Сабактын темасы :Жаратылышты коргойлучу замандаш .
Сабактын максаты : Окуучуларды жаратылышты коргоого тарбиялоо.Жаратылыштын баркын билууго уйротуу .Жаратылыш , анын байлыктары жонудо эссе , дилбаян жазууга конуктуруу .
Сабактн жабдылышы :Жаратылыштын ар турдуу суроттору ,
Сабактын журушу : Мугалим булл сабакта окуучуларга жаратылышты коргоо жонундо дилбаян ,эссе ,ыр жаздырса болот . Жазган дилбаянын жыйнак кылып , айрымдарын класста окутуп талкуулатат . Томондо окуучулар жазган дилбаяндарды сунуштайбыз :
Табиятты сактайлычы замандаш !
Туулуп оскон кичи мекенимди сагындым .Мен эс тартканда ата-энемдин жумушу менен шаарга келип жашап калдык . Ызы –чууга толгон конулсуз шаардан да кез кезде тажап кетем. Шаардын сыртына ,таза абага чыгып дем алгым келет. Мына азыр да эс алууга айылга баратам.
Биздин айыл Тогуз жолдун тоомунан орун алган,тобосундо бейиштин оту жанган ,канн жолдун боюндагы айыл. Айылдын жогору жагында айтылуу Отуз Адыр каналы агып отот. Каналды бойлоп шамалга ун салып шуудурашка камыштар байыр алышкан. Канал, камыштар айылга корк берип турат. Суу мол болгондуктан айылдын ажарын бой тиреген бийик теректер ,ар бир уйдун алдындагы жапжашыл бактар ачып турат. Мына ушулардын баарына суктанып ,айылымдын кооздугу менен дагы бир жолу сыймыктанып алдым.
Азырчы алардын бири да жок .Бир нече алыстыкта созулуп жаткан токойдон дайын жок . Куну кетип ар жерде соксоюп оскон бирин серин гана жаш чырпыктар турат. Ыйлагым келип кетти. Токойду жок кылган айылдаштарымды каргап жибердим. Менин бактылуу балалыгымды бирге откоргон кара жыгачтардын думуру да калбаптыр . Жада калса депо тунга деп думурун да казып кетишиптир .
Эсимде мен 2-класста окуп жатканымда айылыбыздан бир киши кайтыш болду .Озу жаш ,4 баласы бар эле . Жакшы эле журуп ,капыстан ооруп жыгылып ,коп отпой каза болду. Кийин адамдар айтып журушту .Ал ошол кара жыгачтардын каарына калыптыр . Алардын да ээси бар экен. Ал бак даракты аесуз кыйып ,майда майда кылып кыркып короосун толтуруп жыйып алган экен. Табиятка кордук корсоткону учун ал отундар, кара ашына буйруган экен. Андан бери кооп убакыт отуптур . Бирок айылдаштарыма сабак болбоптур. Тескеринче аны жагып тугтушкон го . майрамдарда кызыл тазыл кийинип алып ,кара жыгач токоюна экскурсияга чыкчыбыз .кундун аптабында эс алчубуз.
Табиятты айрыкча токойлорду сактайлычы !Бак дарактарды аеосуз кеспейличи. Ойлонолучу! Токойлор жердин корку.Адам баласына абаны тазалап берчу негизги механизм болуп саналат .Ошондуктан томондогудой ыр саптары менен кайрылат элем.
Тазалап берет адамдар учун абаны
Токойдун кантти бугунку кундо абалы
Эртенкисин келечегин ойлобой
Ураан болду адамдарга «Отун кылып жагалы ».
Кеспечи досум кыйраттуучу болбочу
Узун омур суроорунду ойлочу
Табият корку жашоого берет каниет
Булундурбой белсеип анны коргочу!
Бышыктоо:
Жыйынтыктоо:
Уйго тапшырма:
Сабактын темасы: Эмгекчил сарамжал ,мээнеткеч адамдар коомдун туркугу.
Сабактын максаты:Эмгекчил ,сарамжал ,мээнеткеч адамдар экономикалык байлык жаратуучулар экендиги бугун алардын катарына бизнесчилер ,ишкерлер тобунун кошулган.Алардын жараткан аракетинин натыйжасында эл жумуш орундары менен жардам куткон социалдык катмарлар,пенсия,стипендия ,айлык менен камсыз болуп жаткандыгы айтылып жогорудагыдай жакшы саппаттарды жаштарда калыптандыруу жонундо соз болот.
Сабактын жабдылышы. Адеп китеби ,ак барак,тусстуу карандаштар,дидактикалык таркатмалар.
Сабактын журушу:
«Ак эмгектин наны таттуу,жалкоонун жаны таттуу»
« Жаралган эмгектен ,жарышып иштеп турунуп »
«Адамды адам кылган ак эмгеги », « Адам кааласа таштан суу,такырдан гул чыгарат», « Кумкуш терди токпосон ,алтын данды алалбайсын», « Адал эмгек абийр таптырат ,арам эмгек азабын тартырат» , « Акылындан адашсан ,ак эмгек менен даарылан » , «Оноорлуу олбойт », конул буруп окуп коргулочу ,бабаларыбыздын соз берметтерин мыскалдап жыйнап ,аларда камтылган Ата конушка агынан жарылып агылган адал мээнеттин ыйыктыгын ,ак жашоого умтулган адеп –ахлак улуктугу ,корком касиеттин туболуктуулугун айгинелейт .
Биздин ата бабалар туулган кундон эле жер устундо тиричилик откоруу учун тынымсыз эмгек талап кылынарын баамдашып ; “ Доолотуно ишенбе ,мээнетине ишен » , «Эмгекти аркасынан чуркасан энсегенине жетесин, эркеликтин аркасынан чуркасан оз ырыскынды озун кесесин », « Аары чакса ачууланба ,айда кундо бал жейсин » , « Алгын келсе тушум алдын ала кутун ». « Адамды адам кылган - эмгек », -деген сыяктуу накыл создорду муундан муунга мурасташкан . Ал эми дыйканчылыктанбы ,же мал чарбачылыгында болобу, копчулук чогулуп ашар ыкмасы менен эмгектенген жерлерде иштин козун билбеген жалко ,жанбактылардын кылык- жоруктары коз жаздымда калбай, эл чогулган тойтамашаларда айтылып копчулуктун талкуусуна салынган.
Эмгекчил болсон эл керегине жараарын талашсыз. Агынан жарылган мээнет талбас эмгек сени дени сак сарамжал коом учун пайда келтире турган инсан кылып жаратары чындык .Адам баласынын жашоосунда экономикалык байлык дагы чон рол ойнойт. Анкени адам кунумдук жашоосунда тамак ашка ,кийим кечеге муктаж .А алар кайдан кантип пайда болот . Албетте аларды инсан жаратат.
Бугунку кундогу Кыргызстандын экономикалык абалына саресеп салып карай турган болсок бир топ жетишкендиктерге кубо болобуз. Эгекчил ,мээнеткеч адамды жашоо шартын жакшырышына оболго тузуп жатышат . Алардын катарына бизнесчилерди ,жеке ишкерлер тобун кошууга болот.Оздорунун тынымсыз аракетинин натыйжасында элди жумуш орундар менен камсыз кылышып жакырчылык турмуштан чыгууга салым кошуп келишуудо. Эгер коомубузда ушундай ишкерлер ,дыйкандар мамлекетин казынасына каражат тушуро турган азаматтатуулдарыбыз коп . болсо пенсия ,стипендия ,жолок пул ,айлык акыларыбыз оз убагында берилип жашоо шартыбыз кыйла денгээлге которулмок .
Урматтуу жаш жеткинчек сен да эл керегине жараган мээнеткеч сарамжал инсан бол .Сарамжалдуулук -бул тапкан кирешенди ысырапкерчилике учуратпай уномдоп пайдалануу болуп эсептелет эмеспи .Эч качан жалкоолук менен жолдош болбо . Эл оозунда айтылып жургон жалкоолук жонундо жомокторду окуп коруп озун жыйынтык чыгар.
Бышыктоо :
Жыйынтыктоо:
Уйго тапшырма:
Сабактын темасы : Мекенди коргоо ыйык милдет.
Сабактын максаты: Окуучулардын Ата Мекенге болгон суйуусун козгоо.
Эр жигиттерди аскерден качпоого ,оз журтун коргоого ,даяр болууга тарбиялоо. Атуулдук сезимин ойготуу.
Сабактын жабдылышы : Керектуу адабияттар, таркатмалар.
Сабактын журушу : Кыргыз армиясы ,мурдагы союздук республикалардагыдай эле ,жаш армия .Бутундой олкодогу абал сыяктуу эле кыргыз армиясынын да азырынча чама чаркы чакталуу . Адистер тура баамдашкандай салыштыра келгенде эзелтен кучтуу армиясы менен таанылган чон империяларды мындай кой ,сонку кездери бутуна туруп алган олколордун армиясындагы дээнгелге жетип алуу учун кыргыз армиясы кыйла реформаларга , каражатка ,убакытка муктаж .Чынында армияда озгоруулор байкалып барган сайын бир кадамдан алдыга карай жылыштар болгону менен абдан тездик менен озгоруп аткан дуйно 3-4 кадам дагы алдыга жылып кетип жеткирбей барат .Ошентсе да адистер кыргыз армиясы учурдун койгойу катары буткул дуйнонун коопсуздугуна булук салып турган терорчулук ,экстремизм сыяктуу коркунучтарга такаат бере алаарына ишенишет . Анын устуно ,Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюму, Жамаатык коопсуздук келишим уюуму сыяктуу уюмдардардын алкагында аскердик кызматташууларды тынымсыз жургузуп келет .
Аскердик кызмат кадыр баркын жоготтубу ?
Жашы жетип калган уландардын аскерден жаа бою качуусуна ,кала берсе ,кызмат отобоо учун ар кандай иштерге баруусуна бир канча себеп бар. Алардын эн негизгиси –аскердеги « Дедовщинанын » коптугу. Мынлай абалга тушукпаш учун ,аскер жашындагы уландардын кобу кызмат отоодон кутулуунун жолдорун издей башташат .Ошентип, аскерден калуунун жолдору изделип атып текшеруудон откон озунчо эле бир армиядан калуунун жолдорун уйроткон окуулук чыкчудай болгон турдуу ыкмалар чыга келди . алардын бир дары жогорку окуу жайларга тапшыруу менен аскердик кызматтан бошотулса ,окууга отпой калгандары кийинки ыкмаларга отушту . Айрымдары шашылыш уйлонуп балалуу болгонго ашыгышат. Анкени жубайы жаш баласы барлар аскерге алынбайт .Эгер биринчисинен кийин удаасы менен дагы балалуу боло турган болсо биротоло аскердик кызматтан бошотулат .Кыйласы башын оорутпай дароо эле аскер комиссариятынын жетекчисине же бул тармакта иштеген тааныш билишине жен алдынан акча бере коюшат. Оз кезегинде алар аскерге чакырылуучу уланды альтернативдик негизде кызматка калтырып аскердик куболук алып беришет .Ушул сыяктуу коррупциялык иштер аскердик тармактын алдыга жылышына чон кедерги болуп жатканы да айтылып келет.
Армиянын жашоо шартына да кызмат отоп келгендердин кыйласынын ичи чыкпайт. Бул жагдайда да жаштардын аскерге баруу ниетин тизгиндеп турат. Акыркы кездерде армиядагы жашоо шарт жакшырып калганы айтылганы менен далее болсо коррупциялык элементердин бар экендиги аскерлердин тамак аштары тугол бойдон жетпей жолдо кыйласы жок , ас келгенсип ,курал кармаганды уйронбой эле талаада кетмен чабууга мажбур болгон учурлары кездешери айлып журот.
Бышыктоо:
Жыйынтыктоо:
Уйго тапшыра беру:
Сабактын темасы :Нооруз -жанылыктын майрамы .
Сабактын максаты :Окуучуларга нооруз майрамынын манызын тушундуруу .Нооруз – жалпы мусулман элинин майрамы экендигин жеткируу . Бул майрамдын башка майрамдардан озгочолугун ачып корсотуу .Балдарды ата –салтын сыйлоого ,урматтоого тарбиялоо .
Сабактын жабдылышы :Жаныдан баш багып чыккан чоптордун ,гулдордун айрым турлорунон жасалган панарома , сумолок тамагы ж.б.
Сабактын журушу :
Мугалимдин созу : «Нооруз » майрамы мусулман олколорундо жаны жыл майрамы катарында кенири белгиленип келет. « Нооруз » деген соз иран тилинен алынган, « навруз » ( нав- жаны , руз- кун) « жаны кун» деген маанини билдирет. Кыргызстанда булл майрам 21-март куну белгиленет. Дал ушул куну жылдар тогошот. Элибизге кенири белгилуу болгон мучол суруу эсеби да дал ошол кунго туш келет . Бул куну апта таразага жетип ,кун менен тундун сааттык олчому бирдей болот.Апта таразага жеткенден тартып жер бетинде жаны кун жаны тирилик уланат ,табият таттуу уйкусунан ойгонуп осумдуктор бак дарактар бучур байлай башташат.
Бул мезгил 22-мартан 21 апрелге чейин аралыкты камтыйт. Илгери нооруз куну кош огузго соко кошуп ,жер бетине алгачкы борозду салышчу. Бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектерине топурак урондук буудайдан кочуштап чачышып , жаз майрамына ,токчулук молчулукка , ырысуыга байланыштуу ырларды ырдашкан.Ар бир уй було сый тамак жасап жаш кары дебей бары чогулуп улуттук оюндарды ойношкон.
Кыргызда эски жыл аяктап эртен жаны жыл деген куну откорулуучу салты «жыл ажыраш » деп аталган . Ал «эски жыл ажырады ,жаны жыл жалгады » деген мааниде айтылган .Бул маалда кыргыздар арча, чекенде , адырашман куйгузуп уй булону , малды жана уйлордун ичин аласташкан , ошондой эле жанырган жылда мал –жандын , эл-журттун аман –эсен ,тынч ,кырсыктан тышкары жана эгиндин берекелуу болушун тилеп кудайга жалынышкан .
Арпадан ,буудайдан кожо жасап , сумолок кайнатып ,анны уй-було мучолору,айыл-ападагылар менен чогуу ичишкен. «Нооруз » токчулуктун ,берекенин ,ырыскынын тилеги катары белгиленген.Майрам 6 кунго созулган . Анын ичинен 5 кунун жалпы эл майрамдаган . Бул кундору кун сайын ак шумкар учурушкан .Майрамды баштоо учун жаны сут ичишип , жаны нан , жаны сыр жешкен .Атайын жети даамдан турган 3 дасторкон жазышкан .Ар бир адам абалына , кызматына карабай , экинчи адамга , анын табитине жана каалоосуна жараша , белек берген .Эмнени кааласа ошону алып берууго милдеттуу болгон .
Бышыктоо:
Жыйынтыктоо:
Уйго тапшырма беруу: