Датасы:______________ 1-2-группа
Датасы: ______________ 3-4-группа
Датасы: ______________ 5-группа
Датасы: ______________ 6-группа
Сабактын темасы: Тармактуу жана циклдик программаны уюштуруу
Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,
билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк- Окуучулар паскаль тили жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
Өнүктүрүүчүлүк- мисалдарды аткаруу менен паскаль тилинин кызматчы сөздөрүнө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, Информатика жана эсептөөчү техниканын негиздери Фрунзе 1988 Программирование автор Аманжолова С. Бишкек 2008
Жабдылыштар: доска, маркер
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,
Сабактын формасы: лекция сабагы
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили, математика
Сабактын планы:
Уюштуруучулук.
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө
Бүгүнкү сабакта биз
Өткөн теманы кайталоо;
Жаны тема
Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
| Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
| Репродуктивдүү | Паскаль тилин билишет | Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар паскаль тилинде мисалдарды жазууну үйрөнүшөт |
| Продуктивдүү | Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү аткарышат | Окуучулар бири-биринен теманы үйрөнүшөт, талкуулайт | Паскаль тилинин кызматчы сөздөрүн билишет |
| Креативдүү | Окуучулар алгоритм түзүүнү үйрөнүшөт. | Окуучулар бири-биринен үйрөнүп алгоритм түзүшөт | Окуучулар өз алдынча программа түзө алышат |
Билимин актуалдаштыруу:
Алгоритм деген эмне?
Алгоритмдин кандай түрлөрү бар?
Алгоритмдин кандай жолдор менен баяндап жазабыз?
Блок-схема деген эмне?
Алгоритм тилинин кандай кызматчы сөздөрү бар?
Жаны тема:
Составында шартты камтып турган программа тармактуу программа деп аталат.
Паскаль программалоо тилинде тармактуу программаны шарттуу оператордун жардамы менен уюштурабыз.
Шартту оператор, өзү айтып тургандай эле маселени аткарууда шартты камтыса ошол шартты аткаруучу оператор. Шарттуу оператор (тармактуу программа) төмөнкү үч кызматчы сөз менен баяндалып жазылат.
If (Эгерде) then (анда) else (антпесе) деп которулат
Бул демек, шарттуу алгоритмди блок схема түрүндө баяндап көрсөттүк, эми ушул шартуу алгоритмдин блок-схемасына таянып, паскаль тилиндеги программасын түзүп көрөлү
Мына ушул программаны иштетип көрөлү э.
8 санын киргизип ЭНТЕРди баса турган болсок бизге программаны иштетип, жообун 5 тен чон сан деп чыгарып берет
Шондой эле 5 тен кичине сан киргизсек 5 тен кичине же 5 ке барабар деп чыгарып берет
Видео сабактан темага байланыштуу паскаль тилинде шарттуу программа түзүүнүн жолдорун видеодон көрүшөт. Мисалдарды келтирип, программа түзүүнү видеодон кенири үйрөнүшөт.
Бышыктоо: Практикадан Pascal ABC программалоо тилинде эки сандын чонун табуунун программасын түзүшөт.
program chon;
var a,b:integer;
max:real;
begin
write('kaalagan san kirgiz');
readln(a,b);
if ab then max:=a
else max:=b;
write('max=',max);
end.
а=45 b=56 max=56
2-мисал:
мисалды чыгаруунун программасын түзгүлө
Үйгө тапшырма: у
у тин маанисин табуунун программасын түзүп келүү.
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу
суроолорду берүүсүнө, практикалык ишти аткаруусуна жараша оозеки
бааланат.
Жыйынтык.Сабакта жогорудагы көрсөтүлгөн максаттарга жеттим, окуучулар тема боюнча толук маалымат алышты, сабакка активдүү катышышты. Сабак өз максатына жетти. (Сиз бул сабакта жогорудагы коюлган максаттарга жеттиңизби? Кандай артыкчылыктар/кемчиликтер болду?)