөрүнүн аттарын жарыялаптыр. Төө чокусунан Чычкан баатырдын үнү чыкканда чочуп, бүткөн-бою чыйрыгып, күндү көзү көрүп турса да:
– Мен күндү көрдүм, — дегенге тили күрмөлбөй, «баф» деп бакыргандан башка эчтеме дей албай, жылга кире албай калган экен.
Жылын билбеген кишиге каратып:
– Сенин жылың Төө беле? — деген сөз ушундан калган түрү бар.
Ошентип кыргыздар кайсыл жылы туулса, ошол жылы туулгандарды ошол жан-жаныбарларга окшоштуп, аларга жакындык түзөт.
Бул же тигил уруулар да өздөрүн бугудан, бөрүдөн, багыштан, иттен ж.б. жандыктардан тараганбыз деп айтышат…
Хамид Зиёев Өзбекстандагы белгилүү тарыхчы, профессор, кыргыз окумуштууларынын бир тобунун устаты, ал өзүнүн жылдап топтогон тажрыйбаларын – көргөн-билгендерин, уккандарын байыркы Чыгыш баяндарынын услубдунда (стилинде) китеп кылып жазган. Ошол китепте мындай бир улама айтылат: өткөн заманда бир карып төөсү менен кире кылып, эптеп тиричилигин жүргүзөр экен. Элдер да анын атын айтпай «төөчү» дешер экен. Анча-мынчада ал ири соода кербендерине кошулуп, башка алыс өлкөлөргө да чыгып турчу. Ошондой күндөрдүн биринде какыраган элсиз чөлдө түнкү эс алуудан кийин кайрадан жолго чыгарда төөчү өзүнүн төөсү жоктугун байкап калат. Аны издеп, бир бархандын ары жагына өтүп, таң каларлык окуянын күбөсү болот. Караса, бир келемиш төөнүн тумшугуна байланган узун аркандын учун тиштеп алып, төөнү аякка-буякка жанын койбой жетелеп жүрөт.
Төөчү өзүн токтотуп, далдаланып, окуяны байкап туруптур. Төө күн бою келемиштин сүйрөгөнүнө көнүп, артынан ээрчип жүрө берет. Келемиш болсо, өзүнүн тырнактай экенине карабай, тоодой айбанды баш ийдиргенине курсант боло чыйылдайт. Төөчү бул көрүнүштү байкап, төө өзүнөн миң мертебе кичине жана байкуш бир жандыкка моюн сунганы, анын көңүлүн алганы, тиги кичинекей жандыкты аяганы, аны сүйүнтүүгө аракет кылганы экенин түшүнөт. Ал өз төөсүнүн сабырдуулугуна, бейазадалыгына, көтөрүмдүүлүгүнө ичи чыгып, ыраазы болот.
Акыры караңгы түшөр менен карап турса келемиш аркандын учунан бекем тартып, төөнү ийнин көздөй сүйрөйт. Төө болсо келемиштин ийнине тумшугу тийгенче бара берет. Тумшугу ийинге тийсе да арканды тартып ийсе кокус келемиштин тиши сынбасын деп төө улам чөгөлөп, тигини аяп коет. Бир убакта ийиндин ичинен арканды тартууга уруксат дегендей ишаара кылынат. Ошондо төө арканды тартып кирет, бир убакта анын келемиш тиштеген учу ийиндин оозунан жер үстүнө чыгар менен айлананы ажайып шоола каптап калат. Эси эндиреген төөчү чуркап барса аркандын учунда жаңгактан чоңураак лаал түйүлүп туруптур. Анын шооласынан көз уялып, дүйнө башкача боло калат. Бул төөнүн сабырдуулугуна, мээримдүүлүгүнө келемиштин ыраазычылыгы, жооп кайтаруусу эле.
Бул окуядан кабар тапкан падыша төөчүнү жана анын лаал ташын сарайга алып келтирет. Көрсө, ал лаалды бир падыша жоготуп, аны кийин-соңку көп падышалар издеп убара тартып жүрүшкөн экен. Аны болсо бир кезде келемиштер таап, ийнине алып кетишкен. Табылга ушунчалык баалуу экен, ага бир нече өлкөнүн баарынын бүт казыналарын кошсо до чендебейт имиш.
Лаал ордуна төөчүгө кийим-кечек, төөгө болсо өзүнчө жайыт ажыратылат. Баяндалган окуядан кийин элде «сабырдын түбү – сары алтын» деген макал калыптыр.
Албетте, мында сабырдуулук тууралуу сөз болот, ошол эле кезде адамдар сабырдуулукту төөдөн, жакшылык кылууну келемиштен үйрөнсөңөр боло деген насаат ибаратталар.
Дагы бир икая мындай: Бир киши аркы дүйнөнү ойлоп бул дүйнөдө сооп иштерди кылайын деп мечит салдырыптыр, медресе салдырыптыр, көпүрө куруптур, карып-мискиндерди ичирип-жедириптир. Ошол эле киши бир мертебе сапардан келе жатса, алдынан бир азаптанып, кыйналып турган итке кезигиптир, анан ал ошол итке боору ооруп, аны өлүмдөн алып калып, багып, жакшынакай ит даражасына жеткириптир.
Күндөр өтөт, баягы киши каза болот. Анан анын жакындарынын биринин түшүнө кирет, түшүндө маркум ага тигил дүйнөдө иттен келген сооп гана ашык атканын айтып бериптир.
Ошентип адамдар жан-жаныбарлар аркылуу бакыт нуруна жетишет, ошолор аркылуу жакшы ыйманга, адепке ээ болот, адамдын адамдыгы алардын макулуктарга кылган мамилеси менен да ченелип, бычылат.
ТИЛГЕ МАМИЛЕ
Кыргыз эли – тилге өтө урмат менен мамиле кылган эл, анткени алардын жашоо ыңгайы жакынкы жылдарга чейин эле, азыр дале, бир топ бөлүгү көчүп-конууга ылайыкталып, ошол жаздоосу да, жайлоосу да, күздөөсү да, кыштоосу да адамдардын жамаатында, бири-бирине мамиледе өтүп, азыркыдай завод-фабрика, базар, телевидение, компьютер, радио, интернет дегендер болбогон соң эң негизги байланыш куралы – оозеки сөз болгон.
«Жакшы бөзүң болбосо да, жакшы сөзүң болсун», «Жакшы сөз – жан азыгы», «Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат», «Сөз билбеген муштуму менен коркутат» деген сыяктуу накыл кептер муундан муунга өтүп келет. Тилчи-окумуштуулар Ж.Мукамбаев, Ү.Асаналиев, А.Жалилов, С.Рысбаев, Ж.Чыманов ар кимиси өз-өзүнчө кыргыз элиндеги сөзгө, тилге байланыштуу макал-ылакаптарды, накыл жана учкул кептерди топтоп китепчелерди чыгарышты. Эми аларды окуп отуруп элибиздин тилге карата мамилесине ушунчалык таң каласың да, суктанасың да, ошол эле кезде элибиздин тилди пайдалануу чеберчилигинин, чечендик өнөрүнүн өлүп бараткандыгына ушунчалык ичиң күйүп, өкүнөсүң…
Кандай маани-мазмунда сүйлөгөндүгү, сөз тыңшагандыгы, кепке кезек бергендиги, тилге этибар кылгандыгы аркылуу адамдын адеби билинет, кишинин кишичилиги ачылат.
Сөз сүйлөө – бул өнөр, болгондо да өмүр бою үйрөнө турган өнөр. Дал ушул сөз менен эчен-эчен кыргын согуштар, эчен-эчен адамдардын өлүмдөрү токтотулган.
Тил – акыл таразасы, тил – дилдин ачкычы, тил – адамдардын жүрөгүнө жетүүнүн жолу, тил – адеп көрсөткүчү. Ал эми көп тил билүү – теңдешсиз бакытка ээ болуу.
Мындай бир аңыз айтылат: Байыркы замандардан бери бири-биринен каардуу, бири-биринен мыкаачы эчендеген падышалар менен султандар, хандар менен амирлер өткөн. Алардын бири күнөөлүү деп табылган адамдын көзүн соолутуп ойсо, дагы бири дарга астырган, бирөөсү зынданга салган, бири атка сүйрөткөн, бири аттырган, бири тилин сууруп алган, бири башын алдырган, бири этин тилип туз септирген, кызытып темир бастырган, дагы бири башына шири каптаткан. Иши кылып адамды кыйноонун түрдүү түмөн айлалары менен мамлекетин башкарып, кол алдындагы элин коркутуп турган.
Ал эми бир өкүмдар жазалоонун башка бир жолун тааптыр, ал айыпкерди күнү-түнү уктата койбой атайын тандалган адамдарга айтып каргатчу экен. Не бир адам көтөрө алгыс сөздөр менен каргаган соң тигил күнөөлүү анын баарын көтөрө албай алдан тайып, жүрөгү мыжып, чачы агарып, кебетеси кетип, акыры жыгылып түшүптүр.
Анан өкүмдар ошол кылмышкердин энесин каргатат. Энеси болсо каргыш сөздүн уусунан чыдай албай жүрүп эс-учунан танып, ал да кулайт. Ошондой жол менен эне-баланы жыккан соң падыша аларга жооп берчү экен, бирок бир шарт менен – беш жылга чейин үйүнөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөшү керек деген.
Ушундай жазаланган энелердин бири эс-учунан кетип жатып, акырын айткан имиш: «Бул сөздөрүң ак сүтүмө чейин жетти. Ушул кептериң өлсөм сөөгүмдөн, тирүү болсом жүрөгүмдөн кетпейт. Эй, залим падыша, кызың болсо ал да бир күн эне болор, ошондо көрөрсүң…», — дейт.
Эненин ушул каргышы он алтыга эми толгон падышанын кызына жетиптир, анын энеси жашында каза болуп, өкүмдардын жападан жалгыз эркеси экен, ошол кыз ошол замат тилден калыптыр, буту да шал болуптур.
Убакыт өтө берет. Падышанын көрөр көз маликеси ордунан жылбайт, сүйлөй да албайт.
Кызды айыктыруу үчүн ааламдын ар кайсыл жагынан дарыгерлер менен табыптар, бакшылар менен көзү ачыктар, ырымчылар менен дарымчылар, деги койчу баары-баары келет. Шыпа табылбайт. Падыша бүт байлыгын чачууга ниет кылат, өзү да эмне үчүн мындай болгонун астырттан туят. Лекин айла жок, кеч болуп калган. Даанышмандардын бири «үч күн улак тарттырып, кыз көңүлүн көтөрүңүз» десе, «бири жакшы күйөөгө бериш керек» дейт, үчүнчүсү «Рум падышасынын перизаттарын алып келип, бир нече күн оюн көрсөтүңүз» деген сунушун айтат, дагы бирөөлөр башка пикир менен келет. Эмне кылса да, кандай кылса да, кыз оңолбойт да, түзөлбөйт. Баягысы баягы. Өкүмү жүргөн аймактын ар бир адамын алып келип, кыздын алдында өнөр көрсөтүүгө буйрук берет, андан да такыр натыйжа чыкпайт.
Ошондо акылчыларынын бири беш жылга чейин үй камагына алынган баягы кылмышкер уул жана анын энеси тууралуу ойлонот да, ошону алып келүү тууралуу өкүмдарга масилет курат. Падыша маакул болот.
Каргыш сөөгүнө жеткен аял маликеге келет, а падыша кызы болсо эне сүтүн кана эмбептир, эне мээримин көрбөптүр, эненин бешик ырын эшитпептир, ошолордун баарына муктаж экен. Ушул кыздын ушул абалын көргөн каргышка ууккан эне канчалык ал каргыштар этинен өтүп сөөгүнө жеткен болсо да чыдабаптыр, энелик сезими көкүрөгүн тээп маликени бооруна кысыптыр, башын салаптыр, эне гана перзентине айта алуучу ширин-ширин сөздөрүн айтыптыр. Кыз дале унчукпайт. Анан эне кыздын маңдайынан өөп, «башың таштан болсун, энеңдин берген көкүрөк сүтү ак болсун» деп бата кылганда кыз көздөрүн ачып, бет маңдайындагы мээримдүү аялдын бооруна башын жөлөптүр да, ооругандан кийинки биринчи сөзүн «апа, апаке» деп тигил аялга айтыптыр да, энеге оттуу көздөрү менен ырайым кыла тигилиптир.
Сөз кудуретине таң калгын падыша ошол күнү тилден калып, ал эми анын жаңыдан тил кирген кызы каргышка кабылган эненин үйүнө келин болуп аттаптыр…
Көрүңүз, биринчи учурда адамзат ойлоп тапкан бардык жазалардын эң оору – каргыш сөз экендиги; экинчи учурда тилден калган адамды дүйнөдө болгон бардык дары-дармектерди берсе да, падыша бүт байлыгын чачса да айыктыра албай, жалгыз гана эненин сөзүнөн айыккандыгы.
Бирөөгө жолугары менен эле аны карап туруп: «э, ыраңың неге азып кеткен», «арыктап калгансыңбы», «эмне, бир жериң ооруп жүрөбү» деп сурашкандар көп. Эч убакта андай дебеш керек. Сиздин тилиңиз аркылуу тигил бет келген кишинин көңүлүнө жаман нерселер өтөт, ал «чын эле мен ооруп аткан турбаймынбы», «чын эле мен арыктап аткан турбаймынбы» деп ойлойт да, андан бетер кыйналып, эми рухий ооруга кабылат.
Ооруп аткан адамды да айыктыруунун биринчи жолу – ага берилген дары-дармек эмес, ага дарыгердин жана жакын адамдардын айткан сөзү. Сөздү да абайлап орду-орду менен айтуу керек, ансыз тилдер аркылуу согуш куралдарынан да күчтүү уулар, өлүмгө алып барар коркунучтар өтөт.
Бир жолу Улукман Аким (Али Абу ибн Сина) көчөдөн өтүп баратып, алдыда бараткан кыздын тез-тез кан түкүрүп баратканын байкап калат да, ага кызыгып артынан түшөт. Кыз кыпкызыл түкүрүнүп бара берет. Анан бир дарбазадан үйүнө кирип кетет. Артынан табып да кирет. Үйдөн кыздын атасы чыгып, атактуу дарыгерди таанып, ызаат-урмат менен үйүнө киргизет. Сөз ортологондо Улукман Аким тигил үй ээсине анын кызы оору экенин, кан түкүрүнүп калганын, мындай тез-тез кан түкүрүнгөн адамды сакайтууга ылаажы жоктугун айтат. Бул кепти ары жакта аңдып турган кыз да угуп калат. Угары менен ал калтырап, титиреп, жыгылат жана ошол бойдон оңоло албай бу дүйнө менен кош айтышат…
Бир нече күндөр өтүп, кыздын атасы менен табып кайрадан учурашып калат.
— Таксыр, табып, кызым, айыкпас дартка чалдыкканын кандайча билип калдыңыз эле? – деп сурайт кыздын атасы.
— Кызыңыз көчөдө келатып тез-тез кан түкүргөнүн көрдүм эле, — дейт табып.
Бул сөздү угуп ата маңдайын ургулайт да, ыраң-башы купкуу болуп бир аздан кийин:
— Ээ, аттиң, эми билдим, ошол күнү кызым кыпкызыл шаатыт жеп жүрбөдү беле, оозунан түкүргөнү кан эмес ошол шаатыт шербети эмес беле! – деп башын чайкайт.
Ошенткенде Улукман Аким жаңылышканын түшүнөт жана маркум кыздын атасынын астына тизе бүгүп чөк түшүп кечирим сурайт:
— Сиз мага жана менден кийинки урпактарга чоң сабак бердиңиз. Бир сөз менен сопсоо адамды өлтүрүп салуу же ооруган кишини бутуна тургузуп жиберүүгө болорлугун көрсөттүңүз.
Мындай турмуштук окуялар эчен ирет болгондугун карыялар кеп арасында тынбай айтып келет.
Сөздөр жерге чачылган үрөн сыяктуу, алар акырындап өнүп чыгат. Андыктан да сөздү сүйлөштөн мурда ойлонуу керек, тил менен дилди бирге кармоо зарыл, бири экинчисинен алдыга кетпесин, тил дилиңде бышып жеткен сөздү гана сыртка чыгарсын, «Алдыга келгенди кепшөө айбандын иши, алдыга келгенди айтуу наадандын иши» дейт акын Алишер Навои, «Жети өлчөп, бир кес» дейт кыргыздар. «Тоону-ташты сел бузат, адамзатты сөз бузат», «Адам тилинен табат», «Тилден ок да чыгат, бок да чыгат», «Бир жолу калп айтса, түбөлүк калпычы атыгат», «Буттан чалынган турат, ооздон чалынган турбайт», «Жакшы сөз – суу, жаман сөз – уу» ж.б. макалдарды кыргыздар күнүмдүк турмушунда тарбиялык, таалим берүүчүлүк норма-эреже, жырым (кодекс) катары колдонгон.
Жакшы сөз таап, элдин тилин байыткандар ар убакта сый-урмат үстүндө болгон. Бир мисал: Күндөрдүн биринде Султан Хусейиндин сарайында чоң отуруш өтөт. Сөзгө сөз улашып отуруп падыша «Ат аягы менен суу ичсин» деген сөздү тапкандыгы үчүн Мир Алишерге эки миң теңге сыйлык бирилерин билдирет. Муну уккан падышанын жакын кишилери кызганып, эмне үчүн эле ушул Алишер сыйлык ала берет, биз да ушундай сөздөрдү табабыз деп чыгышат. Падыша маакул болот. Табышмак катары ал сөөмөйү менен башын көрсөтөт да жооп күтөт, вазирлер эч кимиси эч нерсе дей албайт, бир гана Мир Алишер ошол эле сөөмөйү менен тилин көрсөтөт.
Султан Хусейин Байгара тигил оозун ачып тургандарга кайрылат:
— Мен сөөмөйүм менен башымды көрсөттүм, Алишер болсо ага жооп кылып сөөмөйү менен тилин көрсөттү, ушулардын маанисин чечмелеп бергиле? — дейт.
Үч күнгө мөөнөт берилет. Үч күндө эч бири жообун таппайт. Анан алар Мир Алишерден мунун маанисин сурайт.
— Эгер ар бириң миң теңгенден берсеңер айтса, айтып беремин! – дейт Алишер Навои.
Алар кырк киши экен. Кырк миң теңгени санап берет. Алишер болсо бир ооз гана:
— Султан башка балээ кайдан келет деп сурады, мен болсо, башка балээ тилден келет деп айттым, — деп койду.
Анан алар чурулдашып, «мен таптым», «мен таптым» деп падышага барат. Падыша болсо «эгер жалган айтсаңар башыңарды алам» дегенде баары коркуп Алишер айтканын моюндарына алат.
— Мына, — дейт падыша Султан Хусейин, — мен Алишердин бир ооз сөзүнө эки миң теңге берсем, силер кырк миңди чогултуп берипсиңер.
Ушундай сөз билги кишилер ар дайым өкүмдарларды ээрчип жүргөн. Манас баатырдын акылчысы Бакай болсо, ошол эле кезде анын жанында чоро катары Ырамандын ырчы уулу жүргөн. Дал ошол сөз билген чечендер, ырчылар, төкмөлөр болгондугу үчүн алардын салтанаты бийик, бийлиги бекем болгон.
Бир уламышта мындай айтылат: Адилет жана акылдуу адамдын сулуу кызына эки периште-жигит ашык болуп калат. Кыз кимисин тандашын билбейт, анан шарт коёт: «Мен эл уулу боло турган адамга эне болушум керек, аны үчүн ошол уулуңарды кандайча тарбиялай турганыңарды билгим келет».
Биринчи периште айтат: «Мен ага илим үйрөтөм, башка тилдерди үйрөтүп, атын ааламга чыгарам». Экинчиси айтат: «Муундардан муундарга мурас катары кала турган негизги байлык – тил. Эне тил болсо, Атажурт болот. Элдин өмүр өлчөөсүн тил белгилейт. Дүйнөдөгү бардык сулуулук жана сыйкыруу бешик ырын угуу бактысы эне тили менен, максатымды билсеңиз керек. Мен уулумду тилибизге кыянат кылбастыкка, ыр, жомок, дастан айтып, мына ушул эне тилибиз үчүн жанын да аябастыкка үйрөтөмүн».
Биринчи периште экинчиси ушундай дегенде аны аябай шылдыңдап күлөт. Экөөнүн талашын тамам кылуу үчүн кыз аларды даанышманга алып жөнөйт. Даанышман булардын сөзүн угуп турат да: «Кыздын ою кимде экенин билбейм, бирок ата болуш артыкчылыгы экинчи – тил үйрөтүүчү периштеде» дейт.
Андыктан да ата-эненин эң улук да, эң бийик да парзы – балдарына эне тилин үйрөтүү. Тилге мамиле – элге мамиле, мекенге мамиле.
Дагы бир мамлекеттин падышасы өз увазирине дүйнөдөгү эң даамдуу эттен шишкебек кылып келтир дептир. Жигиттер даамдуу, кушкер этти издеп жер кезиптир. Падышанын көңүлүнө бирөө да маакул келбейт. Акыры айласы кеткен увазир башы катып отурса, кызы жакын келип «бир койду сойгун да, тилинен шишкебек кылып алып барып бериңиз, бир нерсе болсо, мен кепил дейт. Атасы маакул көрүп ошону алып барса, падыша даам татып, эми эң даамсыз, жаман эттен шишкебек кылып келүүгө буйрук берет. Кайра ошондой эт издеп кетет. Акыл дагы кыздан чыгат. Дагы ошондой кылып эле тилди алып бар дейт. Алып барат. Падышага туура келет. Ырасын угуп, кызды чакыртат да:
— Кызым неге сен даамдуу этке да, даамсыз этке да тилди айттың? – деп суроо узатат.
— Улуу таксыр, падышам, кишинин башына жакшылык да, жамандык да тилден келет эмеспи, — деп жооп берет ага акылдуу кыз.
Ошол тил бул даамдуу да, даамсыз да, жакшы да, жаман да сөздөрдү чыгарат, андыктан да аны тазалап, желдетип, жакшы сөздөрдү гана айта турган кылып көнүктүрүп барууга жаштайыбыздан үйрөнүп отурушубуз керек.
Бир тамсил-мораль. Күндөрдүн биринде Тиш туруп-туруп эле Тилди тиштеп койду. Жаны ооруган Тил ачууланып:
— Жөн эле турсам неге тиштейсиң!? — деди.
— Учуңдан бир аз үзүп таштабасам болбой калды!
— Андай кылганга күнөөм кайсы?
— Көрүнгөнгө ууңду чачып, баарын түйшүккө салдың! Учуңдан алып койсом, ууңду азыраак чыгарып, ширинирээк болуп калмаксың.
Ушул тамсилдегидей тил уусун ашыкча чачып ийгенде башмээ ага жардамга келип, өтүп баратканын сезип, тизгинди тартып турбаса, бу тил дегениң эмнелерди гана кылып, кимдерди гана согуштурбайт. «Жакшы сөз жыланды ийнинен, жаман сөз кылычты кынынан чыгарат».
Молдо Кылыч жазат:
Сөз бербеген жөө чечен,
Учуп жүргөн камгактай.
Пайдасы жок чечендик,
Чөп чыкпаган кургактай.
ТАРЫХКА, МУРАСТАРГА МАМИЛЕ
Мурда өткөндөрдүн өмүр кечирмелерин, турмуш жолун, калтырган мурастарын үйрөнүү, ошолордон үлгү алуу, алардын насаттарын пайдалануу – кийинки муундар үчүн өтө зарыл нерсе. Алдыга кетип аткан жолуңда сөзсүз артка бир кылчайып карап алуу зарыл, ошондо түз же кыйшык кетип баратканыңды сезип-туясың.
Мындан туура бир кылым мурда Осмонаалы Сыдык уулу жазган: «өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай дөөлөт (мамлекет) кандай балакеттерге кириптер болду, мына ошолордон бир-бирден кабар берет. Акмактардын акмактыгынан, жакшы адамдардын адилдигинен ыйбаратланат. Ошону менен бирге окуучуларга магрифат (илим-билим) пайда болот. Жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарых билүү керек. өтө этибарлуу бир илим.
Тарых билген адамдар оболкулардын алын көргөн шекилдүү билет. Бир кез орунда отуруп алып, нечен миң жашка чыккан адамдай билет. Кыскасы, замандын оболунан акырына чейин билет. Тарых окубаган кимди билсин? Тарых окуучу эр замандын оболунан ушул убакытка чейин билет жана дастан кылат».
Байыркы грек колбашчысы Искендер Зулкарнайин (Александр Македонский б.з.ч. 356-323-ж.) эки суу арасын – Огуз (Аму-Дарыя) жана Яксарт (Сыр-Дарыя) басып алганда эң алгач ошол жерлердеги элден үймө үй кыдырып китеп, колжазма жыйнаттырган дешет. Булардын арасында ошол кездин табияттаануу, коомтаануу, табыпчылык боюнча эрежелер жана тарыхый баяндар жазылган «Авесто» деген китеп да болгон экен. Ушулардын баарын өрттөтөт. «Авесто» тууралуу эң илим-билимдүү аалым Абу Райхан Беруний маалымат калтырат, ал китеп алтын суусу менен жалатылган, 12 миң кара мал терисине жазылган болчу деп. Отко бул да салынат. Эми ушундай жолго гректер эмне үчүн барды деп ойлойсуз? Жөн гана Искендер пааша мыкаачы, баскынчы болгон десек жаңылышабыз. Ал абдан билимдүү да болгон.
Дүйнөлүк илимдердин атасы Аристотелдин (б.з.ч. 384-322-ж.) ар тараптуу тарбиясын алган жигит китептин баркын кантип эле билбей калсын? Ал ошол китептер аркылуу бул жерликтердин идеясы атадан балага, кандан канга өтүп жатканын түшүнгөн жана ошол канды бууп коюу үчүн эң биринчи китептерди өрттөп, жок кылуу керек деп чечкен. Ал тиран падыша айтып атпайбы: «Бир элди түп тамырынан бери өзүңө бой сундуруу үчүн эң алды менен ошол элдин тарыхын жоготуу керек»деп. Ушундай, ушундай кылышат.
Европа тарыхына монгол-татар жапырыгы деп аталган улуу кыргын согушта Чыңгыз хан да барган жеринен китептерди алып кетип туруптур. Ошол басып алууда Отрардык китепканасын күйгүзгөн, Түркстандан миңдеген китептерди жүктөп өз жерлерине ташып кеткен.
Мындай мисалдар тарыхта толтура.
Тарыхый мурастарды кийинки муундарга калтырууда зирек, зээндүү адамдардын ролу баа жеткис болгон. Биздин «Манас» баштаган оозеки мурастарыбыз бир угуу менен кабыл алынып, муундан муундарга өткөзүлүп келүүдө. Кийин эле жашап өткөн Жеңижок, Барпы, Токтогул, Туяк сыяктуу элдик ырчылардын чыгармалары да өз ооздорунан эмес, куйма кулак, зирек адамдардын айтуусу боюнча жазылып калды, андайлар болбосо бул акындардын руханий байлыгы бир ырдалган бойдон желге сиңип набыт болмок.
Ислам дүйнөсүндө Имам Бухарийдин (Букарлык Имам) ысымы өзгөчө урмат менен айтылат. Анын «Ал жомеь ас-Сахих», «Ал-адаб ал-Муфрад» деген сыяктуу жыйырмадан ашык китептери мусулман дининдеги, деги эле адамзаттын өнүгүшүндөгү туура таалим-тарбия берүүчү эч бир казына менен алмашкыс байлыктар катары каралат.
Имам Бухарий менен Басра шаарында хадис сабагына бирге катышкан Хошид Ибн Исмоил мындай айтат: «Имам Бухарий биз менен бирге устаздын дарсын угат эле. Устаз насаат кылган хадистерди биз жазып алат элек, Бухарий болсо кулак түрүп гана отурат. Ушундай кылып канча күндөр өттү, арадан устаз он беш миң хадис айтты. Ошондо биз Бухарийге «Сен неге хадистерди жазбай жатасың» деп кайрылганыбызда, ал: «Силер жазып аткан хадистерди мен устаздын оозунан чыгары менен жаттап алып атамын», — деди да устаз айткан хадистердин баарын бир четинен айтып кирди. Ошондон кийин биз жазып алган хадистерден жаңылышкан жерлерибиздин салыштырып, оңдоп алчу болдук».
Шакирттин устазга берилгендиги, адамдын мүмкүнчүлүгү кандай экендигин карабайсызбы?
Дал ушул Имам Бухарий Мухаммед пайгамбардын хадистерин бизге жеткирүүдө эбегейсиз чоң роль ойнободубу. Азыр да араб өлкөлөрүнө барганда бизди – борборазиялыктарды Имам Бухарийдин жердештери деп өтө урмат кылышкандыктары ошондон. Демек, адамдардын тарыхый мурастарды кийинки муундарга жеткирүүдөгү ролу эч качан унутулбайт жана ал иши ар дайым урматталып турат.
Жусуп Баласагындын (Юсуф Хос Хожиб) «Кутадгу билиг» деген чыгармасы бар, аны кыргызча «Куттуу билим» деп которгонбуз, балким «Бакытка жеткирчү билим» десек болор беле, айтор, ошол китеп XI кылымда Кашкарда өкүмдарлык кылган Табгач-Богра Кара-Хакан-Абу Али Хасанга арнап жазылат жана ал жалаң таалим-тарбия берүү насааттарынан турат. Эмгектин ушундай баалуулугун эске алып аны жазган кишиге өкүмдар Хас Хажиб – улуу хандын чоң (башкы) кеңешчиси деген мансап-наам берет.
Тарых барактарында биздин аймактардыгы эң акыркы хандык болгон Кокондун ханы Кудаяр дагы хатибине-ишбашкаруучусуна өз хандыгынын тарыхын жазуу тапшырмасын берген экен, аны кыргыздашкан кыпчак уулу Зиябидин Максым ишке ашырып, 22 жыл бою негизги окуяларды кууп жазып отурган. Бул китеп да, анын автору да дайынсыз кетип, акыры кол жазма Ыстамбул шаарынан табылып, аны кыргыздын мекенчил жигиттери 2007-жылы китеп кылып чыгарып, элине тартуулады. Муну менен тарыхтын дагы бир белгисиз барактары ачылгандай болду.
Тарыхты билбей, тарыхый мурастарды аңдабай азыр не деген улутташтарыбыздан тирүүлөй айрылып турабыз. Бир жолу Казакстандын «Хабар» телеканалынын «Ой – көкпөр» көрсөтүүсүндө акын Мухтар Шаханов мындай бир мисал айтты: Бир абышкадан «Канча балаңыз бар?» деп сурашса, ал киши «Бир бүтүн, эки жарым балам бар» дептир. Көрсө тигил абышканын үч уулу бар экен, үчөө тең компьютердей мээлүү, акылдуу экен, бирок ошолордун бирөө гана ошол акылын улуттун руху үчүн пайдаланат экен да, берки экөөндө андай дарамет жок тура. Анын сыңары азыркы кыргыз зыялыларынан да ошондой «компьютер баштар» көбөйгөн сайын өткөн-кеткенди ойлогондор, аларды элдин ойлоосуна мажбур кылгандар азайып барат. Бул өтө эле өкүнүчтүү көрүнүш эмеспи…
Илим – курчап турган дүйнөдөгү мыйзамченемдүүлүктөрдүн коомдук аң-сезимде чагылдырылышы.
Илим коомдук тажрыйбалардагы талаптардан жана муктаждыктан пайда болуп, коомдук турмуштун материалдык прогресси менен бирге өз кезегинде коомдун өсүп-өнүгүшүнө көмөк берет.
Өнүгүүнүн ички мыйзамдарынын таасиринде Илим көп учурда коомдун талабынан озуп кетет. Бирок, ил. проблемаларды терең жана ар тараптан иштеп чыгуу ал жетишкендиктерди да колдонуу коомдо ага керектүү зарыл өбөлгөлөр жана шарттар түзүлгөндө гана мүмкүн болот.
Объективдүү чындык, материя кыймылынын бардык формалары, о. эле алардын коомдук аң-сезимде чагылуу формалары Илим предмети болуп эсептелет.
Илим билимдердин өзгөчөлүгү боюнча илимдер үч топко бөлүнөт:
1) табигый,
2) коомдук,
3) философиялык.
Табигый илимдер табияты, коомдук илимдер – коомду, филос. илимдер адамдын таанып-билүү иш-аракетин жана табияттын, коомдун жана ой жүгүртүүнүн бир кыйла жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдейт.
Илим мазмуну эмпирикалык материалдан (байкоодон, тажрыйбадан жана эксперименттен алынган фактылар) жана абстракттуу ой жүгүртүүдөн (гипотеза, жалпылоо, концепция, теория, закондор) турат.
Илим материалды изилдөөгө карата жалпы мамиле жана аны теориялык жактан талдап изилдөөнүн методологиясын түзөт.
Илим изилдөө конкреттүү, эмпирикалык материалды окуп үйрөнүүдөн аны жалпылоого, андан ары текшерүүгө, ачылган ил. чындыкты, теорияларды, закондорду практикада текшерип көрүүгө багытталат. Практика чындыктын критерийи болуп саналат. Эмпирикалык материалды, практиканы этибарга албоо жана абстракттуу ой жүгүртүүнү ашыра баалоо идеализмге алып келет. Ал эми абстракттуу ой жүгүртүүгө маани берилбесе, билим үстүртөн болуп, изилдөөчү И-деги кубулуштардын жана законченемдүүлүктөрдүн ички маңызын ачып бере албайт.
Илимдин максаты – жаратылыш менен коомдун обьективдүү закондорун таанып билүү, коомдук өндүрүштүн жана коомдук аң-сезимдин практикалык талаптарын канааттандыруу. Ушуга байланыштуу шарттуу түрдө илимди теориялык жана прикладдык деп бөлүшөт. Теориялык илимдер объективдүү дүйнөнүн законченемдүүлүктөрүн изилдейт (механика, физика, химия, биология ж. б.). Прикладдык илимдер түздөн-түз практиканын талаптарын тейлейт (машина куруу, хим. технология, жер иштетүү, медицина, экономика ж. б.).
Илим – болмуш (жаратылыш, адам, коом, ой) жөнүндө объективдүү жаңы билимдерди теориялык жактан системалаштырып, иштеп чыгууга багытталган илимпоздордун, алардын билимдери менен жөндөмдүүлүктөрүн, квалификациясы менен тажрыйбасын; илимий эмгектин бөлүнүшү менен кооперацияланышын; илимий мекемелердин эксперименталдык жана лабораториялык жабдууларынын бардык шарттары менен жагдайларын; илимий изилдөөнүн методдорун, түшүндүрмө аппаратын, илимий информациялардын системасын, ошондой эле өбөлгөсү да, каражаты да, илимий өндүрүштүн натыйжасы да боло алуучу даяр билимдердин жалпы суммасын камтыган ишмердиктин бир түрү; коомдук аң-сезимдин бир формасы. Илим тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө коомдун өндүргүч күчүнө айланат. Илимдин коомдук аң-сезимдин башка формалары (искусство, мораль) менен байланышы жана алардан принциптүү айырмасы да бар. Философия менен илимдин байланышы татаал, бирок бири-бирине таяныч. Философия Илимге методологиялык таяныч болот, Илимдин жетишкендиктерин философиялык жактан түшүндүрөт. Философия да Илим сыяктуу билимдерди теория түзүп, чыгарган тыянактарын логикалык жактан негиздейт жана далилдейт. Философиянын тарыхында Илимдерди классификациялоонун үзгүлтүксүз изденүү менен калыптанган өзүнчө салты бар. Илимди классификациялоо белгилүү принциптердин негизинде Илимдин өз ара байланышын жана логикалык ырааттуулукта жайгашуусун көрсөтүүгө багытталат.
Мухаммад алайхис-с-салам пайгамбарыбыздын хадистеринде айтылат: «Илим өнөрүн Чинден болсо да үйрөнгүлө!» Орто кылымдагы араб жеринде, азыркыдай унаа жок кезде бул сөздүн маанисин абайлап байкап көрүңүз. Чин (орусчасы Кытай) бул Арабия тамандагы жигиттер үчүн канчалык алыс жатат, кербен менен айлап-жылдап жүрүү керек. Бул мусурман дининде илим алууга чоң маани бергендик. Азыр ким жеринен алыс-алыс жакта, илим үйрөнүп, өнөр билип, журтун сагынып, саргайып жүрсө биз ошолорго ыраазы болушубуз керек. Алар пайгамбарыбыздын осуятын аткарып жүрөт. Биздин элди-журтту жаңы илим менен байытат. Хадистерде дагы мындай делинет: «Аалым (илим берүүчү бол), же болбосо илим үйрөнүүчү (алуучу) бол, же тыңдоочу бол, же болбосо илимге ышкы-ынтызарлуу бол. Бешинчиси болбо, жок болосуң». Демек ислам окуусунда ар бир адам илимге умтулушу керек, эң эле жок дегенде илим алып аткан адамды урматтоо зарыл. Илим үйрөтүп аткан адамды сыйлап, ал келатса жол бошотуңуз, алыстын чуркап барып учурашыңыз. Балаңыз, же тааныбаган эле кимдир бирөө чырак жарыгында илим үйрөнүп атса, анын айланасында периштелер учуп жүрөт деп ойлоңуз. Илим үйрөнүп атканга калакат бербеңиз, тоскоол кылбаңыз, акын Алыкул айткандай илим үйрөнүп аткан инсандын чырак жарыгындагы көлөкөсү бактылуу көлөкө. «Ар бир мусурманга окуп илим үйрөнүү парз», – деп бир хадисте айтылса, экинчисинде «Окуп илим үйрөнүү парз. Окуп үйрөнүлгөн илимге ар бир нерсе ыраазычылыгын билгизет, кала берсе деңиздеги балык да», – деп айтылып, үчүнчүсүндө: «Бир саат илим үйрөнүү таң атканча намаз окуп чыккандан өйдөдүр. Бир күн илим үйрөнүү үч ай орозо туткандан жакшыраактыр», -деген насааттар айтылат. Ислам дини илимди четке каккан, илимди өнүктүрбөгөн деген атеисттер муну окуса эмне деп айтар эле? Мусулманчылыкта илимге өзгөчө маани берген үчүн да ислам дүйнөсүндө улуу аалымдар чыккан. Европада башка диндер илим кишилерин өрттөп атканда, мусулман илими гүлдөп турган. Дүйнөлүк эң ири ачылыштар адегенде мусулман кишилери тарабынан ачылган, эң мыкты мемарчылыктагы шаарлар ошол өлкөлөрдө курулган, асман изилденген, бардык илимдердин негизги түзүлгөн. Муну европалыктар айтпай, жашырып гана келген. Давлат шах Самаркандий (аалым жана акын, 1435-36-жылдарда туулуп 1495-жылы каза болгон) атактуу астроном Мырза Улукбек жөнүндө мындай бир мисал келтирет. Ал дайыма ууга чыкканда кайсыл жерде кайсыл жаныбарга канча ок атканын, ошол окуя кайсыл жылы, кайсыл күнү, каерде болгонун жазып койчу тура. Бир жолу ошол жазганы жоголуп кетет, шакирттери канча издесе да таба алышпайт. Дептерди сактап жүргөн кызматкери сарсанаага батат. Падыша айтат: - Ошого кайгырбагылачы! Мен ошол дептерге жазылгандардын баарын баштан аяк жатка билем! – Ошентип катчыны чакыртып Улукбек дептердеги жазылгандардын баарын өзүндөй кылып кайра айтып бериптир. Илим адамдары мына ушундай улуктанат, баркталат. Алар жөнүндө муундардан муундарга сөз кетет. Илим түрү көп. А аны ылгай билүү керек. «Алла Талаадан пайдалуу илим сураң, бейпайда илимден арылышты тилең» деп айтылат хадистерде. Азыр эми илим үйрөнүп аткан жаштарды караш керек: эмнени, кантип, кандайча үйрөнүп жатат? Окугандын баары эле илим үйрөнбөйт, окуу жайга каттагандын баары эле илим дүйнөсүнө кирип аткан жок. Ошон үчүн пайдалуу илимди үйрөнүү зарыл. Аблетум пааша айтыптыр: «Перзентиңердин илими менен адебин силер өзүңөрдүн илимиңер жана адебиңер менен өлчөбөгүлө. Аларды кийинки мезгил үчүн даярдагыла. Анткени алар силердин ушул заманыңарга тиешелүү эмес, алар келечектики». Ырасында бул кепте калет жок. Биз илим-билимди өзүбүз менен ченебейли, ушул өзүбүз билген менен калтырып койбойлу. Илим алуу деген чексиз болот. Биз жол көрсөтөлү, жарык берели, а кийинкилер жолун таап алсын. Жер астына түшкөн кишиге чырак кармат, ал караңгыны жарытып, ары карап өзү бара берсин. Ошо сыңары биз соңкуларга чырак-илим башатын карматалы, а анын андан ары кетиши өзүнө байланыштуу. Түпкүрдү жарытып жүрө алабы, же коркуп кайра чыгабы, а анысы биздин карматкан чырагыбыздын күчүнө жараша болот. «Адамдардын жаманы – адамдар арасындагы жаман аалымдар» деп айтылат Мухаммед Пайгамбар насааттарында. Калппы, азыр эми илимпозмун деп бала окутумуш болуп аткан жалган илим кишилери көбөйдү. Бул динде да бар, динсиз мектепте да, университеттерде, илимпоздор чөйрөсүндө да бар, мына ушул бейкасиеттик бир чоң илдет катары ислам дининде дайым айыпталып келет. Өтө илимдүү болуп, ошол өзүндө топтогон билимин башкага бере албаган, бирөөгө өткөрүп бербеген да жаман нерсе. «Илим үйрөнүп аны эч кимге айтпаган адам байлык топтоп, аны сарптабаган бакыл кишиге окшойт», – деп айтылат хадистерде. Дагы бир жерде кимдир бирөө өзү билген нерсени бирөө сураса, а тигил билип туруп айтпай койсо, анда аны Алла Таала кыямат күнү тозок оту менен азаптантарын айтып кетет. Турмушта ушундай кишилер да бар: окуй берет, издей берет, илимди казып чыгат, а анын илимин же жазып калтырбаса, же шакирттерине өткөрүп бербесе, гөрүнө өзү менен кетсе, анын ошол кезээрип топтогон илим байлыгы – арамдыр. Илим – башкаларга жукканы менен илимдир. Демек илимди алуу эле эмес, аны берүү да чоң сооп, сактап жүрүү, башкаларга өткөрүү ыйык парз. Саади айтат: «Билимди алып, аны пайдаланбаган адам жерин айдап анан ага үрөн сеппеген дыйкандай», – деп. Ошол эле ойчул дагы бир жерде: «…пайда келтирбеген окумуштуу – жемиш бербеген даракка тете», – деген пикирин билдирет. Илим кишисин жемиш багына салыштыруу абдан туура, анын даамынан, мөмөсүнөн ар ким ооз тийет, эгер даамдуу болсо, кушкер болсо андан тамшанып жеп ырахматын аябай айтат, болбосо… Билимдүү элдин маданияты да, экономикасы да, ыйманы да жогору болот деп аткан бекерден эмес. Илим баарын жетектеп кетет. Илим менен ыйман эгиз нерселер, бирин бири толуктап турган көрүнүштөр. Ал адам акылына бир алынып, анан өтүп кетчү нерсе эмес, ал түбөлүктүү байлык. Бул байлыктын ээлери элге даамын таттырган мөмөлүү дарактар менен, жер чаңкоосун кандырган суу менен салыштырылат, анткени андан башкалар үзүр көрүп, жакшылыктын, актыктын, адамдыктын жолун үйрөнөт. Илим адамы башкаларга чыйыр салып бараткан жол баштоочудур. Эгер сен балаңдан жакшылык көрөм десең, бала-чакаң жакшы адам болсун десең билимдүү кыл, илим үйрөт, илим үйрөнүү менен ал мээнет кылууну, зиректикти, ак жашоону үйрөнөт, ыйман-ынсаптуу болот. Илим – биябан чөлдө дос, турмуш жолуңда – таяныч, жалгыздыкта – шерик, бактылуу учурда – жолдош, кайгылуу учурда – көңүл көтөрүүчү нерседир. Ким илимдүү болсо, ким илимдин артынан кууса, ал – бактылуу. Ислам динин, шарият жолдорун билиш үчүн да силерге илим керек, аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору дешкен. Алардан мураска алтын, акча, мал-мүлк калбайт, алардан да кымбат, деги эле баа жетпеген нерсе – илим калат. Илгертеден илимпоздорду падыша кылган, падышага кеңешчи кылган, увазир кылган. Ошол жерлерде, илимдүү өлкөлөрдө өсүш болгон. Ошол өлкөлөрдүн эли тынч жашаган, илимсиз өлкөлөрдө караниет иштер көп болуп, өзүнчө чоң өлкөлөр кыйроого кабылган. Ырыс, илим алыш машакаттуу, анын чеги жок, ошого коркпой киришкенде гана майнап чыгара аласың. Абдырахман Жамий жазат: Илим бардык өнөрдүн таажысы – баасыз, Илим бардык кулуптун ачкычы – бийик. Башка бардык иштен колуңду бошот да, Илим алууга күчүңдү чакта. Устаз, мугалимсиз калган мезгил, Наадандык басты дегин жерди. Ал эми Рудакинин мындай бейти бар: Ким эгер турмуштан албаса таалим, Аны үйрөтө албайт эч бир маалим. Бабабыз Жусуп Баласагын илим-билим алуунун маанисин өтө жогору баалап, бир нече бейттерин жазып калтырган: Билим берди – адамзат улуу болду, Окуу менен көп ачты сырдуу жолду. Кудайым акыл, билим кимге берсе, Ак жолун ачып турар миң-сан эсе. Билим менен эмгек ишти бүткөрөт, Илим бекти муратына жеткирет. Билимдүүгө окуу кийим, аш болот, Билимсиздер ушак менен дос болот. Сусанийлер дөөлөтүнүн абдан билимдүү увазири Бузуржмехрден Чыгыш элдерине аябай эле көп акыл сөздөр калган. Анын биринде мынтип айтат: «Устатымдан жаш кезде нелерди аткаруу керек да, карыганда эмне кылуу керек деп сурасам, устатым айтат – жаш кезде илим-өнөр үйрөн, а карыганда аны ишке ашырып үзүрүн көр деп». Ушунун сыңары жаштык илим үйрөнчү чак. Ошол чакта илимди канчалык үйрөнсөң, карыганда анын үзүрүн ошончо көрөсүң. Абу Хамит Газзалий (1058-1111-жылдарда Иранда жашаган) жазат: «Падышанын кудурети эмнеде?» деп Бузуржмехрден сурашыптыр. – Падышанын кудурети беш нерседе, – дептир ал. Биринчиси – ынсаптуу болуш; экинчиси – душмандан ар убак сезгенип, алдын ала билип туруш; үчүнчүсү – аалымдар менен ардактуу кишилердин зоболосун зор кылып туруу; төртүнчүсү – эл-журтту жакшы тутуу; бешинчиси – букаранын ал-акыбалынан кабар алып туруу». Илимди ак ниет менен үйрөнүү керек. Хадистердин дагы бир сабагы кимде ким адамдарга мактаныш үчүн, же наадандар менен талашып-тартышуу үчүн, болбосо адамдардын дилин өзүнө тартуу үчүн гана илим алган пенделердин тозокко кабыларын насааттайт. Бул дүйнө пайгамбарлардын осуяты боюнча төрт нерсе менен көркүнө чыгып, улуктанат: биринчиси – аалымдардын алган илим-билими; экинчиси – бийликтин адилеттиги; үчүнчүсү – адамдардын эмгеги, мээнети, өнөр-кесиби; төртүнчүсү – колунда бар кишилердин ырайымдуулугу, кайрымдуулугу. Кыргыздар айтат: «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деп, казактар: «Билимди бешиктен тешикке чейин изде» дейт, түрктөрдө айтылат: «Бир мектеп ачканың, жүз түрмө жапканың». Пайгамбар насааттайт: «Бешиктен кабырга чейин илим изде». Ушундай, урматтуу окурманым! ХХ кылым башында Уфа (Эфе) шаарында 1906-жылы «Галия» (арабдын «гали» – жогорку деген сөзүнөн алынган) медресеси негизделет. Аны ачуу үчүн ошол жердеги мусулман адамдары – колунда бар байлар акча, мал-мүлк, кыш ж.б. нерселерин ортолуктан чыгарышат, бул окуу жайы «Медресе-и-Алийе» деп да айтылган. Бул жерге бүткүл мусулман өлкөлөрдөн талабалар тартылган, ошол окуужайы ислам дини менен гана чектелип калбасын деп, физика, химия, география, тарых, адабият, чет тилдери, музыка, психология, кала берсе физкультура да окутулган. Ушул биздин Кемин, Ысык-Көл, Ош тараптан да бир топ жигиттер барып ошол жерден окуп келген, алардын окушу үчүн кыргыз байлары, манаптары атайын жол каражат менен камсыздап, акча-алтын берип, өзгөчө шарт түзүшкөн. XIX кылымдын 80-жылдарында Ош шаарында Иса датканын, Алымбек датканын, Калмырзанын медреселери болгон, алардын ичинде Алымбек датканын медресесинде 70 бала окуган. Ал окуу жайы 1850-жылдардан кийин Совет бийлиги орногонго чейин иштеген, демек ошол медресеге берүү үчүн балдарын өтө көп адамдар даярдашкан, алардын талабаларын сыйлашкан, окугандардын калк арасында кадыры зор болгон, аларды балдарына үлгү туткан. Ошол Алымбек датканын Кокондо да – хан ордодо медресеси болуптур. Ушундай окуу жайларын Касымаалы ажы, Сооронбай уулу Дүр, Шабдан Жантай уулу да Чүй өрөөнүнүн ар кайсыл жерлеринде ачкан. 1910-жылдан баштап Ноокат кыштагындагы 5-6 киши Ош почтосунан жазылган гезиттерин алып турган экен, финляндиялык жеркезер (кийин президент болгон) Карл Густаф Маннергейм 1906-жылы Алымбек датканын уулу Асанбектин боз үйүндө куржунда көп китептер болгонун эскерген, Көлдүн Тескейиндеги Талып Молдо, Алдаш Молдолор да Казань, Уфа шаарынан басылган китептерди алып турушкан, Тоголок Молдо болсо орус, казак жазуучуларынын чыгармаларына окшотуп чыгармаларын жазган, тарыхчы Осмонаалы Сыдыков Букарадан, анан Ооганстандын билим алып, абдан көп тарых китептерин окуп чыгып, өзү да кыргыздардын тарыхын жазып чыккан, ноокаттык Молдо Зиябиддин болсо Кокон хандыгынын жылнаамасын кагазга түшүрүп турган, Самарканддан медресени бүткөн кеминдик Самүдүн Шабданов 1916-жылы Үркүндө китептерин эки арча сандыкка салып барып, Чоң-Кемин өрөөнүнүн бир жерине көмгөн экен. Орусия менен алака жакшы боло электе көп кыргыздар Кашкарга, Багдадга, Букарага, Ооганстанга, Самарканга, Наманганга барып илим үйрөнүп келишкен. Алардын көбү өмүр бою илим артынан түшүп, а түгүл ошол жакта өлүм да табышкан. Бирок совет жылдарында биз буларды илимдүү адамдар болгон деп айта албай келдик… Ризоуддин ибн Фахриддин аттуу аалым жазган: «Ар бир адамдын, ар бир элдин таалайлуу болушуна негизги себеп – илим. Эгинзар үчүн жамгыр жана сугат кандай зарыл болсо, адам баласы үчүн илим дагы дал ошондой даражада зарыл жана керек. Балдарын билимдүү, адептүү кылып өстүрүү – ата-эненин ыйык милдети». Абуязид мындай насааттаган: «Акылдуулар жана даанышмандар менен сукбатташ болуң, илимиңиз канчалык көп болсо да, өзүңүздү илимсизмин деп эсептеп, дагы да илим үйрөнүүгө киришиң. Мал-мүлкүңүз менен эмес, илим, өнөрүңүз, жакшы жүрүш-турушуңуз менен сыймыктанасыз». Хадистерде «Илим – ибадаттан өйдө жана диндин устуну» делет. Калетсиз кеп да.
БИРӨӨНҮН АКЫНА МАМИЛЕ
Суйуктуу Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) кызы Фатима энебиз ааламдан откондон кийин ,куйоосу Алинин (Р.А) тушуно кирет .Тушундо Фатима энебиз куйоосуно уйдун бир бурчун айтып ''дубалында ийне сайылып турат ,кошунаныкы болчу ,ошону кайтарып бер ,мен ошол ийне учун жооп бералбай жатам ''дептир.Пайгамбарыбыздай улуу инсандын кызы бир ийне учун жооп бералбай кыйналса биз кантебиз ??? Бироонун акын жегенден сактаналы урматтуу мусулман бир тууганым.Аллах Таалам билип билбей кылган куноолорубузду кечирсин... Бироонун акысын жебе !! Кайран кыргыз уй-було,ата-эне багуу максатында,айласыздан туулуп-оскон айылын ,шаарын таштап ботон эл,ботон жерлерге барып иштоого мажбур.Айрыкча баарыбызга белгилуу болгондой копчулук Россия,Казахстан мамлекеттеринде эмгектенип журушот. Ата-Мекендин кадырын алыс жактарга чыкпаган адам билбейт,айтайын дегеним ар бир алыста жургон адам Ата-Мекенин,ата-энесин, бир туугандарын,бала-чакасын сагынып куса болуп аран журот.Кайсыл жерде журсо койгой жетиштуу;квартира акысын толоо,документ жасоо,жол-кире,тамак-аш маселеси ж.б.у.с . Эми ушунун баары аз келгенсип ортомчулар(посредник) жумуш таап беришип,сон байкуштарды сыздатып,акчанын баарын эсептешип алып качып кетишет.Кызык ! качып кайда барасын?Айланып Кыргызстанга барасын же оз мекенине бара албай кор болуп ботон олкодо кун коросун.Ушундай жашоону озун тандап алгансын ,ал эми Олум келип калса ушинтип жургондо акыбалын эмне болот? Ойлончу?! Карызы бар адам Шейит болуп олсо да карызынан илинип калат.Шейиттин даражасын билесинби? Ал Бейишке сураксыз кируучу, бирок Шейит да карыздын себебинен бир топ убакытка кармалат ,Аллаh чечим чыгарганга чейин.А сенчи?Бир жагынан карызсын,карыз болгондо да адамдар сага карызга берген эмес, Озун эле бироонун акысын алып качып кеткенсин,нары жалганчысын.Билесинби жалганчылар жонундо Пайгамбарыбыз(соллаллооhу ьалайhи ва саллам)эмне деген? Билгендерден бир сурап алгын,балким ойлоноорсун. Шейит барган кабырга (корго) сен да барасын,бирок....сага кандай мамиле болот деп ойлойсун??? Пайгамбарыбыз (соллаллооhу ьалайhи ва саллам) Хадистин маанисинде:"жумушчунун акысын анын тери кургай электе бергиле"- деген.Сен билесинби сен ортомчу болуп иштеткен адамдар кандай тагдыр менен Мекенин таштап иштегени келип калган? Кайдан билмек элен ,эгерде билгенинде балким сен ушул ишти кылмак эмессин.Ар кандай тагдыр бар.Мисалы:бироо бар келинчеги кайтыш болуп калган жаш балдарын жалдыратып бир тууганынын уйуно таштап келген, аларды ойлосо журогу сыздайт,алардын тамагына бир аз акча салайын деп, салалбады.Кайдан салат байкуш -ал сенин колунда иштечу.Балдардын убалы кимге деп ойлойсун??? Сенден келип айлыгын сурачу,а сенчи ар кайсы шылтоону айтып байкушту жолго салчу элен.Курган эмне кылаарын билбей жаздыкка башын коюп алып ыйлагандыр.Ал сен жеген тамакты кайдан жесин,сен кийгенди кайдан кийсин...... Дагы бироо энеси оорулуу эле. Операцияга акча табайын деп барган эле,бул да сенин колуна тушкон. Акчасын бербей сен качып кеткенде; Операцияга акча жок болгондуктан,оз убагында Операция кылынбай байкуш эне баласын бир жыттоого зар болуп бул дуйно менен кош айтышып кете берди.А баласы алыста энесин тируу коро албай калды. ....Аттин Арман!!!! Канчалаган адамдарды туйшукко салдын.Ата-энен билбейт,иштери жакшы деп суйунуп журушот. Ата-энене,балдарына арам жедирдин . Сенден зыян коргондун баары эми эмне кылышат деп ойлойсун????Албетте куну-туну сени каргайт .Урпагын менен тукум курут бол,ылайым онбогун деп.Эми каргышты алдын жакшы болобуу же...? Кайра артка кайрылсак,Кээ бирлери акчаны билдирбей алып алышып,бербей жатат акчаны, мен деле сен сыяктуу кыйналып жатам, мага да зарыл эле деп жооткотот.Зарыл болгон себептен кайра барып сурасан:"бербесе эмне кылайын?"-деп кыйкырат.Сага айтайынбы бербесе эмне кыласын.???? Колундан келбесе ортомчу болбо!!! Акчаны алып бере албасан кайсы арына ортомчу болуп журосун.? Кыскасы ортомчулук кылуу оной эмес кантип ортомчу болом деп,ортомчулуктун окумун биринчи аалымдардан сурап ал.А корокчо Тообо кылып кал куноолоруно окунуп.. Созумдун аягында Урматтуу эже-карындаштар,агалар-инилер балдарыздарга туура динден тарбия бериниз .Кудай сактасын сиздин балдарыныздан ушундай алдамчылар чыгып калып сизди арам,бироонун акысы менен багып журбосун..... Аллаhты таанытып,динде тарбиялап койсонуз ал балдар, ал кыздар сизди эч качан уят кылышпайт.Бул дуйнодо да ,акыретте да.....